Аңгычакты болбоду, Борончу саптан козголду, Байкаганга бадырек, Кылымда мындай жок болду. Карабуурул ат минген, Кабаттап темир тон кийген, Күүгүмдөгү устадай, Күлгүн тартып өңдөрү, Көөнүн нечен аздырат, Көзү менен көргөнү. Далысы кең, орто бой, Эки бети томтогой, Кар жиликтин булчуңу, Бышты чыкма танадай, Кулагынын көнчөгү, Үйлөп койгон чанач, ай, Эки далы ортосу, Тай чабуучу талаадай. Колдору бар буурсундай, Буттары бар устундай, Көтөрсө мурду кеңкийип, Казып койгон ыштыктай. Кирпигинде чылпагы, Балтыр бешик баладай, Эки көздүн ортосу. Дайрадагы аралдай. Сакал менен муруту, Ажаттын камыш көгүндөй, Эки көзү жаркырайт, Жайлоонун толгон көлүндөй, Аркасында турган чач, Алты арканды түргөндөй. Күмбөзчөлүк башы бар, Каманчалык кашы бар, Үнү күндөй күркүрөйт, Үнүн уккан кишинин, Сийдиги агып бүркүрөйт. Каарын салып сурданып, Колуна найза карманып,
Жан алчудай көрүнүп, Чоң Борончу элинен, Бастырып чыкты бөлүнүп, Көргөндүн баары ойлошот, Буга барып туш болгон, Кетер деп каны төгүлүп. Толкуган кыргыз элине, Какандык көзүн салыптыр, Кымызы чыгар экен деп, Калайык карап калыптыр, Хан Алмамбет ал кезде, Сарала минип алыптыр. Өнөрдүн Алмаң андеси, Алмамбеттей ар ишти, Аткара албайт пендеси. Билегинде күчү бар, Жан кубантар сөзү бар, Өлүмдөн коркпос өзү бар, Жалгыз кара бир башы, Миң кишилик иши бар, Айласы артык илегер, Албайып турган кайран шер, Асманда булут жолунда, Алаңгир жаа сур жебе, Алмакеңдин колунда, Абаң Кошой бир басып, Үстүнө кызыл тон жайып, Чыгарды элден узатып. Үстүнө жапкан тонду алып. Андан өтүп Алакең, Бакай ханга түз барып, Мөөнөт сурап бата алып: — Айланайын, Абаке, Мен Алмамбет болголу, Бейжиндиктин бектери, Беттешпей бирөө калбады, Беттешип жеңе албады, Бирок көрбөгөнмүн беттешип, Борончу деген айбанды. Сазаңшаанын баатыры- Макилдин атын уккамын, Угуп эсим чыккамын, Макилди белде жайладым, Кылычты канга майладым. Борончуну абаке, Көрбөгөнмүн, уккамын, Кызыталак кытайга, Бүгүн өзүм чыгайын, Мээрлүү жүзүң көрөргө, Мейиздеп сөзүн угарга, Насип кылсын кудайым! Муну айтып Алмамбет, Жүрүп кетти Алла деп, Турган экен Борончу, Буруттан кими келер деп, Сараланы көргөндө, Тиги Алмамбет экен деп, Борончу айтат мындай кеп: — Сен Какандан качкан качкынбы? Кулдук уруп байыңа, Бузук кул, мурун чаптыңбы?! Умачтай көзүн ачайын, Каның менен жиниңди, Каратып туруп ханыңа, Как ушул жерде чачайын! Деп ошентип Борончу, Найзасын күүлөп алыптыр, Сөзүнө сөз Алмамбет, Жобурап айтып калыптыр: — Мен Соорандык баласы, Сээрлеп кеп сүйлөгөн, Сен бир чайчы, карачы! Азыраак тойсо курсагы, Адамдын өсүп санаасы, Өөдөлөйт тура чамасы. Атаңдын аты Каспарбы? Сен албарсты, мен арстан, Кана эми, аманат жаның куткарчы! Албарсты деген сөзүнө, Ачууланып Борончу, Каары бойго жыйналып, Качырып найза урганы, Зым-зым этип зымырап, Алакең карап турганы. Борончунунун найзасы, Отуз жерден бөлүнүп, Бөлөктөрү асманда, Учуп жүрөт көрүнүп, Ал аңгыча да бирөө, Жеткирди найза өңөрүп,
Алмаңдан башка ким болсо, Кетмекчи каны төгүлүп. Өтө берип Борончу, Кылчайып артын каранып, Кыргыздан чыккан качкын кул, Калгандыр деп куланып. Ойунда минтип караса, Ойон Алмаң туруптур, Сарала менен залкайып, Ак мейкин тоодой мелтиреп, Ак карлуу тоодой заңкайат. Ачуусуна чыдабай, Киргенде жана Борончу, Анда Алмамбет муну айтат: — Каада билбес сен акмак, Каның качкан тирүү арбак, Ачууланып чабасың, Кезегим кана, ой калмак?! - Кеп кулакка кирбеди, Кара жалдуу Борончу, Найзаны шилтеп ийгени. Алмамбет өзү кеменгер, Адамдан чыккан кайран эр, Кагып ийип найзасын, Жандап өтө бергенде, Жайдары баатыр Алмаңдын, Кыйамына келгенде, Алтын кемер чети, деп, Ай далынын бети, деп, Абакең найза салыптыр. Найзанын учун тийгизбей, Куланып аттан шалк этип, Тоодой болгон Борончу, Жерге түштү далп этип. Найза тийбей бул калмак, Кандай ыргып кетти, деп, Абакең артын караса, Эбелектеп жалт этип, Кара буурул атына, Борончу минди салп этип, Өлөрүн чочко санабай, Өчөшүп жанын айабай, Күүлөп найза сундуруп, Күркүрөгөн үн чыгып, Күүсү кулак тундуруп,
Жана кирди Алмамбет, Борончуга бурулуп, Жазбай сайып найзаны, Так деген үнү угулуп. Көөдөндө соот, чарайна, Такылдайт үнү тайганда, Башыңда темир туулга, Чак дегени угулат, Балта менен салганда. Көөдөнгө найза така-так, Туулгага балта чака-чак, Айкырган үнү жаңырат, Баатырлардын бака-бак, Обону карай созулат, Жерден чыккан топурак. Топурак учуп тоз болуп, Абага чыгып боз болуп, Айбатынан кара жер, Калт эткенсип козголуп. Асман ачык, күн бүркөк, Туман түшүп алыптыр, Жаркырап жарык күн тийбей, Тунарыктап калыптыр. Найза, кылыч, балтадан, Калбады тарпы жарактан, Пендеден мындай эр кылып, Кудурет кандай жараткан? Күркүрөшкөн үнүнөн, Көпчүлүк угуп жадашкан, Алардын кылган ишинен, Айырбай көзүн карашкан, Айласы артып күч ташып, Түн кетип, сүрүп таң аткан, Менменсиген далай дөө, Аларды көрүп жадашкан, Жадагансып калбастан, Баарлык күчүн айабай, Жакалашып кармашкан. Ат үстүндө жулушуп, Соотторун булушуп, Этектен түрө кармашып, Үзөнгү боого салышып, Ажыратып кете албай, Айсарала, буурул ат- Аттары турат тайышып. Оодара тартып кете албай, Аттарынан түшүшүп, Тартканына чыдабайт, Темир сооттор үзүлүп. Айбаттанып Борончу, Атынан түшө калыптыр, Оодара тартчу немедей, Ойон Алма султанды, Кемерине алыптыр. Сараланы Алмамбет, Дем өткөрүп алсын деп, Ал дагы түшүп атынан, Борончунун кол тартпай, Кемерден алган дартынан. Бел кармашып эки эр, Нар буурадай жөөлөшүп, Көөдөндөшүп калышып, Орой кармап кемерден, Балбан колун салышып, Анткен менен дагы эле, Чама жетпей, чарк келбей, Булар турат тайышып. Ачууланып айкырып, Ураанын айтып бакырып, Бирин бири силккенде, Жолум үйдөй топурак, Обого чыгат чачылып. Буттары казып жер жыртып, Какырлуу жерлер коо болду, Тополуу жерлер ор болду, Чымдуу жерге былкылдап, Чылпылдаган суу толду. Этектерин түрүшүп, Сүзүшкөн уйдай сүрүшүп, Күнү-түнү дем албай, Так ушундай жүрүшүп, Күнү түнгө уланып, Түнү күнгө айланып, Жана тийип күн жарып, Алмамбет менен Борончу, Азыктанбай дем албай, Кайра минди бул экөө, Аттарына жармашып. Борончу турду муну айтып: — Сен Алмамбет, кулак сал,
Айтканымды угуп кал, Мен турайын безенип, Сен ургунуң кезенип, Сен тургунуң безенип, Мен урайын кезенип, Кимден ооса сыймык-бак, Бул дүйнөдөн кетелик. Кез болгону экөөбүз, Келип кетти эки түн, Түнү эки, күнү үч, Болбогон согуш мындай күч, Каканчыда туулуп, Көрүшпөпбүз жаш кезде, Кезектүү жерде болуп туш. Сакал буурул, мурут ак, Булкулдаштык ушул жак, Кеткен экен биздерден, Кайрат кылар жаш убак, Акылман кайран Алакең, Караса аны байкастап, Намысы жок бу айар, Оозу сүйлөп кажыдап, Темир боолук жанында, Чечип жатат тырмалап. Анда Алмамбет муну айтат: — Атаңдын көрү иним, ай! Жоокалатып уйалбай, Бооолук салып, тор таштап, Кармаймын деген нээтиңби? Билбей калар иш эмес, Биткор сенин пейлиңди, Намысты таштап киши алдап, Калгандыгың билинди! Деп ошентип Алмамбет, Найзаны кармап имерди, Коржоңдогон Борончу, Кош колдоп туруп чокморун, Алмаңа шилтеп жиберди. Чокморго найза кабылды, Алакеңдин найзасын, Чокморго батпай тайгылды, Алактаган Борончу, Күүлөп-күүлөп чокморун, Артына дагы кайрылды, Күркүрөгөн карыпдын,