Балыкарттан жер соңгуп, Барскон ашып самсаалап, Күнөскө Жакып барыптыр. Күнөстө жүрдү бай Жакып, Күнү-түнү мал багып. Дем алып калды азыраак, Жер кеңири жай жатып, “Куу баш Жакып айлы” деп, Көргөн калмак кеп сатып. Көп ыйлатат Жакыпты, Күнү–түнү жок ардантып. Уламадан улады, Укмуштуудан сурады, Кары менен жашынан, Узун кулак башынан, Эрикпей Жакып сураптыр. Мындай ишти баарыдан, Угуп калды Жакып бай, Бир кепти үч-төрт карыдан. Жакыпка кары кеп айтып: “Илгертен бери ырымды Кылып келген,-деп айтып, Жырык уйга жүк артып, Жыртык кара үй артып, Алпарып ташта токойго, Катыныңды ардантып, Алып келбей таштап кой, Ошол жерге саргартып. “ Арданса төрөйт катын” — деп, Жүрүүчү эле эл айтып.” Он чакты киши айтканы. Жай алып Жакып жатпады. Жырык кара уйду таап, Жыртык үйдү артканы, Күнөстүн черлүү токойго. Алып барып таштады. Айран куйуп, токоч жаап, Аш катыкка сүт алып. Анда-мында эт алып, Чыйырдыны бакканы. Чыдап Жакып жатпады, Ыйлап жатып Чыйырды, Түн ичинде уктады. Бай Жакып кирди түшүнө, Артылды Жакып үстүнө. Мемиреп бойу эриди. Уктап жаткан түшүндө. Эрте туруп ордунан, Ээн жерде сууга киринди. “Жакып келер бекен”- деп, Жан жагына каранып, Жайып чачын таранып, Баласы жок куу баштык, Жадында турат саналып. Күлүмсүрөп олтурса, Келип калды бай Жакып. Уламадан укканда, Уккан экен Жакып бай, Укмуштуулар Жакыпка, Айткан кеби мамындай: “Ар качан барсаң катынга, Кабагың ачпай сурданып, Теңдешиңе каар төккүн, Кабагың бүркөп түр салып. Карап жүргүн сен бетин, Бооз болор болсо белгиси, Калат бетин нур чалып.” Жетип барса Жакып бай, Чыйырды көөнү өтө жай, Чачын тарап суйкайып, Олтуруптур жайма-жай. Мурункудай сурданбай, Сурап ийди сөзүн жай, Түшүндө көргөн иштерин, Чыйырды айтты жашырбай, Калтырбай алды катынын, Алачыгын кошо артып, Айлына барды акырын. Ошо жылы Чыйырды, Бооз болуп калыптыр, Бооз болгондун үстүнө, Өткөзө башка нурланып, Кооз болуп калыптыр. “Чыйырды бооз болду,-деп, Чын кыйамат келди,-деп, Калмактардын кечили, Айлымдан кетпейт деги” – деп, Кечил келсе мал берип, Аш-тамагын жай берип, Таасындап Жакып чай берип, Арак тартып кымыздан, Көөкөргө куйуп ачытып, Жанына байлап дагы берип, Жакып айткан кеп экен: “Күнөстүн жери тар экен, Айагы кууш шар экен, Кечилдер, көрүп турасың, Адамдын көркү мал экен, Буурул токой кең экен, Төрт түлүк малдын жери экен, Ал жерге барып мал баксам, Ылайыктуу кеп экен.” Ушинтип Жакып аргалап, Кечилдерден кат алып, Коңшуларын кошо алып, Көчүп Жакып жөнөдү, Айдап малын чубатып. Жете барып конуптур, Келген жери Жакыптын, Актокой деген жер экен, Буурул токой дегенди, Жакып койгон кеп экен. Буурултокой дегендин, Түп мааниси бул экен: Катыны мурда кызды тууп, Андан кийин уул тууп, Жалгыз Жакып турмайлык, Угузкандан тараган, Атагы алаш элине, Арка болор муун тууп, Буурултокой деп айтып, Актокой аты жоголуп, Буурултокой ат конуп, Жердин атын өзгөртүп, Конду Жакып ат койуп, Ого бетер байлыгы, Күчөп кетти мал толуп. Айланада элине, Каралап келип конуптур. Акбалта жакын жерине, Чыйырдыны Акбалта, Он төрт жашар чагында, Олжолоп алып келди эле. Баарыбыздан улуу деп, Ал Жакыпка берди эле. Акбалтаны Чыйырды, Агам деши ал эле. Чыйырды бойу жетилип, Күндөн түнгө Жакыптын, “Эркек тууса, кантем?” – деп, Ойлосо деми кесилип. Эркек туубай кыз тууду, Кызына Жакып ат койду, Кардыгач аты болгону. Үч жыл өттү арадан, Дагы Жакып ойлонду: “Адат алып калды бейм, Мурункудай катынды, Алып барып салсам бейм, Ырымы ырым болор, — деп, Ырысыма уул туулса, Конушума коноор”, — деп, Үй курады жаңыдан, Төрт түлүгү тең үчүн, Баары өзүнөн табылган. Укмушту Жакып баштады, Чыйырдыны талаага Алып барып таштады, Болуп калды жарым ай, Азык ташып баккалы. Айылда бар бир катын, Өзүбектин жесири, Ээрчип жүргөн уулу бар, Атасы жок жетими. Барып кел, деп токойго, Ат мингизип Жакып бай, Азык артып кетирди. Токойго бала барыптыр, Топ-топ жүргөн кырк бала Жолугуп буга калыптыр. Жалгыз бала барбаган, Отун-жыгач алалы, Айылдан барган канча жан. Тузакчы бар токойдо, Кыргоол уулап кармаган. Ойноп жүргөн дагы бар, Өрдөк-казга куш салган, Баарысына оп-окшош, Көрүнүп калды кырк арстан. Жеткирип берди азыгын, Кайра тартып чапканы, Жакыпка жетип айтканы, Тынч алып Жакып жатпады, Атына минип токойго, Көрөмүн деп басканы. Токойдун келип четине, Караанын көрдү жаштарды, Таамай көрө албады. Учурап калды жолунан, Токойдон чыккан башкасы. Аксакал өзү кары эле, Анын аты Адылбек, Таанымал элге жан эле, Жакып менен ар качан Теңтуштук жайы бар эле. — Оо, капырай, Жакып бай, Жер бети толгон малың бар, Айтып койсоң болбойбу, Сен уулуңду жашырбай!
Токойдон көрдүм кырк уулду, Жетелеп алып келаткан, Мүйүздөн байлап кырк бугу, Учурап калып токойдо, Сурадым дайнын мен муну, Өзү бала айтпады, Кызыл чырай жаш бала, Ошонун мага айтканы: “Бай Жакыптын уулу бул, Аты Манас баатыр уул, Кырк жигити – биз, — деди, Ким болосуз сиз?”, — деди. Көзүмөн агып жаш кетти, Жашымды аарчып карасам, Жоголуп балдар кеткени. Адылбектен кеп угуп, Кызынан башка бала жок, “Куубаш болуп калдым” – деп, Жакып байда санаа көп. Адылбекке Жакып бай, Жооп бере албай “ооба” деп, Олураңдап Жакып бай, Баштап калды коога кеп: — Айтканың кандай, Адылбек, “Аты Манас уулуң, деп, Кырк баланы ээрчитип, Бугу кармап жүрөт” – деп, Бул айтканың, Адылбек, Шылдың эмей кайсы кеп?! “Куубаш Жакып карыга, Кандай айтсам эп келет”. Адылбекке камчы үйрүп, Какшык сөзгө ич күйүп, Чаап ийе албай токтоду, Кайгысы батпай үшкүрүп. Адылбек кетти бастырып, Бай Жакып калды аптыгып: “Жанагы бала дагы айтты, Адылбек кары чал айтты, Бири бала, бир кары, Экөө окшош кеп айтты, Токойго берди баланы, Тоого берди баланы, Бир жумур баш баланы, Менден кудай айады.
Шылдың кылып кары-жаш, Кетирмек болду чарамды! Токойго койсом катынды, Шылдың кылат экен, — деп, Ала кетсем бекен? – деп, Күн кечкирип кетиптир, Эртең алсам бекен?” – деп, Бай Жакып үйгө барыптыр, Байагы жетим жаш чунак, Бар кебин элге жайыптыр. “Калмактар укса кармайт, — деп, Каным жерге тамбайт, — деп, Карылык кылат Адылбек, Ал кебин элге салбайт”- деп. Коркконунан бай Жакып, Суукуйрук деген улоого, Суу укурук салдырды. Карматып келип улоону, Үстүнө токум тарттырды. “Жүргүн, бала, жүргүн”, — деп, Мингизип жетип баланы, Жетелеп Жакып бастырды. Токойдун барды ичине, Түк айтпай сырын кишиге, “Ким кылат мага доомат?” – деп, Муну ойлойт Жакып ичинде, Суукуйрукту бош койду, Суукуйрук сүйрөп тепкилеп, Курган жетим жок болду. Катуулап Жакып келгени, Карбаластап айылга, Караңгыда келди эми. Бакдөөлөттү ала элек, Казанчы кара күң эле. Кычырып кел деп Магдымды, Бакдөөлөттү жиберди. Өзүбектин жесири, Аты Магдым болуучу, Тапканын берип Жакып бай, Магдымдын көөнүн кылып жай, Эл айагы басылган, Кечинде айтты баланы: — Кудай салган ишинен, Кутулуп бенде калабы? Тосуп кел төөнү мен десем, Суукуйрук сүйрөп өлтүрдү, Куруп калган балаңды! Аңтарылып көк асман, Айланып жерге түшкөндөй, Алтымыш тамыр зыркырап, Ыйлап турду кан какшап, Байкуш Магдым буркурап. Катындын үнү чыкканда, Муңдуу үндү укканда, Үйүндө жаткан уйку уктап, Адылбек басып ал чыгат, Айылга келип Адылбек, Магдымды араң сооротту, Манасты калмак угат, деп, Бай Жакыпты коргошту, Жок уулуна кайгы жеп, Алда кандай болдум, деп, Бай Жакып ичи от болду, Баары кудай амири, Өлүп кеткен жаш бала, Мен Манасты көрдүм, деп, Энесине айтпаптыр, Жакыптын таалай-ырысы, Магдым укпай бул кепти, Аркасына тартпаптыр. Кирип-чыгып Адылбек, Жакып менен Магдымга, Туйгузбай кебин баштаптыр: — Бай Жакып, тилим ал, — деди. Жай айтам, билсең, саа,- деди. Мал берсең малга алданат, Пул берсең пулга жалданат, Кемип калган күнү эле, Баламдын кунун бергин, деп, Жесир Магдым чуу салат. Отуздан жашы ашыптыр, Кебетеси Магдымдын, Эр кишиге ашыктыр. Дүйнөгө малың жык толду, Чыккан жердин чөбүндөй, Түгөнгүс дүйнө-мүлк болду, Магдымга нике кыйалы, Ошондо куну жок болду. Жакып кабыл алыптыр, Тили таттуу Адылбек,