Батак деген бар экен, Өз ичинде элине, Байге бербес ал экен, Ыргыта сайып Кыргылды, Илип алды чылбырды. Жыгылганда калмактан, Каптап кетип канча жан, Эки топ боло калыптыр, Музбурчак менен Кыргылды, Ур токмокко алыптыр. Кайран Серек бек шашып, Секиртип атын - Кууказык, Кылчайып туруп Мажикке, Кыйалында кепти айтып: — Арстан Мажик, эр элең, Белдүүнүн бири сен элең, Музбурчак менен Кыргылды, Мууздап калмак салбасын, Хан Көкчөгө окшотуп, Башын кесип албасын. Батакты сайып ыргытып, Канын анын зыргытып, Тобун бузуп кырайын, Музбурчак менен Кыргылды, Ажыратып чыгайын; Арстан Мажик амалдап, Тиги экөөнө эки аттап. Камчыга атын бөлөдү, Келе жаткан Серекти, Калмак Батак көргөнү, Акборчук берип бирөөнө, Алдынан бу да жөнөдү. Беттешти Батак Серекке, Жарады Серек керекке - Батактын мурда шилтеген, Найзасын кагып жиберип, Кайра тийип имерип, Как далыга бир койду, Кайран Серек Батакты, Ат үстүнөн томорду, Улай Мажик жеткени, Улактай башын кескени, Муну койуп эр Серек, Музбурчакты камаган, Калмакты көздөй кеткени. Аралап кирди эр Серек, Калмактардан канчасын, Кууказык кетти тебелеп; Музбурчакты караса, Башы челек кан болуп, Бүткөн бойу нан болуп, Турган экен кайран эр, Тулку бойу дал болуп. Короолоп турган калмакты, Койуп жүрөт эр Серек, Бөрү койду кыргыздай, Ойуп жүрөт эр Серек; Найзаны канга мылгытып, Кууказыкты зыргытып, Утур келген немесин, Көгүчкөндөй ыргытып, Чойуп жүрөт эр Серек, Мындайлыгы болбосо, Серек аты не керек? “Эки топко жолгошуп, Музбурчак менен Кыргылды, Ал экөөнү бир кошуп, Бошотуп эки карыны, Баатыр Серек кетти, деп, Аларга эки ат табыш, Кезеги мага жетти”- деп. Миңген экен эр Мажик, Бара жатып аттанып, Музбурчактын Акжалга, Туш келип калды капташып. Ал жерде турган калмактын, Карааны толук миң экен, Миңдигин Мажик билбеди, Аралап буга киргени. Түпөктө найза көк желек, Эр Мажиктин Тоотору, Чаңдатып барат тебелеп. Катар турган душмандын, Башын кагып баратат, Кабаттап сайып үч-төрттөн, Жанын алып баратат. Калмактар качып бириндеп, Этек-жеңи дирилдеп, Беттешип калса өлдүк, деп, Кыйаматты көрдүк, деп, Даай албай калды Мажикке, Сийдиги агып бүркүрөп. Ачып көздү жумганча, Акжал менен Акборчук, Ажыратып жетелеп, Эки кары, бир Серек, Турган жерге ал Мажик, Жетип келди энтелеп. Музбурчак, Кыргыл кутулду, Жаңыдан бүгүн эр болуп, Серек, Мажик кутурду, Кете бербей чекелеп. Калам менен Каңгайдын, Кайнап жаткан жерине, Кагышып булар жетиптир, Кайран Мажик калдайып, Окко учуп кетиптир! Калды Серек кангырап, Эр Мажиктен ажырап, Калмактан келип беш миңи, Каптап кетти калдырап. Көп экен деп чочулап, Карап турбай жалдырап: “Ажалым жетсе өлдүм, — деп, Азабым болсо көрдүм, — деп, Ата да бир, эне бир, Аркамда иним Сыргакты, Эми бир көрүп өлсөм” — деп, Тобокел кылып бел байлап, Өрттөй болуп көз жайнап, Куу казык менен эр Серек, Топко кирди аралап. Эңиште Серек эр сайып, Экөөнү беттей бир сайып, Кууказыкты чуратып, Кыйрын бузбай кулатып, Каарданып кан төгүп, Найза менен мылгытып, Тебетейдей ыргытып, Канжар менен кан алып, Балта менен жан алып, Мунун көргөн көп калмак, Серекке калды таң калып: “Бул, капырай, неткен эр? Кызыл кан агып баратат, Ат туйагы жеткен жер, Көп жашап минтип карыдык, Көрбөдүк Сыргак, Серектей, Алмамбет, Чубак төртөөнө, Айыгып кантип ал жетер? Көтөрүп араң туруптур, Чоңдугунан кара жер! Калмактын эли кайгы жеп, Катылган хандар оңбо, деп, Айрыкча Коңур ойбой кал, Эгерим эки болбой кал, Дешип булар буркурап, Качып жүрөт чуркурап. Жакыптын уулу эр Серек, Кыйратып жүрөт бир четтен, Күркүрөп үнү күч алып. Өлгөндөргө өч алып. Бетине келген бир жан жок, Беттешээрге бир жан жок, Кайрат кылып Калдайдан. Кагышып бирөө барган жок. Таанымал болду Каканга, Серекте эми арман жок, Атырылып Кууказык, Жебеден жаңы тарткан ок, Ойрон кылып баратат, Өткүр Серек колу шок. Көрө салып чоң Коңур, Айласы артык бул Коңур, — Бай Жакыптын балдары - Баш болгон журтка Манасы, Сыргак менен Серегин, Бул экөөнү карачы. Алмамбет, Чубак, Сыргактын, Ушул турган буруттар, Көрүп жүргөн керегин, Элебей жүргөн экенмин, Көрдүңөрбү Серегин?! Бул төртөөнө беттешип, Бенденин алы жетпеди, Арстандын тиши өтпөдү, Айланайын Шыпшайдар, Айрылып нечен дөөлөрдөн, Алардын кеги өчпөдү! Келгени бурут Каканга, Дөөлөрдөн кесип баш алды, Алтымыш алпым бар эле, Көбү өлүп, аз калды, Өлүп кеткен эрлерден, Эстен чыкпай турганы: Кедендердин чоң Жолой, Кара жалдуу Борончу, Кангайлардын Оронгу, Туңшакенин Бозкертик, - Эстен кеткис элдер бу, Баатырлык да оңойбу?! Дөөлөрдөн Макил, Солоке, Сазаңдардын Бешкулак, Эске алганда үч дөөнү, Чыкпаган сүлдөр жан калат! Бирден капка башкарган, Жаңжүн деген атты алган, Айжаңжүн менен Күнжаңжүн, Өлүп кетти булардан; Канчасы өлдү калдайдан, Дуудуу, доотай андайдан! Солабанын Соорандык - Качкын кулдун атасы, Алтымыш капка бул элде, Аттуу аскер, жөө күлүк, Башкарып келген баштатан, Ошондой зордун баардыгы, Алмамбет, Чубак, Сыргактан - Үчөөнөн өлдү байкасам, Буруттар кыйын не деген?! Атагы он төрт хан эле, Алптары кыйла бар эле, Катардагы адамдан, Жалгыз Көкчө эр өлдү, Анда башка өлбөдү, Өлгөнүн көзүм көрбөдү, Бейжинден алып арбын мал, Төөлөргө артып алтын-зар, Хандары кетти кайкалап, Кадимкидей чалкалап; Шыпшайдар өзүң ойлочу, Өрттөнбөй кантип жан калат, Угулуп турса кулакка, Алтындын доошу шыңгырап?! Качкын кул, Чубак, Сыргагы, Ушинтип баарын түгөттү, Аа кошулуп береги, Көрдүң го бүгүн жүдөттү! Манасы өтө зор экен, Чоролору шок экен, Баарысы жүрөт эсен-сак, Өлөр адам жок экен! Перинин беги минбеген, Мен минемин дебеген, Мелтиреген алтын так, Үрбү таз минди нечен убак! Ардыкканым аттан чоң, Кордогонуң төөдөн чоң, Өзүм өлө алалбай, Араң турам мен болсом! Чоң Ылама мергенге, Бүткүл кытай журтунда, Мен өнөрмүн дегенге, Барбаганым калбады, Бирөө жарап керекке, Кек алып бере албады! Чыдай албай бекиндим, Белимди байлап мекийдим, Канчалаган түн сактап, Манасты тосуп чекийдим, Мына бу ишти көрдүңбү, Башка чапкан балтамды, Албай кошо кетирдим! Ушундай иштер дартынан, Уруксат алып он беш күн, Өзүңдү араң келтирдим. Армандуу дарты буруттан, Алып бергин Шыпшайдар, Кырк чоросун Манастын, Атып бергин Шыпшайдар, Алмамбет, Чубак, Сыргакты, Басып бергин Шыпшайдар, Артыкчасы качкын кул, Алмадай башын эшикке, Асып бергин Шыпшайдар!! Деп ошентип Коңурбай, Шыпшайдарга арз айтып, Көзүнүн жашын көлдөтүп, Турганда ыйлап дарт айтып, Шыпшайдар турду муну айтып:
— Алагара минип колоктоп, Жалгыз мен деп сороктоп, Оозуңа келген сөздү айтып, Туруучу элең олоктоп, Бүгүн ыйлап калыпсың, Дартыңды айтып шолоктоп. Кечээ жетип мен бүгүн, Элиң менен бир келдим, Эртеден кечке тиктедим, Алмамбет кайда экенин, Акылым жетип билбедим; Чородон ылгап беш-алтоон, Мелжемдүү жайга жибердим, Аны качан сен билдиң? Бүгүндөн кийин майданга, Силер менен келбеймин, Жайма топко кошулуп, Жанымды тосуп өлүмгө, Башымды кармап бербеймин, Эртең келсем өлүм бар, Алмамбет чындап жол тосот, Кетерге менин жолум тар, Аламан уруш токтолсун, Айланган чаңдар жок болсун, Жекелешкен урушта, Бул жактан чыккан сайдырса, Этек-жеңи жайылса, Каптап кирип чуу туруп, Өлтүртпөй турса кутултуп, Калар бекен Алмамбет, Ошондой кезде жолугуп; Армансыз амал кылайын, Алмамбет да бир балаа, Берет же бербейт кыйамын. Жаа тартышта үч айлык, Жакшыраакмын андан мен, Калганынан Алмамбет, Дегеле менден кем эмес, Жекелеше келгенде, Ага пенде тең эмес. Деп ошентип Шыпшайдар, Коңурбайды сооротуп, Мен берем дейт буруттун, Бүткүл баарын кулатып. Серектен Коңур жазганып, Өлүп кала тас калып, Алмамбет, Чубак, Сыргактай, Серекти көрдүм бүгүн, деп, Ар кимге айтып даттанып, Алсырады Коңурбай, Чоң-кичүүгө арз айтып, Тамтырады Коңурбай; Аралап жүрөт эр Серек, Алиге чейин кол жыйбай, Барабан уруп баң тарт, деп, Буйрук берди Коңурбай. Барабаны кагылды, Баңдоолдун үнү жаңырды, Кангайлык менен алаштын, Жиги эки айрылды. Мындан мурда урушта, Кан төгүшкөн жумушта, Улуктугун билгизип, Урмат кылып Манаска, Кошо кайра келгенде, Кыргыл баштап кырк чоро, Кыраан шерге келүүчү, Кырка салам берүүчү, Арстан Манас чоронун, Амандыгын билүүчү, Каалгадай кашка тиш, Кашкайа чыгып күлүүчү. Адатынча бүгүн да, Чогулуп чоро келгени, Төрөгө салам бергени, Кырктын бийи Ажыбай, Кеңеште бар Алымбай, Кырктын бири Кутунай, Кыраандын бири Алыбай, Күлдүргүчү Жайсаңы, Баатыр Мажик арстаны - Алтоо мында келбеди. — Кербенден алтоо жок турат, Жарадар болуп келе албай, Калдыбы алар? — деп сурап, Арстан оозун тартканча, Сыргак айтты кобурап: — Аламан уруш башталды, Кара кытай манжулар, Калмак, шибе, анжулар, Алтымыш капка Бейжинден, Келгендерди баары бар, Кекенип кирип кыргызга, Кечилдин ханы Коңурбай, Тепсеп кетер чагы бар. Айкөлүм сиздин кырк арстан, Айанбай уруш баштаган, Кылычтын канын чубуртуп, Кырып-жойуп таштаган. Кыналышкан урушта, Кызыл кан кечип баратсам, Карткүрөң көзгө көрүндү, Кармал минип ары жактан; Ажыратып алгамын, Ажыкемдин Күрөңүн, Минип жүргөн калмактан, Тоңкойто сайып калмакты, Кесип башын карасам, Күрөң ат кетип бараткан. Артынан жете баргамын, Көрдү көзүм ошондо, Ажыкемдин сөөгүндө, Күрөң аттын турганын. Арнап минген Күрөңгө, Ажыкем сөөгүн арткамын. Тилимди укчу немедей, Чечдөбөгө алпар, деп, Бош агытып айткамын. Андан башка бешөөнүн, Арстаным мен билбедим, Кай жорукту тартканын. Каңгырап Манас ошондо: — Катыгүн, Сыргак кай кебиң?! Кырктан алтоо бүгүн жок, Канатым сынган экенмин! Туйагым сынып аксадым, Туйгундардын баарысын, Көндүрбөй сөөгүн таштадым! Бала чактан бир жүргөн, Бирге басып бир турган, Бирге жатып тең уктап, Эгин эксем тең эккен, Атасына айланбай, Мени менен бир келген, Жолборсум Мажит сен элең, Жолдо калып өлүгүң, Жору жейт сени дээр белем?! Ажыбайды карт Күрөң, Алп Кошойго тапшырар, Көмүлбөй калган бешөөнү, Кажырлар сүйрөп тарткылар. Сагызган чукуп көздөрүн, Карга боктоп тиштерин, Кажыр жарар ичтерин! Атаңдын көрү шум жалган, Шумдугуңан кутулуп, Сенден кандай жан калган? Арманым калды ичимде, Акыреттик жан досум, Алмамбет тилин албаган! Чыккыла баарын кезенип, Кегиң албай алардын, Кантип тирүү кетелик! Өлмөк өчүн алалы, Өлүп калсак чогулуп, Ошол жерде калалы!