← Манас 6/11

Калган аттар келиптир, Тери кургап чыйрыгып, Сууту канган маалында, Жетимиш атка байге бар, Эң алдыңкы атына, Сайган байге мамындай: Жону туйук жүз нар бар, Жылкынын саны беш жүз ал, Кошкон жамбы пулу бар, Кызыл кымкап, шайы бар, Кундуз менен сүлөөсүн, Суусар, булгун дагы бар, Миңге санын толтуруп, Сайган байге жагы бар. Баатырың кепти кыйгынча, Байагы Сыргак жетиптир, Агасы баатыр Манаска, Ак сарыбашыл уй алып, Садага чаба кетиптир. Аккулага сары улак, Садагасын чаптырып, Суусар менен сүлөөсүн, Кундуз менен булгунун, Жансыздарын чогултуп, Бай Жакыпка тапшырып, Нары менен жылкысын, Соогатчыга таратып, Ырысын көр мунун деп, Зоок калтырып каратып, Касиеттүү Акбалта, Көктеке тийген байгеге, Көз кыйыгын салбаптыр, Бирөөн дагы албаптыр. — Оорагы чыксын уулум – деп, Алыстан келген семселеп, Ала кет соогат мына, — деп, Кыргыздын эли кеңири, Тийеби, пайда мага, — деп, Келген киши барсын, — деп, Баарысын бөлүп бериптир. Эң алдына байлаган, Аксары деген ат экен, Көкүлү менен жалынан, Жети кыл тарап келиптир, Телкызыл кирген байгени,

Ата уулу ага–ини, Алтымыш уруу алашка, Атайын Сыргак таратты. Кары- жашы келген эл, Сыргакты мактап жаратты. Чогулуша келгин, деп, Уй мүйүз тартып тегерек, Тең олтуруп бергин, деп, Карыга килем салышып, Байандозун жайышып, Жаш-жалаңдын баарысы, Мал баспаган шиберге, Этек- жеңин жайышып, Кенен тартып олтурду. Кыргыл баштап кырк чоро, Олтурган элдин алдына, Айакка кымыз толтурду, Ошо кезде зор Бакай, Айтты кебин мамындай: — Ушу келген элиңер, Тойго неге келдиңер? Тойду берди Жакып бай, Тойгунча таамын жедиңер. Эркиңче ойноп жаш-карың, Жазылды бейм чериңер. Соогат деп бөлүп мал алдың, Тыш жактан келген эл-журттан Дегеле куру калбадың. Кыргыз баштап турган эл, Курсагы тар калмактар, Кутулуп бүгүн кубандың, Кубанчыңа чыдабай, Кары-жашың дууладың. Байге бөлүп кунан чаап, Эр оодарып сайышып, Күрөшүп балбан чыгышып, Улак тартып ойнодуң, Төрттөн бала чыгышып. Мөөрөй аттың атмачың, Коргоол менен чатыраш, Манаптарың баспадың, Кечте менен топ ташты, Эртеден-кечке баштадың. Жайкалып жаттың он күнү, Жаш арстан Манас баатырдын, Касиетин байкадың. Кектүүңөр алдың кегиңи, Чайкадың калмак элини, Көңтөйүн сайып жыктыңар, Оморуп моңгул белини. Улугунан айрылган, Ушул элдин ичинде, Калмактан бар канча жан, Айрыкча, калмак келгендер, Кыргыз кенен-тар бекен, Абдан байкап билип ал. Алооке калдай дөөлөскө, Сараркада чалкалап, Жаткан Шоорук доңузга, Араниктын дөөлөрү, Ат мине албас жөөлөрү, Дөөкан, Соксо, Сотойго, Кетчүүң болсо кетип кал. Жаманы менен жакшысын, Кулагың менен укпадың, Көзүң көрүп турасың, Күпүр кылбай айтып бар. Бул жерде калган кыргыздар, Кыларга бүгүн жумуш бар, Баш болбой киши иш болбойт, Баш кишиңди шайлап ал. Оң-тескери сүйлөбөй, Ойлоп туруп шайлаңар, Өөдө-ылдый болуп калбасын, Түпкүлүктүү пайдаңар. Акбалта, Жамгыр - дөөңөр бар, Көзү ачык чоңуң бар, Көптү билген зоруң бар, Жакып, Шыгай карың бар, Текечи, Кыпчак - байың бар, Кырктын башы Кыргыл бар, Кыйындардын баары бар, Баш кишиге ким болот? Жашырбай атын айта сал! Айтып Бакай токтолду, Көпчүлүктүн баарысы, Өрт алгандай дүркүрөп, Чагылган күндөй күркүрөп, Жер козголуп дүңгүрөп, Ызы-чуу түшүп күүлдөп:

— Баш киши Манас болот!-деп, Баарысы сүйлөп алыптыр. Биринин кебин- бири укпай, Ызы–чуу түшүп калыптыр. Касиеттүү эр Бакай, Карап элди байкаса, Ошо күнкү келгенден, Сүйүнбөй бенде калбаган. Сүйүнүптүр барлык эл, Сурнайдай үнү шаңкылдап, Султан Манас баатырды, Баштыгына шайлаган, Ал иштин кылып адатын, Атасы Мамай санатын, Ак кийизден жайышып, Ал кийиздин үстүнө, Арстан Манас баатырды, Олтургузуп алышып, Жетимиш киши көтөрүп, Төбөсүнө орундун, Төр жагына өткөрүп, Хан көтөрдү муну, деп, Калайыкка көргөзүп. Акбалта күлүп алкылдап, Бай Жакып күлүп шалкылдап, Сүйүнүп бойу бошоду, Тургандын баары балкылдап, Асманда учкан канаттуу, Күн жүзүн бербей калкылдап, Карыйа Жакып кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Ушул келген барлык эл, Уулума тизгин бердиңер, Кармаса кармайт тизгинди, Кайышып араң көтөрөт, Калың туруп кара жер. Ырыскысы башка элден, Артыгыраак Манасым. Намысың алып берди го, Алтымыш уруу алаштын. Кыргыл чал баштап кыркы бар, Төрт жүз сексен санаты, Бийге бирди шайласын, Кеңешкор киши ким болот? Күдүңдөп кийин калбасын, Курсагына бүктөбөй, Бар кебин айтып эл салсын. Уулума убал жүктөбөй, Ушул жерде айтарсың! Бай Жакып сөзү ырас, деп, Дүңгүрөшө кетиптир, Шыбыр-шубур сүйлөшүп, Күбүрөшө кетиптир. “Кырктын башы Кыргыл” -деп, Жамгырчы айткан бир кеп бар, Кырк жигиттин ичине, Кеңеш салып айткандай, Бул жерде турган чогулуп, Буларың айта салыптыр. Өөдө чыгып бий болбой, Же куру калып көөнү кир болбой, Кыргыл орун алыптыр, Балта айткан бир кептен, Кырктын бийи калыптыр. Ырчы уул деген бар экен, Ыраман байдын уулу экен, Анын айткан кеби бул экен: — Кошулдук келип баатырга, Кол салышты чогулуп, Кан ичме моңгул каапырга. Кырк жигиттин бийине, Абдылда турат нээтимде. Барыбыздан жаш экен, Байкаса сөзү таза экен, Кызыл тилдин кени экен. Кызматы тийчү баатырга, Керектүүнүн бири экен, Шайлабасаң өзүң бил, Бүгүнтөн баштап Абдылда, Ырчы уул мага бий экен. Бирин-бири карашып, Турганы жок талашып, Жүрүүчү экен башынан, Өз-жат дебей ичинде, Абдылданы жаратып. Бирден ташты алыптыр, Кумалак санап калыптыр, Таш салбай киши калбады, Бийликке аны шайлады, Тизгинди берип Манаска, Кетерине калганы. Эл копкунча дүркүрөп, Эр Жамгырчы айтат кеп: — Эй, калайык кары-жаш, Өз–жат дебей аралаш, Баш кошкон күнүң болуптур. Бооруң бирге бардалаш, Алтымыш уруу көп алаш, Көңтөйдөн жерди алдык, деп, Көп ишти кылып салдык, деп, Жатабызбы күүлдөп, Кымыз ичип күркүрөп? Оңунан келди ишибиз, Же басабызбы бир жакка, Баарыбыз калбай дүркүрөп? Жамгырчы айтып болгунча, Дүңгүрөп кетти чуу тартып: — Тизгинди бердиң Манаска, Бас десең, эми басабыз, Баспай жатып албайбыз, Батыш жакта дөөлөс бар, Шымалда Шоорук доңуз бар, Чыгыш жаккы Жанупта, Араникти ээлеген, Дөөкан деген соргуч бар. Нарында бар Алооке, Баарыбыз бассак бирөөнө, Бабырап атып жатканда, Баатыры Манас айтты анда: — Алп Жакып атам, Жамгырчы, Санааңды, кыргыз, жам кылчы, Акбалта, Шыгай, Текечи, Кырк жигит менен барамын, Мен уулайын моңгулдан, Тил билбеген кекечти, Келерге жолду тар кылды. Сарарканы алалы, Андан кийин бурулуп, Дөөлөс жакка баралы, Билинет го аңгыча, Алооке, Дөөкан абалы, Хан көтөрдүң биригип, Мен Манастай балаңды. Атым Манас бар туруп, Сакалыңды чаң кылып, Сапырып айдап кыргызды, Сайышар жоого барамбы? Көөнүңөр тынып жай жаткын, Азапты кыйла тарткансың, Кары-жашың, эр-айал, Кара жаның жыргаткын. Чабуулга барам деп басып, Чатак таап албаңар, Айдап келип мал берет, Силерге Манас балаңар. Уул-кызың, уланың, Улан-ушак бар жаның, Өз үйүңдө жай алгын. Айылчылап барсаң, ал эркиң, Абийирин бирөөн ачам деп, Ат бастырып барбагын, Бүгүн-эртең басам, деп, Ашыгып дүрбөөн салбаймын, Өзү эле келет тийишип, Өкүмсүп жүргөн калмагың, Сайып алган Көңтөйдөн, Бүлдүргө тыйын албадым, Катышып калса кол салып, Айанып тура албаймын, Кара жаным сактанып, Баш катып туруп албаймын. Көргөзөмүн деп келсе, Көрсөтөмбү, көрөмбү, Көп экен деп турбаймын. Аз экен деп алдырап, Бүлүк салып тынч элге Бөөдө кайгы тарттырып, Үй үстүнө барбаймын. Деп ушундай эр Манас, Келери менен кетерин, Элине айтып бар жайын, Эл кеңешип жатканда, Эрени Манас айтканда, Эки-үчөө келип энтелеп, Ат өлтүрө чабышып, Апкаарышып, аптыгып, Ашыгыш сүйлөп алыптыр, Өпкөсү батпай көөдөнгө, Өрөпкүп булар калыптыр, Эки кыргыз, бир түркмөн, Келген кебин салыптыр: — Белсазды ашып кыркууга, Кийик уулап барганбыз, Көкойдуңдун Кырчынга, Бир үйлүү калмак калыптыр, Калбаптыр бирөө ырымга, Желеде кулун байлалуу, Көгөндө козу байлалуу, Торпоктор турат мөөрөшүп, Инектер турат каңгырап, Өкүрүшүп заңгырап, Койлору турат маарашып, Эчкилерден сүт агып, Баккан ээсин каргашып. Төөлөрү жатат өтөктө, Өркөчтөрүн койкойтуп, Ээрчитип жүрөт тайлагын, Аркасында молтойтуп, Киши жок үйдүн түрү суук, Кире албай койдук биз коркуп, Тирүү неме калбаптыр, Азык алса алгандыр, Буйумдан неме албаптыр, Киришкенде биз тойго, Канымет деп билиптир, Качып жолго кириптир, Уксаңар ушул кабар деп, Келгендер айтып ийиптир. Угуп Манас бакырды, Кыргыл чалын чакырды, Айылга келген аралап, Чорого киши чаптырды, Чогулттурду чоросун, Топ караан кылып чоросун, Кайтадан атка толтурду, Бай Жакыптын короосун. — Акбалта, Жамгыр, экөөң бар, Айанып жатып албаңар, Баарысы качып кыргыздан, Кеткен экен калмактар. Аттанып чыкса айылга, Жан ачыган эл келет, Жайылданган эл келет, Жалаң тон жайдак ат келсе, Ага кимдер теңелет. Шыгай менен Текечи, Тандап аттан миниңер, Дайындуу жигит алыңар, Таштаптыр калмак талаага, Баарысын койбой жыйыңар, Ата уулу кылып мал бөлбөй, Колдогу малды аз көрбөй, Көкчө минер аты жок, Колунда жок жардыдан, Короосунда койу жок, Колунда бодо барынан, Койнунда жаткан катын жок, Бойдок жүргөн баарыдан, Катын алса мал керек, Малсыз катын аа бербес, Конок келсе кой керек, Зарыктырбай кой берсе. Көкчө минер ат керек, Күндө күчтү бай бербес, Колунда жогуң куру калып, Өңдүү-түстүүң көп алып, Андай кылсаң жакшы эмес. Мурун калмак таласа, Кеткен чыгым бизден деп, Эмнең кетет сен, кедей, Жок эле андай нерсе, деп, Ошентип айтып жүрсөңөр, Акылга сыйбас бул бир кеп, Бай Жакып болуп кеңешип, Бирин-бирге теңешип, Үйү жок үйлүү болсун да, Үйү болуп, малы жок, Короосу куру болбосун, Байатан айткан кептерим, Эсиңерде бар болсун, Куршугу чыкпай ичинде, Комутта киши болбосун, Алтын-күмүш зар болсо, Асылдан буйум бар болсо, Бай Жакып, Балта, Жамгырчы, Текечи, Шыгай, Кыпчакбай, Багылбай жатат малыңар, Жыйнап койсоң чөп жебейт, Алтооңор бөлүп алыңар. Балта менен Жамгырчы,