— Мунун Манастыгы чын экен, Атын Манас койуптур, Өзү да Манас уул экен, Ушалансын улуктар, Эл башкарчу бул экен, Баралына келгенде, Падыша болчу бала экен, Ушул бүгүн турушу, Падышача бар экен, Букарада не жазык, Кыл дегенин кылганбыз, Кызыталак хандардын, Айтканын кандай кылбайбыз. Айттырбай билди, карачы, Акылы тунук хан экен! Дешип баары сүйүнүп, Жүгүрүп үйгө киришип, Сасык айран, көк иркит, Бирден жутуп ийишип, Көөкөрлөрүн карашып, Арак ичип суусунга, Жогу бардан сурашып, Баарысы айтып Манасты, Бабырашып чуулашып. Аттанып кетти айкөлүң, Алаштын элин чубатып, Кызыл баштап кырк элди, Үч бөлүп калмак айлынын, Үч жагына жиберди. — Эгизги тоого бар,-деди. Элге көзүң сал, — деди, Жай жатабы, качабы? Кабарын айтып бар, — деди. Качканы болсо кой дебе, Качпаса калмак ой дебе, Арагын берсе ичпегин, Айлына барып түшпөгүн, Сыр алдырып көрүнбөй, Сыртыңды салып дүңкүйбөй, Ыраактан байка иттерди, Жакшылыкты билеби? Же жабыла көчүп чуркурап, Жамандыкты тилейби? Азыраак айтып жылмалап, Кыркын баатыр жиберди. Айлына түштү бай Жакып, Айдап жылкы келе албай, Улам оозун карманып: — Олжо бергин, соога, — деп, Кыргыз турса суранып, Оорагым чыгат эле, — деп, Чыгармак тургай оорагым, “Чылбырына тийбе” – деп, Мизимди менин жандырды. Эркинче бактым бул итти, Көп дүйнөмдү чачтырды, Быйакка кетсе жөн кетпей, Өлтүрө кетип Дөөдүрдү, Андан жаман шаштырды, Айлымды калмак тебелеп, Топурагын каздырды. Кыргыздан чыкпай бир киши, Түркмөндөн келген Кыргылды Кырк кишиге баш кылды, Киши кылбас иш кылды! Серек, Сыргак жаш эле, Сыргагым жылкы баш эле, Тышка кебек алдырбас, Улоого нокто салдырбас, Өзү чыйрак бала эле, Серегим боору таш эле, Ача туйак малыма, Алтымыш үйгө баш эле. Мал багып жаткан балдарды, Жайына койбой аларды, Өзүнө жандай чаптырып, Жасоол кылып дагы алды. Айткан менен айла жок. Айтсам да тилим алабы?! Деп күпүлдөп бай Жакып, Чыйырдыга туйгузбай, Бакдөөлөт менен Магдымга, Бабырап кебин салганы. Болгунча айтып бай Жакып, Бакдөөлөт менен Магдымы, Унчукпай туруп алганы, Үйүндө жүрүп чоңойуп, Койнунда жатып жастыкта, Өзү менен тең болуп, Эркин өскөн Бакдөөлөт, Оолуга кетти томсоруп: — Койчу, Жакып, кебиңди, Бул кебиңди ит уксун, Ит укпаса ким уксун. Уулум тентек дедиңби? Баатырлыгын кубаттап, Айылга кетсе ар кайдан Чыгым болом дейсиңби? “Эркек бала шок болсун, Шок болбосо жок болсун”. Унутуп калган белемсиң, Талаага койуп эжемди, Таң күнү ыйлап жүргөндү? Бекеринен бирөөгө, Бир кой кармап бербедиң, Кишинин жакшы-жаманын, Карыганча билбедиң. Сенден бала төрт экен, Улуу бала кыз экен, Уулум Манас өрт экен, Серек, Сыргак ини экен, Аркамда иним эки деп, Ишенери бар экен. Баш көтөргөн уулуңа, Артынан айтып ушак кеп, Жакып, ичиң тар экен! Кары болбой катып кал, Кара жерге батып кал! Бай болбой Жакып, тентип кет, Жыргатар болсо калмактар Баркөлгө кайра көчүп кет! Былк этпей жатып үйүңдө, Байбичеңдин төрүндө, Хан Жакып деп калгандар, Келип турса күнүгө, Ошонуң ыраат эмеспи, Карып калган күнүңдө! Оорагы Манас уулумда, Оңой эмес Сыргагым, Жоошуп туруп түз айтат, Акылы терең Серегим. Алжыгандай бай Жакып, Айтасың кандай ушактап, Өзүңдөн туулган Манасым, Алтымыш уруу алаштын,
Арка кылар тиреги! Чамынып да кагынып, Белдемчиси жайылып, Далдалаңдап Бакдөөлөт, Далай кеп айтып жиберди. Унчукпай Магдым түз басып, Чөйчөккө куйуп суу алып, Эшикке чыгып күбүрөп: “Өз башыңа тийсин – деп, Эки инисин ээрчитип, Манасым аман жүрсүн”, — деп, Сууну чачып жиберип, “Каапыр Жакып, оңбо!” – деп, Көзүнүн жашын имерди. Магдым үйгө киргенде, Чакчайып Жакып бир карап, Бакдөөлөт менен Магдымды, Катар экөөн тең сабап, Какшатып койуп буларды, Чыйырдынын үйүнө, Асталай басып барганы. Аңгычакты ал үйгө, Жаш Манас кирип калганы. Кара күчкө хан Жакып, Каткырып күлүп жалбарды, Жалынабы, күйөбү, Ойуна Манас албады. — Атам Жакып бай элең, Тартууга берип малыңды, Калмактарга кар элең, Эркин көчүп конгонго, Билгиң жок колдо зар элең, Дүнүйөң көп, ээлик жок, Эки бутта бир өтүк, Ошончолук тар элең. Ороздудан бер жакка, Опсуз шылдың болуппуз. Ушул кыргыз калмакка, Бирлешип туруп аттандык, Билгизбей туруп калмактын, Четинен тартып жерди алдык, Чеп болуп турган батышка, Көңтөй сындуу эрди алдык. Азыраак жерин алдык деп, Эми жатып албайбыз. Жамгырчы, Балта кеңешип, Той кылгалы камданып, Тополоңдоп жатыптыр. Уулуң Манас мен турсам, Унутуп атам сен турсаң, Шылдың болуп калбайлы. Жалтайа тиктеп Манасын, Чыгарга жаны аз калды. “Кече алдырбастан бир тайды, Той берем деп чачкалы, Жаткан экен көп малды”. Дегенди ойго алса да, Бербеймин деп айта албай, Элин тойго келсин, деп, Элден мурун жар салды. Каракалпак кыргагы, Хан Жакыптын Сыргагы, Туубай жүргөн субайдан, Тандап кыркты кармады, Атасы Жакып ханына Бир ооз кеңеш салбады. Кемегени ойдурду, Кырк бээни катар сойдурду, “Агаң жакшы болгондо Тобо кылгын, дечү эле, Тобом ушул болор”, — деп, Терең Сыргак ойлоду. Элди карап жыбыңдап, Жерди карап мултуңдап, Тескери басып култуңдап, Тескери тонун кумтунуп, Өлө албай Жакып бул турат: “Улуусу Манас уулумдун, Улуусунан беш бетер, Кууратмак болду бул уулум. Бел кылып жүргөн уул эле Бейли мунун курусун!” Деп күбүрөп өзүнчө, Тилеп калды бай Жакып, Бакдөөлөттүн туушун. “Манас баксын, сени, деп, Чыйырдыдан кечпесем, Эки уулуна ээрчитип, Магдымды таштап кетпесем, Төрөп берсе Бакдөөлөт, Ошолор менен жатпасам, Ошондо малды бакпасам, Арбытып муну дүрбөтпөй, Алтын кылып катпасам”. Ойлогону бул болуп, Ойуна кыйал муң толуп, Чогулуп келди короого, Тегеректеп эл толуп. Бай Жакып, Шыгай, Текечи, Алп Жамгырчы, Акбалта, Короосунда Кыпчакбай, Тойго арнап сойгон мал, Тогуз жүз ашуун чагы бар, Баарысынын маңдайда, Баш көтөргөн жаңыдан, Падыша Манас шамы бар. Жатса-турса карылар, Жакасын мууна карманып, Калмактан кеги тийгенге, Мен-менсиген калмактар, Суурча ийинге киргенге, Күлүңдөшүп баарысы, Күлгөндөй болуп сүйүнө, Кылып жатат түлөөнү, Күн өксүтпөй күнүгө, Эл жыйналып жык толду. Санаты тогуз күнүндө, Бадакшандан, Балыктан, Тарса, жөөт калыктан, Түркмөн менен калчадан, Андай нечен барчадан, Жүржүт менен жудадан, Калмактан көрүп кордукту, Ар кайда жүргөн мындайдан, Көңтөйдү Манас жеңди, деп, Барбаганы калбаган. Каракалпак эл деген, Бараң, шаңкай тең келген, Ыраак эмес жакындан, Калмактар бөлүп кулданып, Тарап жүрүп сенделген, Толгон карып кези экен, Тузакта калмак кар кылып, Токсон миң толук эл келген. Жакыптын уулу Сыргагы, Акылы терең эр экен, Телегейи тең экен, Акбалтанын Чубакка Айтып турган кеп экен: — Абам Балта картайып, Эр ортону толуптур. Эңкейер чагы болуптур, Сен экөөбүз тең элек, Эреним Чубак, угуп тур. Сенден башка кишини, Санап көрсөм бир-бирден, Кыргыл кары баштаган, Серек, Сыргак кошулуп, Санаты кыркка толуптур. Мен да Жакып уулу, деп, Баатырга басып жанаша, Антип жүрсөм болбос кеп. Жалгыз койбой баатырды, Түбүбүз тууган бир эле. Сени тайым дээр эле, Жатса-койсо жанаша, Жанында турчу сен элең, Басса басып бирге бар, Турса бирге туруп кал, Олтурганда экөөңөр, Кумалак ойун салыңар, Карап турат артыңда, Серек менин агам бар, Эрлик жолу экөөңө, Тең шерик деп ат калар. Кыргыл баштап башкаңар, Кыбырабай жатпаңар, Жаштарың чайнек, аптаба ал, Сууну куйуп конокко, Дасторконду колго ал. Жоролугуң не пайда, Мындай кызмат кылбасаң. Көөдөк Чубак эр эле, Басса-турса бир болуп, Манас менен тең эле. Акылман Сыргак турбайбы, Акбалтанын көңүлүн, Бир көтөрүп салды эле. Тогуз күнү той болуп, Токсон миң толгон эл болуп, Каткырыгы баш жарып, Жүрөктүн чери жоголуп, Комузчу, ырчы уулдардан, Кыйак, чоорчу чогулуп, Көкбөрү тартып, кунан чаап, Аттардын баары суу болуп, Балдардын баары уктабай, Ака чөлүм, жашынбак, Айтканы ыр, жаңылмач, Кара койум дүмпүлдөк, Катын-кызда селкинчек, Кырк уруу кыргыз ушул эл, Кыйла ойун салышты, Кызыкка канып калышты. Көрүп айран калышат, Башка жактан баргандар: “Кыргызда ойун мол экен, Ойун-күлкү кыргызда, Оо капырай, жаштар ай, Эмне мынча көп экен! Көңүл ачып мээ кагар, Бизде оокат жок экен!” Дешип келген эл айтып, Келген элди жадатып, Күндө үч убак эт тартып, Чай менен нанга карабай, Жасамчы колун жалабай. Жайа бычып, жал жешип, Казы кертип май жешип, Балга чайкап кымызды, Адам уулу кылуучу, Бар жумушту кылышты. Аңгычакты чабуулчу, Аттарын санап чууртту. Ат айдаган жери түз, Күлүгү бир жүз жетимиш, Эртең менен эрте айдап, Бешимден кийин ат келип. Баатырдын аты Аккула, Куйундан бүткөн жаныбар, Айбан жетпейт так буга, Көктеке менен Телкызыл, Жаңы бышты мал эле, Ээрчишип катар ал үчөө, Эт бышым келди алдында.