Катуу тийди сүйлөнүп: — Билесиңби, бай Жакып Жетимиште Абылтай, Эмне келдим сүйрөлүп?! Унутуп өткөн-кеткенди, Бактыңа уулуң эр чыгып, Сен жатасың чердейип, Өгүз минип, өлө албай, Мен келемин сенделип, Былк этпей Манас жатабы, Козголуп койбой термелип?! – Басып келип Жакыпбай, Өгүздүн кармай мурдунан: — О, кудай урган Абылтай, Кожурабай үйгө бар, Кардың ачып келипсиң, Аш-тамакка тойунуп, Андан кийин кебиң сал, - Өгүздү Жакып байлады, Абылтайды ээрчитип, Үйүнө Жакып барганы, Чатырда Манас олтуруп, Баарысын көрүп калганы, Оңой жумуш эмес деп, Ойуна Манас алганы, Атасынын үйүнө, Акырын басып барганы, Абылтай кирип барганда, Чыйырды тура калганы, Жетине албай сүйүнүп, Мындайча кебин салганы: — Ажырашып кеткели, Айланып далай жыл өттү, Ажарың жок баштагы, Малы-жаның аманбы? Жүрөсүңбү дениң соо, Кемпириң демдүү турабы. Желкелетип бээ байлап, Козуну сойуп, жал чайнап, Ооганда жүгүң оңдотуп, Чарбактуу тамдан күттүңбү? Чалкайган бала сүйдүңбү? Же жалгыз чырпык кептенип, Тукумсуз болуп күйдүңбү? Турмуштук торго чалынып, Туталанып жүрдүңбү? Уйуң барбы кыш саарга, Сурабай элден сүт чайга? – Каадасы катын бу дагы, Маминтип баарын сурады. Анда Жакып мындай дейт: — Кутуруп кеткен эмедей, Кеп салбагын Чыйырды, Чаңкагандыр Абыкем, Алып кел кымыз чыныңды! Бышырып койгон эт болсо, Керткен казы-жал болсо, Он-он бештен чогултуп, Кошкон сары май болсо, Эзген курут экчеме, Кайсы дайар бар болсо, Анан кебин угалы, Тамакка карды тойгондо. Уй минип мында келеби, Алкынып турган ат болсо? Сорулабы жаагы, Сорполуу таттуу аш болсо, Кантип жупун бу жүрсүн, Куржунда пулу бар болсо? – Мойнун толгоп Чыйырды, Бакдөөлөттү карады, Толуп калды аңгыча, Отуз түрдүү тамагы. Ошол кезде эшиктен, Кирип келди Манасы, Салам айтып карыга, Урматтады баласы, Алик алды Жакып бай, Ага кошулуп Абылтай, Бабыраша олтурду, Дасторкондо жайма-жай, Ал аңгыча Жакып бай, Бакайды чакыр деди эле, Баатыр Бакай келди эле. Дасторкондо даам ичип, Бар тамагын жай ичип, Бата-дуба кылганда, Дасторконун жыйганда: — Баатыр балам Манас, — деп, Абылтай ыйлап жиберди, Атыңды уктум көрбөдүм, Кордугунда душмандын, Ошол күндө өлбөдүм. Чыдай албай кордукка, Уй минип алып жөнөдүм, Жөнөгөн жерим – Наманген, Келгеним менин ушул жер. Күндүзү баспай түн бастым, Күндүз аңда мен жаттым, Келгенимдин себебин, Арстан уулум айтайын, Араниктен Банус хан. Баш калкалап сиз жактан, Ташкенге качып барыптыр, Карылып Ташкен улугу, Жакшылай күтүп алыптыр, Анжийанда жүз башы, Маргалаңда миң башы – Айры сакал Сынчыбек Карылып, Банус тилдешип, Арага киши салыптыр. Тилдешип алып үч чочко, Наменген, Ошто кыргыздан, Айдап сүрүп, мал алды, Бир албады, үч алды, Катын кызды олжолоп, Барган сайын күч алды! Азаматтын баарысын, Араба менен чанага, Жумушкер кылып бүт алды! Бастырбай элди бир жакка, Жолду тосуп таштады, Айакта жүргөн кыргыздар, Өз бооруңан башкабы?! Уйга минип өзүңчө Ушуну келем айтканы! – Айтып муну Абылтай, Көзүнүн жашы көл дайра, Өкүрүп ыйлап, какшады. Кобо калды Чыйырды, Жашын аарчып көзүнөн, Шумдук угуп сөзүнөн: — Баракелди, Абылтай, Эмгегиң кымбат бир тоодой, Эл үчүн жаның кыйнапсың, Душманга элди кыйбапсың, Атым жок деп турбапсың, Уй минип келип алыстан, Арып-ачып каржалдың, Оо, Бакдөөлөт, турбагын, Абылтай менен Жакыпты – Экөөнү өзүң сыйлагын. Өз оозуңан угушту, Кулак төшөп турушту, Арызыңды сенин, Абылтай, Бакай менен Манасым, Эки эрен сурасын, - Анда Манас муну айтат, Агартып тишин кылайтат: — Абылтай абам карыптыр, Уй минип жүрүп арыптыр, Карылыкка карылык кошулуп. Жаман жөнөп алыптыр, Бул келиши абамдын, Карылыктын белгиси, Унутуп калбайт эл-журтун, Бул өңдөнгөн эр киши, Оңой жумуш бул эмес, Өзү мында келиши, Күнү-түнү жанында, Кызмат кылсын бир киши. Аш-тамагын кемитпе, Кумалак билчү таап бер, Абам жатып зериксе, Кожурашып жаткыла, Эки кары эрте-кеч, Биз барып кайта келгиче, Биз келгенде кетээрсиз, Элебей жата бериппиз. Эми кечирим кылар бекенсиз? Балаңыздын аты ким? Аны айтып берсеңиз, - Аны угуп Абылтай, Баштагы ыйы азыраак, Эми чындап бакырат: — Ордумду басар уул болсо, Мен жүрөмбү самтырап?! Уй минип мында келемби, Жетимиште тамтырап?! Уул, кызың барбы, деп, Чыйырды энең сурады, Ошондон бери кетелек, Менин муунума кирген калтырак! Атаң Жакып жаш эле, Алдыңа келген Абылтай, Эр азамат чагы эле. Уулум тургай кызым жок, Ээрчип жүргөн кемпир жок, Өлсөм мейли бир жан деп, Менин элди эстеп жаткым жок, Калкымдын ойлоп кардыгын, Ичим жалын, боорум чок, Оо, балам, менин Мындан башка кебим жок, Өлсөм көмүп койорсуң, Бата турган жерим жок! – Айкөлдөй тегиз Манасы, Эки энеси атасы: “Кар болбосун абам” — деп, Кайта-кайта тапшырды. Жигиттин баары шайлалуу, Тулпардын баары байлалуу, Жоо-жарагы, кийими, Кем-карчы жок камдалуу, Азыгы бар баарында, Аттанып чыкты эр Манас, Коконго мурда барууга, Колкого колду салууга, Коконду алып колуна, Ташкенди анан чабууга. “Коконду мурда албасак, Кашкардан келчү чоң жолду, Кан буугандай кылбасак, Арка жагын арылтып, Ташкенге анан жылбасак, Ташкенге мурун барганда, Каңгайдагы беш улук, Кашкардан Калдай кошулуп, Орто жерде эл калбай, Баары кетет кырылып, Каны суудай жошулуп”. Абаң Бакай, эр Манас, Чубак болуп олтуруп, Кеп-кеңешке канышып, Макулдашып алышып, Самаркандан аттанып, Наманген көздөй жол тартып, Чилдей терди кайыпты, Жолдо кетип баратып. Тамаша кыла жүрүшүп, Тамылжышып күлүшүп, Эриккенде чоролор Эки-экиден бүрүшүп, Биринин айыбын бири айтып, Түбүнөн бери сүрүшүп, Сүйгөндөрүн кеп салып, Теңтуштарын табышып, Өксүп кийин калганы, Ат айабай жарышып, Арадан кыйла күн кетип, Намангендин үстүнөн, Коконго келди түз жетип. Кароолчусу жүрүүчү, Кыргыз жакты күзөтүп, Кароолчу кабар алганча, Ханына кабар салгынча, Бозуул жетип барыптыр, Кароолчу турган жайына. Көрө койуп кароолчу, Кылт этип кирди бир аңга, Көрөгөч Бозуул турабы? Көп кезиккен андайга. Чыгаар жолун тосоттоп, Кароолчуну кармады, Коштоп алып Бозуул, Тар кезеңде айдады. Баштан айак бар кебин, Баатыр Сыргак сурады, Кароолчу айтып турганы: — Кокондун ханы Сынчыбек, Карылып менен Банус хан,- Экөөнөн кыйын коркот, — дейт. Кыргыздын жолун кара, деп, Күндө бирден жиберет. Көрүнүп калса карааны, Мага кабар бергин, деп, Ойлодум эле силерди, Алманга келген кыргыз деп, Жол тосконду билебиз, Андан башка билбейбиз, Бизге салбайт кеп кеңеш, Бирине-бири тилектеш. Кароолчуга эр Сыргак: — Калкыңа али кайт, — деди, Калк бийлеген Сынчыга, Укканың менен көргөнүң, Калтырбай баарын айт!- деди, Сөзүңдүн башын белгилеп, Айтып баргын бегиңе, Белдүү Манас келди, деп, Беймаал чаап алыпсың, Бүтүн койбой элди, деп, Ташкенди кошо чабам, дейт, Кош ууч Кокон сен эмес. Тапса тапсын жолун, дейт, Таппаса жыйсын колун, дейт, Кокондогу ханыңа, Ушуну айтып койгун! – дейт. Кароолчудан кеп сурап, Антип жатса эр Сыргак, Шууту келип калыптыр, Ал Чубакка кожулдап: — Жеке Сыргак болуптур, Кесиретке толуптур, Манас менен силерди, Унутуп таштап койуптур. Унутпаса неткени? Бозуул кармап Кокондун, Кароолчусун келди эле, Эч бирөөгө угузбай, Кетирип ийдим тим эле... Аңгычакты эр Сыргак, Эшиктен кирип келди эле, — Кароолчуң кана, баатыр?- деп, Чубак сурап ийди эле. — Теңтуш киши кептенип, Аңгемелеп күлбөдүм, Темселеп жүргөн кокондук, Алып келип жүрбөдүм. Оозума келген кепти айтып, Коконго кайра жибердим. Агам менен курбалдаш, Атагың турса барабар, Кароолчуда кай кеп бар, Каадалап андан сен сураар? - Ырас айтат Сыргак, деп, Шыңкылдап күлүп калышты, Сыргактын кылган иштерин, Баары кабыл алышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.