← Манас 3/3

Алмамбет айтып болгончо, Айкөл кабыл алганча, Оронтуп жерге Мадаткан, Темир менен кадаткан, Туруучу дайар барабан, Алгара менен Коңурбай, Тартып өттү танаптан. Асман жарган чуу чыкты, Жер жайнаган туу чыкты, Бирден желек көтөрүп, Жүз балбаны тең чыкты, Жүгөрүдөй быжырап, Жүз отуз миң кол чыкты, Томпоңдотуп пил минип, Бешкулак деген зор чыкты. Булкунуп турган шер Манас: — Койчу, баатыр Алмамбет, Коңурбайга жеткирбей, Кармадың мени койгун деп, Тетиги келген Бешкулак, Меники, баатыр болсун,- деп. Алмамбетти чыгарбай, Барышып өзү белгилеп, Айтып турду ушул кеп. Бешкулактын беш уулу, Үч иниси - баары дөө, Баарына мунун пил кайда, Башкалары такыр жөө. Бешкулактын кийгени, Алты кабат күрөкө, Күрөөкөнүн сыртында, Бутта калдыр теминген, Көөдөнүндө чарайна, Калдыраган темирден, Башындагы туулга, Баары чойун келишкен, Куйма чойун жиги жок, Отко салып эриткен, Далыда калкан үч кабат, Бешкулак каапыр келайтат, Араң жылып пил менен. Ар бири барча бир дөбө, Аркасында сегиз дөө, Одоно мүчө олчоңдоп, Жөө басышып соксоңдоп, Көлдөгү кара куназдай, Келе жатат жокжоңдоп. Келе жатып Бешкулак, Карс дегиче бышкырды, Жолум үйдөй көк маңка, Жол бойуна былтыйды. Аркасын карап: -Сен, — деди, Жекеге чыгам мен — деди, Кайда кеттиң Коңурбай, Коркуп качкан Манасын, Көрсөтүп мага бер — деди, Алмамбетиң канаке, Боорун анын тытамын, Мага болсун жем! — деди. Коңурбай туруп кенгиреп, Эл ичинде зенгиреп, Кол менен нускап көрсөттү: — Манас - ак сур ат минген, Ак жибектен тон кийген, Сендей нечен дөөлөрдү, Кагып жерге киргизген. Сарала атчан - качкын кул, Барыны кылган мына ушул, Кушпардын уулу Борончу, Канын ичкен дагы ушул, Кангайга баштап кыргызды, Алып келген так ушул, Бүгүнкү чырдын баарысын, Салып жүргөн нак ушул! Аккула менен дыр койуп, Сыр найза колдо койкойуп, Качырып кирди эр Манас, Андай эчен дөөлөрдөн, Кайра тартпас шер Манас; Алтымыш кулач найзасын, Бешкулак келет булгалап; Айбаты артык асыл шер, Чымырканып чыйралды, Булгап салган найзаны, Улай учтан кармады, Кармай силкип калганы, Арстан Манас тартканда, Күүсү менен Бешкулак, Пил үстүнөн кулады. Тоңкойуп доңуз жыгылды, Топого башы тыгылды, Арстандыгы чын экен, Айкөл Манас шериңдин, Титиреткен кылымды. Жыгылганда Бешкулак, Туулга баштан кыйшайды, Айкөл Манас ошондо, Кулактын үстү - дыңдоокко, Айбалта менен бир салды, Башы эки бөлүндү, Көк чаар мээси көрүндү, Күркүрөгөн Бешкулак, Бул дагы тапты өлүмдү. Кылганына Коңурдун, Кыраан Манас көгөрүп, Жайнап жаткан калың кол, Алмамбет айткан терең ор, Баарын эстен чыгарып, Коңурбайдын артынан, Кууп кирди көшөрүп; Кайра качты Коңурбай, Качырышып беттешип, Кайрат кылып тура албай. Жетимиш эки калмакча, Күн жаадырчу дубаны, Жатка билчү Алмамбет, Борошо-шамал аралаш, Мантка түйгөн Алмамбет, Жарык күндү түн кылчу, Бул ааламды буй кылчу, Жаадыкөйдү калтырбай, Канык билчү Алмамбет, Касийде менен сыйкырды, Анык билчү Алмамбет, Агы менен карын, Айра билчү Алмамбет, Кол башындай түйүнчөк, Колуна алып имерип, Дубалап күндү жиберип, Булуттун баарын бурултуп, Бурганак мөндүр куйултуп, Алай-дүлөй борошо, Бөрүдөн бетер улутуп, Турган жандын баарысын, Койнун карга толтуруп, Көнөктөп сууну куйгандай, Асмандан жамгыр төгүлүп, Өркөчтөнүп ылайлап, Аккан селдер көрүнүп, Каптап кетип Сазаңды, Чанданы калды көмүлүп. Ат арытып айкөлүң, Коңурбайды таба албай, Тегерене бериптир, Кетер жолун биле албай. Коңурбай кылып амалды, (Анча-мынча жай билет) Алдына салып шамалды, Кайрылбай кетти Бейжинге, Кайнаган кытай элине, Жумурткадай мөндүрлөр, Тушарга чыкты бир демде. Булуттун баарын түрүлтүп, Ар тарапка сүрүлтүп, Койо берди Алмамбет, Аңгычакты жанына, Эр Манас келди энтелеп, Айтканы жок арстанга, Мен кылдым деп Алмамбет, Эр Манаска жылмалап, Айтып калды мындай кеп: — Кара чоктуу калчанын, Айласын көрдүң арстаным, Айлакер калча күн жайлап, Тура албай сенден качканын... Айтып сөздү бүткөнчө, Акырына жеткенче, Аркырап кыйан сел келди, Ар ар тараптан тең келди. Орто жери ойулган, Эки чети кошулган, Ойбут эле Сазаңды, Бешкулактын беш уулу, Үч кишиси - сегизин, Басып ылай жан алды. Казган ор толуп түз болду, Сазаңдагы кытайга, Унутулгус иш болду, Айкөл, Алмаң жарышып, Ажатты карай ат койду.

Күнү-түнү жол жүрүп, Ат айабай мол жүрүп, Алты күнү беш түндө, Жете келсе элдерге, Жеги айрылып боло албай, Кызыл кан кечип кырчылдап, Жүргөн экен эмгиче. Алптын баары арыптыр. Ажал жеткен эрлердин. Жаш өмүрү карыптыр, Ажаттын бойу ойдуңда, Кандай уйуп катыптыр, Жөлөнкө төштүн баарынан, Жыбылжып кандар агыптыр, Кыргыз кытай жан тосуп, Каптап келсе жолгошуп, Бирин-бири бастырбай, Жүргөн экен эки жак, Кетер жагын тордошуп, Азууларын аркайтып, Төрт айагын тартайтып, Ат өлүгү бир тоодой, Муруттарын шыпшыйтып, Ачылып оозун ырсыйтып, Эр өлүгү ар тоодой. Аралап өтүп абакең, Абакеси Бакайга, Айтып турду кеп-кеңеш: — Ардактуу, абакем, Талаада жаткан өлүктөр, Жер чөбүнөн кем эмес, Кангайдын кара коруму, Бул өлүктөн көп эмес, Эби келсе, абаке, Өзүңө айтам бир кеңеш. Барабанды кагалы, Эл түгөлдөп алалы, Кыйын болсо кытайлар, Кыргызды качты деп калар. Көрүп келдим абаке, Айкөлүм жарап керекке, Чыгып бардык бир белге, Коркунчум менин төрт эле, Ойлосом ойум өрт эле, Корккондой бири Макил дөө, Дагы бирөө Бешкулак, Арстаным келди жымсалдап. Карандай дөөдөн Борончу, Корккондун бири болуучу, Үчөөнү алдык жемирип, Тура албай калды Коңурбай, Жалгызсырап желигип. Коркунучтуу төртөөнүн, Өзү турат Коңурбай, Айласы арбын амал көп, Ар бир түрдүү иши бар, Атын айтпайм бул жерде, Жан алчу жана киши бар, Алакеңден кеп угуп, Аскерди санайт, деп угуп, Олтурган бирге канатташ, Эсенханга угузуп, Эки жактан бир кезде, Барабандар ургузуп, Эсенхан кетти Бейжинге, Сандаган элин чубуртуп. Муну мындай таштайлы, Кайран Чубак баатырдын, Кыркжаңжүндүн баласын, Байлашынан баштайлы.