← Манас 2/4

— Айбаттуу Чубак, эр Серек. Айтып-айтпай не керек? Кайнап кытай толуптур, Тирүү жан эми кетирбейт! Бейпайлуу калча оңбогур, Белди тосуп жаткан бейм, Коркпосоң эми келгин, деп, Белдүү шерге айткан бейм, Жарасы зилдеп айкөлүн, Жабырды жаман тарткан бейм, Жазганып Сыргак эренден, Жалтанып Кангай калган бейм. Же болбосо эр Манас, Коңурбайды көргөнбү? Көрөгөч баатыр көңүлүн, Көп санаага бөлгөнбү? Өлсөм өзүм өлөм, деп, Өжөрлүк менен өчөшүп, Козголбой жатып көргөнбү? Жакшы-жаман-бар ишти, Барып сурап көрөлү. Алмамбет, Чубак, эр Серек, Элге жетип келишти, Бакай менен Манаска, Барып салам беришти; Колун сунуп көрүштү, Колдун учун өбүштү. Эми Манас кеп айтат: — Алмамбет, Чубак — деп айтат, Кет дедиңер өгүнү, Мага берип кеңеш кеп, Келе жатсам кетем деп, Көңүлүм эрип турбады, Бейжиндин жерин көрсөм деп, Белге түштүм бурулуп, Мени, Сыргак түшүр деп. Дүрбүнү алып салгамын, Бейжиндин жерин карадым, Тээ маңдайкы кара кыр, Көрүп калдым ошондон, Коңурбайдын караанын. Коркуп кетти Манас, деп, Айтып калаар калча, деп, Аркамдан кууп барабы, Аскери бар канча деп, Колду мында түшүрдүм, Көөнүмдө ишим бүтүрдүм. Арадан бир күн өткөрбөй, Жибериптир маа киши, Сурап менден келиптир, Он беш күн мөөнөт беришти, Сураганы он беш күн, Берип койдум жан досум... Манастан угуп бул кепти, Чочуп Алмаң селт этти: — Катыгүн, Манас, кай кебиң? Уруксат бердим дегениң?! Калчанын айткан мөөнөтүн, Как өзүндөй бергениң - Музбурчакты баш кылып, Бул олтурган элдердин, Көбүнүн башын жегениң! Бекерче сенден уруксат, Келеби сурап Коңурбай? Сен билбейсиң аларды, Кангайда бар Шыпшайдар. Жүйрүн дөөдөн окууга. Ал экөөбүз бир барган, Атам “Ноокас болгондо”, Чала таштап окушту, Байкуш Алмаң мен жангам, Ошондуктан Шыпшайдар, Таалимдин менден көп алган. Түндө өтчү жандарга, Күндүз болжоп жаа тартып, Куткарбай жүргөн аны атып; Ошондуктан ал каапыр, Шыпшайдар аты жойулган, Жойгара деп койулган. Каран калган Коңурду, Карабай кете бербейсиң, Жоготом деп Коңурду, Кыргызды кырмак экенсиң! Кете бер десе болбопсуң, Жаныма киши калтырбай, Жайлайын деп ойлопсуң, - Алмамбет, Чубак тең өлөт, Ал Сыргак, Серек дагы өлөт, Кырк чородон кыйла өлөт, Карыдан өлөт Музбурчак, Кайгырасың ошол чак! Деп ошентип Алмамбет, Буркан-шаркан күүлөнүп, Айдай бети кумсарып, Албан-албан түрдөнүп, Сабыр кыла токтолуп, Муну айтты кыйналып: — Музбурчак, Бакай - карыбыз, Сыймык качып кыргыздан, Чачыла турган чагыбыз, Кайгырган менен канчалык, Кайра толбойт кабыбыз, Өзү кетмек турбайбы, Падыша Манас залыбыз. Жолдошум Сыргак мында кал, Чырым албай чалгын чал, Кыргызды баккын сыртынан, Чыканак жерге салбастан, Жолго кетсең эл калат, Элде турсаң жол калат, Ырчы, Шууту, Бозуулду, Караан кылып жаныңа, Багып тур элди сак сактап, Эндекей жатып элебей, Кырылып кетсек чоң уйат! Эми, Чубак, экөөбүз, Токтолбой жөнөп кетели, Кайырдынын бойуна, Түн бойунча жетели, Күндөп-түндөп барбасак. Шыпшайдар өтүп кетеби? Алла ачса ак жолду, Алдынан тосуп калалы, Кыйамы келсе калмактын. Кызыл канын жайалы, Андан мурда бара алсак, Жеткирбей жолдон аны алсак, Кыйынсынган калчанын, Кылчайар алы калабы? Андай күндөр болгондо, Акимсинген калчаны, Нескарасын баш кылып. Ага окшогон канчаны, Дене кул кылып аларды, Таласка айдап баралы. Шыпшайдар көздөй жөнөйлүк, Шишибиз толсо өлөлүк, Жүргүн, Чубак, жүргүн, Тобокелден көрөлүк. Алмамбет атка мингенде, Кошулуп Чубак жөнөөрдө, Айдаркандын Көкчөсү, Келип түштү бул жерге. Алдында кыргыз элдери, Келгенине Бейжинге, Кангайдын жолун сакта, деп, Таштаган элем жергеге. Хандар кайтып барганда, Айкабы батпай эр Көкчө, Катуу калып арманда: “Хан Манас менен бажа элем, Алмамбет менен дос элем, Мына минтип Бейжинге, Барбай калам дээр белем? Бейжин деп Бекзат калыптыр, Учураша Манаска, Эми барып мен келем”- Деген мындай ой менен, Элүү миң аскер кол менен, Келген экен жол менен. Эрен Көкчө кеп салып, Кармалып кепке Алмамбет, Көп кечигип тура албай, Чубакты алып жанына, Бул экөө кетти аттанып.

Алмамбет, Чубак жол жүрүп, Ат айабай мол жүрүп, Жеткен жери алардын, Кайырды деген жер ушу, Алты жолдун кошуусу, Улуу ингенден Шыпшайдар, Өтөөр жолу мына ушул. Кайырдынын кырына, Чыгып келип Алмамбет, Айтып турган кеби ушул: — Акбалта уулу Чубаксың, Айткан кепти угаарсың, Шыпшайдар адам баласы, Бирок шайтандан ашкан айласы, Алып жүргөн заңгиси, Алтымыштан санаты, Ашпайт, андан кемибейт, Өмүрлүк мунун адаты. Шыпшайдар жүргөн жеринде, Жам-жайкыт болот кээ бирде, Жерде шамал, көктө жаан, Мындайы бар кээ-кээде. Кээде туман топурак, Обо ачык жер бүркөк, Мындай сонун иш кылат, Кайсы бирин айтайын, Он эки түрдүү кубулат. Жан-жайкыт экен Кангай жак, Келе элек экен кызталак, Тиги сары талаага, Өзүң тур, арстан эр Чубак. Ар жагы агын аз сууга, Мен барайын ушуга, Көмүскөнү таап алгын, Көрүнбөстөн көз салгын, Бет алдыңан кез болсо, Боорун жарып өт алгын. Арамдык кылып жалгыздап, Бастырса өтөөр суу бойлоп, Алмамбет анда соо койбойт, - Болоор ишти болжолдоп, Эр Чубакка туйгузуп, Чубакты мында тургузуп, Азганакей агын суу, Алмамбет кетти бургутуп. Талаада Алмаң бастырбай, Жаңыртып топо качтырбай, Сайды бойлоп таш басып, Суудан өтүп Алмамбет, Султаның турду бир жерде, Шыпшайдар качан келер, деп. Тигиле тиктейт Алмамбет, Маңдайынан жол карап, Үстүнөн байкап бел карап, Үч тарабын тең карап. Акылы көп, амал сан, Арамза да Шыпшайдар, Кайырдыга келгенде:

“Алты жолдун бөлүнүш, Айрылышаар жер эле, Азиз хандын Алмамбет, Амалы арбын, акыл көп, Айласы артык неме эле, Кайырдыдан тоспосун, Канымды сууга кошпосун, Кургакта басып нетейин, Аш кайнамдык жол калды, Суунун түшүп түбүнө, Сүзүп өтүп кетейин” - Деп ойлонуп Шыпшайдар, Жанындагы заңгисин: — Кара жол менен баскын, — деп, Төрт күндүк ара жол калды, Белкоргондон тапкын, — деп, Алардан кетти бөлүнүп, Табыштап капыр айтып кеп. Бул түгөнгүр каапырдын, Бир өнөрү бул экен, Алмамбет анык билбеген - Сууга кирсе Шыпшайдар, Азыраак жерге жамгыр жаап, Суунун бети ылайлап, Ылай сууда көрүнбөй, Өтүп кетет берчү экен. Ушундайча Шыпшайдар, Агын сууга салыптыр, Алмамбеттин алдынан, Өтүп кетип калыптыр, Алмамбет сууну байкаса, Алды ылай, арты көк, Туптунук суу агыптыр, Араң турган Алмамбет, Ушундан күмөн алыптыр. Санааркаган Алмамбет, Сарала оозун бурду эми. Салып чыгып кашатка, Ылай аккан жаңкы суу, Айагын карап турду эми. Айак жагы ал суунун, Үч суунун куйган жери экен, Туш-тушу калың жер экен, Суудан чыгып бир караан, Токойго кирип кылт этип, Жоголду көздөн жылт этип. Кеткен экен капыр, деп, Шыпшайдардын алдынан, Бир чыкпадым акыр, деп, Чыга келсе талаада, Чаң уйугуп абада, Алтымыш заңги, бир Чубак, Салгылашып жүрүптүр, Алтымышы биригип, Асыл тууган Чубакты, Алды-артынан бүрүптүр. Көргөн жерде Алмамбет, «Манастап» ураан чакырып, Бул дагы кирди бакырып; Алмамбет үнүн укканда, Асыл Чубак, кайран шер, Кайраты ашып кеменгер, Алтымыштан жазганда, Катуу тийди жапырып, Арбагын баштан качырып. Сайып кирди бир четтен, Тилегин таштай катырып. Арстан Чубак көк атты, Албай түрдүү чуратты, Айта-буйта калганча, Бирин койбой кулатты, Алтымыштын аттарын, Ээси жок айдап чубатты. Эки баатыр шашыптыр, Кайырдын белин ашыптыр, Бачымыраак жетсек, деп, Булар бара жатыптыр. Муну койо туруңуз, Белкоргондо эрлердин, Окуйасын угуңуз.