← Манас 1/4

Бадыкөлдүн Карманапка кол салышы

Моңгул менен тең турган, Маңгыт деген бирөө бар, Маңгыттын эли азыраак, Маңгыттардын чоңу эле, Бадыкөл деген кысталак, Байракты кармап кол баштап, Батышка Чыңгыш барганда, Батынып чеңгел салганда, Колдун жүргөн алдында. Капташкан жерге чуу салды, Башына балаа түн салды, Калың элди талкалап, Кайгы менен ый салды, Бадыкөл деген бадырек, Күкүрттөй күйүп күч алды, Бараң менен Шаңкайды, Тажик менен калчаны, Түркмөндүктү багынтып, Кара көзүн жайнатты, Карманап деген баш болуп, Кара калпак эл калды. Колун сунуп Бадыкөл, Коросон менен жедигер, Короодон сүрүп малды алды. Коркутуп туруп омбутуп, Куржун-куржун пулду алды. Бир албады жылда алды, Жылтыраар эме калбады, Жыйып баарын жалмады, Кутуруп турган Бадыкөл, Кыргызга назар салганы.

Жакыптын кызы Кардыгач, Билектен жоон олоң чач, Айалдан башка сыйагы, Жазы маңдай, кара каш, Атайын таңдап ушуну, Алган болчу Карманап. Бадыкөл издеп амалды, Ойлонду аны чабарды, Орто жерди бошотуп, Кыргызга анан барарды, Карманаптын жылкысын, Барып айдап келгин, деп Кырк кишини жумшады. Кыркы кыркты котчу алды Кутургандан жүздү алды, Бир жүз сексен эр келди, Каптап кетер сел келди, Кармашып күчү жетпестен, Каракалпак элдери, Калтырбай жылкы оторду, Карап жүрүп бүт алды. Алганын угуп Карманап, Атайын киши жумшады: — Бадыкөлгө баргын, — деп, Жообун алып жангын, — деп, Короолош коңшу эл элек, Не үчүн жылкы алдың?-деп, Кай жеримден мен сага, Жаза басып калдым? – деп, Жылда алым саласың, Жылдырбай туруп аласың, Жана деги бер десең, Жыйнап берчүү мен бармын, Элөөсүз жерден ойду таап, Ушулбу сенин кыларың? Жообуңду берчи Бадыкөл Ачык жообуң угайын!- Жиберген киши барыптыр Карманаптын кептерин, Калтырбай төгүл салыптыр. Угуп болуп Бадыкөл, Одуруңдап күүлөнүп, Опсуз катуу сүйлөнүп: Каракалпак Карманап, Айтканын көрчү ал мага, Коросон менен Жедигер, Коркуп элчи салбаса, Күн батыштан бир киши, Кылчайып карай албаса, Кутурган экен Карманап, Жакыптын уулу жаш Манас, Көңтөйдү сайып алды деп, Калчанын ханы Шоорукка, Азапты катуу салды, деп, Ордосунда кырк кызды, Олжо катын кылды, деп, Баш көтөргөн турбайбы, Ушул Манас кайниң, деп; Теңтуш киши кептенип, Атайын элчи жиберүү, Ал болбосо кайсы кеп?! Козголуп колум аттан!-деп, Мага киши жиберип, Каракалпак азган, деп, Көчүрүп кел бардыгын, Кечикпестеп чапсан!-деп, Чакчелекей түшүрүп, Аскерин айдап дүрбөтүп, Ат куйругун түйдүрүп, Карманап киши салат, деп, Катуу жаман күйүгүп, Маңгыттын көбү жалмаңдап,