Эр Алмамбет баатырың, Ылаачындай жеткени, Кыйамың келди эми деп, Чоң Ылама мергенди, Коңкойто сайып өткөнү. Айрылып аттан турган жөө, Чубак башын кескени, Чоң Ылама, дөө Жолой, Бу дүйнөдөн кеткени, Чоң Жолойдун Ачбуудан, Ыламанын Кууказык, Кангайга кирип кетишти, Чылбырын сүйрөп түз качып. Алп Төштүктү куткарып, Чалкуйрукту кармашып, Эр Алмамбет ошондо, Айкөл Манас кайда?- деп, Караанын көрсөм пайда, деп, Ай Сарала аргытып, Артынан чаңын баргытып, Алакең жөнөп калыптыр, Аркасынан артык эр, Арстан Чубак кеменгер, Бул да жөнөп алыптыр. Азиз хандын Алмамбет, Эңиш тартып кеткени, Караанын көрүп алыстан, Элесин болжоп арыштап, Ээленип алган эр Сыргак, Атын санга салыптыр. Кыз- күйөө болуп эрендер, Куйрук улаш кетиптир, Эл чогулган бир жерге, Эр Алмамбет жетиптир; Алтымыш калдай, миң балбан, Чөкөтаандай карарып, Кара аскери санаксыз, Турган экен камалып. Элдин аркы четинде, Нескаранын карааны, Элдин берки четинде, Мурадил менен Жанадил, Калмак Уушаң,,Салбаке, Күнжаңжүн жүрөт бир жерде. Алтоо камап аскерди, Коргон кылып салыптыр, Ортосунды айкөлдү, Тегеретип калыптыр. Чалмачы, торчу, жөө күлүк - Жетимиш миң дүрдүгүп, Толкуган күлдүй түрүлүп, Токтоно калып сүрдүгүп, Кайсы экенин билгисиз, Кайра келет үйүлүп. Алмамбет жетти акырып, Чубак тийди бакырып, Сыргак тийди бир четтен, Манастап ураан чакырып. Үчөөнүн үнүн укканда, Кыргыл баштап кырк арстан, Чогула келсе жапырып, Ортосунда айкөлүң, Жүргөн экен кенебей Ошончо жоону сапырып. Бүткөн бойу тарамыш, Кулетендин эр Агыш, Элге жетип анталап, Баштаптыр ал чоң чабыш- Жойкумасы колунда, Жойуп барат эр Агыш, Алдындагы ак Көкүл, Эки тизгин колунда, Чойуп барат эр Агыш, Кырын бузбай сулатып, Сойуп барат эр Агыш. Кайран Агыш талыбай, Каршы алдына келгенин, Кара жерге чаптатып, Бир кезде калды бет маңдай, Күнжаңжүнгө капташып. Агышты көрүп Күнжаңжүн, Кайда жүргөн бурут, деп, Түгөтүп кетер неме окшойт, Бүткүл элди кырып, деп, Күчүн күчкө улатып, Куу чаптар менен чуратып, Капталдан тийип Агышка, Сайып өттү сулатып, Аккөлүңдүн үстүнөн, Аңтара сайып кулатып. Агышты Сыргак көргөнү, Күркүрөгөн жаңжүндү, Көмө коңуп өткөнү; Буудан Сыргак баатырга, Нескара капыр жеткени, Телкызылдан Сыргакты, Телп эттирип өттү эми. Кыраан Алмаң акырып, Сарала менен качырып, Нескарага жеткениче, Арстан Чубак жеткени, Күнжаңдү коборбой, Башын кесип кеткени. Көктеке менен эр Чубак, Нескараны беттеди, Чыдаштык кылып тура албай, Манжулардын Нескара, Эл аралап кеткени. Жете келип Алмамбет, Агышты атка мингизип, Айалдай чапкын, баатыр деп, Адамга керек акыл деп, Атынын башын бурганы, Салдырбай боолук мойнуна, Урушуп айкөл турганы. Калың Какан аркасы, Алоокенин калчасы, Арамзаада айланын, Ичинде бар канчасы, «Калча, калча» дей бердик, Калча деген кайсы кеп, Калайык түбүн байкачы. Коңурбайдын энеси, Шооруктун болчу эжеси, Энесинин аты үчүн, Коңурбай калча дегени. “Ашыгып калды тиги, — деп, Апкаарыды теги — деп, Тик качырсам Манасты, Аңтара сайат эми — деп, Алмамбет, Сыргак, Чубагы, Кол артына кетти” — деп, Каапыр Коңур камданып, Алгара минип шаңданып, Арстан карай бет алып, Ат койуп калды чамынып, Ошол кезде айкөлгө, Калган экен алты тор, Кара бойго чалынып. Эми колго түштү деп, Буруттун иши бүттү — деп, Аты менен Манасты, Айдап алып кетем деп, Андан башка буруттун, Даты кимге жетер деп, Сорандыктын качкын кул, Айласы чындап кетер деп, Чымырканып Коңурбай, Чындап кирди бекем деп. «Мөндү, мөндү, мөндү» деп, Унчукпаган Коңурбай, «Мөндүлөп» ураан чакырып, Дегеле кыйын бакырып, Алгарага камчы уруп, Бирди урбай канча уруп, Бороон чыгып бетинен, Болуп барат бир шумдук. Мөндүлөгөн калчанын, Көргөндө ашкан айбатын, Айкөлүм турат кенебей, Бургутуп кирген калчаны, Бучкагына теңебей. — Балбандарым тарткын — деп, Мен далыдан сайайын, Жүрөктөн каны аккын –деп, Айанбай жетти Коңурбай, Аңтара сайып кетсем-деп. Кайран Манас ошондо, Кан агызып Зулпукар, Кармай калып сабынан, Тартып алды кабынан, Адам коркуп баргысыз, Учунан чыккан жалындан! Зулпукар менен кайсалап, Тору менен балбаным, Койбоду баарын талкалап; Кайра тартты Коңурбай, Качырып найза сайа албай, Кара жанын калкалап. Кайнап жаткан Каканга, Качып кирди аралап, Аркасынан арстаның, Кошо кууду чалкалап. Ажалым жетсе өлөм деп, Азабым болсо көрөм деп, Аркасынан Алмамбет, Уйулгутуп баратат, Топуракты сапырып, Бурулгутуп баратат. Алмамбетти ошондо, Нескара көрүп алыптыр, Манасына жеткизбей, Мабу кулду алам деп, Акимсинген буруттун, Башына балаа салам деп, Тору айгыр менен каргытып, Артынан чаңын баргытып, Аңдабай жөнөп калыптыр, Акбалтанын Чубагы: “Алдында кетти арстан, — деп, Артынан кетти Алма, — деп, Нескара кетти аркадан, Өткөзө пейли жаман — деп, Коңурбай менен алышып, Арстаның жүрсө салышып, Алакең калса аңкайып, Аңдып барып Нескара, Салбасын аны аңтарып” - Муну ойлонуп жөнөдү, Көктекени камчылап. Көктеке барат куйругун, Чаткайакка чапкылап, Жалгыз жүргөн Чубактан, Так токсондой чаң чыгат, Алоокенин чоң Коңур, Артык айар оңбогур, Айабай качып алыптыр, Арыбына салыптыр. Сазаңды деген бир жерде, Салынган тумшук сеңирде, Жалгыз айак жолу бар, Сексен кулач тиктеги, Казып койгон ору бар, Ал орунун жанында, Он эки калдай, жүз балбан, Жүз отуз миң черүү бар, Уруп кеткен кытайда, Кара башыл адамдын, Уругун төккөн кору бар, Ошонун баарын майтарган, Жайып койдой кайтарган, Бешкулак деген зору бар. Арамзада шум Калча: “Кача берсем бекер,- деп, Караандап менден айрылбай, Түшпөй өтүп кетер, — деп, Найзалашып кагышып, Алдап уруш салайын, Ошентип Манасты, Түшүрүп орго камайын, Карматпай жетсе кыргыздар, Таш-кезек менен толтуруп, Токтобой кетип калайын, Кыйынсынган буруттун, Түгөтөйүн амалын.”- Муну ойлонуп Коңурбай, Алгара оозун бурганы, Аңгычакты көрүндү, Алмамбеттин карааны. “Алмамбет, Манас келди, — деп, Алтын башты жеди, — деп, Качырбастан тосот — деп, Кабылганда мен жалгыз, Кантип тирүү койот? — деп, Өзүмдү орго салат, — деп, Өзөгүмдөн жарат” — деп, Белги берди Коңурбай: — Көп черүүнү каптап — деп, Өзү келген буруттун, Боорун отко какта!-деп. Барабаны кагылды, Асман-жерде жаңырды, Мааналап турган калың кол, Тегеректеп жабылды. Алмамбет жетип Манаска, Чылбырынан кармады, Кармаганга болобу, Кабылан тилди албады. Арстаныңды жетелеп, Алмамбет жүрөт жулкунуп, Койо бер десе кой бер, деп, Сакалдары эрбеңдеп, Манас жүрөт булкунуп. Ошол кезде Манаска, Алмамбеттин айтканы: — Ай, ай Манас, эр Манас, Атагың тоодой шер Манас, Өз билгендей чабуучу, Бул жер эмес кең Талас! Ачуу шайтан, акыл дос, Арстаным, акылыңа акыл кош. Мынабу турган сеңирлер, Калбыр көз тешик бүтүн жер, Өзүм казаган орум бар, Уй айлангыз жолу бар, Жайын билет Коңурбай, Тереңдиги орлордун, Сексен эки кулач бар. Ар жагында тумшуктун, Сазаңды деген жери бар, Кашка чымын өтө алгыс, Кармаган аскер чеги бар, Беттешип пенде жеңе алгыс, Бешкулак деген эри бар, Көрбөгөнмүн, уккамын, Бу каапырдан шегим бар. Бешкулактан шектенип, Каздырган орум бул эле, Бешкулактын алдында, Жүз балбан бар дечү эле, Азгаштырып Коңурбай, Алып келди бул жерге......
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.