← Манас 8/11

Үч күнү калмак жок эле, Алты күндөн бер жакка, Айылдан кетпей чубады. Өлүгүн таап талаадан, Оодарып ташты ала албай, Жүктөп келип мына деп, Догуруп муну сала албай, Күндө келет айылга, “Кыргыздан малды тапсак — деп, Талаадан өлүп жөн калбай”, — деп, Айылды аңдып күтүптүр, Келип-кетип түшкөнгө, Кымызы эптеп түтүптүр. Күүгүм кирди бир кезде, Шыгай хандын үйүнө, Кырк калмак келип түшүптүр. Изчиси мунун бар экен, Из кууса кандим жан экен, Кытыгый изчи деп айткан, Жетимиш ашкан жан экен. Куланын изин кубалап, Хан Шыгайдын үйүнө, Келип түшкөн чагы экен, Хан Шыгайдын катыны, Калтырбаш деген бар эле, Тартынбай айтып сүйлөгөн, Кайраттуу кемпир ал эле. Үйгө келип киргенде: — Кырк киши келип бир үйгө, Куда болуп түшкөндөй, Кызым менин бар беле? Же тийишип келип конгундай, Кытыгый теңтуш чал беле? Кыркың келип конгундай, Не жумушуң бар эле?! Кырк кишинин башчысы, Башкарып жүргөн жакшысы, Тетеге деген неме экен, Атасына эркелеп, Тентек өскөн бала экен, Тепеңдеген Тетеге, Айткан кеби ал экен: — Из кууса, изди жазбаган, Айтканын жаза айтпаган, Мына бу турган Кытыгый, Өзү кыйын өткүр чал. Силерден барып кыргыздар, Эки мерген биздин эр, Өлтүрүп аны таштаган, Далай күндөн бер жакка, Келип-кетип издешип, Дайыны аны таппаган. Бекер киши кылбаптыр, Башка жанды тыйбаптыр, Бу Жамгырчынын кылыгы, Бизден колун тыйбаптыр. Алп көтөрүп келбесе, Ким көтөрөт ал ташты? Экөөнү катар жаткырып, Бастырып койгон бир ташты, Алып келсе Кытыгый, Чалып жүрүп из тапты. Тогуз күндөн бер жакка, Талаа-түздөп көп издеп Табалбадык бул атты, Жамгырчы, Шыгай биригип, Ошол атты бек катты. Айтып берсең кетебиз, Камалып жатып бир үйгө, Кырк киши мында нетебиз? Жашырып койсоң чабабыз, Жайыңды, кемпир, табабыз, Жамгырчы менен Шыгайдын, Эшилтип кардын жарабыз. Чыдабаса чабышка, Чыдап туруп мал берсин, Эки эрдин кунун алабыз! Кун кубалап биз келдик, Конолу деп келбедик, Бакылдайсың не мынча, Какбаш кемпир, желденип?! Кайраттанып айкырган, Катындын демин ким билет, Дем байлаган Калтырбаш, Өзүнөн башка эл билбейт. Балдар келген күүгүмдө, Жамгырчы келип ойготуп, Алып кеткен түнүндө, Жабыгына кут түшүп, Жалдырап-жайнап турганын, Көргөн болчу Калтырбаш. Жамгырчы алып кеткенде, “Жаш Манас ушул экен”, деп Билген болчу Калтырбаш. Тогуз күндөн бер жакка, Шыгай менен күнүгө, Токсон убак урушуп, Жүргөн болчу Калтырбаш: — Хан болбой кара жерге кир, Хан Шыгай болбой көргө кир! Бөйөн-чайан бүт малың, Буйурбасын какбаш чал. Жакынды жакын билбесең, Жакшыны жакшы дебесең, Атайын келген балаңа, Медилиң салып сүйбөсөң, Алтымыш ашкан жашыңда, Башыңдан өткөн иштерди, Баш-айагын билбесең, Атам менен жатындаш, Абам экен Шыгай деп, Үйүңө кирсе жаш Манас, Жөн кишиче күтпөсөң, Манастан башка киши эмес, Башка киши ошентип, Үйүңө сенин түшчү эмес! Ошентип шайын кетирип, Шыгайды жүргөн жемелеп. Атынын изин кубалап, Келиптир калмак тебелеп, Баштагыдан беш бетер, Калтырбаш эми чамынды: — Какоолдун этин жегендей, Кана мага дегендей, Калбай баарың келесиң, Хан Шыгайды тебелей. Конор болсоң жөн келбей, Өлтүрүпсүң кун бер деп, Өлүгүңдү көрөйүн, Оозуңа келген сөздү айтып, Артып мага пул бер деп. Калмакка кунга берем деп, Катып жүргөн зар барбы? Артык айтып эсептеп, Же ашырып койгон мал барбы?! Кайра качып кылчактап, Айанар сенден жан барбы? Кайда кеттиң акмактар? Кармагыла кулдарды! Керегеде кылычты, Кынанынан сууруп колго алды, Келип түшкөн калмакка, Калтырбаш салды жаңжалды. Акырганда чаңырып, Алда эмине болду, деп, Келип калды чогулуп, Айылдын баары жабылып, Калмакты көрүп келгендер, Кайра басты жайылып. Караногой Мажиги, Кирип келди ал үйгө, Эки жеңи салынып, Кытыгыйдын көзүнө, Баатырлыгы таанылып, Кытыгыйы кытылдап, Тили кекеч болуучу, Кеп айталбай кыкылдап. Асталай басып Чоңжинди, Келип калды чукулдап. “Эрлигин мунун көрсөм” – деп, Жамгырчы турат мултулдап, Тонуна батып токтобой, Алп Жамгырчы култулдап. Кеп айталбай кылкылдап, Кытыгый кекеч жок болду, Эркин сүйлөп ээн өскөн, Тетеге эми токтолду. Кемпирди карап тиктенип, Алдыңкы эрди кем ээк бу, Үстүнкү ээрин тиштенип, Кичинекей сарыбашыл Албарстыдай үксөйүп: — Эриң Шыгай унчукпай, Эсирипсиң, Калтырбаш, Эркиңе койуп далай жыл, Каман болуп талаада, Жетилипсиң, Калтырбаш, Доңуз болуп корсулдап, Кутурупсуң, Калтырбаш, Бөрү болуп жутунуп, Бузулупсуң, Калтырбаш! Оорубасын жамбашың, Сол кырыңда бүгүн жат, Олтурбагын бул жерде, Жүрү копкун, такыр бас! Аттангыла кайтабыз, Эр Көңтөйгө айтабыз, Эртең келип бул жерге, Калтырбашын чачынан, Сүйрөтүп улак тартабыз! Тетегеден кеп угуп, Турду калмак жабылып, Чоңжинди кирди аңгыча, Ач жолборстой чамынып, Бекеринен кырк итке, Жетти ажал кабылып. Чогултуп бурдай кармады, Кыймылдай бирөө албады, Кыбыратпай кырк итти, Кыркын Мажик байлады. Үйдүн ичин булгайт, деп, Койдой баарын мууздап, Коондой кардын жарганы. Ошол күндөн күзгө жуук, Калган экен мал тунуп, Кырк атты бөлүп айылга, Кишисин санап топ кылып, Бышырып жеп ташташты, Бир эле түнү жок кылып, Жалгыз Мажик көтөрдү, Чогултуп баарын бир таңды, Куйулма деген бар экен, Көтөрүп Мажик алып барып, Түргөн чий койуп кумду эшти, Чийди тартып алганда, Жылма тепсеп кум тепти, Эртең менен кой жайып, Шексиз кылып тепсетти. Эртеңки күнү таң менен, Ээрчитип эки баатырды, Аттанып Жамгыр эр кетти. Тапшырып айтты айылга, Келип калса калмактан, Айылдан тамак бербести. Бөдөнө менен Байтөлөн, Эрди-катын Жамгырчы, Калтырбаш, Шыгай – алты жан, Ал алтоонун башкасы, Манастыгын билбеди, Жамгырчы баштап балдарды, Бастырып жолго киргени, Таштап койуп буларды, Башка жакка келели. Абаң Бакай баштаган, Төөкөр уста Бөлөкбай, Байандап айта кетели. Кыргыл чал баштап жыйырманы, Кыдыртып айтып берели. Ойлоп, кыргыз, угуп ал, Ушунун эби келеби.