← Манас 8/11

Эртеңки күнү баскалы, Чатырдын көбүн түркүмдөп, Талаага тигип таштады. Ошол күнү жетиптир, Айкөл Манас арстаны, Сарарканын кең түзгө, Калмактын колу толуптур, Артуунун сары белине, Арстаның Манас конуптур, Акбалта, Бакай, Жамгырчы, Алар бирге болуптур. Кырк чоросу баары бар, Төрт жүз сексен саны бар, Ошолордун тышында, Манас, Чубак дагы бар. Үч карысы бир келген, Төрт жүз сексен беш экен, Сары артууга келгенде, Күүгүм кирген кеч экен. Үйүндө жаткан немедей, Ой ойлобой, кенебей, Ортосу чуңкур ойулган. Төбөсүндө нечен кан, Ошолордун баарысын, Бучкагына теңебей, Кудай артык жараткан, Бул Манасты ченебей, Он бир менен он эки, Ортосунда бар жашы, Он сегиз миң ааламды, Оодарчудай бардашы. Кара жалгыз бир башы, Сан кишиге теңебес, Сан-санаксыз жоо келсе, Шашылып койор бенде эмес, Коргошун жүрөк, жел билек, Корко турган эр эмес. Азыркысы жаш Манас. Мурунку өткөн дөөлөрдөн, Эч киминен кем эмес. Эңкейип кетсе өбөгү, Эр Чубак мунун жөлөгү, Ээрчип жүргөн жанында, Эрен Сыргак бөбөгү. Төлгөсүн тартып айтуучу, Төлгөчүсү Төлөгү, Актай далы көрүүчү, Ашкере айкын билүүчү, Алымдардын ал экен, А дагы бирге бар экен. Түн ичинде кол жүрсө, Түмөн алаш жол жүрсө, Түлкүнүн изин жаңылбас, Түмөн Жайнак, Шууту, Түптөн чыккан куусу, Караңгыда кол жүрсө, Казат кылып мол жүрсө, Карышын изин, жаңылбас, Кадыр Жайнак, Шууту, Калыктан чыккан куусу, Мыктылардын жигиттин, Абдылда баштап бийи ушу. Мыктылыгы балдардын, Бир көргөндө билинсин. Төлгө тартып көрчүүнү, Алдынан айтып берчүүнү, Из кууганда жазбасты, Бир-бирин жаза баспасты, Ылгап туруп шуларды, Кайгуулчуга атказды. Бөрү жолдуу Бөгө уулу, Ырчы, Бозуул ыктуусу, Чатырды сактап турушту, Бу тайманбас жоодон мыктуусу. Кайран кыргыз каркылдап, Карк мас өңдүү шалкылдап, Буурул мурут көк ала, Жаш баладай алактап, Оодарылып сүйлөсө, Токтобой мойну шалактап. Нөөбөт менен болжолдоп, Сактоочуга чыгарат, Бири чыкса, бири уктап, Мына минтип таң атат. Чубамак болуп кыргызга, Калмактын алды аттанат. Кыргызды мурун көрбөгөн, Кыйындыгын билбеген, Кытайдан келген Мурадил, Калмактардын Уушаңы, Каткалаңдын Сайкалы, Канча жылдан бер жакка, Эригип бекер жатканы, Элирип булар шаттанды. Камынып алды ат минип, Орто жери тон кийип, Арка жагы чай ичип, Алдырашып жатканда, Кыргыл доол какканы, Доолдун үнүн укканда, Шоорукту кудай урду, деп, Калмактын баары шашканы, Доолун угуп Кыргылдын, Ыштанга чычып таштады, Жайнап калмак эл толду, Кылычтын канын чуурутуп, Кырылышар кез болду. Кыргыздын эли эң шайдоот, Алдына минип болгону. Туу көтөргөн зор Бакай, Туу түбүндө Акбалта, Алптын бири Жамгырчы, Айбаты журттан артылды. Жакыптын уулу жаш Манас, Алтымыш уруу алашка, Өз эркинче жаш Манас, Аккула ат минип болкойуп, Так ополдой зоңкойуп, Колунда найза койкойуп, Нөөкөрү бутта чойкойуп, Кылыч кында шыңгырап, Айбалта белде кылдырап, Кытайча кызыл доолбас, Чымын тийсе кыңгырап, Бараанын көрсөң баатырдын, Мейкин зоодой зымылдап, Элин баштап алыптыр. Сайылган байрак түбүнө, Залкарың туруп калыптыр. Сандаган калмак токтолду, Санаасы башта көп болду, Көзү көргөн калмакка, Көмүлчүдөй окшоду. Жанында калды кайгысы, Катын-бала, көр дүйнө, Кыйалып ойдо жок болду. Кыйкырыгы таш жарып, Булгап найза колго алып, Булуттай болуп бууланып, Үстүн түмөн буу алып, Бузулган күндөй сурданып, Бөлүндү бирөө калмактан, Бөөдө өлчү арбактан. Талапты деген неме экен, Тартынбай чыкты ар жактан, — Талапты чыкты нетет! – деп Талкаланып кыргыздар, Дайынсыз болуп кетет – деп, Качып барар жери жок, Кай көргө кирер экен, — деп, Калмактар турду деректеп. Үзүктөй калпак эр Шууту, Баатырдын бири мына ушул, Темиркызыл аты бар, Тентектин бири болуучу, Темингенин соо койбой, Жеңгендин бири болуучу. Темирден күрмө тон кийип, Келгендин бири болуучу, Эңкейип калса илинтпей, Эңгендин бири болуучу, Аңтара сайын найзага, Илгендин бири болуучу, Көрүшсө чыгып көөдөнгө, Мингендин бири болуучу. Уругу дөрбөн кыргыз бу, Дөрбөндү таштап жиберип, Манастап ураан чакырып, Талапка тийди жапырып, Шууту, Талап беттешти, Кыргыз-калмак кектешти, Экөө тең ойлоп келатат, Келгени тирүү кетпести. Найзанын учу жеткенде, Аңтара койор кездерде, Калмактардын далайы, Кандим болгон неме экен, Кагып ийип найзаны, Алактаган Шуутуну, Аңтара сайып таштады, Үйшүндөрдүн Үмөтү, Улай удаа чапканы, Үмөттү кошо сулатты. Оолугуп Талап турбады, Артынан барып Бөгө уулу, А дагы кошо кулады. Жыгылса жетип артынан, Ажыратпай атынан, Улам бирин кутказып, Алып жаткан баатыр ал. Кыпчакбайдын Абдылда, Чубак менен тең эле, Тогузга чыккан эме эле, Токтоо кылып турбады, Томукка атты урганы, Абдылда келип беттешти, Талапты жаман каардады. Жыгылса өлбөй тирүү, деп, Кыргыз кетип калганга, Дегеле жаман арданды. Абдылданы көргөндө, Айабай жаман наар салды, Кыпчакбайдын Абдылда, Кылым элге таанымал, Көргөн жерде ал Талап, Кыймылдатпай тааныган. — Тойуп келген экенсиң, Курган бала жаныңдан! Тору атын калмак ойнотуп, Тосо чыкты алдынан, Абдылдада арып бар, Жоо сайышта калып бар, Айла иштеткен жоо жеңет, Ашыгып кетип талыкпай. Дардалаңдап чоң Талап, Күч келтирип ат сабап, Абдылданы найзага Илип алсам экен, деп, Ойунда келет бул талап. Абдылда турат тартынбай, Ат арытып калмактай Чаап кеткен жери жок, Байкап көрсөң Абдылда, Кайра тартар пейли жок. Жеткенде калмак кылт берип, Бир жагына кыйшайып, Жаздырып таштап булт берип, Имерилди артынан. Тоодой Талап оңдонуп, Бурулгунча артына, Ат имерип толгонуп, Аркаңкы ээр кашы деп, Көтөндүн бүрмө чети деп, Көтөрүлүп күрөөкө, Өлөр жериң ушу, деп, Найзаны ээрге такады, Күүсү менен качырып, Көтөрөр ээрден бир сайды. Кере карыш төрт ээли, Найзанын учу мылгыды. Камчы саптай кара кан, Ат сооруга куйулду. Октос берип калмактын, Алдындагы тору аты, Ыргыштап жөнөй бергенде, Абдылданын найзасы, Суурулуп кетип бош калды. Аны менен Абдылда, Томсоруп туруп албады. Суурулуп кеткен найзаны, Кыйырдап оңдой кармады. Кылчайып кайра болгунча, Баколоордун безине, Бала баатыр муштады. Муштаган найза мылгыды, Тоодой Талап атынан, Тебетейдей ыргыды. Жыгылганда чуу чыкты, Ал Талаптын артынан, Калмактан Шоорук хан чыкты. Шоорукту көрүп Абдылда, Айал кылып турбады, Атынын башын бурганы, Бакайдын барып алдына, Абдылда кебин кылганы: — Келе жаткан ким?- деди, Кез–кез деп астын тосууга, Дегеле алым келбеди. Уйатты койуп өзүңө, Качып келдим мен, -деп. — Абдылдам, сөзүң чын, — деди, Шоорук деген хан, — деди, Кара күч менен хан болгон, Кармашка буга кар болгон, Канча жылдан бер жакка, Мактап жатып калмактар, Өзүнчө жатып мар болгон. Келгениң ырас сеники, Шоорук менен беттешер, Атагы чыккан эрдики. “ Эр” деген кепти угуптур, Алп Жамгырчы ошондо, Атынын башын буруптур, Бакайдын келип алдына, Бата тилеп туруптур: — Канча жылы калмактын, Торуна түшүп курчалдык, Четинен бузуп торлорун, Чебердебей жол салдык. Айанып туруп албайбыз, Чоң экен деп Шооруктан, Жанды айап калбайбыз. Уруксат бергин маа Бакай, Мен барайын алдында. Алдырсам да алсам да, Сайдырып ийип кокустан, Жыгылып аттан калсам да, Акбалта бар артымда. Чыккан киши жетиге, Саны толуп кеткиче, Жаш Манаска жол бербе. Барамын десе болбогун, Бастырбай жолун торогун, Ашыгыш кабар укканда, Карбаластап келгенбиз, Камсыз келген экенбиз, Такыр кыргыз эрдемсип. Бастырба дедим Манасты, Айтарга кебим барбады. Кезенишкен эрлерден, Кечирим кылбас бендеден, Манасты диттеп келиптир, Тээ Каңгайдагы үчөө тең. Бириндетип сайбасак, Бирден-бирден барбасак, Буктурма койуп элөөсүз, Бууданды сайат бул акмак. Жаңыдан чыккан буудандан, Жаш балапан арстандан, Оорагы качат ошол чак. Ушу сапар урушта, Шоорукту жеңип жангынча, Манаска азыр бололу. Жалгыздатпай баатырды, Баарыбыз такыр бололу. Жеңилип Шоорук жыгылса, Тетиги келген үч доңуз, Качып кетип кутулса, Андан кийин баатырга, Беттешкен бенде болобу? Кыйар Шоорук хан эле, Кыйарлыгы бар эле, Ушул сапар кыргызды, Айрыкча Манас уулуңду, Амал кылса экен деп, Кычыртып келген турбайбы, Каңгайлардан үч тыңды. Алышып жүрдүк аралаш, Чакташып жүрдүк чамалаш, Кудай берген биздерге, Дөө болсок да оорак бас. Алла берген бак-сыймык, Ээлеп калсын жаш Манас. Айтып болуп Жамгырчы, Боз чаар менен аттанды, Бура тарта берерде, Эндекей өскөн жаба тал, Эркин чыккан чынардан, Колуна сууруп бирди алды. Үйдөй болгон жыгачтын, Үксөңдөгөн шагы бар. Короо ордундай жерлерге, Көлөкө түшөт күн тийбей, Муну өңөргөн талы мамындай. Күчү ошончо болсо да, Жүргөн мурун таанылбай. Оорак, бак башка конбосо, Байкап көрсөң мамындай. Калмактан Шоорук каракер, Кара жолду чаңдатып, Көтөрүп араң келатат, Оолугунан кара жер. Сакалдан бири албаган, Эки көзү жылтырап, Андан башка маңдайда, Көрүнөр жери калбаган. Саамай чачы салаңдап, Кулагын басып кетиптир, Арка чачы узарып, Ачасынан чычаңдын, Ашып түшүп кетиптир. Чогултуп чачын толгоптур. Эки имерип белине, Так чылбырдай ороптур.