Чоңдору бирге аралаш, Бир чатырга жатыптыр, Санаты жүз миң көп капыр, Карапайым киши жок, Ошонун баары бүт баатыр. Коркуудан мунун шеги жок, Койдой чокмор тийсе да, Козголуп койор жери жок, Адам билгис акылы, Кантип айтып сөз жетет, Какандын зору каапырды, Алп Коңурбай баатырды. Оң жагында Коңурдун, Отуз эки балбаны, Сол жагында олтурат, Жанжүнү кырк ал дагы. Кат-кагазга ээ болгон, Саны сексен мырзасы, Теспесин асып мойнуна, Кудайын катып койнуна, Дурут октоп олтурат, Түн уктабай канчасы. Улуктан бар дуудуусу, Көпчүлүктүн басылбайт, Күлкүбү, бийби, чуу-чуусу, Чытыр-мытыр доотайы, Чытырашат кытайы, Уктап кетип Коңурбай, Түш көргөнүн айталы. Асманда учкан алгыр куш, Алп Коңурга болду туш, Канаттары калдайып, Сегиз тырмак арбайып, Коңурбайды көтөрдү, Каш белине кол салып. Көтөргөндөн көтөрдү, Булуттан өйдө өткөрдү, Булуттан өткөн кездерде, Жылдызга жетер мезгилде, Үзүлүп кемер кетти эле. Хан Коңур келет калдаңдап, Канаттай чапан далбаңдап, Жерге тийсе өлбөстөн, Кантип тирүү жан калат? Кара жерге түшпөдү, Кара жерге түшкөндө, Анын иши бүткөнү, Жерге тийбей түшүндө, Тактысына түшкөнү. Куйругу тийди далп этип, Башы калды шалк этип, Алда эмне болдум деп, Ар тараптан кайгы жеп, Ачылса көзү алайып, Айлана турган карайып. Үйдөй жүрөк болкулдап, Үшүгөндөй солкулдап, Бүткөн бойу колкулдап, Арыкта суу аккандай, Күрөө тамыр балкылдап, Корккондуктун белгиси, Колу-буту калтырап, Титиреги токтордо, Толгонуп жатмак болгондо, Как тушунан Тору айгыр, Чапчыды жерди ошондо. Тыңшай түшүп элейип, Жаны жоктой селейип, Желбегей чапан жамынып, Эшикке жүрдү тенейип. Хан чыгуучу эшик бар, Как тушунда тешик бар, Көк кепичин тепейтип, Желке чачын сепейтип, Чыга калса Коңурбай, Турган экен тору айгыр, Тер агып көл-шал болуп, Кең соорусу кан болуп. Кайра кирип Коңурбай: “Бурут Манас оңдурбай, Жеткен экен жерге — деп, Келген экен элге — деп, Канын селдей агызып, Жеген экен эрди — деп, Такоолум эле Карагул, Дайынсыз өлгөн белем?!” — деп, Оң жагында тактыда, Он бир аскан коңгуроо, Түн болсо да какканда, Орчун калаа - чоң Туңша, Калбай баары угуучу, Кендемеде жан калбай, Аттанып аскер чыгуучу; Сол жагында астырган, Санаты отуз коңгуроо, Күнбү-түнбү какканда, Күнгүрөп үнү чыкканда, Түп Бейжин деп аталган, Кантунда жаткан Эсенхан, Ошондон бери угуучу, Ошондой кабар кылуучу. Шашкалаңдап Коңурбай, Оң-солуна карабай, Коңгуроосун кагыптыр, Алтымыш капка Бейжинге, Айабай кабар салыптыр, Чатырда жаткан жүз миң эр, Дүрбөп баары калыптыр, Уйкудан көзү ачылып, Алп Коңурбай ачынып, Алгарсын алдырып, Атына токум салдырып, Үпчүлүгү үч тогуз, Үпчөңдөгөн чоң доңуз, Үпчүлүгүн камынып, Үч кабат темир жамынып, Топчулугу бир тогуз, Тороңдогон чоң доңуз, Топчуланып камынып, Тогуз кабат темир тон, Тоодой Коңур жамынып, Алгарасын мойундап, Бат атарын койундап, Чоң кисесин курчанып, Басма темир чакча алып, Кылычы кында кыңгырап, Айбалта белде шыңгырап, Найзасы колдо зыңгырап, Кытайча кызыл доолбас, Чымын тийсе дыңгырап, Тоодой төрө Коңурдан, Көз тайгылат зымылдап, Манжулардын баатыры - Нескара деген каапыры, Эч бир жандан кеми жок, Ал кытмырдын акылы, Коңурга айтат мындай кеп, Жандаштырып атынын: — Ой Коңтөрө баатыр, — деп, Айалдай чапчы акыр, — деп, Алыстан келген бурут, — деп, Амалы ашкан журут, — деп, Коймочусу чыгат, — деп, Көмө сайып жыгат, — деп, Алдында барып чыга алсаң, Ааламга болор уйат кеп - Калмак уушаң бу дагы, Нескара кебин улады: — Жалгыз барууң эп эмес, Алмамбеттен башка адам, Чалгынга мурда келчү эмес, Соорандыктын Алмамбет, Оңой-олтоң эр эмес, Оңойлук менен адамга, Оморулчу бел эмес; Алмамбет жалгыз келген жок, Андан да кыйын Сыргак шок, Жанында ошол сырттан бар, Ал дагы сенден кем эмес. Аттанып алдың өзүң бар, Борончу менен Сайкалдын, Артыңа бирөөн сала бар, Андан кала бергенде, Алышып чыкчу биздер бар.... Уушаңдын кебин укканы, Одураңдап Коңурдун, Ачуу үнү чыкканы: — Сенин да түрүң түрүксүң, Алсын кытай малын деп, “Ай кап” менен жүрүпсүң, Огуздар келип жылкы алса, Кубанч кылып күлүпсүң! Кызыл чок кытай журтума, Кызмат кылып көрөйүн, Кыргыздан жетсе ажалым, Кылчайгыс жерге жөнөйүн. Кара чок Кангай журт үчүн, Кара жанын үрөйүн, Кара кыргыз бул элдин, Канын суудай төгөйүн, Алмамбет, Сыргак турмайлык. Манас, Чубак биригип, Катар төртөө келсе да, Байлап алып жөнөйүн! Мени көрсө белсенип, Бетиме чыгар ким экен, Барып байкап көрөйүн, Айтканымды кылайын, Айтканымды кылбасам, Адам болбой өлөйүн! - Жаалы чыгып жүзүнөн, Жалын чыгып көзүнөн, Тургандын баарын жапырып, Заары чыгып сөзүнөн, Салды жолго чоң Калча, Алгарасын аргытып, Артынан чаңын баргытып. Аркасынан жөнөдү, Куспардын уулу Борончу, Үнү күндөй күркүрөп, Үнүн уккан адамдын, Сийдиги агып бүркүрөп, Өнгөн жыгач чыдабайт, Шамал чыгып дүркүрөп. Алпы менен дөөлөрү, Ат көтөргүс жөөлөрү, Жүз миңге толду санаты, Жүргөн черүү карачы, Ат куйругу булкулдап, Найзалар учу жылтылдап, Асманды чүмкөп ар түрдүү, Асаба туулар кылкылдап, Агызып кетчү кептенип, Селдей болуп жер жайнап, Келе жатат артынан, Жүз миң черүү кол айдап. Муну койо туруңуз, Алмамбет менен Сыргактын, Абдан дайынын угуңуз.
Ат чалдырып Ажатта, Алмамбет калды ал жакта, Жылкыны айдап эр Сыргак, Бурулбай кетип баратса, Алдынан чыкты бир дөбө, Айнектей мейкин талаада, Алмамбет айткан дөбө, деп, Артымды карап көрөм деп, Дайынсыз кепти айтчу эмес, Даанышман Алма төрөм, деп, Телкызыл минип теминип, Каргадай жалгыз жол жүрүп, Калган Сыргак эригип, Жердин бети ачыла, Тунарыктар жазыла, Тоо бөксөлөп күн тийип, Күндүн мурду чачыла, Дөбөнүн чыгып башына, Дүрбүсүн алып ашыга, Алмамбет айткан байагы, Туңша жагын караса, Тополоң уйуп, тоз түшүп, Күн күлгүңдөп боз түшүп, Жер суйулуп кылгылдап, Найзанын учу жылтылдап, Ат куйругу былкылдап, Жердин бети жыбырап, Адамдан келет сел каптап, Аргымак аттар алкылдап, Азаматтар үстүндө, Ар кубулуп шалкылдап, Белинде кылыч, ай балта, Күн чагылып жалтылдап, Жондо мылтык жалтылдап, Доолбас үнү карсылдап. Кернейдин үнү баркылдап, Сурнайдын үнү чаңкылдап, Ак асаба көк желек, Кызыл белги кара туу, Санаты жүзчө жалпылдап; Андан бери караса, Эки караан келатат, Учкан куштай закымдап, Жетер-жетпес алды-арты, Бирин-бири такымдап, Келайтышты бөлөкчө, Ыраактабай жакындап. Анда ойлонду эр Сыргак: “Алдымдагы калдайган, Коңурбай го байкасам. Туубай туна чөгөйүн, Тумшугу жок курган жан, Бир беттешип көрөйүн, Ажалым жетсе өлөйүн, Өлбөй тирүү ким калат, А дүйнөгө жөнөйүн!” Муну ойлонуп эр Сыргак, Ойуна алып өлөрдү, Алдына тосо жөнөдү. Ойлонду Сыргак жана да, Жан айабай баратып, Акылында муну айтып: “Кечээ тал чокунун кырында, Чубактын салган чырында, Ойрон Алма баатырдын, Ошондо айткан кеби бар: Хан кыл десем кимиңди? Кааладым, келдим диниңди, Хан Манас экөөң бирикчи, Кагамын деген жиниңди. Алмамбет айткан бул кептин, Чынында кыйла эби бар, Акыл менен байкасам, Мунун ойлоно турган жери бар. Кысылса кокус Алмамбет, Кыйалын башка бурбасын, Кытайлыгын кылбасын, Мен өлсөм мейли бир башым, Тууган элим - алашым, Түркүгү болгон Манасым, Жөөсүндө каптап кетпесин, Кескилеп этин кокустан, Балакет ага жетпесин; Азыркысын Алмамбет, Айтканың кылып турайын, Кызматтан мойнун бурбайын”- Өзү менен иши жок, Кайран Сыргак муну деп, Хан Манастын камын жеп, Тай жарышым калганда, Кайра качты калдаңдап, Эки этеги далбаңдап, Эки буту салбаңдап, Кебез өтүк, кең белбоо, Кечилдин ханы Коңурбай, Байа Алмамбет айткандай, Алмамбет менден качты деп, Арбагым андан ашты деп, Акылы чындап шашты деп, Алдыда минген Алгара ат, Айабай камчы бир салат, Бөрү тилдүү өткүр курч, Найзасын күүлөп булгалап, Казыдай мойну узарып,