Тамагын ичип жайланып, Кылычты бүлөп байланып, Атка минди жабыла, Таң атканда камданып. Түн бойунча кангайлар, Түрүлүп чыгып калбастан, Сап-сап болгон жарданып. Кыргыздар барып сап болду, Ошол кезде Кангайдан, Сакатай деген бир балбан, Саптан чыгып козголду. Сен барам, деп Музбурчак, Кой дегенге болбодуң. Сакатайды баш кылып. Санап туруп Музубурчак, Катардагы эрлерден, Так он бешти сойгону. Кашкайтары калбады, Кайран кары Музбурчак, Ажыдаардай жалмады, Майданы кызыл кандалды, Карап туруп ошондо, Калмак Уушаң арданды, Кадимкидей калдаңдап. Ортого чыга калганы, Карыса да Музбурчак, Катуу кылды кайратты, Аңтара сайып Уушаңды, Эки көзүн жайнатты. Келди деп эми кезеги, Имере тарткан кездери, Эби келсе Уушаңдын Башын кесип кетели, Музбурчак бура тартканда, Мурадил доңуз жетти эми. Музбурчакты тоңкойтуп, Көмө койуп кетти эми. Туулга баштан кыйшайып, Жарты башы көрүндү. Бул дагы көрдү өлүмдү, — Өлбөгөндө неткени, Шыпшайдар тарткан сур жебе, Оң чекеге мылк деди, Каптап душман дүр деди. Арстан Чубак жетиптир, Мурадилди сулатып, Музбурчактын өлүгүн, Өңөрүп чыга бериптир. Музбурчакты өңөрүп, Ойрон Чубак көгөрүп, Алып келип Бакайга: — Мына досуң алгың — деп, Алың келсе, абаке, Жериңе ала баргын, — деп, Кайра барып караса, Айкөлүңдүн көп чоро, Ачынып ичи ошондо, Жабыла баары барыптыр, Кызыл канды көл кылып, Эрегишип эңишип, Эрдемсиген калмактын, Эсебин колго беришип, Сабын бузбай жардашып, Жалгыз башын чоролор, Сан кишиге баалашып, Салышып жүргөн кези экен, Салып кыргын аалашып. Түгөтөт экен бизди деп, Төгөт экен жинди, деп, Чоролору Манастын, Куткарбайт окшойт бирди, деп, Калмактар качты дүбүрөп, Аңгыча доол кагылды, Жердин бети дүңгүрөп.
Орто жерге жик түшүп, Ажырашып бөлүндү, Баштагы күндөр эсте жок, Ойрон Чубак, эр Сыргак, Атагы Какан журтуна, Ажыдаардай көрүндү. Ажырап черүү түшүштү, Жолдорун сактап күтүштү, Таң агарып сүзүлдү, Жылдыздар тарап таң атып, Күн жаркырап көрүндү, Жаны тирүү дени сак, Жатып калбай ноокастап, Басып турган немеси, Жабыла баары камданды, Аттарын токуп бышыктап, Үзөнгү боосун узартып, Куйушканын кыскартып, Кош олоңун бек тартып. Ал аңгыча кытайдын, Баңдоолу кагылып, Согуштун сыры таанылып, Баңдоолду укканда, Баарысы атка жабылып, Байрак сайып туу толду, Өйүз-бүйүз эл толду. Манжулардын Нескара, Атка мине салыптыр, Каскаксыз найза колго алып, Майданга чыга калыптыр. Көрө койуп Алмамбет, Сарала менен бурулду, Келди эбине эми, деп. Залкар тоодой Чубагың, Жөө бөрүсү чунагың: — Алмамбет баатыр кантесиң, Бура тартып нетесиң? Сенден кийин мен калып, Кай мураска жетемин? Сенден кийин мен калып, Өлүп кетсем непада, Талаада калар бекемин, Мага бергин Алмамбет, Кажылдаган калкыңдын, Кай бир сырын ким билет? Нескара менен мурдатан, Сыр алыштым белгилеп, Барайын баатыр мен ага, Айтаар сөзүм бар сага. Беш күндөн бери карата, Кирпик кагып ирмебей, Алактап жүрөк тынч бербей, Ар шумдуктар көрүндү, Жакын көрүп турамын, Тирүүлүктөн өлүмдү. Өлүп ктесем непада, Сенден кийин калганда, Ким алат менин сөөгүмдү? Калмактын калсам колунда, Капак кылат башымды, Бирден жулат чачымды, Кескилеп кетет этимди, Тилгилеп кетет бетимди, Айтпай кантип жашырам, Алаке сенден ниетимди. Мен барайын, Алаке, Үзөнгүдөн бут тайсам, Көктекеден кыйшайсам, Бул дүйнөдөн кылтайсам, Ала көргүн сөөгүмдү, Көп калтырган жерим бар, Көк жалым сенин көөнүңдү... Алмамбет анда кеп айтат: — Андай эмес деп айтат, Эске алган жакшы өлүмдү. Ким билет көрөр өлүмдү? Кирпик ирмеп көз жумбай, Көөдөндө жаным бар турса, Таштабайын сөөгүңдү. Сеникин алып мен чыгам, Меникин алып ким чыгат, Кудай билет баарысын, Мен барайын сен калгын. Өлүп кетсем непада, Сөөгүмдү Чубак сен алгын, Мактап кытай эл калсын. Секирип Чубак жалт берип, Бизге сайган немедей: — Кайсы кебиң, Алаке, Ойлобой акыл кенедей? Мен барамын алдыда, Уруксат, аба, бер мага! Ушинтип жүрүп эр Чубак, Бакайдан алды уруксат, Майданда турат Нескара, Тору айгыр менен алактап. Бута атым басып эр Чубак, Бура тартып буластап: — Азизхандын Алмамбет, Азыраак калып калыптыр, Бир өзүңө айтар кеп, Шыпшайдардан окко учсам, Бул дүйнөдөн көз жумсам, Каптап кирсе кытайлар, Чабуул койуп кокустан, Унутулуп калбайын, Алынбай сөөгүм ушундан, Көөнүм тынар бир сөздү, Угуп кетсем деп турам. — Кой десем, Чубак болбодуң, Бастырбай жолун торгодуң, Ажал жетип күн бүтүп, Өлүп кетсем кокустан, Таштап койсом сөөгүңдү, Эр жарагы алдында, Эрдик атым жойойун, Кыйаматка барганда, Пайгамбарлар алдында, Мен сабункер болойун! Угуп Чубак кош болуп, Кадимкидей көкжалың, Бастырып кетти оштонуп. Чубакты көрүп Нескара, Алда канча түрдөнүп, Жутуп ийчү немедей, Кыйын тийди сүрдөнүп. Күүлүү найза кезгерип, Көмө сайам дегенсип, Кирген буура кептенип, Качырды каапыр эстенип. Акбалтанын Чубагы, Ашыгып кетер эр эмес, Нескарадан апкаарып, Шашып кетер теги эмес, Каары катуу, заары күч, Жаалысы дозок, жалын көз, Жанын айап душмандан, Коркуп көргөн эр эмес. Орок мурун чуңкур көз, Узун бойлуу, дөң маңдай, Өмүр бойу эр сайган, Тирүү жандан жазганбай. Көктеке менен аргытып, Көк найзаны каргытып. Даңканы менен Көктеке, Көккө топо сапырып, Нескараны кайран шер, Арбагын баштан качырып, Кагып ийип найзасын, Көмө койуп өттү эле, Кайра Чубак тарткыча, Калмак Ушаң жетти эле. Чубакка найза жетерде, Көмө койуп кетерде, Оң жагында Ушаң бар, Сол жакка оой берди эле, Найза каңгып ат сыргып, Тарталбай атын бурулуп, Алдына өтмө бергенде, “Манастап” ураан чакырып, Алдындагы Ушаңды, Как далыга бир койду, Камгактай учуп жыгылып, Калмак Уушаң кор болду. Өзү манжу эл эле, Дөөдүр менен бир элден. Дөңкөнөй деген эр эле, “Нескарада өкүм бар, Болбосо менмин дээр эле”. Ушул каапыр жеткени, Көзөл Чубак арстанды, Көмө койуп кеткени. Жер тайанып жыгылды, Туулга баштан ыргыды, Туулганы алып эрениң, Башына кийип баратса, Кармаган колун билектен, Сындырып өтүп тарткан жаа, Чекесине мылгыды, Тоңкочуктап эр Чубак, Тоңкойуп кайра жыгылды! Коңурбай баштап ат койду, Аламандап бат койду, Төрө Алмаң баатырдын, Бир огу жаага кезделүү, Бир огу ооздо тиштелүү, Башын кесип кетет деп. Дөңкөнөйгө Алмамбет, Жааны тартып жиберди. Алмамбет аткан соо болбос, Атканын теги коборбос. Тоо кулаган немедей, Томолонуп Дөңкөнөй, Топо тиштеп соройду. Койо туруп Алмамбет, Башын кессе мейли, деп, Шыпшайдарды кездесе, Ошол жерде соймокчу, Тагдырды кимдер буза алат, О дүйнө шондой кызталак, Буйруктагы болмокчу! Сарала менен Алмамбет, Салган бойдон кеткени, Алмамбет анда баргынча, Коңурбай мурда жеткени, Чубактын аты Көктеке, Түшө калган үстүнө, Коңурбай кылыч шилтеди, Чубакка тийбей кылычы, Көктеке мойнун кескени, Айланса болот бууданга, Ээси менен кеткени! Алактаган калчаны, Аңтара сайып Алмамбет, Алгараны жетелеп, Алып кетсе да бир кеп. Айтканым жалган болот, деп, Арстан Чубак баатырды, Эңкейип кармап кемерден, Так көтөрүп алганда, Бура тартып калганда, Алты ай минсе арыбаган, Арыгансып калбаган, Ташка салса талбаган, Алмамбет минип жүргөлү, Мүдүрүлүп бакпаган, Арам өлгөн Сарала, Мүдүрүлдү, кап, кап, а! Башындагы туулга, Кылт дей түштү бир жакка, Камынып Алмаң кармады, Кыйшайа түшкөн туулгасын, Кайта оңдой салганы, Салгычакты болбоду, Шыпшайдар огу чыкыйга, Эмени тепчий калганы! Сыр алдырбай Алмамбет, Сыздырып кетип баратат, Эр Чубактын өлүгүн, Алып кетип баратат, Бешенеден аккан кан, Баатыр Чубак үстүнө, Жайып кетип баратат, Элге жете барганда, Эр Алмамбет муну айтат: — Эрен Бакай абаке, Чылбырды карма! – деп айтат, Сырдашым Сыргак канасың, Оң колтукка найзамды, Эп келтирип такагын, Сол колтуктан жөлөгүн, Чубактын алып өлүгүн, Тамам болуп күн бүттү, Тагдырым бүгүн өмүрүм: Айкөл кайда эмчектеш, Алып келип көрсөткүн. Кабарчыдан кеп угуп, Кабылан басып барыптыр, Калкайып карап калыптыр, Кирпигин ирмеп көз ачып, Маңдайдан турат кан агып, Айкөлүңө кол сунуп, Алмамбет турду муну айтып: — Каңгайдын кара тоосунан, Айландырып Каканды, Кабат белин ким ашкан, Такыр муну ким баскан? Үрүстөм-Дастан бир ашкан, Амири болбой Алланын, Ара жолдо ал кайткан: Дөө-периге көтөртүп, Так Сулайман падыша, Бир күн келип түнөгөн: Амир Темир көрөгөн – Бул ааламдын баарысын, Алдына салып сүрөгөн, Ушул Бейжин шаарында, Өткөн дейт пааны дүйнөдөн. Искендер изин салбаган, Илгертен киши албаган, Байыркы өткөн бабалар, “Көйкап тоо” деп атаган, Жин-пери жердейт аны, деп, Титинип келе албаган: Азырети Аалы ашпаган, Адам уулу баспаган. Өчөшүп Коңур калчага, Өжөрлүк кылып мен бастым, Изимди кууп сен аштың. Эшигин таап “Көйкаптын”, Бейжиндин шаарын басканың, Жалган эмес ачканың, Жамагың элге айтылып, Акырга калар дастаның. Аралап келип анжуга, Атышып кирип манжуга, Кара кытай калкына, Каканчындын жалпына, Баңша арбак Бакбурчун, Алтымыш капка бул журттун, Олтурдуң минген тагына, Ээ болдуң күлгүн багына, Суктандык сулуу кызына, Каапыр да болсо улуу журт, Кеттиби кесир ушунда?