Бакай деген бар эле, Чоң акылман ал эле, Дөө Кошой менен курбалдаш, Акбалта менен акылдаш, Жамгырчыга чоң сырдаш. “Кыргыздан Манас чыгат – деп, Басташканын бас кылып, Баш көтөргүс кылат, — деп, Ошол Манас туулуп, Кек үчүн белин буунуп, Эл аралап чыккынча, Кетейин, деп, алыстап”, Орозду баатыр өлгөндө, О дүйнөнү көргөндө, Аркасында калганды, Ар кайда калмак бөлгөндө, Дөө Кошойго караандаш, Жүрөйүн деп чамалаш, Керметоону бет алып, Көчүп Бакай кетти эле. Алты жүз үйлүү эл алып, Кыргыздын кыйын устасы, Бөлөкбайды кошо алып, Бадакшан, Балык, Керметоо, Арасында турду эле. Башмааналап жан сактап, Ушуларда турушкан, Ээсиз жүрсөк болбойт, деп, Алты жүз үйлүү кишиге, Бакайды баштык тургузган. Бекер жатпай баш Бакай, Ар кандай ишке маш Бакай, Алтайдагы Акбалта, Самарканда Жамгырчы, Атбашыда дөө Кошой, Кабарлашып турушкан. Атайлап киши жиберип, Алтайдын Буурултокойдо, Арстан Манас туулганын, Кабар алып угушкан. Жакыптан бала таарынып, Турпанда эгин эккенин, Таман акы, маңдай тер, Сатып алып буудайга, Аккулага жеткенин, Акбалта ага жасатып, Ээр-токуму бүткөнүн, Акбалта салып түз жолго, Дөө Кошойго келгенин, Дөө Кошойдон бөлүнүп, Самарканга барганын, Алп Жамгырчы ээрчитип, Арстан Манас баатырды, Көрүштүрүп Бакайга, Айлына баштап барарын, Алдын угуп камынып, “Өзүм тосуп барайын”, Деп ойлонуп баш Бакай, Төкөр уста Бөлөкбай, Жолборс алып жанына, Түлөөкө менен Төлөктү, Жүргүнүң деп экөөнү, Өзү менен төрт болуп, Баатырдын жүзүн көрсөм, деп, Бакайдын ичи өрт болуп, Жол менен келе жатканда, Самаркандан Жамгырчы, Аттанып чыккан алыска, Ал Бакайга барышка. Бакайды самап Жамгырчы, Батпай келет шаттанып, Эсинен чыкпай эр Бакай, Улам-улам эске алып, Көөнө токой Самаркан, Ойдуң жакты бетке алып, Кырмойнок деген жер экен, Кырка артуу бел экен, Алты белес бел ашып, Аста жүрбөй катуулап, Ат айабай бек басып, Белеске чыга калганда, Алды-аркасын карашып, Калмак көрүп калат, деп, Ар тарабын байкашып, Жол арытып караса, Маңдайында бөксөдө, Төрт адам келет бел ашып, Карааны башка бирөөнүн, Караса көзгө жарашып. Ак кементай жамынган, Буурул мурут чалкайган, Мингени жорго чайпалган, Айдай бети нур тамган, Ал кишини көргөндө, Аңсабай киши турбаган! Карап калып Жамгырчы, Келе жаткан караанды, “Кабылан Бакай экен – деп, Жанындагы үч киши, Төкөр уста Бөлөкбай, Түлөөкө, Төлөк - эки уулу, Ошол үчөө бекен – деп, Бачымыраак жетем” – деп, Жамгырчы жүрдү тепеңдеп. Алдындагы башаттан, Чыга калып Жамгырчы, Бакайды таанып-билгенде, Аттан түшүп күлүңдөп, Арыштай басып жөнөдү. Алп Жамгырчы далдаңдап, Ашып-шашып калдаңдап, Жөөлөп бара жатканда, Жакыптын уулу Чоңжинди, Жайдары тууган жаш экен, Кудай буйруп койгон ат, Манас деген ат экен, Туула электен туулгунча, Айтылып элге жат экен. Аккула оозун имерип, Аттан түшчү кептенип, Кыйшайа берер мезгилде, Бозжорго атын чайпалткан, Аксакал киши: “Токто! – деп, Акылың ойлоп жокто, — деп, Сен туулбаста, чунагым, Жерден чыга албадым. Сени туулуп өстү, деп, Эр азамат жетти, деп, Келе жаткан убагым. Түшүүң аттан жакшы эмес, Токтобойт башка оорагың!” Атчан бойдон жетиптир, Салам айтып Чоңжинди, Кол алыша кетиптир. Кыл мурутун сылады, Кыйа карап чунакты. Токтобой турат Чоңжинди, Ойнотуп минген кула атты, Андан кийин алардын, Атын бирден сурашты. — Менин атым бай Бакай, Канча жылдан бер жакка, Мен жүрөмүн жай таппай. Мына бул турган өнөрман, Төкөр уста Бөлөкбай. Тиги экөө мунун баласы – Түлөөкө, Төлөк жуп балдар. Алп Жамгырчы сырдашым, Балдардын дайнын айта сал, Аккула минген азамат, Бойунда тоодой чоң талап, Душман угуп күйүнгөн, Тууган угуп сүйүнгөн, Айтпасаң да билемин, Жакыптын уулу жаш Манас, Алтымыш уруу алашка – Атпай журтка баш Манас. Тиги турган бала ким? — Билесиң, Бакай, атасын, Катыны бооз болгондо, Дайынсыз кеткен жоголуп, Караногой Мажиги. Кыскартып айтып Жамгырчы, Ачык дайнын билдирди. Анда айтат бай Бакай: — Бала баатыр төрөгө, Менин айтар сөзүм бар, Алп Жамгырчы, Бөлөкбай, Силер байкап угуңар, Орозду баатыр өлгөлү, Алтымыш уруу алашка, Арамзада калмактар, Орун берип оңдурбай, Олоттуу жерге кондурбай, Жүрөгүн элдин майтарып, Беш үйгө бирден кечил бар, Койдон бетер кайтарып. Манас туулат экен, деп, Элди калмак кайтарды, Эресек тартып эр жетти, Манасты аллам сактады. Түлөөкөнү Бөлөкбай, Дөө Кошойго жумшады, Биздин үйгө баралы, Кошой келер аңгыча, Эми карап жатпайлы, “Кишинин атын мингендин, Эки көзү жалында, Кишинин тонун кийгендин, Эки көзү жеңинде”, Айтса-айтпаса бул макал, Түпкүлүктүү кеп эле. Акбалта калды Алтайда, Бай Жакып калды капкайда, Кошой келсе сүйлөшүп, Жасайлы жарак баатырга, Бакай мындай дегенде, Төкөр уста Бөлөкбай, Сөзүн айтты жайма-жай: — Эп келсе эрге, баатырлар, Башка киер туулга, Торгой көз темир бадана, Күрмө, соот, күрөөкө, Чарайна керек жүрөккө, Калдыркан менен кисепче, Өтө керек бул экөө. Атар мылтык, тартар жаа, Сайар найза, сом балта, Кылыч болот кынында, Өз колум менен жасасам, Теңдешсиз болот чынында, Баатырдын чапкан жарагы, Кыйамат кайым болгунча, Айтылып калат кылымга... Бакай баатыр, барбайлы, Бастырып сенин айлыңа, Кайта жанып барбайлы, Же Жамгырчынын айлына. Аркар-кулжа атып жеп, Биз туралы адырда. Падыша Кошой келгенде, Анан орун табылар. Биз чогулуп барышка, Алты күндөн калба, деп, Качан Кошой келет, деп, Зарыкпайлы мында, деп, Жолго салып жөнөттү, Түлөөкөнү баргын, деп.
Түлөөкө жетип Кошойго, Айтып барды бар кебин: Жамгырчы, Бакай, Бөлөкбай. Адырдан түшүп жатканын, Биринен-бири жашырбай, Акыл кебин айтканын. — Түлөөкө, бачым бар, — деди, Баатырга кабар сал, деди, Анык кабар угулса, Келбей калбайт ал, — деди. — Самаркандан жол басып, Күндүз баспай түн катып, Күндүзү аңдын ичинде, Түнкүсү жолдун үстүндө, Араң келдим бул жерге. Түлөөкө кебин бүтүрдү, Абаң Кошой түшүндү. Тооторусун алдырып, Үстүнө токум салдырып, Койкелдини котчу алып, Түлөөкөнү кошо алып, Азык-түлүк байланып, Атбашыдан аттанды, Самаркан карай жол тартып. Күндү түнгө улантып, Тоотору атты буулантып, Адырда жаткан арстанга, Кошой дөө келди жанашып. Бакай, Кошой, Жамгырчы, Кучакташып көрүшүп, Эсен-соосун сурашып, Колдун учун өбүшүп, Чогулушуп олтуруп, Сыр түйүнүн чечишип, Кепке кирди кеңешип. Бакай кебин баштады, Кеп ачыгын айтканы: — Олуйа Кошой курбалдаш, Ой, Жамгырчы, чоң сырдаш, Жайы-кышы айылбыз, Бөлөкбай уста аралаш, Бул олтурган жети адам, Ойубуз бирге санаалаш. Кырылган элдин бактына, Кыргыздан Манас чыгат,- деп, Кыргыз кылган калмакка, Кылгылыкты кылат,- деп, Бооз катын койбой жардырды, Шамшарынан канжалап, Андан кала бергенде, Айылды кечил кайтарды, Короодо койдой саксактап. Илгертен элдин салты экен, Эр азамат эл бакмак. Кыргыздан Манас чыккан, деп, Бооз катын койбой калмактар, Жарган менен какшатып, Ошол Манас арстаным, Арабызда олтурат. Азамат болду бой тартып, Бетме-бет бүгүн көрүштүк, Кыргыздын иши оң тартып. Өлүмдөн башка ар иштин, Бачымдыгы жакшыраак. Биз жүрбөйлү узартып, Арстан Манас баатырга. Жоо куралын бүтүрүп, Биз берели жасатып. Бакайдын кебин угушту, Баарысы бирге турушту. Кошой айтат бир кепти: — Кандай жарак иштетет?, Манастан сурап билели. Баатыр Манас козголуп, Ок жыландай октолуп: — Олуйа Кошой, зор Бакай, Алп Жамгырчы, Бөлөкбай, Менин чабар жарагым, Байкас кылып угуңар. Дегенче Манас шоктонуп, Калмактын алы келбеген, Карчашып жүрүп жеңбеген, Дөө Кошойдун куралын, Ала койуп колуна, Чакмак таштай имерди, Мындай деп айтып жиберди: — Абалы мунун ушу экен, Калмактар менен кармашсак, Катылышып карчашсак, Табылып калар бекен, деп, Эми бүгүн темселеп, Качан курал табарбыз? Жасап берчү барбы? Уста издеп кайда чабарбыз? Айткан кебин тыйгынча, Ачкан оозун жумгунча, Жамгырчы айтат алактап, Башын силкип сүйлөгөн, Кулактары шалактап: — Мен ойлодум эле, башында, Кошой, Балта, Жамгырчы - Биз кармаган куралдан, Жараганын алар, деп. Араң жашы тогузда, Жашы жетип толгунча, Табылып калар курал, деп. Жаза ойлопмун Жамгырчы, Бөлөкбай турат мынаке, Бар шайманды жам кылчу. Кандай кылсак эби бар? Ой, Бөлөкбай кеп кылчы! Бөлөкбай уста жөтөлүп, Башын өөдө көтөрүп: — Колумдан келип жасоочу, Көп куралды мен айтам, Көкжалым Манас кулак сал.