Ар кайсы жакка таратып, Падыша арбак Бакбурчун, Айдап жүрүп кыдыртты, Алардын көбүн кырылтты! Аркы атабыз Сылаба, Сылаба салган шаар экен, Эсирген киши эл экен, Сыртынан тумша дээр экен, Энчисине Алмамбет, Небак алган жер экен, Маңмаң калаа башка туу, Ваң базары дейт экен. Көлдөрүмдүн туурасы, Атсаң жетпейт алма баш, Агып кирет ага суу, Аз дегенде алты таш, Көргөн жерде Алмаңдын, Көзүнө агат кандуу жаш, Барар болсом бир жакка, Жүз миң аскер жолумда, Туткалыгы сары алтын, Баашалык такта колумда; Асылдан килем салчу эле, Ал килемдин үстүнө, Олтургузуп алчу эле, Колмо-колдоп көтөрүп, Он күндүк жолго бир күндө, Алып кетип калчу эле; Улуктук эмей неткеним, Ойлочу Сыргак сырттаным, Он күндүк жолго бир күндө, Ойноп-күлүп жеткеним? Улуу шаар көчөдөн, Урган таштай өткөргөн, Учкан куштай көтөргөн, Уругуң Туңша болгон жер, Дөөлөткө Алмаң толгон жер; Аз да болсо алты атам, Акимдик кылып турган жер, Ар ишке мойун сунган жер; Киндик каным тамган жер, Кишиликке жанган жер, Жеке жалгыз мен эмес, Жети атам өткөн курган жер, Ушул бүгүн мен барсам, Кайдан келген урган дээр! Бактарым жатат кыйылып, Бакчам жатат жыйылып, Баш көтөргөн журтумдун, Баарысы кетти кырылып, Баары кудай иш экен, Бүгүн жүрөм мен минтип, Алаштын элин кыдырып, Жараткан акка сыйынып, Гүл багым кыйрап ор болуп, Күкүртүм эрип шор болуп, Күйөөрүм куурап кор болуп, Күндөшүм дуулап зор болуп, Турганына ардыгам, Ушул бүгүн Бейжинде, Коңурбай менен Мурадил - Эки чочко чоң болуп! Жалтырап суусу көрүнгөн, Көлдү көрсөм Бейжинден, Атып алган байагы, Куу өрдөктүн көлү ошол; Жылтырап чөбү көрүнгөн, Чөлдү көрсөң Бейжинден, Жолдон атып биз келген, Байагы шум түлкүнүн чөлү ошол. Айрымачтай ач кайкы, Белди көрсөң Бейжинден, Айбандан башка амалдуу, Ак кулжанын бели ошол. Байкадыңбы эр Сыргак, Баса элек тарткан ач белес? Ал чет Бейжиндин кайкысы, Ошончо журттун бир чети, Мусулман болуп калбаган, Мен Алмамбет шордуунун, Таалайымдын тайкысы. Эмгегим арбып ушундан, Капа басып, муң басып, Мен кайгы тартып олтурам, Калкым менен болгондо, Калдаңдаган Чубактын, Кан жутар кебин неге угам?! Жүр эмесе баатыр — деп, Алдыда жумуш жатыр — деп, Тура берсек бул жерде, Кеп көбөйөт акыр — деп, Алмамбет атта болкойуп, Арстан Сыргак зоңкойуп, Аргымактар желигип, Ала качып айт койуп, Мойнун толгоп ойношуп, Койондон бетер булт койуп, Жарыша кетип баратып, Токтоно калып Алмамбет, Найзасын сайып бир жерге, Жана айтат мындай деп: — Он сегизде жашымда, Бейжинден качтым башында, Энекем менен кырк бала, Кошо келет алдымда, Алоокенин Коңтөрө, Алмамбет качты тоскун, деп, Кабар кылган алдында. Кытайлардын буудан көк, Тоскон черүү кумдан көп, Кырккүрөң деген аты бар, Буданчаң деген капыр ал, Тоскон экен жолуман, Шашкандыктын белгиси, Алтын найлуу жез канжа, Түшүп кеткен оозуман, Өлбөсөм бир күн келем деп, Кеттим эле элеңдеп, Сыргагым, түшүп бул жердин, Чөбүн кайрып ачкын — деп, Ошондогу канжамды, Эринбей ала баскын — деп, Тура калды Алмамбет; Түшө калган Сыргактын, Ойуна кетти далай кеп, “Орнотуп койгон белги жок, Канжаны түшүп алгын деп, Бул айтканы кандай кеп?” Колун салып караса, Шибер жайкап калыптыр, Найын жара ат басып, Коломсодой чоң канжа, Жаткан экен дат басып. Чоң канжаны эр Сыргак, Колдойтуп сууруп алыптыр, Аттуу турган Алмаңа, Кош колдоп сунуп калыптыр. Күлүңдөп айтты Алмамбет: — Олжоңо баатыр, алгын – деп, Колуна алып эр Сыргак, Датын аарчып чебердеп, Карап көрүп бекемдеп, Карапайым киши эмес, Ханга ылайык экен, деп, Канжаны кармап колуна, Ойуна түштү ушул кеп: “Ханым, ханым дечү эле, Хандыгы жалган дечү элек, Бекмин, бекмин дечү эле, Бектиги жалган дечү элек; Хандыгы мунун чын экен, Мына бу турган канжасы, Ар канжа арзан болсо да, Алтымыш жамбы куну экен; Анык чынын айтканда, Айтканынча бар экен, Ашкере алам хан экен”. Алмамбет, Сыргак жанашып, Аттанып жүрүп баратып, Арстан туулган Алмаңдын, Айткан кеби мына бу, Эр Сыргакка каратып: — Кырчындуунун кырынан, Аттанып жолго чыккандан, Күндүзү бүркөк, түн ачык, Алмамбет жайы дедирип, Ала канчык шыпырган, Кетирбей булут байладым, Жаадырып күндү жайладым. Тоолорго толук кыш болду, Жакага жалтыр муз тоңду, Түздөтүп айдап качырып, Коңурбайдын жылкысын, Алмамбеттин кең арал, Алып келип жык толду. Бурулбастан баралы, Буруудан жылкы алалы, Тосуп жүргөн эр болсо, Толгон черүү сел болсо, Токтоосуз уруш салалы, Тил сүйлөбөс, кеп укпас, Эсиңде болсун байагы. Шыпта кечүү ташкечүү - Алмамабет билген маш кечүү, Ажаттын кара суусу дейт, Азуулуу айбан-мал кечпейт, Кылган кытай өнөрдү, Кесерден сууну келтирип, Үстүнөн көзгө көргөзбөй, Алдынан жерге тийгизбей, Кытайдан башка кишиге, Бары-жогун билгизбей, Кадам-кадам секиртме, Кээ бир жери чулп этме, Машыккан жылкы кечпесе, Башка жылкы кече албас, Каргышка кеткен ташкечүү, Манттуу иши бар эле. Үстү далдаа алды бек, Эки жагы дагы бек, Кээде тайыз кээде көл, Андан коркпо баатыр — деп, Алмамбет келип кечүүгө, Жайын айтып билгизип, Кечип чыкты ажаттан, Тердигин сууга тийгизип. Мына ушинтип эки эрен, Суудан кечип алганы, Жайнап жаткан жылкынын, Четине келип калганы, Жылкынын байкап караса, Кызыл сур менен кара сур, Андан башка өңдүү жок, Айагы жүз, алды миң, Жаткан экен нечен топ. — Тамгасы калмак тамгасы, Кечилдин ханы Коңурбай, Анын малы турбайбы, Жылдырып жылкы айдайлы, Жергеде калган кыргызга, Жеткирип Коңур жылкысын, Жылчыксыз көөнүн жайлайлы, - Кобурашып өзүнчө, Берендер келе жатканда, Түндүкчүнүн Тору айгыр, Түмөндөн чыккан зор айгыр, Минип алып кампайтып, Каталдын уулу Карагул, Алдынан чыга калганы, Айардын бири мына бу, Алмамбеттен шектенип, Айтып турган сөзү бул: — Жаадай сары ат минген, Жал куйругун чарт түйгөн, Жагалданган эр жигит, Кайдан келдиң сен жигит?- Калмагынча калдырап, Кытайынча кыжырап, Токтобостон сайраган, Торгойдон бетер быжырап, Кадимтен тааныш кептенип, Хан Алмаң барат чукулдап: — Бурут кайда, эл кайда? Мындайчылык кезекте, Урут келер жер кайда? Чантууда Манас кыйын дейт, Кармашкан эрлер чымын дейт, Кебез тоочо козголбой, Келтирбейт тек ыгын дейт, Ар канча кыйын болсо да, Сапырып айылын чаң кылып, Салгылашар бул ирээт. Өзүм кытай уругу, Бир тайпанын улугу, Тору айгырчан сен жигит, Дайнымды уксаң мына ушу - Эр Алмамбет нээтинде, Илгерилеп барсам, деп, Жеткидей болсом тап берип, Чылбырынан алсам, деп, Мелжемдүү жылкы-тору айгыр, Аккула жок жөө жаткан, Айкөлгө алып барсам, деп, Жайынча сүйлөп туйдурбай, Жакындап келет Алмамбет. Карагул анда кеп айтат, Кеп айтканда шек айтат: — Бойоодой сары ат минген, Бойуна темир бүт кийген, Жапылдаган сен жигит, Жакындабай тур жигит. Сундуруп найза тартпаган, Сумсайып жоодон качпаган, Катылышкан адамды, Кара жерге чаптаган; Эти арык кагалес, Өткөрө өзү чабандес, Санды көрсө көп дебес, Шашып жүрөк калп дебес, Ажыдаардай түрдөнгөн, Жаалысы келип акырса, Жан алуучу үндөнгөн; Кишиге сырын айтпаган, Өлүмдөн башын тартпаган, Миңди көрсө шашпаган, Билген ишин баштаган, Алп мүчөлүү шаңданган, Көрүп сага таң калам, Эл ичинде дуулаган, Эмес дейсиң жай арстан, Жаныңда турган жигиттин, Жайын байкап мен билдим, Мингени кызыл көк экен, Кызыл түктүү пил экен, Кырк күн чапса чалдырбай, Чаалыкпастыктын бири экен, Алтымыш күн жол жүрсө, Талыкпастын бири экен, Ээси менен аты окшош, Келишип калган тиги экен, Момоороп өзгө кылтыйат, Мунуңду айтчы ким экен? - Анда Алмамбет мындай дейт:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.