← Манас 3/4

Айдаркандын эр Көкчө, Учураша келгенде, Алмамбет, Чубак - эки шер, Аттанып жөнөй бергенде, Күн батып жерден жашынып, Караңгы күүгүм киргенде, Энтелешип калдаңдап, Эшиктен кирип эки-үчөө: — Асыл Алма, эр Чубак, Алар мында жок турат, Кытайдан кабар алууга, Кеткен эле эр Сыргак. Калмактар жаткан капталдан, Кагылган доор угулат, Жакын эле келгенби, Баш-аламан чуу чыгат? Каптап келсе кангайлар, Ай караңгы түн турса, Кан-жинибиз чачылат! Деп ушинтип бакырат. Башын өйдө көтөрдү, Айкөл Манас ошондо, Азуулары качырап: — Аккуланы алып кел, Үстүнө токум салып кел, Ак олпокту кийбесем, Жарагым жанга илбесем, Так Бейжинге кытайды, Түп көтөрө сүрбөсөм! Анда Көкчө кеп айтат: — Арстаным Манас, -деп айтат, Өзгөдөн сактап элимди, Өмүр бойу жол тостум, Жолдон жоону киргизбей, Жолборс Көкчө дедирип, Жакшы атка ээ болдум, Алдымда өткөн жумушта, Кан чайкалган урушта, Жаныңда бирге болбодум, Кыла жүргөн кесибим, Жолду өзүм тосойун, Алашка болсун кызматым, Менин кылган ошонум,. Айтып болот эр Көкчө, Бардашы элден бөлөкчө, Көккүбө кийип камынып, Көк жолборстой чамынып, Көкала минип шаңданып, Көк найза колдо карманып, Күркүрөп Көкчө аттанды, Куру калбай олжо алсак, деп, Казактын эли шаттанды. Шакур деген бар экен, Каары катуу жан экен, Боталанын элине, Ошол Шакур хан экен, Хандыгына кошулуп, Балбандык жайы бар экен. Кебез белбоо, кең өтүк, Кечилдин ханы Коңурбай, Карбалас киши чаптырып, Шакурду келди таптырып. Боз дөбөдөй чоң Шакур, Беш күндүк жерге жол басып, Бир жакка барып көрбөгөн, Боталада жай жатып; Эсенхан деп кат жазып. Жиндини таап Коңурбай, Түртүп койду аткарып. Шакур айбан кеп угуп, Коңурбайдан жеме угуп, Баңдолусун урдуруп, Сексен миң аскер кол менен, Аттанып чыкты чубуруп. Ботала Шакур, эр Көкчө, Караңгыда капташып, Шакурдун колу сексен миң, Казактан келген элүү миң, Чайкалышып каны агып, Сүрүп чыкты аңгыча, Супаланып таң атып. Казактын эли аз өлгөн, Шакур колун караса, Үчтүн экөө бүт өлгөн, Элинин көрүп өлгөнүн, Шакур доңуз көгөргөн, Башына темир туулга, Баса кийип көгөргөн, Төбөсүндө көөхар таш, Чай чыныдай чөгөргөн. Каары катуу. Заары күч, Кар ниет капырга, Кайран Көкчө болду туш; Шакур доңуз бет келди, Тебетейдей Көкчөнү, Ыргыта сайам деп келди. Мелтиретип найзасын, Катынын кара баскандай, Качкыны жаңы качкандай, Ар кубулуп Көкчөнү, Тик качырды жазганбай, Көркөм Көкчө көргөн, Найза тешпес, ок өтпөс, Көккүбө тону үстүндө, Көк найзасын шыңкыйтып, Көгаласын кындыйтып, Кыймылдабай турду эле, Табарсыктын башы деп, Шакур найза урду эле. Табарсыктын башына, Найза келип тиерде, Көкчөнүн башы бул эле, Оң жагына атынын Томолонду шалк эле. Кангут сайып найзасын, Шакур өтө бергенде, Оңдонуп минип ошондо, Көгала оозун бурду эле, Көкчөнүн аты Көгала, Желгенине жел жетпес, Басканына мал жетпес, Атынын жайы бул эле, Одурайган чоң чочко, Оңдонуп кайра болгончо, Оролонуп эр Көкчө, Оң бөйрөккө урду эле, Ошончо урган найзага, Солк этпей капыр турду эле. Карчыгадай хан Көкчө, Ар өнөрү бар Көкчө, Имерилип толгонуп, Дагы өттү эр Көкчө, Сол бөйрөккө бир койуп. Ошондой мезгил бир кезде, Казактардын элинен, Кошулаар киши жок болуп, Жаны ачкан Көкчөнүн, Жалындап ичи чок болуп, Арты артынан үзбөстөн, Он алтыны бир койуп, Ошондо Шакур козголуп, Качып калды дыр койуп. Кайраттуу Көкчө тың экен, Тыңдыгы мунун чын экен, Балтаны байлап белине, Этектен түрө кармады, Тартып келип этегин, Үзөңгү боого салганы, Айанаар жери калбады, Шакур да аны кармады. Эр Көкчөнү ал калмак. Этегинен алганы. Эңишке атын салышып, Эңиште барат жарышып, Капталга атын салышып, Капталда барат кагышып. Топчулугун үзүшүп, Кочкордон бетер сүзүшүп, Этектерин бөлүнтүп, Кызартып этин көрүнтүп, Оодара тартып кете албай, Аттары тердеп кыйналып, Тыным албай чымын жан, Мончоктоп бойдон суу агып, Ажырашып бөлүнүп, Бирин бири тиктесе, Көзүнөн жалын төгүлүп, Карап бирден турушуп, Кайта кирди урушуп, Чыдаштык бербей ачуусу, Куйкалары курушуп. Токмоктошуп чабышып, Найзалашып сайышып, Колтуктарын чойушуп, Чокмор менен койушуп, Айрылбаган баш калбай, Жарылбаган жаак калбай, Кызыл чеке кан жайнап, Сыйрылбаган кол калбай, Кыйын уруш кылышты, Кулактарын жырышты, Так ошондой тар тоодо, Коңурбай келип капташты, Боталанын элине, Буйрук берип Коңурбай, Эр Көкчөнү каптатты. Тегеректеп көпчүлүк, Темирден торду ташташты, Боолуктан түшүп он беши, Ат койуп кирип баралбай, Казактын эли какшашты. “Алда кандай заман? — деп, Жок болду мага амал, — деп, Кармап берип калмактар, Кардымды жарып сойор. — деп, Боорумду кактап койор,-деп, Кандай кылса өз эрки, Болгонунча болоор” — деп, Ойрон Көкчө эрендин, Ойлонгону ушул кеп. Торго салып Көкчөнү, Аты менен айдады, Алпарганы кошуна, Алып жөнөп калганы; Кара калпак кыргагы, Хан Жакыптын Сыргагы, Келе жатып тийактан - Кара кытай эл жаткан, Капташып калган убагы. Байкап туруп кайран шер, Жебедей учуп жеткени, Жеткен жерде Коңурду, Көмө койуп кеткени, Сыргакты көрүп казактар, Ат койушуп жетти эми. Коңурбайды көп кошун, Тегеректеп калыптыр, Кайран Сыргак Көкчөнү, Куткарып тордон алыптыр. Тордон Көкчө кутулуп, Тап бүркүттөй жутунуп, Көзү көрдү Көкчөнүн, Бара жаткан Шакурдун, Тонун тетир кумтунуп. Манастап ураан чакырып, Шакурга Көкчө жетти эми, Жеткен жерде эр Көкчө, Тоодой болгон доңузду, Көмө койуп өттү эми. Тоңкойуп Шакур жыгылды, Жер тайанып турганча, Жана Көкчө жеткени, Көк жалтыр кылыч - таш кесер, Көк шилеге бир койуп, Башын дароо кескени. Жайнап жаткан кошуунга, Таан көргөн шумкардай, Тийип Көкчө баратат, Каскаксыз найза, көк түпөк, Көмө сайып баратат, Көмө сайбай атынан, Өлтүрө сайып баратат, Коруган чилдей топтотуп. Айдап кетип баратат, Балта, кылыч,найзасын, Кызыл канга эр Көкчө, Майлап кетип баратат, Кийими бүтүн, аты чоң, Токтомдуу көзгө немесин, Тандап кетип баратат. Кылычтуусун кыйратып, Найзакерин сулатып, Чокморчусун кан кылып, Жумушун Көкчө бүтүрдү, Чогултуп баарын жан кылып. Тор салып булар Көкчөгө, Шакурдан калды айрылып, Баш кишиси жогунан, Жолунан калды тай кылып, Күүлөнүп келген Коңур да, Эрлеринен айрылып, Токтобостон жоголду, Кылчайа албай кайрылып. Сексен миң аскер түндө өлгөн, Айдап жүрүп эр Көкчө, Айнектей жарык күндө өлгөн, Так күүгүмгө жете албай, Ботала журту түгөнгөн. Бугу чыккан эр Көкчө, Бүт аскерин жандырып, Өзү алардан айрылып, Кангайдын элин күзөттү, Таң атканча бастырып. Таң атканда эр Көкчө, Азыктанып алыптыр, Кайырды жакты бет алып, Какайып жолго салыптыр. Келе жаткан Көкчөнү, Коңурбай, Нескара, Булар көрүп калыптыр. Хан Коңурбай, Нескара, Кырмусшанын Мурадил, Кечикти деп Шыпшайдар, Буларда келген жол чала, Жанында турган эрлерге, Коңурбай айтат кеп сала: — Айдаркандын Көкчөсү, Келе жатат адырда, Аңдып туруп ошону, Келтирели кабууга. Алмамбет, Чубак бириксе, Сыргак, Көкчө төрт болсо, Өчүрүп таштап кеткендей, Ар канча жалын өрт болсо. Сыргак, Чубак, Алмамбет, Катар баары шер экен, Алаштан чыккан Манаска, Ушул үчөө бел экен, Бул үчөөнөн башкасы, Караанга келген эл экен, Эми көрүп жатабыз, Көбүнөн Көкчө эр экен. Кармай алсак Көкчөнү, Сынбаса да, мен ойлойм, Бүктөлөт бели эңкейип, Кыйынсынган буруттун, Кыйкырыктуу журуттун. Макул болуп башкасы, Кеңеш кепке канышты, Келе жаткан Көкчөнү, Аңдып булар калышты. Айдаркандын Көкчөгө, Сынак болгон жер эмес, Мындайчалык кезекте, Жалгыз жүрүү эп эмес, Айагында Мурадил, Баш жагында Нескара, Ортосунда Коңурбай, Темирден курчап чеп жасап, Ортого алды ушундай. Көкала менен ойнотуп, Онбул-домбул бастырып, Топону көккө чачтырып, Мурадилден өткөндө, Коңурбайга жеткенде, Каардуу калча качырып, Мөндүлөп ураан чакырып, Чыга калып капыстан. Катуу тийди жапырып. Калчанын үнүн укканда, Алгара менен чыкканда, Кыраан Көкчө качпады, Качмак түгүл шашпады, Кыйкырып тийген Коңурдун, Кагып ийип найзасын. Алгарадан Коңурду, Аңтара салып таштады. Айкырыгы таш жарып, Ай-ааламды аңтарып, Манжунун ханы Нескара, Тору айгыр менен чапканы, Токтоло калып зор Көкчө, Кагып ийбей найзаны, Жаздыра берип кылт этпей, Жандай түшүп муштады, Манжулардын Нескара, Тору айгырдан учканы. Найзаны тартып алгыча, Мурадил жетип аңгыча, Кырааның Көкчө баатырды, Кый сүбөөдөн бир сайды. Көкала жалын кучактап. Ээрден көчүк бултайды, Үзөңгүдөн бут тайды. Жете келип Коңурбай, Как далыга бир сайды. — Жер кучактап жыгылды, Тирүү байлап алалы, Алмамбет кулду качырган, Көкчө деген ушу деп, Эсен ханга баралы. Муну айтып күйүгүп, Эки колун байлаарга, Мурадил жетти түйүлүп, Айдаркандын Көкчөсү, Асыл жандан түңүлүп, Балтасына тайанды, Ажалдын турса үстүндө, Көкчө кайдан айанды? Мурадилдин бир колун, Талкалай чаап салганы, Калды кур жеңге окшош, Мурадил колу шалактап, Алгара менен Коңурбай, Жана жетип алактап, Жөө турган Көкчөнү, Көмөлөтө сайганы, Түшө калып Нескара, Эки колун байлады;