← Манас 2/6

Алмамбеттин кошуну, Бозуул айдап айры ачты, Айры ичинде бир тоого, Алпарып куржун ага асты, Ошол үчүн айрынын, Мазар деген дагы бар, “Алмамбеттин куржун” деп, Ошол бүгүн дагы бар, Чубактын колун Ырчы айдап, Зындандын белин ашыптыр, Эмгичекти дайынсыз, Эчким билбейт мунусун, Чубак кайда жатыптыр? Серек бойлоп тетир суу, Тешикчап деп бел ашты, Тетир суунун бойунда, Баатыр Сыргак эр жатты, Эмгиче бар жыйган таш, Жасатты деп Сыргактын, Укмуш кулак эр айтты, Суу бойунда үйгөн таш, Белгиси болуп келайтты, Көрүп келген элдер бар, “Тулпардын башы” деген бар, Божомолдуу түкшүмөл, Телкызылдын башы, деп, Айтыла келген аңыз бар, Арстан Манас айкөлүң, Санаада түркүн ой ойлоп, Аркайган кара тоо бойлоп, Агын өөдө келайтты, — Музбурчактын өлүгүн, Аккулага кошо артты. Тулпарга жабыр болгондо, Таштан ойуп көр казды, Суу акпаган аскадан, Көк кашка тунук суу акты. Көкжалдын бири жатты, деп, Көкөншык деп аны айтты, Уламалар окшобойт, Музбурчакпы, Чубакпы, Талашып элдер келайтты, Көкөн Ушук Мазар деп, Аны азыркы эл айтты. Үчтурпан деген жай менен, Марал токой, күн тийбес, Кеңири өзөн сай менен, Айкөл кетип баратат, Азганакей жан менен. Бүүлөтүнүн Карасуу, Бурулуп атын сугарып, Кылбото деген бел ашып, Каркыра, Чалка жол басып, Туздун бойун кылалап, Токтоо кылбай баратат, Дөң жийдени бетке алып. Түш кынтайган убакта, Таштан аккан булакта, Тулпарларды суугарып, Азык ичип, чай ичип, Кетип бара жатканда, Уйку канбай чана айдап, Бара жаткан Тазбаймат, Чылан салган калтанын, Оозун булкуп тартыптыр, Калтадан чылан чачылып, Жылан чыгып какырга, Жыландын тоосу аталып, Айтылып келе жатыптыр. Сарытикен, тез менен, Тегирмети, кез менен, Орто бөктөр чөл менен. Көбү какыр азы шор, Катуу бакыт жол менен, Майдан, терек – катар бел, Каткан кара шор менен, Келе жатса айкөлүң, Чакмактын бойу бир жерде, Төштүктүн айылы бар экен. Желенин керүү деген жер, Үстү артуу бел экен, Улак тартып, кунан чаап, Эл ойноочу жер экен. Ортосунда дөбөгө, Төштүк чыгып олтурчу, Төштүк чыккан дөбөнү, Тойун төбө дээр экен. Карма теке, Чоңтойун, Сөөк, Чакмак – төрт жылга, Чалкайып жаткан төр эле, Чатыратып үй тигип, Чалкалап өскөн эл эле. Чычканга кебек алдырбас, Төштүк белдүү эр эле, Алыстан аңсап айкөл шер, Атайын мында келди эле, Түшчүлүк жакын барганда, Баатыр Манас келет, деп, Төштүккө кабар болду эле. Айкөл Манас келет, деп, Кабар угуп алп Төштүк, Чатырап жаткан айылды, Чапкылатып кылдыртып, Аттуу-баштуу – эстүүсүн, Аксакалы, келчүүсүн, Иштин ыгын билчүүсүн, Барып койбой кычыртып, Жаштарга улак тарттырып, Балдарга кунан чаптырып, Сары улагын таптырып, Садагасын кактырып, Агар алтын, ак күмүш, Манас үчүн чачтырып, Кубантып эрди түшүртүп, Эркин үйдө күттүрүп, Түндүгүнө кой сойуп, Түштүгүнө эр Төштүк, Сүт бото тайлак – төө сойуп, Баатырды сыйлайт эр Төштүк, Күндө бирден бээ сойуп, Манас шерди көрсөк, деп, Күндө келет эр толуп. Ошончо элге Кенжеке, Дасторкондоп чай куйуп, Бар тамагын жай койуп, Шекер менен бал койуп, Сары кант менен токочун, Түгөнгүсүз мол койуп, Жарты токоч койдурбай, Кымызды бөксө сундурбай, Карта менен жал койуп, Жайа бычып май койуп, Казы кертип да койуп, Арактан кошо куйдуруп, Карысы менен жашына, Жайы менен сундуруп, Экчеме максым, жармасы, Эркинче ичип канчасы, Төштүктүн толгон кези экен, Кымызы дайра суу экен, Арагы чалкып көл экен, Аш-тамагы көп экен, Телегейи тептегиз, Теңир берген иш экен, Ирегелеш коңшусу, Алты жүз үйлүү киши экен. Айкөл Манас кеп айтат: — Алп Төштүгүм, — деп айтат, Тунжуруң барбы тууруңда? Шумкарың барбы колуңда? Күлүгүң барбы байлаган? Күкүгүң барбы сайраган? Тунжуруң болсо талпынган, Булбулуң болсо таңшыган, Адамдын болот кубаты, Жаркырап көңүл ачылган, Анда Төштүк кеп айтат: — Аңдасаң, арстан, -деп айтат, Тунжурум жок туурумда, Шумкарым жок колумда, Тулпарым жок байлаган, Күкүгүм жок сайраган, Таңшып сайрар булбул жок, Таптаса чуркар тулпар жок, Жоктун баарын сен айтып, Жалындуу ичке салдың чок! Оодарылып ушинтип, Өтүп барат дүйнө бок, Шумдугу ушул жалгандын, Тагдыры окшойт алламдын, Кенжекеден башка зайып жок, Турбай койду балдары, Бул байкушта айып жок. Туурума конор тунжур жок, Тагыма минер уулум жок, Уулум тургай кызым жок, Шумдугун эстеп жалгандын, Ар күнү ичим болот чок! Боорум күйүп чок болот, Ар канча күйгөн менен да, Бир балаага алланын, Буйругу жок окшонот! Тыңшап жатып Айкөл шер: Келе бери Тазбаймат, Аккелтемди алып кел, Күпсөрдү кагып барынча, Дарыны бөзгө салып кел, Сокур да болсо мейличи, Ок эле болсо алып кел, Баймат алып караса, Дары бүтүн, ок сокур, Келе бери алгын, — деп, Кол кашыктап Байматым, Окту отко салгын, -деп, Сокур окту эритип, Кайра куйса калыпка, Мөлтүлдөп барып токтолду, Сокуру жок жык толду: — Мына, айаш Кенжеке, Дарыны ичип, окту кат, Убадалашып мен менен, Төрөш үчүн сөз байлаш, Аккелтенин дарысы, Туут болсун Кенжеке, Сокур огум жык толду, Уул болсун, Кенжеке. Батасы журтту байыткан, Хан Кошой бата бергенде, Түш кымтайган кез эле, Арадан отуз жыл өтүп, Кечигип бара жатканда, Тууган энем Чыйырды, Ырым кылып ушундай, Каныкейге берди эле, Семетей төрөп алды эле, Бойкат болуп ошол жай, Ажеп эмес Кенжеке, Баштагыдай жол жолдоп, Төрөп калсаң сен деле, Айкөлдөн угуп Кенжеке, Бойуна болуп эми эле, Эркек төрөп алгандай, Эрип кетти жөн эле. Он жыл өтүп арадан, Жоодарбешим баатырды, Кенжеке тууган дечү эле. Байыркылар кылганы, Баары такыр эм эле, “Эркек туусаң Кенжеке, Жоодарбешим койгун” –деп, Манас айткан деди эле, Ушулардын баарысы, Узун кулак укмуштан, Улап уккан кеп эле. Сөзү ширин көкжалдын, Оозу менен айткан сөз, Эмгичекти эстелип, Айтылып калды деди эле, Ойдуруп чыккан кеп эмес, О, калайык билсеңиз, Орто жерден тегеле. Бала үчүн ырымдын, Барын бүтөп айкөл шер, Төштүккө айтты керээзин, Тоо көтөргүс кайран эр: — Мен тууларда Жакып бай, Буурултокой жерлеген, Сенин атаң Эламан, Кебезтоону ээлеген. Түндүк менен түштүккө, Үзүлбөй турган тоо экен, Алтайда туулган мен элем, Кең Кашкарда сен элең, Бала кезден бер жакка, Атагың чыккан эр элең, Атайын келдим айлыңа, Алыстан издеп сени мен. Олуйа Кошой карыды, Акылы кетип арыды, Чубактын калып артында, Акбалтада ал барбы, Акылы жетип айтса да, Кебин бирөө аларбы? Жамгырчы жакшы эр эле, Карып калган чагында, Абыке, Көбөш - эки иним, Ээ кылышпайт тегеле. Бакайды башка сенсиң, дейт, Алмамбет, Чубак, Сыргак жок, Бакайды эми теңсинтпейт. Текечи, Шыгай дайындуу, Араң турат Шыгайдын, Чынкожо, Чабак - эки уулу, Агыш, Үрбү, Керкөкүл, Алардын жайын билесиң, Мени менен басташып, Арага элчи салганда, Тилдеп кууп жибердиң, Накылай менен Карабөрк, Олжолоп алып жүргөмүн, Кулетен менен Шооруктун, Кендирбай менен Дөөкандын, Куда экенин билбедим, Билип туруп булардын, Кара санап тузуна, Кара каска сийбедим, Жарам зилдеп ооруду, Жай бербей ажал тооруду, Үзүлбөй турган окшонот, Коңурбайдын боолугу. Көзүмдү жумсам нетерсиң? Күн-түн дебей жетерсиң, Башымда туруп башкарып, Сөөгүмдү койуп кетерсиң. Сарамжалын бүт кылгын, Жуугандарга он бештен, Бар кийимим жыш кылгын, Бары журтум жардаткын, Бакайга башым карматкын, Ыскат атым токуткун, Кыйаматтык дос элем, Кызыл арстан молдого, Жаназамды окуткун. Дооранга токсон кур байла, Барын окшош сур байла, Төштүктүн кылган иши, деп, Атагың кетсин ар кайда. Айкандын уулу Көкбөрү, Айагыма киргизгин, Кол кармашкан ишим бар, Достук жолун билгизгин. Келгенинин кеби бар, Шоорук – калмак саткыны, Дөөкан каңгай ханы эле, Накылай менен Карабөрк, Силер алчу кыз эле, Манас тартып алган, деп, Бузулуп айтар чагы эле. Агыш менен Керкөкүл, Сөөгүмө ыйлатпай, Накылай менен Карабөрк, Жетелеп чыкса ээ кылбай, Бокмурунга карматкын, Айагымда мууздаткын, Жүрөгү өлсүн калгандын. Керкөкүл, Агыш өлгөндө, Өлгөнүн көзү көргөндө, Ашыгып калат келгендер, Алдырап качып жөнөргө. Коңурбай менен Нескара, Келип кабар албасын, Айылга бүлүк салбасын, Ушул жактан Төштүгүм, Бейкут болуп калбагын. Каткалаңдын Сайкалы, Келбей койбойт өлүмгө, Ошондон жакшы тил алгын, Баарын билет кыз Сайкал, Тулпардан тандап из чалгын, Төө көтөрөр Акбалбан, Жан кишиге көрсөтпөй, Көтөртүп алып сөөгүмдү, Бакай, Кошой – кары бар, Көкбөрү, Төштүк - экөөң бар, Каныкей менен бешөөң бар, Агайар менен алты жан, Жасатым койуп чыгарда, Агайардын башын ал, Кучактап жатсын бутумду, Айагыма таштап сал. “Керекке терек жыгылат”, Кебиңер бар, карылар, Теректен кесип эр Бакай, Бир “Манасты” жасап ал, Жасатып койом күмбөздү, Алып барып көмө сал. Көр байге кылып ат чапкын, Чыгып келген куланын, Мурдунан аккан каны бар, Айбанда болсо мен үчүн, Өлүп кетер жаныбар. Ооз омуртка айдарын, Босогомо бастыргын, Он төрт ханды чубата, Күмбөзүмө тарттыргын, Пейлиңди салып бекем ук, Курдашым, Төштүк, тапшырдым. Шишик баскан шилимден, Балтаны издеп таптыргын, Өз колуң менен тарттыргын, Манас кетти көрүш, деп, Кошойго киши чаптыргын, Ак калпак кыргыз элиңди, Кар кылбай элге баккының, Ушунча айтар саа кебим, Башка кеңеш кеп болсо, Учурунда тапкының,,- Деп ошентип эр Манас, Каңырык түтөп шай кетип, Эндиреп барып токтоду, Көкжалдын көзү өткөндө, Көп кыргыз кантер экен, деп, Көргөндөр ыйлап боздоду. Шишиктин оозун ачтырды, Балтанын көзүн таптырды, Чириген эттер бултулдап, Ириң агып кулкулдап, Чайкалып суудай чулкулдап, Кышкы муздай кузгундап, Жарадан чыккан сасыктан, Үйдүн ичи жыттанып, Чара-чара ириң, кан, Токтоосуз ташып төктүрдү, Эшикке улам чыгарып, Балтаны тартып алалбай, Эч айласын табалбай, Көзөөгө аркан салдырды, Аккула менен тарттырды. Арзан дебе калчаны, Тартып алган балтаны, Бакай, Төштүк байкады. Эни эшик эниндей, Узуну кулач төш жары, Эр экен Манас ченебей, Ушунчалык балтаны, Көтөрүп жүргөн кенебей!