← Манас 3/5

Магдымга кебин салыптыр: — Ой, байбиче Магдым, ай, Сага айтам мен мындай, Каралашар кишиң жок, Иймелер сага жээн-тайдай, Эби келди кутулгус, Ыгына келди Жакып бай. Эки күн удаа чыр салып, Уктатпай мындан тынч алып, Алтын албай, зар албай, Азуусу тутам ат алып, Ага кошуп төө албай, Түбөлүк көөнүң болуп жай, Кетирип туруп айласын, Жакыпка тийсең ал кандай? Тиктеп калып бир далай, Жесир Магдым унчукпай, “Адылбек кеби акыл”, деп, Чыр салды үч күн макул деп, “Канаке, жалгыз кулунум?, Куубаш Жакып тапкын!” – деп, Адылбек болуп арачы, Нике кыйып Жакыпка, Магдымдын тынды санаасы, Эрге тийсе катындын, Кунсуз экен баласы. Айыгып калды Магдымдын, Жүрөгүнүн жарасы, Калтырбай айта кетели, Калбасын сөздүн чаласы. Айтылып жүргөн жомокто, Серек менен Сыргагы, Жакыптын ортон баласы, Магдымдан туулган карачы. Арадан калба кеп чыгып, Аста чыкпай бек чыгып, “Калмактар издеп кас болгон, Манасты көрдүм” – деп чыгып, Айла менен Жакып бай, Айылды койду тынчытып. Эки-үч күн өтүп кетиптир, Чыйырдынын үстүнө, Эртелеп Жакып жетиптир, Тигип койгон алачык, Тутуусун сыйрып чечиптир.

Айдап алды кара уйду, Жүктөп алды кара үйдү. Чыйырды келди үйүнө, Көз байланган бүүрүлдө. Курадан көрүп калмактар: “Манас туулат экен” – деп, Сагаалап жүрсө айылда, Токойдо ойноп эр Манас, Көрүнүп жүрсө учурап, Жашы менен карыга, Кычыртып келди атайын, Адылбектей карыны, Короолош коңшу олтурган, Эстүү-баштуу баарыны. Аксарбашыл кой арнап, Айта келген Жакып бай, Түлөө малы чалынды. Карыга бата кылдырып, Сакалдуунун баарысын, Өз үйүнө жыйдырып, Аш-тамагын жай берип, Калгынча жебей май берип, Аңгычакты калыптыр, Эл айагы басылып, Карыларга Жакып бай, Кебин айтат ачынып: — Айылбашы Адылбек, Көңүлүмдөн кеткисиз, Мага айттың далай кеп. “Жашырып багып жүрүпсүң, Токойдо ойноп жүрбөйбү, Манас деген балаң”, деп, Эпсиз шылдың кылбайсың, Бул айтканың кандай кеп?! Баласыз калган кишинин, Угаары ушул кеп беле? Көөнүм менен сөөгүмдөн, Өлсөм да кетпейт дегеле! Адылбек тилдүү неме экен, Айткан кеби эм экен: — Көп жашаарын, өлөөрүн, Өмүрдү болжоп ким билет? “Манас туулат экен” – деп, Калмактардын кечили, Айылда жүрөт темселеп, Орунсуз жерден жокту айтып, Оозума кандай эп келет? Оңуна кудай аларда, Ар бир жерден шек берет, Туула элек Манас баатырың, Сенден туулат кептенет. Сенден туулат дегеним, - “Мен Жакыптын уулу” – дейт, Шылдың кылып жатат, деп, Ишенбесең өзүң бил, Көргөн кебим ушул – дейт. Олтургандын баарысы, Адылбек менен Жакыптын, Ортосунда кепти угуп, Ормойуп тиктеп калышты. Жакасын муунта кармады, “Алда кандай сонун кеп? Буурултокой, колдо!? – деп. Унчукпады калгандар, Тарап кетип калышты, Жай-жайына барышты, Үйүнө барып алганда, Күбүр-шыбыр сүйлөшүп, Көп эле кепти салышты, “Кечилдер шекшип калат” – деп, Жымжырт болуп калышты. Кудайдын ишин ким билет, Жакып байдын Чыйырды, Бойуна болуп калышы, Үч айга жакын болгунча, Билбей жүрдү Чыйырды. Үч ай ашып кеткенде, Оозунан сары зил кетип, Арыктап бели кындыйды. Биргелеш көнгөн Жакып бай, Чыйырдыдан көөнү болбой жай: — Эмине болуп барасың? Санааңды мага айта сал. Саргарып өңүң кубулду, Салаа-салаа оозуңдан, Сары суу неге куйулду? Арыктап белиң кындыйды, Алда-эмине болдуң сен? Айтчы мага сырыңды. Жастыкта бирге жатканбыз, Жашырбай айтчы чыныңды. Эсине түшүп Чыйырды: — Менин эчтемеден кемим жок, Сенин жер бетинде малың көп, Баарысын сойуп берсең да, Бир тиштем этин жегим жок. Колдон келбейт табарга, Ойлогонду дегим жок. Жакып бай анда оштонот: — Оо, байбиче Чыйырды, Дүнүйөнүн бетинде, Табылбай мага калуучу, Ал эмине окшонот? Керек болсо кайыптан, Керек десем ал мага, Калкымдын баары козголот, Асылдан издеп табаарга, Атандан токсон комдолот, Акжолтой тууган кишимин, Аттанып чыксам жол болот. Муңайып сүйлөп Чыйырды: — Кеп эле кылса, Жакып бай, Малдын кебин кыласың, Мага керек немени, Издеп кайдан табасың? Айткын дедиң, айтайын, Кулагың салып угасың, Көөнүм нечен кубулат, Кулагыма жагымдуу, Сүйкүм үндөр угулат, Асманда жүргөн Сумурук, Бүт дүйнөнү кыдырып, Көөнүм менин тынчыйт ай, Чечекейи – көз майы, Оозума кетсе куйулуп. Айбанда нечен эри бар. Эсимден чыкпай жүргөнүн, Айтайын, Жакып, угуп ал, Жолборстун эңсеп жүрөгүн, Күн-түнү эстеп жүрөмүн, Шердин тилин жесем, деп, Күндө тилек тилеймин. Ошолордун баарысы, Калбай баары чогулуп, Биле албаймын, Жакып бай, Колума кандай тийерин! Айтып болуп Чыйырды, Окшуганы күчөдү, Оозунан суусу куйулду, “Табаармын муну кайдан?” – деп, Заманасы Жакыптын, Амалы кетип турду бу. Кыйалга түштү Жакып бай, Кылар иши кыйла бар. “Буурултокой, Чаганда, Жолборсу бар, шери бар, Пулумду берсем ченебей, Атымды берсем айабай, Мерген менен баатырга, Капкан койгон жакырга, Шер менен жолборс табылар, Абийирим анда жабылар, Ачылып калса жабылбас, Ааламдан издеп ким табат, Алп каракуш табылбас! Сүйлөшүп ага көрсөмбү, Адылбек эле чоң сырдаш”. Короонун чыкты четине, Кош кашаттын бетине, Колун булгап чакырды, Адылбекти кечинде. Жанаша бирге олтурду, Чыйырдынын кептерин, Адылбекке угузду, Адылбек менен Жакып бай, Айласын таппай турушту. Арзан эле кишиге, Келбей турган жумуш бу. Санаасы санга бурулду, Заманасы куурулду. Акылдашы Адылбек, Андан чыгат көп кеңеш: — Курбалдашым Жакып бай, Болсун эми көөнүң жай, Жолборс, шерди издесең, Токойлордон табылар, Узун кулак киши эле, Балта дөөгө барайын, Ушул жерде мен турбай. Убара болуш жакшы эмес, Балта дөөгө угузбай. Дайарланып камың жеп, Такыр тургун, Жакып бай. Бурулбай үйгө Адылбек, Бургутуп жолго салыптыр. Атынын башын бурбастан, Айал кылып турбастан, Жаш баладай чапкылап, Атынын тери тамчылап, Энтигип соолуп Адылбек, Балта дөөгө барыптыр. Баштан-айак көргөнүн, Жакыптан угуп-билгенин, Жашырбай айта салыптыр, Кубурлуу тууган Адылбек: — Карындашың эр тууйт го, Калайыктан шер тууйт го, Сүйүнчүмдү бергин, – деп. Сыйкырлуу Балта өтө кең, “Сүйүнчүңө мына” – деп, Ээр-токум менен ат берген. — Айтканың сенин, Адылбек, Адам таппай калуучу, Өтө кыйын иш эмес, Болор-болбос немеге, Чапкылатып жүрүүчү, Жакып жакшы киши эмес! Келе бери, катын, — деп, Кол баштыгын алдырды, Колбашындай түйүнчөк, Койнуна Балта салганы. Тышынан каба курчанды, Тоодой Балта аттанды. Ара конуп эки күн, Үч күн болот дегенде, Жакыптын барды айылына, Ат котолоп, эл толуп, Жатат экен Жакыптын, Эшигинин алдында. Кээ-кээсине Жакып бай, Керектүү ишти кылдырып, Атканын жазбас мергенден, Чогултуп алып туруптур. Капкайдан баарын кычырып, Балта менен Жакып бай, Эл экөөнүн жанында, Адылбектей кары бар, Амандаша келиптир, Кыпчакбайы дагы бар. Чыйырдынын үстүнө, Төртөө кирди чогулуп, Жакыптын кебин угушту, Дасторкондо олтуруп. Балта берди чоң кеңеш: — Жакып менен Кыпчакбай, Жакын киши Адылбек, Ушул айткан кебиңер, Өтө кыйын иш эмес, Айылда жүргөн кечилдер, Бекер жүргөн киши эмес, Жашыруун кылып алалы, Ичибизден кеп-кеңеш, Калтырбайлы кечилди, Аттангының жүрү деп, Кудай берген мал-пулду, Куржунга салып пул катып, Короодо малды жайнатып, Адырга жылкы топтотуп, Өлөңгө уйду оттотуп, Какырга төөнү колбутуп, Жүрөсүң, Жакып, мал багып. Ушул сапар айаба, Мен айтамын тилди алып, Аттанып жүрсүн биз менен, Кыл мергендер ылганып, Жолборс атып алганы, Кому менен нар алсын, Ага кошуп ат алсын, Андан кала бергенде, Жакып бай, сенден бата алсын. Атып шерди ким жыкса, Адис мерген эр чыкса, Койдон жүзүн бөлүп бер, Бээден кыркты байлап бер, Жолборс-шерди атканга, Кышкы согум этиң деп, Инек уйдан онду бер, Жакшылап кылгын тилекти, Артыңда уулуң болбосо, Ашып кала бербейби, Анда муну ким ээлер? Балтанын кебин угуптур, Бай Жакып байкап туруптур, “Жолборс атса, шер атса, Аты-төөсүн, мал-пулун, Берет экен Жакып” – деп, Бей-бечара угуптур. Адылбек, Балта баш болуп, Арада Жакып бай болуп, Баш айагы санаты, Беш жүзгө жакын жан болуп, Буурултокой жеринен, Кайда токой бар десе, Калкын бөлүп жиберген. “Жолборс атса, шер атса, Толтура сыйлык берем мен”. Дүнүйө деген эл кызык, Тамак ичип дем албай, Элдин баары чабышып, Атым өлөт дебестен, Баш-аламан жарышып, Тегеректеп токойду, Деги ууну жайышып, Түнөрүп жаткан токойду, Тинтип бенде кирбеген, Деги эмне бар экен, Бул токойдо билбеген. Ач кыйкырык-куу сүрөөн, Олку-солку чоң дүрбөөн: Мылтыктын үнү тарсылдап, Доолбас үнү карсылдап, Иттери үрүп арсылдап, Кескелдирик, сары арыс, “Келгин бери”, дегенсип, Кишини карап кырсылдап, Токойдун ичи бузулду; Бир убакта кычырап, Байкап турсаң токойдон, Бөрү чыкты, чөө чыкты, Жапа болуп жан көрбөс, Ийри мойну төө чыкты; Кулан чыкты, уй чыкты, Бугу-марал аралаш, Топ-топ болуп бул чыкты; Элиги бар, куран бар, Куйругун сыртка салышып, Жарышып жүрөт куландар, Тарсылдатып аткылап, Чапкылап жүрөт уландар, Эртеден кечке уу кылды, Кең токойду чуу кылды, Адистер атып токойдо, Эки жолборс эки шер, Отуз бөрү жыгылды, Мергендер аткан мүлктөрү, Кең талаага жыйылды.