← Манас 5/5

— Ээ, кара бет, не дейсиң?! Келе, бери баланы, Өз колума маа бергин! Баланы ороп алышты, Билгизбей ороп баланы, Чыйырдыны жаткырып, Төшөгүнө салышты, Күчүктү салып ичине, Тулумдун оозун жабышты, Кычырып келип кечилди, Көргөзүп туруп жарышты. Бала эмес, тулумдан Эгиз күчүк табышты, Ичинен сууруп алышты. “Бала эмес, күчүк” – деп, Баары айран калышты, Кыңшылай түшүп бир күчүк, Кечилди көздөй жабышты. — Катыгүн, Балта, жеди! – деп, Кычырдың кандай деги? – деп, Андан артык айтарга, Күрмөлүп сөзгө тил келбей, Кетенчиктеп жыгылды, Калмак кечил эндиреп. Ашыгып Жакып кетиптир: — Өлүп кетсе бул кечил, Ырысымды жедиң! – деп. Туумак тургай Чыйырды, Азабымды берди – деп, Эми өтөт сөөгүмдөн, Ит тууду Жакып катыны, Элдин шылдың кеби! — деп. “Ырымы ушул болот” – деп, Эки сары күчүктүн, Биринин ичин жарышты, Эси ооган кечилге, Садагага чабышты, Курмушу менен учуктап, Куу курмушу журттан таап, Башына кебек түтөтүп, Эс алдырып алышты. Эс алган кечил жалдырап, Жакып байдын үйүнөн, Чыкканчакты алдырап, Үйүнө бара жатканда, Жумулуп көзү баратып, Чык дегин деп күчүктү, Сүйлөп кетет балдырап, Ачып көзүн тамшанып, Араңдан-зорго таңданып, “Бу айылга турбайм”, — деп, Айылдан көчүп кетиптир, Кош артына жүк артып. Кечилдин көчүп кеткенин, Көзү менен көрүптүр. Көп күндөн бери колбуган, Короо менен жык толгон, Жакып байдын үйүнө, Калбай баары кириптир. Дүнүйөсү көп Жакып бай, Кем-керчи жок эч кандай, Бала оозантсак экен, деп, Сактап жүргөн Чыйырды, Кырк тулумча сары май, Андан башка керектүү, Сарамжалы дагы бар. Үйгө кирген катындар, Карысынан баары май. “Жөрөлгөсү эне-атаң!” Майдан салып оозуна, Кемпирлер бала оозанткан. Оозуна майды татканда, Ыйлап оозун ачканда, Күркүрөп үнү угулду, Күн мөндүрлөп куйулду, Токойдо кайып калбады, Токтоно албай барлары, Көлдөр толуп чайпалды, Теңселип тоолор чайкалды, Жер титиреп козголуп, Бутун тартып алганда, Аңтарыла аз калды. Карысы бар, жашы бар, Эки кемпир бир бала, Баланын коркуп үнүнөн, Эси ооган чагы бар.

Жентек жеп элдер тарады, Адылбек, Балта, Жакып бай: — Алып келчи көрөлү, Кана бери баланы. Карбаластап алдында, Чала-була караган, Ачып колун карады, Оң колунун бөлтөктөн, “Манас” атын таап алды. Камындырбай шарт эле, Акбалта айта салганы: — Бул кудайдын бергени, Манас атын которуп, Башкадан койуп ийели. Көп болот кылган иши,- Жок экен башка киши, — деп, “Чоң жинди” атын койолу. “Манас” десең эл билет, Чоң жинди десең ким билет? Акбалта атын койуптур, Алакандын бөлтөктө, Аты кайып болуптур. Жайлоого чыкпай Жакып бай, Бөксөлөй тартып конуптур. Ай кубалап, ай өтүп, Төрткө Манас толуптур. Төрткө жашы келгенде, Тербелип баса албады, Кере кулач далысы, Көкүрөгү андан кең, Кара бойун көтөрүп, Баса албай жатып калганы. Беш жашында телчиди, Алты жашта эр жетти, Жылкыга барып мал бакты, Күндө сойуп семиз бээ, Бээге кошуп тай сойуп, Кымызга чайкап бал куйуп, Эртеден кечке кемитпей, Дасторконго май койуп, Бай Жакыпты какшатты. Бузулуп малы жатканда, Чоңжинди бузуп чачканда, Кужурап Жакып чыдабай, Кулагына жакпаган, Куу какшыкты айтканда, “Кайаша айтсам атама, Калкка уйат болом, — деп, Эми эле минтип жатпайбы, Көбүрөөк мындан иш кылсам, Ээ кылбай атам койот” – деп, Ооруду көөнү Жакыптан, Баркөлдү жердеп туруучу, Ошол кезде Жакып кан, Атадан бала качыптыр, Камбылдын белин ашыптыр, Аккан дайра суусу жок, Какшыган ысык чөл менен, Бир далай күн басыптыр. Калмактар катын жарганда, Караногой кыргыздан, Камбылга көчүп барганда, Катыны эркек тууптур, Атын Мажик койуптур, Караногой Мажиги, Сегизге жашы толуптур. Караногой Кайран чал, Ээрчитип Мажик баласын, Келе жаткан айдап мал. Алдынан калды учурап, Жакыптын уулу Чоңжинди. Мурун угуп көрбөгөн, Муну Ногой билбеди. — Ээн талаада жалгыз баш, Сен эндиреген ким? – деди. Жолдошу жок жанында, Сендиреген ким? – деди. — Атамдын аты Жакып бай, Өзүмдүн атым Чоңжинди, Учурадың алдымдан, Болосуң өзүң ким?- деди. Жакыптын уулу дегенде, Караногой билди эми. “Катыны эркек тууду” – деп, Кабарын угуп жүрүүчү, Баркөлгө көчүп келгенин, Караногой билүүчү. — Жүрү, эмесе, жүргүн, — деп, Уругуң кыргыз экенсиң, Атаңды угуп билдим, — деп, Үйүнө алып келгени. “Мажик экөөң ойноп жүр” Орун берип оңдурду, Үйүнө жатып кондурду. Ойноп жүрүп ай толду, Аштык айдар чак болду. Байкаса аккан суусу жок, Ак элечек тоосу жок, Жандоодон жерди ойуптур, Ошол жерде жүргөн эл, Суу агызып койуптур. Чоңжинди бала өзү тың, Жанында бала Мажик тың, Жерди казып аң кылып, Агызып сууну шар кылып, Айабай экти эгинди, Тоодой кырман бар кылып, Караногой карыны, Кубантып көөнүн жай кылып. Күзүндө келди Турпанга, Кабарын Жакып бай угуп, Келгенин көрдү Чоңжинди, Жакыпты Мажик билбеди, Үстүнө басып Чоңжинди, Жакып байга кирбеди. Караногой, Жакып бай, Карбаластап көрүшүп, Карсылдашып күлүшүп, Тамашага киргени. Жери ысык, жылкы жок, Кой азыраак, эчки көп Эчки сойуп Жакыпты, Караногой кондурду. Кыркча төөсү бар экен, Баары тегиз комдолуу, Кырк төөгө буудай арттырды, Баркөлгө Жакып тарттырды. Кайрылып Жакып келбеди, Артып калган буудайдан, Иш акына бергени, Мен-менсиген тыңынан, Далай киши келгени. Жети жерден ойдурду, Жерге сууну толтурду, Ошол жылкы эгини, Кумдан дагы көп болду. Баркөлдө жаткан Жакып бай, Алтымыш нарча төө алды, Экиден теңдеп таар алды, Куру кантип барам, деп, Курбалдаш Караногойго, Казы чыгаар бээ алды, Баласына энчи, деп, Тору бышты дагы алды. Баркөлдөн чыгып Жакып бай, Турпанга жете барганы, Дөбө-дөбө туруптур,

Чоңжиндинин кырманы. Канча жылдан бер жакка, Жылкынын этин жебеген, Сагынып калган Ногойу, Бээни жарып таштады, Жакыпты кошо бакканы. Алты күнү жатыптыр, Буудайын төөгө артыптыр, “Келерки жылы келемин, Көчүрүп сени кетемин”, Ногойго Жакып айтыптыр. Муну Манас угуптур, “Келерки жылы келсин” – деп, Көөнүнө бүгүп койуптур, Муну мындай таштайлы, Манас баатыр көкжалдын, Аты-тону, каруусу, Камдалганынан баштайлы.