Чубактын кыркы жаңжүндүн баласын байлап келиши
Кыргыздар колун колбутуп, Эсеп алса чогултуп, Эл башкарган калысы, Он башы менен миң башы, Түгөнүп калар жазыптыр, Өлүп жатып барысы. Кара аскерге токтобой, Атын бизден жоктобой, Ар кайсы хандын элдерин, Топ-топ кылып ошондой, Аскерди сандан өткөрдү, Тирүүлөрүн көз көрдү, Арстан Чубак, алп Төштүк - Экөө мындай өтпөдү. Алптын баары муңайды, Өңдөрү кетип кубарды. Бир киши келет жылкы айдап, Айнектей түздө чаңдатып, Тургандын баары жардашып, Дүрбүсүн салып карашып, Алп Төштүктү тааныды, Атагы алаш болгон журт, Аламан койуп жабылды, Так көтөрүп атынан, Таманын жерге тийгизбей, Алып келди баатырды. Хандар келип көрүшүп, Кол учунан өбүшүп, Кайда жүрүп келгенин, Эми калды сурашып. Айтып турду эр Төштүк, Артынан кебин чубатып: — Чалкуйрук менен кеткенмин, Эрдемсинген Мурадил, Артынан кууп жеткенмин, Будурмак тоонун адырда, Жанашып жетип каапырга, Кабылтып найза сайдырбай, Кире берди капчалга, Көрбөй калдым туманда, Күндү жайлап качканда. Карапайым киши жок, Жолдошу экен миң балбан, Мурадил кача бергенде, Жалгыз мага тап берип, Жабыла кетти ар жайдан. Миңин катар сайгамын, Аттарын айдап алгамын, Мурадилди куткарып, Ошол калды арманым,! Чубакты жоктоп ошондо, Кангырап турду зор Манас: — Эгиз козу түгөйүм, Эреним сенден айрылып, Эми кандай жүрөмүн! Биттейимен бирге өскөн, Табылган ашты бир жешкен, Жакшы-жаман иш болсо, Жашырышпай сүйлөшкөн, Каралдым Чубак сен элең, Караандап турчу мен элем. Аттанганда акжолтой, Аркамда жүрсөң сан колдой, Сен элең маа тага, Такоолум элең артымда, Тиреги элең калкымда, Найзамды кармап турчу элең, Көк жолборстой алдымда, Мен Манас калдым бейпайда, Көзүрүм чубак сен кайда?! Алып колго жаныңды, Алашка кылган кызматың, Мени салып кайгыга, Неге мынча сыздаттың? Көпкө кылган кызматың, Унутуп ичтен чыкпасмын. Карагаттай кайран көз, Сагызган чокуп ойдубу? Кардай аппак этиңе, Кажыр-кузгун кондубу? Каалгадай тишиңе, Карга чычып койдубу? Кочуштап кызыл каныңды, Калдайлар ичип тойдубу? Канатым элең учурган, Куйругум эле кондурган, Тырмагым элең алдырган, Көк мейкин зоодон бийигим, Караса көздү талдырган, Чеп элең элге кармаган, Чер элең токой кармаган, Карааным Чубак сен элең, Карааның көрсөм көз тойуп, Канган Манас мен элем, Арстан Чубак сен элең, Артымда Чубак турганда, Ааламды алам дээр элем. Аккула минип жол алып, Бейжинге кирип кол салып, Сени алып келсемби, Тирүү болсоң куткарып. Азапка салып мени сен, Арстаным Чубак кайдасың? Олуйа Кошой, зор Бакай, О, Алмамбет жан досум, Тапкыла мунун айласын! Деп ошентип эр Манас, Оозунан түтүн буркурап, Көзүнөн жалын чачылат. Чубак деп тиктеп муңайса, Азуулары качырап, Ичинен сызып зыркырап, Тиштери сынат быркырап. Анда Бакай кеп айтат: — Арстаным, уккун — деп айтат, Төгүлгөн айак толчу эмес, Кейиген менен болчу эмес, Өлүп кетсе кокустан. Тирилип кайта келчү эмес, Колго түшкөн туткунду, Кытайлар кайта берчү эмес, Калың кыргыз эл турат, Кийинки кылчу жумушка, Биз кылалы кеп-кеңеш, - Анда Алмамбет кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Улуу-кичүү он төрт хан, Ушу турган баары жан, Уруш болуп кан төккөн, Ажалы жеткен пенде өлгөн, Текөөрлөшүп жоо менен, Темир тийген эр өлгөн, Кан майданга баралы, Ой-дөңүн жакшы карайлы, Баатыр Чубак көкжалдын, Өлсө өлүгүн табалы, Олуйа Кошой, зор Бакай, Баатыр тууган Алмамбет, Эрен Төштүк, алп Агыш... Он төрт хан баары аттанып, Сандап жаткан өлүктү, Сапырып барып аңтарып, Издеген Чубак баатырды, Таба албады акыры. Олжо алса тулпарын, Өлүгү калар эле деп, Талап кытай кеткенби, Тал-тал кылып кескилеп, Үзүктөй калпак Шуутуну, Ойоң Алмаң жекирет: — Баш кишиң Чубак шер — деди, Аскер башчы сен-деди, Айтпадым беле башында, Баарыңарга мен — деди, Баш кишиңди акмалап, Байкап жүргүн такыр деп, Кулагыңдан чыгыптыр, Сага айткан акыл кеп. Тирүүбү баатыр өлдүбү, Өзүң издеп тапкын! — деп. Отуз киши котчу алып, Шууту кетти сенделип, Балапанын уйадан, Алдырган бүркүт кептенип, Караан болсо күмөндүү, Карап барат чекчейип.
Ачуудан Манас буулугуп, Токтоно албай соолугуп, Бейжинге кире барам деп, Бастырмак болду оолугуп. Азиз хандын Алмамбет, Анда айтат мындай деп: — Айкөлүм Манас, кебимди ук, Окуйа бүгүн капташты, Ойрон Чубак жоголуп, Бейжинге кире барам деп, Бастырасың оолугуп, Башыңды зордоп Бейжинге, Барышың сенин эп эмес. Кармап барса Чубакты, Келишиң, Чубак мына, деп, Чыгарып барар эл эмес. Кишинин бары санаадар, Теңинин көбү жарадар, Жер бетине кан толду, Адамдын бары дал болду, Суунун бары бузулду, Кан жыттанып айлана, Ага сасык кошулду. Чыгышты карай жылганда, Жантөш деген бир жер бар, Жазыгы көп жайылып, Чөбү ыргалат буралып. Тулпарлар калсын деп алып, Ал жерге көчүп баралык, Аз күнү сабыр кылалык, Кандай кылат Какандык, Ошону байкап туралык,. Баарыга бу сөз эп келип, Макул болуп баарысы, Бакай,Кошой - карысы, Жантөшкө келди жабылып, Жарлык кылды жалпыга, Жайдары Алмаң бышыктап, Жайыкта үнү жаңырып: — Жантөштүн жери кең эле, Жайылып жаткан туш-тушка, Тутумдаш такыр эл эле, Бирөөнө барып балан деп, Тийишпегиң дегеле. Орто Азийа элиңден, Ойноп жаткан жериңден, Ага-ини, курбалдаш, Айрылып асыл теңиңден, Түгөнбөс доомат чыр салган, Тынч жаткан элге ый салган, Коңурбайдай жоо менен, Коржоңдошуп көргөлү, Козголуп келген эл элең. “Жаныңда болсо беш теңгең, Жаңгелде болот шорпо”деп, Баштыкка салып пулуңду, Ала келдиң белендеп. Аташканы айкөлдүн, Акылман жеңем Каныкей, Жетиксиз болсоң алгын, деп, Казынасын чачтырган, Санабастан чейректеп. Көтөрүп жүрдүң ал пулду, Баштыгы менен эмгиче, Ажал жеткен эр өлдү, Карыштабай бир теңге. Өлгөндөр такыр таштады, Чачып ийбей тирүүгө. Арзанбы, кыйбат баа сүрбөй, Сатып жегин келиңе, Соодагер келет ушул эл, Баарысын сатат пул десе. Же болбосо пулуңду, Сынчыбекке бергиле, Кардың ачпайт бир күн да, Тамак дайар силерге,- Деп ошентип Алмамбет, Калган элди дүрбөтүп, Жарасы оор жатканды, Зембилге салып көтөртүп, Илегерди таптырып, Жарага дары чаптырып, Эбеп, себеп, медеттен, Ылайыктап бердирип, Кулгунасын агызды, Канчаларын сакайтып, Өчкөн отун тамызды. Качырдын өтүн табышты, Эси ооган неченин, Тирилдирип алышты, Каратып койуп Үрбүгө, Жарадарын багышты. Аскерди ээлеп Керкөкүл, Элди бура бастырбай, Адырдан, арка атып, Арсактан козгоп теке атып, Токойдон марал, бугу атып, Илбирс атып, бөрү атып, Мылтык атып, жаа тартып, Көлүнөн өрдөк, каз атып, Кыргыздар минтип жатышты, Чөлүнөн түлкү, чөө атып. Калага кирип жай алган, Кытайдын көбү жарадар, Кими калып, кими өлөт, Баатырдын бары санаадар. Эл башкарган Эсенхан, Алп Коңурбай, Нескара, Ачып көзү жумганча, Акылга келет миң санаа, Оң-тескери ойлонсо, Табылбай турат түк чаара. Муну таштай туралы, Жоголуп кеткен байагы, Чубактан кабар алалы.