“Шер менен жолборс керегин, Эп келгенин алайын. Артык алып нетемин? Айдап берип мал-пулду, Мен кай мураска жетемин?” Тийгинче колго кызыгып, Мергендер атып келгенде, Беремин деп айтканды, Беришке Жакып кысылып: “Чыйырды талгак болду – деп, Кетеби малым бузулуп!” Көрүнөө айтып ийе албай, Айтканын бербей койо албай, Кыйналды Жакып бир далай. Акбалта менен Адылбек, Аа кудайлап сүйүнөт. Башкасына карабай, Жолборстун алып жүрөгүн, Тийди деп колго тилегим, Шердин жаагын жарышып, Тилин сууруп алышып, Бири кары, бири дөө, Бай Жакыптын айлына, Салып жетип барышып. Ашыгып отту жак дешип, Кумган кана? Тап, — дешип, Карбаластап ашыгып, Калдалаңдап шашылып, Энтелешип бышырып, Майдалап муну жедирди. Чыйырдыны кычырып, Жолборс жүрөк, шер тили, Чыйырды муну бир жеди, Колуна алган түйүнчөк, Ага болгон Акбалта, Мунусуна берди эми: — Ээ, кулунум, Чыйырды, Орозду атам бар чактан, Катып жүрөм мен муну. Атабыз опсуз зор экен, Теңдешкен бенде жок экен. Капкайдагы кишилер, Учураша келиптир, Сумуруктун көзү, деп, Буруусу жок, өзү деп, Урум шаардын баашасы, Ороздуга бериптир. Эмне бизге атабыз, Катып койгун муну, деп, Канаке, алгын дегенде, Кечикпей бере салгын, деп, Берген экен тапшырып, Энебиз катып жүрүптүр, Белдемчинин бүгүшкө, Бекем тигип капшырып. Атам айткан кеп эмес, Өлөөрүндө энебиз, Жашырып койгон деги эмес. Жакыптан киши барганда, Чыйырды кесел болду, деп, Айтып кабар салганда, Болорун мурун болжодум, Болсо талгак болот, деп, Муну койнума катып койгомун, Алгыр бүркүт жап канат, Көзү өткүр эле, деп, Ала келген Акбалта, Сумуруктун көзү, деп, Чыйырды көрүп шаттанат. Тилегим колго тийди, деп, Үйүнө Балта аттанат. Үйүнө Балта барганы, Байагы кызыл китебин, Дагы алып карады. “Ушу Манас экен, — деп, Балтанын тынды санаасы, Жакып карик киши эле, Арзандык менен бул Манас, Төрөлүп түшпөйт жөн эле, Канатташ айылы болойун, Ыраакка кетпей мен эле”. Дегенди ойлоп карт киши, Ара күндүк жакынга, Акбалта айыл конуптур, Тогуз айдан күн артып, Чыйырды бойу толуптур. Чыйырды эти арыптыр, Беш айга саны толгондо. Ордунан коппой калыптыр, Көзү каткан баладан, Көп кеп уккан Жакып чал, Каркыттап муну багыптыр. Жаш жылкынын эти деп, Үч күндө бээден чалыптыр, Ошентип Жакып бакса да, Чыйырды коппой калыптыр, Кобо албай Чыйыр козголуп, Жакып байдын үйүнө, Келген менен кеткенди, Башкарар киши жок болуп, Адылбек баштап топ кары, Жакып байдын үйүнө, Чогулушуп топ болуп, Карылардын ичинде, Чыйырды айткан кеп болуп: — Жыйылган мында карылар, Адылбек баштап баарыңар, Мен кобо албай жатамын, Караган үйгө киши жок, Кыйналды Жакып байыңар, Эп келсе Жакып байыңа, Кеңеш кепти салыңар, Көзүм өтсө Чыйырды, Ушул үйдө ким калар? “Бири көрдө, бири төр, Салаңдап турат бутум” – деп, Бооз катындын кеби бар. Чыйырдыны Акбалта, Алып келип Жакыпка, Нике кыйган чени бар. Тетиги турган Бакдөөлөт, Балта агам мага берди эле, Өзү калча элинен, Баш байдын кызы деди эле, Кай жерде мунун кеми бар? Бекер кетпей келген эл, Кой сойдуруп куйрук жеп, Жакыпка нике кыйыңар. Көзүм өтсө казанды, Кармап калсын Бакдөөлөт, Күң бойунча ыйлабай, Жайнап калсын Бакдөөлөт, Эжеке, көзүң өттү, деп, Сайрап калсын Бакдөөлөт. Алды Жакып Магдымды, Алгандан бери карата, Айылга бир күн кондурбай, Керүүгө жылкы бактырды, Эрди-катын болголу, Жакыпты келип бактыбы?! Чыйырдынын кеңешин, Баарысы макул көрүптүр, Бакдөөлөттү алышка, Бай Жакып дагы көнүптүр. Тойуна сойду семиз тай, Бойго жеткен кызды алып, Жакып байдын көөнү жай. Чыйырдынын келиптир, Толгоо келип туучу ай. Эки күн жүрдү жусаалап, Ырым кылып кыргызча, Бай Жакып турду улак чаап, Кескилетип уй берди, Садага кылып пул берди, Салдырып табак ун берди, Чыйырга тынчтык бербеди. “Баланча жакшы эле” – деп, Эркек менен катындан, Карысы менен жашынан, Элүүдөн ашык жан келди. Күндүгүнө келген эл, Конокко бирден бээ жеди, Кыйылбастан Жакып бай, Кызмат кылып жиберди. Баканга кебез байлады, Эр жагында капшытка, Түндүктөн учун чыгара, “Баланчада каруу бар, Балан катын эптүү» – деп, Эл кетпей турду шыкаалап, Тыңдуулап бирден шыйгарып, “Карышып колум кетти” – деп, Улам бирден тыңдалып, Эр азамат катындар, “Мына эми түшөт” – деп, Анталашып жатышты, Аз болгондо Чыйырды, Алтымыш киши тартышты. Бешикке салып терметти, Килемге салып көлбүттү, Кирип кымыз ичпеген, Жылкычы, койчу кем таалай, Шылтоо менен төргө өттү. Так он беш күн ошентип, Чыйырдыны төрөттү. Баркырап бала ыйлабай, Кыйналып Чыйырды бир далай, Эңкейип барып карашты, Эстүүлөрү тура албай. Көйкөлүп жатат көк тулум, — Атай, көтөк, эмине? Жакшы эмес бул тулум! Кужурап катын жатканда, Кулагы укту Жакыптын. — Теңтуш элең, Адылбек, Сүйүнчү мага бергин, деп Качан чыгат үйдөн деп, Каралап турсам капшытта, Укмуштуу кеп угулат, Угуп ичим бузулат. Көзүң менен карап көр, Өзүң айтып мага бар! Адылбек кирип карады, Баласы жок алдында, Көк тулум турат байагы. Жакыпка айта салыптыр, Ашыгып Жакып алыптыр, Айлындагы кечилди, Кычыртып келе калыптыр. — Катыны Манас тууйт деп, Айылда, кечил, жүрөсүң, Сен калмактын молдосу, Көп эле ишти билесиң. Ана–мына дебестен, Ылдамыраак киресиң! Бурулбай кечил кириптир, Бу дагы тулум көрүптүр. Эшикке чыкты алдырап, Энтигип сүйлөп калдырап, Бурулуп тили кетиптир, Түз айта албай балдырап. Адылбекти баргын, деп, Балта дөөгө чаптырат, Үйгө кирип Жакып бай, Тулумду жерден алдырбайт. Сан санаа кетти ойуна, Саргарып өңү Жакып бай, Заманасы куурулду, Кара тер бойдон жуурулду. “Куубаш деп айтып эл жүрсө, Элге кудай кошулуп, Мени шылдың кылдыбы?! Алапайын табалбай, Анталап Жакып жатыптыр, Адылбек барып Балтага, Болгон кепти айтыптыр, Көзү менен көргөнүн, Эминеге келгенин. Сыйкырын көрчү дүнүйө, Угуп Балта билгенин. Койнуна сала аттанды, Алтындан кылган иймегин. Сүйүнүп Балта тердеди, Жарты күндүк жол эле. Жарма ичимде келгени, Камалап турган эр-катын, Арасын ача бергени. Үйгө кирип Акбалта: — Чырпыгы сынса чырпылып, Чынары калса жетилет. Ызы-чуу түшүп, акмактар, Чыйырды шайын кетирет. Колбуп турбай, кары-жаш, Коп, эшикке чыккын! – деп, Чыгарып баарын жиберди. Кылчайып карап Жакыпты: — Башканы койуп сен өзүң, Көрсөтпөй алып баштыкты, Ылдамыраак бар, -деди. Капкактуу бала турбайбы, Бул кудайдын бергени! Короонун аркы четинде. Кыңшылап иттин күчүгү, Үнү чыгат бир жерде, Түк кишиге туйгузбай, Экини алып келгин,-деп, Энтелетип Жакыпты, Балта жумшап жиберет. Балтанын үйгө киргенин, Кечилге кыргыз билдирбейт. Буту- колу бүгүлүп, Бүжүрөп Жакып жүгүрүп, Эки түгөй куу күчүк, Энеси жок жатыптыр, Баштыкка салып Жакып бай, Алып келе калганы. Жакып жете келгенде, Тулумду Балта жарганы. Ичинен чыкты эр бала. Так тогузда кишидей, Чамасы турат ал жагы. Эңкейип колун карады, Оң колунда майы бар, Сол колунда каны бар, Бүтүн дүйнө кылымды, Сойучудай жайы бар. — Бол, Бакдөөлөт, болгунуң, Баланы ылдам ороп ал! Чулгоосун ала чуркады, Жаткан жерден чулгады. Алдына колун салыптыр, Баланы өөдө кылганы, Көтөрө албай баланы, Бакдөөлөт көзү жайнады, Ээрдин кесе тиштенип, Көтөрүп жерден алганы, Күч келиптир Бакдөөлөт, Кокустап бели калганы, — Татай, көтөк, нетти?! – деп, Колун тартып бут серпсе, Кокустап белим кетти! – деп. Угуп турган Чыйырды:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.