Баатыр тууган Чоңжинди, Баш көтөрүп козголду: — Жерибиз Алтай, Кеңтокой, Журтубуз кыргыз хан Ногой, Атамдын аты Жакып бай, Балта деген тайым бар, Тайымдын жүзүн көрсөм деп, Атайын келген жайым бар, Издеп келсем айлыңа, Тааныбай турган жайың бар. Энемдин аты – Чыйырды, Өзүмдүн атым – Чоңжинди, Баргын деп тайың журтуна, Энем мени жиберди. Кыргыздардын ичинде, Ойшун деген бар экен, Ойшундардын ичинде, Караногой кары экен, Аты Мажик мына бул, Ногойдон туулган бала экен, Жайын айтып жиберди, “Кепке жетик экен”- деп, Жайын Балта билди эми. Олтуруп Балта сөзүн жай: — Турпанда жүрөт деп уктум, Бардыбы, жээним, Жакып бай? Өзүң айдап аш тапкан, Буудайга алган малыңбы, Эшиктеги кула тай? Атым менин Балта дөө, Сага камдап жүргөнмүн, Кийериңе күрөөкө, Эми сырга келебиз, Сөз чыгарба бирөөгө. Ороздудан бер жакка, Ортодо өткөн көп ишти, Олуттуу айтып Балта дөө, Чоңжиндиге билгизди: — Кыргыздын иши оң келип, Тилегин колго тийгизди. Сени чыгат деп айтып, Калмактардан билгичи, Жакшы-жаман дебестен, Ийинге бизди сийгизди, Бүгүн-эртең өрүүн ал, Бүрсүгүнү жолго сал. Артыңдан кууп бул жерге, Бөөдө жаңжал болбосун, Келип калса Жакып бай. “Жүргүнүң, үйгө, баскын, — деп, Чоңойо элек жашсың, — деп, Атайын барсам сени издеп, Эмне үчүн качтың? – деп, Адамзат оозунан, Э, балам, чыга берет, айтса кеп, Күүгүм кирип барата, Көз байланган убакта, Шам чырагын алдырып, Ат токумун жам кылып, Казган үйдү көрсөттү, Сур кулага салдырып. Жасаткан экен Акбалта, Байлыгына төндүрүп. Ээр-токумун келтирген, Сап алтынга көмдүрүп. Ноктосу жибек кенептен, Кармап турган немедей, Эп келтирип ченеткен, Жүгөнү бугу кайыштан, Өрмө көгү жүз бештен, Көкүлүн көзгө кертирген, Көкүлдүгүн келтирген, Эркек жагы ургаачы, Учуна тогоо тактырган, Ичине темир кошпогон, Уйуткан сары алтындан, Жагоолору сап алтын, Жалтылдаган сары алтын. Ооздугунан башкасы, Көмкөрмөсү баары алтын, Көмкөрмө көөхар беш жерде, Кем-керчи мунун жок эле. Токуган атка ээринин, Арбынын көрчү кебинин, Камдап жүргөн Акбалта, Манас сындуу эринин. Алдыңкы кашы карк алтын, Кийинки кашы чылк күмүш, Эки каптал эн темир, Эптеп кылган аккаңгы ээр, Таманы темир куйма алтын, Үзөнгүнүн баары алтын, Көмөлдүрүк шалдыркан, Тумарчасы алтындан, Кара темир кошпостон, Күмүшкө алтын жаптырган, Куйушканы куйма алтын, Жетимиш көктөн тарттырган, Олоңдору ой алтын, Ойуштуруп токуган, Көрпөчөсү байандос, Көргөндүн көөнү болор кош. Акбалта эми кеп айтты: — Ай, Манасым, — деп айтты, Алыскы жолго барасың, Чубагым, жолуң болсун бош, Чубак деген уулум бар, Болот го бир күн саа жолдош. Бүгүн кошуп жиберсем, Эки жашынын кеми бар, Быйыл жашы жетиде, Жетиле элек чени бар. Бир жагында карасам, Айткан сөзгө тил албай, Ашыкмараак жери бар. Биргелешип кетерсиң, Түбүң бирге тууганың, Азыркысы тайың ал. Аттанып жолго саларга, Ашыкпай жүргүн, чунагым. Батышты алгын маңдайга, Жаныпты көздөй ыңгайлап, Самарканга барарсың, Самаркандын үстүндө, Белсаз деген жери бар. Жамгырчы менен Шыгайдын, Олжого кеткен моңгулга, Ошондо сенин элиң бар, Оолугуп кетпей, чунагым, Ойлонуп айткан кебимди ал. Баш көтөрсөң Алтайдан, Баш бербейт калмак биздерге. Баш бермек эле турмайлык, Тебелейт калмак күн-түндө. Көкжалдык менен сен калып, Көгөрүп жүрүп мен калып, Кыйратып калган кыргызды, Кызын калмак эл алып. Болотко деймин ойлосом, Ал кезекте кыйналыш. Эл четинен чыгалы, Эл бүлүнткөн моңгулга, Эптеп уруш кылалы, Бир четинен жылдырып, Жер бошотуп алалы. Быйылкы жылы камынам, Эркегин койбой бар малдын, Субай кылып бычтырам, Атагы кыргыз дегенге, Айабай кепти уктурам, Чоңдору айтат калмакка, Калгандарын чууртам, Шек бербей туруп жер тандап, Самаркан көздөй мен жылам, Эки жыл өтө бергенде, Ок өтпөс олпок тону деп, Буудайык хандан мен угам, Жиберип жалгыз Чубакты, Сен үчүн олпок суратам. Кыпчакбайдын Абдылда, Чубак менен тең эле, Беш жашында көргөнмүн, Эти тирүү неме эле, “Чубакка кошуп жыйырманы, Жиберемин” – деди эле. Угуп жүргөн укмуштан, Кумардан угуп журт чыккан, Олуйа Бакай кары дейт, Оозунан чыккан ширин сөз, Өлбөскө куну дары дейт, Күйүп жүрөт деп угам, Көрсөм экен сени деп. Укмуш кулак карыдан, Угулуп кеткен кеп экен, Арнап айкын мылтыгын, Берет Бакай дээр экен. Айкожо келет жол тосуп, Арстаным, сага жол кошуп, Ачалбарс тийет колуңа, Ким чыдайт сага жолошуп, Төкөр уста Бөлөкбай, Күтүп ал көөнүн оорутпай, Эр жарагы күндөлүк, Найза менен балта бар, Бөлөкбайдан башка уста, Жасай албайт эч кандай, Далы менен төлгөдөн, Мен угамын көргөндөн, “Ыстырлап” алам колума, Унутуп калам кокус, деп, Үч күндө алам бир карап, Мен аламын ойума, Атаң Шыгай тең карып, Жакып менен энелеш, Жайыңды такыр ал билбейт. Жамгырчы деген тайың тап, Мени менен жатындаш, Бүтүрүп берет бар ишти, Жамгырчы менен акылдаш. Кептин жайын Балта айтып, Жалпы жонун бүт айтып, Кайра келип жатышты. Өргүп эки күн бүтүп, Эртең менен эртерээк, Чоңжинди басчу жол жакка, Балта барып туруптур, Наркы беттен күзөтүп. Элдин алды копкондо, Аркасы элдин кобо элек, Күн чалып калган мезгилде, Желе-жорто шашыла, Шайбаңдата бастыра, Шаңданган эки жаш бала, Айылдан өттү бел жакка. Кашаттан чыкса жапыста, Акбалта турган капыста, Имерип түшө калышты, Салам айтып Балтага, Таазим кыла барышты. Урматтап бала Балтаны, Колунан кармай калышы, — Жээн болсоң да, уулумсуң, Жети ата кыргыз кунун кууп, Кыргыздын муңун укчусуң. Бастырганда бурулба, Баш бурбагын эч жакка. Удул барсаң түз барып, Самарканга барасың. Бузулбай кыргыз эмгиче, Жаткан айыл абаң бар, Айлына калмак бара албай, Бурула кеткин чунагым, Кошой дөө деген агаң бар, Жанупту көздөй бет алсаң, Алатоо бойло тил алсаң, Жакага түшүп барбагын, Жайнап жаткан калмакка, Жанашып кокус калбагын, Коркконсуп тоого тырышпа, “Энеси – тоо, ата – суу”, Угушта биздин кыргызга. Атбашы деген жер эле, Чечдөбө мазар дээр эле. Баш бербей келген калмакка, Баатыр Кошой эр эле. Учурап ага кетпесең, Көөнү бизден кайтпайбы, Чоңойгондо көрүшсөң, Чоң таарынчы айтпайбы, “Келип кетти мага”, деп, Кеп-кеңешти таппайбы, Араник көздөй бет алсаң, Колбутуп колун баспайбы. Ойноо бала жаш чакта, Ойуңа алып сен барсаң, Өмүр бойу унутпай, Кызматыңды кылбайбы, Түбүбүз бирге тууган, деп, Баш булгабай турбайбы. Сен Жакыптан туулсаң, Ал Катагандан туулган, Өтүшкөн жок өөдө-ылдый, Сен экөөңөр тең тууган. Көрүшпөй кетсең бу сапар, Көөнүндө калат көп бушман, Күпүр кылар аркада, Көрө албаган көр душман. Шектүү душман элиңе, Кол артчу жерге-жээгиңе, Алдында камдай жүрбөсөң, Тайанасың сен кимге? Келер ишти, кетерди, Кеңеш менен билдиргин, Ичинде жүрсүн ойлонуп, Кеңешим бирге дедиргин. Убакты келген күндөрдө, Өзүң барып көрүшкүн, Ооз-мурундан өбүшкүн. Кыйамы келген бир күндө, Саламга алик албагын, Жакшы адам экен, деп, Жалпаңдашып калбагын. Эр жигит байкап жүрүүчү, Алды-арты, тең жагын. Ошол үчүн мен айтам, Кошойго өзүң сен баргын. Бөлүнүп менден жөнөгүн, Ойуңа албай бөлөгүн. Илебиндин сазында, Иленин батыш башында, Кең Шибердин ойунда, Кечки суунун бойунда, Айдаркан деген казак бар, Ар качандан бир качан, Мазак кылат калмактар. Учураша өткүнүң, Манас деп атың айтпагын, Чоңжинди деп кеткиниң. Көрбөгөнмүн уккамын, Айдаркан уулу Көкчө деп, Алп мүчөлүү шаңданган, Азамат эрдин бири деп. Жалгыз аттын чаңы жок, Казактар жардам боло албай, Анын аты билинбейт. Ыгына келсе сырдашкын, Ылайык болсо муңдашкын, Көөдөк болсо күүлдөк, Көп сүйлөшпөй жөн кайткын. Билгенинче Балта дөө, Бир кыйла айтып насаат кеп, Колунан кармап бир жыттап, Ажыраша бөлүндү, “Баргын, балам, баргын!” – деп. Балтадан баатыр бөлүнүп, Баса элек көздөй көрүнүп, Күнү бүркөөк Алтайдын, Күндө жамгыр төгүлүп, Аралап барды Илеге, Чыгып барды Чоңжинди, Кең Шибер башы туу белге, Чыга калса белеске, Кайкысы ойдуң түз экен, Сары короо кык болуп, Жаздын бери кой жатып, Айдаркандын Көкчөсү, Чүкө атып жаткан кези экен. Отуз бала жанында, Опсуз баатыр байкаса, Айдаркандын Көкчөсү, Жыйырма ашуун бар жашта, Балдарды эки бөлүптүр, Чүкө атып жатып балдары, Өтө чебер көнүптүр. Жакыптын уулу Чоңжинди, Чүкөнү мурун билбеди, Жүргөн жолун унутту, Чечинип койуп кирди эми. Чоңжинди, Көкчө баштаган, Отуз эки жаш болду, Он алтыдан бөлүнүп, Экөө эки баш болду. Утуп алган кишиге, Бирден кыз соога деп койду. Кадамагын кадашып, Кээ-кээсинде кычылап, Жыдыдың деп талашып, Уруша кетчү немедей, Опураңдап урушуп, Күлүп ийип кашкайып, Кайра карап турушуп, Кызык атып жатканда, Төөнүн асты чыгыптыр, Туу белден нары ашканга. Келген төөнү билип ал, Чиркеген катар нары бар, Толук үч жүз төө экен, Дөөкан деген байы бар, Араникте Дөөкандын, Алдырып келген кытайдан, Каптал кара жайы бар. Башкарып жүргөн төөсүндө, Манжулардын Дөөдүр алп, Баш кишиси дагы бар, Көзкамандын Көкчөкөз, Алооке төөсүн жетелеп, Арасында бу да бар. Жүз элүүдөн төө топтоп, Дөөкан менен Алооке, Соодагерлик кылуучу, Сонун иши дагы бар. Аралдын төөсүн колбутуп, Үчтөн төөгө бирден эр, Келип калды мабулар. Атагы чыккан Дөөкандын, Каралөк деген нары бар, Каркыттап сүйгөн малынан, Артык көргөн жайы бар. Дөөкандын төөсү алдында, Жетелеп жетип келишти, Ордо аткан такырга. Чүкө чертип жатыптыр, Ойун келип баатырга, Ордо менен кери жок, Эркин жүрүп, эрке өскөн, Ошол заман чагында, Калмактардай деги жок, Чуркурап балдар жүгүрдү, Тоотуп койор бейли жок. Токтоло балдар калыптыр, Топтото төөнү жетелеп. Ордодо кирип барыптыр, Ошол кезде Чоңжинди, Чүкөнү чертип салыптыр. Чоңжинди колу не күчтүү, Домпой тийген чүкө учту, Талкалап өтүп кетиптир, Колу менен бир бутту. Колу–буту кыйрады, Кара лөк буту сынганда, Карап калмак турбады, Жанында турган баланы, Чокудан нары муштады, Мурдунан кызыл кан агып, Бала жерди жыттады. Баланы көрүп ич күйүп, Баатыр Көкчө чуркады. Айдаркандын эр Көкчө, Бардашы журттан бөлөкчө, Жүгүрүп жетип барганы, Баланы муштап жиберген, Калмакты мууздап салганы, Бу түгөнгүс чуу болду, Таап алды калбааны. Жакыптын уулу Чоңжинди, Болуп жаткан иштерди, Дегеле бирин билбеди, Кызыгып алган турбайбы, Ордо ичинде жүргөнү. Көзкамандын Көкчөкөз, Так орустай байкасаң, Мурду кызыл, көпкөк көз, Ээрди-мурдун жаланып, Кеп кылганы өткүр сөз. Көкчөгө барды жакындап, Этектен кармап тартарда, Чоңжинди көрө салыптыр, Чуркап чыгып калганын, Ошондо билип алыптыр. Айдаркандын Көкчөсүн, Таанышып абдан биле элек, Карап турса Чоңжинди, Көзкамандын Көкчөкөз, Чокуга тартып жиберет. Кылчайып Көкчө болгунча, Чуркап жетти Чоңжинди, Колу менен муштабай, Буту менен бир тепти. Томолонуп баштыкча, Токтоо кылбай кеткени, Кайкыдан ашып капкайда, Томолонуп кетиптир. Мына калган моңгулдар, Ичинде Дөөдүр алпы бар, Эки жүз ашуун киши экен, Ажылдап үргөн ит экен, Төөлөрүн таштап “та-талап”, Тобу менен жабылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.