← Манас 3/4

Букардын жазык бетинде, Кең Акчийдин четинде, Алакөл деген көл экен, Каз-өрдөктүн кени экен, Чоң Букарды башкарган, Карахан атын дейт экен, Үч ага-ини бир тууган, Атанын аты Адыбай, Бир энеден туулган, Ороздунун элинен, Киндик кан тамган жеринен, Үч бай көчүп кетти деп, Мурда элге угулган. Адыбайдын үч уулу, Эң улуусу Карахан, Кенже уулу Шаатемир, Ортончусу Темирхан, Хан деген такыр аты бар, Калайыкка таанымал, Как ушул биздин күнгөчө. Карахандын даңкы бар. Карахандан Агеркеч, Айалдан ашкан салты бар, Айдаркандын Көкчөсү, Ага тийген чагы бар. Темир хандын үйүндө, Каныкей деген кызы бар, Жез оймоктун узу бар, Карахандын кызы, деп, Калган элге угулаар. Карахандын Каныкей, Эч нерсени элебей, Он үч жашар чагы экен, Ээрчитип кырк кыз котчу алып, Алакөлдүн бойуна, Ойноп келген кези экен. Маңгытка жөнөп баратып, Жакыптын уулу жаш Манас, Кезигип калган кеп экен, Чоролор жолдо чубуруп, Топурак учуп бурулгуп, Аркасынан айкөлүң, Кетип барат чойулуп, Кыйыр жагын карасак, Кыздар турат чогулуп, Кайдан жүргөн кыздар, деп Баатырың барды бурулуп, Жакыптын уулу жайдарың, Жыйырмада бар экен, Маңдайынан караса, Көзү күйгөн шам экен, Кызыл чырай нур беттүү, Туулган артык жан экен, Элөөсүз баатыр барышын, Элебей кыздар калыптыр, Калтырбай Манас келбетин, Каныкей байкап алыптыр, Кыздардын барып жанына, Оң бутун баатыр көтөрүп, Куланын артып жалына, Анжыйандын ак куурма, Чылымын алып колуна Астыртан тиктеп кылыйып, Кыздардын карап тобуна, Каныкейди жактырып, Алыш кетип ойуна, Калайтып сырын алдырбай. Кете берди жолуна, Келип кете бергенче, Көл бойунда көп кыздар, Ким экенин билбеди, Азамат деп таңыркап, Абалынча зилдеди, Карахан кызы Каныкей, Далайга чейин сүйлөбөй, Ойго батып ченебей, “Артык туулган эр экен, Эч өөнү жок кенедей, Миңгени кула ат экен, Баатырга өтө бап экен, Кабылып калса ар кимге, Башына коңгон бак экен, Жер сууга батпай теминип, Желденип турган чагы экен, Көзөлү турса жигиттин, Күйбөй турган жан бекен? Уктук эле кабардан, Кулданып кеткен калмактан, Кыргызды бөлүп алды деп, Ар качан Манас ушу экен. Келип кетти бурулуп, Ичинде талап бар бекен, Өмүрлөшсө арман жок, Телегейи тең экен, Манас деп элдин шаңдашы, Жалганы жок чын экен, Ким чачылып чарбылса, Жыйып келчүү бул экен, Сандалып калган кыргызга, Жазыксыз кубат-муун экен, Чалкайып жаткан төр экен, Чалкып жаткан көл экен: Заңкайган залкар тоо экен, Жат душманга келгенде, Жалындап күйгөн өрт экен, Ата-журт үчүн кең пейил, Ак көрпө жайыл өзү экен, Тоодон улуу иш кылса, Жашырчуунун бири экен, Суудан улуу иш кылса, Кечирчүүнүн бири экен, Эр өлтүрсө, кан төксө, Жашырчуунун бири экен, Жакшы менен жаманды, Батырчуунун бири экен, Касташкандын тилегин, Катырчуунун бири экен, Ойносо кумар уткундай, Өчөшкөнүн өлтүрүп, Өчтөшсө башын жуткундай; Магырып менен машырык, Жайып колун сунгундай, Он сегиз миң ааламды, Оңуна келсе туткундай, Кезенишкен немени, Жерге кирип кетсе да, Чачынан тартып чыккындай. Каптап кыйан-сел келсе, Кайышпай туруп жыккындай, Жумулган көздү ачкындай, Кастаганы ким болсо, Капилет өлүп жаткындай, Кара сууга кан куйган, Канкор эрдин бири экен, Калайыкка чаң салган, Анткор эрдин бири экен, Жеткилең экен акылы, Жетилгенде жок калар, Теңдешер бенде акыры”. Тегерете бир карап, Каныкей антип жактырды, Каныкей калды көл бойлоп, Кан жүрөктү жуу мойлоп, Көкжалың кетти жол менен, Алда канча ой ойлоп. Кырк чоро кетип баратат, Бетбактын тоосун ал бойлоп, Үзүлтүп муну таштайлы, Карманапка катылган, Бадыкөлдөн баштайлы.