Мени менен бирге бар, Андан башка кыргыздан, Убара болуп барбаңар. Казак менен караандаш, Каапыр Шоорук аралаш, Айак асты кылбасын, Казактарды булар чаап. Өзүнөн болду жамандык, Түн уйкуңду койуп бас, Алдыратып шаштырып, Аттын баарын жам кылып, Азык-түлүк алдырып, “ Эр азыгы талаадан, Оор алба артынып”. Айтып койуп жөнөдү, Касчылык болсо калмактан Качпай туруп көргөлү, Ажалы жетсе өлгөлү, Калмак менен манжунун, Алаштын чегин бөлгөлү. Жаңыдан атка мингенде, Жалаң сууну бойлоду, Калмакты бөлүп кыргыздан, Хандыгын он күн тойлоду. Кандуу душман эле деп, Кастыкты качан ойлоду. Эрине койсо тийишпей, Өзүнчө качып калмактар, Өлүм жагын болжоду.
Көңтөйдүн качкан калмагы, Көбү качып бөксөлөп, Дөөлөсүнө барганы, Манастын угуп кабарын, Дөлөөс кайрат кылбады, Өзү аттанып жөнөдү, Шоорукка кабар кылгалы. Алооке угуп кабарды, Элинен чыкпай жүрүүчү, Ыраңкүдүк молдосу, Айткан сөзү байагы. — Эсиң барда этек жап, Эрегишип эр менен, Эч ким пайда табалбас.
Эми Нарын жер болбойт, Баш көтөрдү эр Манас. Маа караштуу калмактар, Туйундурбай түндө кач. Туйунуп Кошой калбасын, Туйукталып жол таппай, Тузакка түшүп калбагын. Эки күн жүрсөң чуркурап, Кошойго кабар угулат, Тоотору минип чоң Кошой, Тосуп чыкса жолуңдан, Заманаң анда куурулат, Уйкуңдан кечип түндө кач! Айтып койуп Алооке, Артып төөгө дүнүйөсүн, Эң алдында ал качат. Акимсип жаткан калмактар, Атын угуп айкөлдүн, Токубай атын миништи, Токтоо кылып туралбай, Туш–тушка качып киришти. Көтөлөктө соң Дөөлөс, Шоорук ханга барыптыр, Сараркада Шоорукка, Сары санаа кебин салыптыр. Кайраттуу Шоорук эр экен, Каары катуу неме экен, Казабына алганда, Кан иччүнүн бири экен. Бөрк ал десе баш кескен, Элинен чыккан жинди экен. Кабарын угуп камынып, Ач бөрүдөй жаланып, Аскер жыйнап саналып, Аттанмак болуп камданып, Каңгайдын бөктүр жеринен, Кош ат менен чаптырып, Кароол карап жол чардап, Карап жүргөн белинен, Кырмуз шаанын Мурадил, Аны кошо алдырып, Каткалаңдын Сайкалга, Ингенде жаткан капкайда, Эптүүдөн киши жиберип, Аны дагы таптырып, Калмактардын Уушаңын, Жүрүүчү мурун жактырып, Нескарадан башкасын, Чогултуп келди бар кылып. Тебелеп кетмек ойунда, Теңселтип колду көп алып. Кыргызды тепсеп нан кылып, Чай иче албай кан ичип, Арак ичпей заар ичип, Арак-чайдын ордуна, Ачууланып кар ичип: — Чыңгыш атка конголу, Чыгыш менен батыштын, Ээси монгул болголу, Каш кайтарып кол тартып, Козголгон бенде болбоду. Кол салып бизге тийишип, Кутурган кыргыз турбайбы, Кутуртуп муну жөн койсо, Ылат-мынат урбайбы! Басып койбой башында, Өрөпкүтпөй мындайды, Алтайдан берип катыгын, Атасы Жакып какбашка, Чыңгышты кудай урганбы? Бурутту мурда сойлотпой, Болжобой муну калганбы? Дөөдүр өлдү туу белде, Чогулуп дайны чыкпаган, Төөнүн саны миң эле. Жоготкон ушул турбайбы! Күн батышты сактаган, Жалгыз кар бир башы, Миң кишиден качпаган, Кылчайып киши батпаган, Бет алган жагын кыйраткан, Белдүү баатыр Көңтөйдү, Оодарган ушул турбайбы! Ойунча койсом кыргызды, Ошондо кудай урбайбы! Одураңдап оолугуп, Ошенте түшүп соолугуп, Тил сүйлөбөй будургуп, Токтоно албай удургуп, Аскердин санын угузуп,
Алтымыш миң болду, деп, Келген улук баары угуп. Аскерге кармап алыптыр, Көңтөйдөн качкан калмактар, Арызын айтып Шоорукка, Туткунга түшүп калыптыр. Бирин-бири жемелеп: — Как ушундай болмокпуз, Өлсө Көңтөй өлдү эле, Көңтөйдөн башка элдерди Жөн эле Манас койду эле, Эми көрсө биздерди, Ичибизди жарбайбы! Ичегиңи чубалтып, Илбээсин талап жесин деп, Кабакка сүйрөп салбайбы! Кылгылыкты кылбайбы, Кызыбызды албайбы, Бизди кыргыз кырбайбы! Кудай урсун Шоорукту, Көрсөтүп бизге чоңдукту, Айдап жүрүп түгөтүп, Кылмак экен кордукту! Этегине эрмешип, Эл-журтуна жалынып, Эптеп ага жагынып, Жан багып жатпай анда, — деп, Сыртынан мактап Манасты, Шооругун каргап жатышты.