Катылышса кокустан, Катуу калба саламын. Бөлөкбайым, ачык айт, Кайсы жерге барамын? Бөлөкбай көөнү ачылып, Бар курушу жазылып, Мындай деди ашыгып: — Айдап барбай колбутуп, Алып барар кишиңден, Алтын-күмүш, зар берип, Элүү киши жиберсең, Чоңополдун боорунда, Кебезтоонун ойунда, Анда жүргөн кыргыз көп, Үч күндөн ашык иш кылбайт, Ошол жерден жалдасак, Килботонун айагы, Керметоонун четинде, Бир көргөнүм эсимде. Төрт аршын жердин алдында, Кызыл алтын, кызыл мис, Кырма кызыл курч эле, Кошойдун төө-нарлары, Улоо минип барганды, Он миңге артып бир келсек, Жетип калар чамасы. Беремин киши сен дедиң, Өзүм барам мен дедиң, Алатоонун урчукта, Салынып келген тумшукта, Урум темир ошондо. Бир миң киши, бир миң төө, Өзүң баргын ошого, Төлөк дайар тетиги, Жамгыр, сага кошорго, Килбото менен кырманы, Түлөөкө билет бар жайды, Эмгегин элдин эскерсе, Дөө Кошой кошо барарбы? Караандуу киши болбосо, Жаман көнгөн калмактар, Катышып калба саларбы? Өзү барса дөө Кошой, Эки барбайт, бир келет, Иштин жайы ошондо, Он миң унаа тел болсо. Беш миң төөгө кен артса, Беш миң төөгө чоко артса, Эки барып жүргүнчө, Азабын жолдун бир тартса. Кабыл алып бул сөздү, Бармак болду дөө Кошой, Санаасын басты калгандар, Бөлөкбай сөзүн салды андан: — Бай Бакай калсын биз менен, Берем деген кишиңди, Жамгырчы, эми маа берсең. Жердин бетин ойдурам, Бөйрөктөрүн чойдурам, Ичине отун толтурам, Күйгүзүп жалын өрт кылам, Шыңгыраган үн чыккан, Көмүрдү тоодой жыйдырам, Туруптуу саздан чаптырам, Кургатып күнгө көң кылам, Жердин бетин ачтырам, Жер көмүрдү таптырам, Билеги жоон балбанга, Бири жүздү алганга, Барскан берип чаптырам. Жердин бетин от кылам, Очокту кызыл көк кылам, Темирди сүттөй агызам, Арстандын жасап шайманын, Айбан мүнөз душманга, Өнөрүмдү таанытам. Айтканы айткан кеп болуп, Самаркандын токойго, Бар кереги топтолуп, Очоктордун үстүндө, Асман тиреп от турат. Очоктогу кен таштар, Эрип кызыл суу болуп, Жалынды карап Бөлөкбай, Кооп койбойт козголуп, Жанындагы Бакайга, Кебин баштайт оштонуп: — Таштар эрип кызыл кан, Көк жашыл тартып көрүнөт, Төбөсүндө жалындан, Байкап тургун бай Бакай, Очоктогу кызарган, Сүзүлүп өңү агарсын, Көк жашыл тарткан жалындан, Шек билинбей жоголсун. Ошо кезде байкасам, Үстү каймак килтилдейт, Алды кызыл жылтылдайт, Орто жери ак сары, Үч түрлөнүп калганда, Болот чыгат бүт баары. Андан алып иштетсек, Сууга чылап таштасак, Бет өзгөрүп кирдебейт, Ийилет, сынбайт морт кетип, Чапсаң тайбайт таш кесип, Бетине жукпайт кан калып, Чопого кырк күн таштасак, Өңүнөн азбайт дат басып, Үч түрдүү сырын көрсөтүп – Отту койду өчүрүп, Шамал тийсе – болбойт, деп, Очоктун оозун көмдүрүп, Кырк күндөн кийин ачырып, Үч кабат болуп катыптыр, Бөлөкбай анда айтыптыр: — Көккө колум жетиптир, Ишим оңдон кетиптир, Эң үстүңкү кабаты, Кырым, урум, көкжалдан, Аралашып катыптыр. Атар мылтык, ачалбарс, Сайар найза, айбалта. Мен ушундан бүтөймүн, Ортосу көкжал шеги жок, Туулга кылам баатырга, Мындай темир деги жок, Тилеген тилек оң келди, Кылар иштин кеми жок. Эң түбүндө калганы, Коло, чойун, коргошун, Салтанаттуу Аккелте, Сандолун кылып атарда, Салар огу бул болсун, Залкар Манас жолборсуң, Санаалаш Бакай жолдошум, Ишимдин билдим оңдугун, Айтканы-айткан болоорун, Жат душмандын башына, Арылгыс кайгы муң болсун, Эртең айдын он беши, Дүйнө бүткөн дүйшөмбү, Иш баштоочу күн болсун! Эртең менен азанда, Май кайнатып казанга, Жамгырчы келип бээ чалып, Дестеп кылып Манаска, Жоо шайманын жасарга, Төкөр уста Бөлөкбай, Дүкөн үйү беш кабат, Өзүнөн башка жан киши, Дүкөн үйгө баш бакпайт. Бутунда тепкен тактайы, Колунда бар танап жип, Төрттөн киши дем албай, Аракет кылат тер төгүп. Абал мурун жасады, Чаба турган кылычын, Сегиз киши барсканчы, Сегиз киши балкачы, Барскан жанса балкалар, Ширөө чыгып шырылдап, Жалын учуп чырылдап, Отто темир бороктоп, Кайнап жатат быжылдап, Балта менен барсканчы, Тер чубуруп жымылдап, Бел кырчоодон казган жер, Көлчөк болуп чылпылдап. Узанган күнү дүйшөмбү, Ошол күнү бүткөрдү. Оргуштап жаткан булактын, Жанынан жерди ойдуруп, Чылпылдата жылкынын, Майы менен майлатып, Күн тийгизбей далдалап, Кылычты таштап койдурду. Бир жума жатты көлчөктө, Балыктын майын сыздырып, Жыландын өтүн жыйдырып, Алып келип кылычты, Үстүнө жаба койдуруп, Ыштуу сары курмушу, Алып келип оротту. Бир жума жатты күн көрбөй, Устадан башка жан көрбөй. Ороосун сыйрып ачтырып, Эгеген кызыл алтындан, Эби менен буу берип, Күнгө койду астырып, Сары алтындан жынжыр боо, Алты кабат тактырып. Жаба мийаз, сарымсак, Сыгып суусун алдырды, Жумгактын куйуп сүтүнөн, Араң бетин ысытып, Ошол сууга малдырды. Суудан тартып алганда, Караганга көрүнүп, Мизинен кызыл жалыны. Кынын кызыл алтындан. Сабын сары алтындан, Чагарагы ак күмүш, Келиштирген Бөлөкбай, Кылапка салып кармаса, Жети карыш болуптур, Кылапка сууруп өлчөсө, Кырк аршынга толуптур, Сырты калың, өткүр миз, Учу кайкы, мойну түз, Күн чагылып жарк этет, Доош чыгып шаңк этет, Ары-бери имерсе, Кызыл жалын жалт этет. Кылычты кармап колуна, Кыраан бала Чоңжинди, Эки жагын карады, Көрүнө калды көзүнө, Төрт кучак келет жоону, Бир жыгачтын карааны. Ойуна алды ошондо, Ойрон бала санааны: “Чынардын өзү – ээлери, Жалбырагы – элдери, Бир чапканда жыгалсам,
Ага алым келерби? Бир чапканда жыкпасам, Шайманымдын келбеси”. Кылаптан тартып имерди, Чынарга шилтеп жиберди, Былк этпей чынар турду эле, Аны Мажик билди эле, Салаңдап турган бүчүдөн, Тартып койду анча эле. Тоңкойуп чынар урады, Томкорулуп кулады. Курч экен деп албарсты, Кубанды баатыр Чоңжинди, Сынап көрчү, баатыр, деп, Мажикке Манас бергени. Мажик алып колуна, Ийип көрсө ач албарс, Жаш чырпыктай ийилди, Бүктөп көрсө бүктөлдү, Койо берсе түз болду, Жасабай туруп Бөлөкбай, Айткан кеби чын болду, Ойрон бала сынаса, Кылыч сынга толгону, Андан кийин дүкөнгө, Жолобой Манас койгону. Уңгусу болот, учу курч, Учуна салды кара курч, Айтканымдай кылам деп, Чиркейдин тумшугунан курады, Жапаа чочко мегежин, Сийдигине сугарды, Тийе турган жерине, Бөрү тилме чыгарды, Бүткүл барлык темири, Ак болоттун кыймасы, Саптаган жыгач найзага, Ак карагай сыйдасы, Өңкөй темир болгон жер, Көк болоттун кыймасы, Саптаган жыгач найзага, Көк карагай сыйдасы. Сабындагы жыгачты, Он эки түркүм кырдады, Отуз эки түр менен, Оймо-чийме сырдады, Колдон тайма болот, деп, Коло менен чырмады. Колу үшүп кетет, деп, Кой макмал менен каптады. Баатыр шердин Сырнайза, Акыр заман элине, Айтылып калган бир найза. Оозу түбүн теңеди, Ортосун көкжал эгеди, Оозундагы темири, Урум деген темирден, Түбүндөгү темири, Төкөр уста бышырган, Кыргыздын кырым темири. Эрикпестен иштеди, Ичин бургу түздөдү, Аткан огу жөн учпай, Ажалдуу жанды издеди. Чагарак ооз Алмамбаш, Ыңай-туура ылгабас, Кароолу дажаал, огу ажал, Түтүнү туман, түбү испан, Тушагасы бир темир, Тийген жери бир сеңир, Узун эмес, чак келте, Көз уйалат Аккелте, Атып көрсө Аккелте, Аманат жандын эрмеги, Асынып жүрсө Аккелте, Айдалынын белеги. Үйдө турса Үркөрбоо, Үнү ачуу Койчагыр, Ойноп атса Очогор, Чындап атса замбирек, Сандолун болчу жерлерин, Көрсөтүп берди Бөлөкбай, Кереметтүү пенттерин. Ач албарс менен Сырнайза, Аккелте мылтык бүткөнү. Балтага түштү Бөлөкбай, Ысыта албай темирди, Ташыган көмүр түтпөдү. Төрт жерден тебет көөрүктү, Төрт жердеги көөрүгү, Сегиз өгүз териси, Күнү-түнгө чыдабайт, Өгүздөрдүн териси. Чапканына чыдабайт, Эр азамат ар киши. Талкалап көмүр өчүрүп, Көөнө токой жойулду, Чапканына чыдабай, Чандан уста кырылды, Көөрүгүнө чыдабай Көп букалар сойулду. Сугатына чыдабай, Көлдүн суусу соолуду. Ашагандан машады, Төкөр уста Бөлөкбай, Жайы-кышы бир үйдө Жалгыз жатып жасады. Жарылып сырты кетет, деп, Коло менен чырмады. Тийген жери ырбаган, Жамакчылар ырдаган, Алжайгандан малжайган, Башка чапкан адамы, Баарысы аман калбаган. Как ыргайга саптаган, Пил терисин каптаган, Жерден өөдө кыла албай, Көп кишилер көгөргөн, Жортуул күнү болгондо, Жоболоңдуу Ажыбай, Кокуйлап жүрүп өңөргөн. Айбалта бүттү бир жылда, Тандап туруп Бөлөкбай, Алтымыш эркеч сойдурду, Жыдытып түгүн кердирди, Алтымыш көктөн бердирди. Өзөгүн толгоп бурдурган, Өткөрө чапкан кишисин, Саргартып кулак тундурган. Чокусуна чок койду, Түшкүнүнүн учуна, Сомдоп карыш ок койду, Алаканын бек кылды, Душманды карай кек кылды, Табылгыга саптады, Бүлдүргө такчу жерине, Чулгур салып көзөткөн, Абышканын көк торпок, Эки энеге тел торпок, Күдөрү кылган ак кайыш, Чайан түйүп терс байлап, Бүлдүргөсүн тактырды, Арстан эрге тапшырды, Жоо шайманын жам кылды, Агар алтын, ак күмүш, Айанбай кыргыз дем кылды, Жамгырчы, Шыгай элинен, Бир күн тынбай бир киши, Беш миң балбан иштеди. Кошойдун адам, төөлөрү, Темир ташып, кил ташып, Алтын ташып, мис ташып, Калай ташып, жез ташып, Жер көмүр ташып, турп ташып, Толук бир жыл иштеди. Бай Бакайдын алтын-зар, Төрт айактап баскан мал, Ашып кетти эсеби, Эки жүз миң алтындан. Толук эмес, кеми бар, Тыштан кийер тону жок, Атылган октон шеги бар. Буудайык берип Ак олпок, Келет деген ишеним бар, Эми Алтайда жаткан Балтадан, Абдан кабар угуп ал. Муну мындай таштайлы, Көкжал Манас баатырдын Хандыгынан баштайлы.