Алдымда бар беш катын. Баштап аны койбоймун, Мусулман болгон бүт азыр, - Энемдин угуп бул кебин, Кеңдемеде аттардан, Алтыны алып келгемин, Мени менен жети жан, Атка мине камынып, Бастырып чыга бергенде, Кент коңгуроо кагылып, Кеңдемеде көп аскер, Туш-туштан чыкты жабылып, Көк түпөк кызыл найзамды, Көп кытайга мылгыттым, Көчөдөгү душманды, Көгүчкөндөй ыргыттым, Сулаттым султандарыны, Сумсайттым аскер баарыны, Суудай төгүп каныны. Кереметтүү зор калча, Келгенимди билиптир, Кетеримди билиптир, Шамдай болгон кырк бала, Жол тостуруп койуптур, Маңдай-тескей карашып, Булар көчө болуптур. Кырк баланы көргөндө, Кара бойум экчедим, Качырган бойдон жеткемин. Качырып кирип барганда, Баарысы турду чуркурап, Бөлүндү балдар чыркырап: — Төрөбүзсүң Алмамбет, Төгүн эмес айткан кеп, Таштабай бизди ала кет, Жаныбызсың Алмамбет, Калпыбыз эмес айткан кеп, Каканга койбой ала кет, Аркаңа бизди сала кет, - Анда туруп мен айттым: — “Келме” айтсаң келгиле, Кетели бирге жүргүлө, - Айтканга тили келбеди, “Лала, лала” дегенин, Жүрүгүлө дегемин, Жүрүп кете бергемин, Алты күн жүрүп арада, Туңша калаа бергемин. Алоокенин чоң Коңур, Каспаңда жаткан оңбогур, Билбепмин кабар бергенин. Кытайлардын Буудан көк, Болгон аскер кумдан көп, Кырккүрөң деген аты бар, Буудаңчаң деген капыр ал, Чалкалаган чоң капыр, Тосуп чыкты жолуман. Башымдагы туулга, Казандай кара темирден, Кара бойу кем эмес, Кара тоонун сеңирден, Баса мени жыгылса, Кыймылдаткыс көрүнгөн. Найзамды кармап ыргадым, Денеме күчүм жыйнадым, Жыйнаган бойдон жеткемин, Кырккүрөң аттын үстүнөн, Чалкалаган капырды, Каңтара сайып кеткемин, Эркин жүргөн Алмамбет, Бу эрдигим эмей неткеним? Эсирген Чубак, саа айтам, Бу ээн талаада кептерим! Кырккүрөң аттан жыгылды, Кемерге башы тыгылды, Буудаңчаңды сайган, деп, Бооруна найза малган, деп, Кылым кытай журтума, Кылганым менин угулду, Кумдай болгон көп аскер, Кылчаңдабай куйулду, Кыны кызыл, сабы алтын, Кылычын Алмаң сууруду. Арбын жерин аскердин, Аралап кирди талкалап, Албарс менен кайсалап. Касташып келген капырлар, Соо чыкпады колумдан, Кытайлардын өлүгү, Кем болгон жок дегеле, Кырдагы кара корумдан, Кызыл кан кечип кытайдан, Кыргызга келген мааналап, Чубак кул, маңдайдагы шорум ал! Тосуп бирөө чыккан жок, Курган менин жолуман, Кырк миңден бири калган жок, Тирүү кетип колуман. Жан жагыма карасам, Жанымда киши калбаптыр, Ат айабай жол тартып, Токтоно албай кылчайып, Күн батыш карай бет алып, Келип калды бир жерге, Салынган тумшук тар жерге. Чыга калсам сеңирден, Бойу тоодой керилген, Бели кындай кең белбоо, Кебез өтүк Кендирбай, Аркасында айдары, Тору айгырдын жалындай, Көзү көлдүн буткулдай, Көрүнгөнү жуткундай, Жанказандай башы бар, Жаткан иттей кашы бар, Сакалы саадак кабындай, Жакшы чыккан муруту, Чоң балтанын сабындай, Салкыны сырттын желиндей, Сайышаарга жоо болсо, Чоңдугу төөнүн нарындай, Толкуну көлдүн шарындай, Жумуру баш айры төш, Пендеде мындай табылбай, Алгара минип болкойуп, Темирден найза койкойуп, Барча тоодой зоңкойуп, Турган экен жамынып, Көзүнөн жалын чагылып. Анын арка жагында. Манжулардын Нескара, Беттешип калса пендеге, Табылбас ага эч даба, Кулач кез мойну узарып, Өпкөдөй бети бышарып, Өрттөй көзү кызарып, Көн кисеси шалпылдап, Чоң кылыч белде жаркылдап. Анын ары жагында, Каркап кырк миң кол баккан, Кагышканда кан аккан, Кырмусшаанын Мурадил, Кызыл жээрде ат минген, Кыл куйругун чарт түйгөн, Кароолчу эле бир чети, Ханга ылайык келбети, Турган экен бул айбан. Анын ары жагында, Калмактардын Уушаңы, Жердин бетин тордогон, Жайылган мунун тузагы, Калмактардын тунугу, Келип турган бу дагы. Анын ары жагында, Каткалаңдын Сайкалы, Качып барып кыргыздан, Каранды болгон калмакка, Мунун кайсынысын айталы! Бейжиндин эли беш урук, Беш уруктун чоңунан, Чыкпады Жолой жолугуп, Калганы келген чогулуп, Кайра тартар чама жок, Кутулар анда арга жок, Кара жанга күч келди, Кимдер баатыр, ким коркок, Сынала турган кез келди. Найзаны кармап кезендим, Алачыктай Коңурдан, Айырбай көзүн тиктедим, Кыл жейрен оозун бурбастан, Качырган бойдон жеткемин, Найза менен бир муштап, Алгаранын үстүнөн, Аңтара сайып өткөмүн, Аңгычакты болбоду, Жазайыл мылтык, жаа тартты, Дүңгүрөтүп топ атты, Очогор менен ок атты, Үнү кулак тундурган, Замбирегин кошо атты. Не болгонун билбедим, Көөнүм айнып кирдедим, Көзүм ачып карасам, Жети кабат кене тор, Ортосунда экенмин. Атым менен оролуп, Калыптырмын тордолуп, Кайнаган аскер, калың кол, Баштаган Коңур зор болуп, Турган экен эр жайнап, Камалып анда калыпмын, Кайран жанда шор кайнап. Тордогон бойдон чогулуп, Айдап алып жөнөдү, Жандоочу деген сепилге, Барганын көзүм көрбөдү, Хан туруп качкан караан, деп, Калкынан безген арам, деп, Аты менен өлсүн, деп, Ачка кордук көрсүн, деп, Кырк кулач бойу сепилге, Атым менен таштады, Азапты минтип баштады. Э дээрге эсим жыйбадым, Эки күнү ыйладым, Күн үчүнө жеткенде, Эсимди кайта жыйгамын. Ыйлай берсем бул жерге, Ыйым өтпөйт бул элге, Күч-кубатым кетирип, Не ыйлайм бекерче? Жараткан кудай сен дедим, Жалбарган пендем мен дедим, Мурунку өткөн эрлерди, Кулагым уккан кептерди, Ойума алып эстедим. Өткөндөргө жалындым, Пайгамбарга баш урдум, Ошентип жатып шай кетип, Бир убакта көз жумдум. Ат үстүндө шалк этип, Уктап кетип түш көрдүм, Бир шумдуктуу иш көрдүм: Анттуу досум эр Көкчө, Көкала тулпар, көк күбө, Көрүндү көзгө бөлөкчө, Аккула минип болтойуп, Айкөл шер турган зоңкойуп, Келген экен экөө деп, Көзүмдү ачсам булар жок, Жандоочу турат томсоруп. Бар кубатым жыйнадым, Шааймардан деп туйладым, Жети кабат кенеп тор, Чалды-барча кылгамын, Тордон чыксам кутулуп, Анда кайдан турамын? Бир бакса салып өндүргөн, Бир аттатып көндүргөн, Эки бакса өндүргөн, Эки аттатып көндүргөн, Алтымыш бакса дубалдан, Аттантып аны үйрөткөн, Жаныбарым Кылжейрен, Кыйа тартып чуу десем, Жандоочу деген сепилден, Кыл тийгизбей секирген. Жандоочу сепилден, Токтобостон кеткемин, Тогуз күн болот дегенде, Туңша калаа жеткемин, Түгөнгөн Туңша жери түз, Кырк миң кытай кырылган, Жерге келип болдум туш. Жер жарымын жездедим, Энемдин сөөгүн издедим, Келе жатсам бир жерде, Ак кулжадай маңкайып, Ак кочкордой даңкайып, Кутбаны туура баштанып, Кыбыланы бетке алып, Жаткан экен энекем, - Баа жеткис менин берекем, Энемдин сөөгүн көргөндө, Оң бөйрөгүм тайанып, Оодарылып бүк түштүм, Олуйам энем деп түштүм; Сол бөйрөгүн тайанып, Солкулдап ыйлап бүк түштүм, Солтонум энем деп түштүм. Башымды өйдө кылбадым, Боздогон үнүм тыйбадым. Күн убагы болгондо, Эсимди араң жыйгамын. Ыйлай берсем бул жерде, Эс-акылым кетер деп, Кой дээрге киши жок, Ыйлаганым бекер деп, Ойума түшүп ушул кеп, Буйрук ушул шүк дедим, Алдымдагы тулпарга, Апамдын сөөгүн жүктөдүм. Капчыгайды өрдөдүм, Атымды минбей жетелеп, Он сегиз күн жөө жүрдүм. Ошентип жүрүп сенделип, Белге чыгып келгемин, Пейлиңди салып бекем ук, Бекзат Чубак - береним! Акыл-насаат кеп айтам, Агайын болгон кырк жигит, Айрыкча Чубак сени айтам, Мен атадан безген бир кулмун, Акбалтанын Чубагы, Аңкылдаба деп айтам! Эстесең насаат кеп айтам, Эркин өскөн элге айтам, Элимден безген бир кулмун, Эсирбе, Чубак, деп айтам, Эмгегим мынча болбосо, Элге муну не айтам, Эчен жол тарттым эмгекти, Эсирдиң Чубак не үчүн? Эр Көкчөдөн айрылдым, Алтымыштын жини үчүн, Эненин сүтүн эмишкен, Айрыла берем Манастан, Эсирген Чубак сен үчүн! - Көзүнүн жашы он талаа, Алмамбетти караса, Тура калып ордунан, Жолум үйдөй кара таш, Эки колдоп аңтарса, Учу жерге мадалган, Сабы өйдө караган, Шамшар турат ал жайда. Сууруп алып шамшарды, Анда Алмамбет муну айтты: — Энемдин сөөгүн жашырган, Мына ушул жер эле, Шамшарын сайып башына, Аманат койгом туу белге, Алакан жайып кол ачып, Келдиң бул жерге, — деп, Шамшарын байлап белине, Ташты койуп жерине: — Кош эмесе арстаным, Бастырайын, — деди эле. Кыймыл этпей былк этпей, Арстан баатыр Манаска, Кайран Чубак ошондо, Астыртан айтты шыбырын: — Аткарбай кармай көргүн, — деп, Алмамбеттин чылбырын,- Арстан Манас кабылан, Эр Алмамбет баатырды, Кармай алды чылбырдан. Аттанган бойдон кете албай, Же Манастан кече албай, Алмамбет турду арада, Арстан эрден өтө албай. Ошондо Манас кеп айтат, Кеп айтканда эп айтат: — Ой, Алмамбет, жан досум, Өзүң жалгыз зордойсуң, Өзгөнүн баарын кордойсуң, Башың жалгыз зордойсуң, Башка элдин баарын кордойсуң, Антип жүрсөң болбойсуң, Акыры бир күн оңбойсуң. Тороңдойсуң эки шер, Тооксуз да таң аткан, Эрегишер ар убак, Эминең бар талашкан? Күрпүлдөгөн бир далай, Көрдүңбү күнөө Манастан? Жеткилең ойлон Алмамбет, Жетпеди залал кыргыздан, Керек болсо арналуу, Сага биздин кара жан, - Деп айкөл Манас айтканда, Жеткенсип башы асманга, Каарлуу Алмаң жарк этип, Күн тийгендей балк этип, Кылгыртып жашын кирпиктен, Күлө сүйлөп шанк этип, Сараланын үстүнөн, Ыргып түштү талп этип: — Куйу менен Чубактын, Куйундаган чунактын, Жемеңизге калдың, — деп, Жеңил баа болуп алдым, — деп, Кечиресиң айкөлүм, Жоголдук кылып салдым, — деп, Этек-жеңи делбеңдеп, Алмамбет турду элпеңдеп, Анда Манас турабы, Атынан ал да кулады, Атырылткан байагы, Ачуусу анын тарады, Уйалгансып эр Чубак, Чукулап жерди карады..... Чырды булар бүт таштап, Манас айтты сөз баштап: — Байатан айткан Бейжиндин, Байанын уктум жериңин, Кыйын уктум кабарын, Кытай деген элиңин. Мурунтан айтсаң элиңди, Баштатан айтсаң жериңди, Бирге барып чалгынга, Толтурбайт белем кемиңди, - Анда Алмамбет кеп айтат: — Абалтан айтсаң арзыңды, Мурунтан айтсаң дартыңды, Алпарбайт белем чалгынга, Мине келсең атыңды, - Манас анда муну айтат: — Кул пендеге ар качан, Кудай салат ажалды, Кудай салган ажалдан, Куу Коңурбай тажаалдан, Аккула ат айрып калабы? Ажысына ар убак, Алла салат ажалды, Алла салган ажалдан, Ал Коңурбай тажаалдан, Аккула айыра калабы? Алладан ажал чын жетсе, Баштан сыймык бак кетсе, Очогор огу кечпейби, Мага окшогон ойонуң, Булут минип жүрсө да, Оодарылып кетпейби, Оо дүйнөгө жетпейби, Аллам берсем сыймыкты, Алдымдагы Айманбоз, Канат жасап учпайбы, Кашымдагы эр Сыргак, Кашкайган сулуу куштайбы, - Алмамбет баатыр ичинде, Кудай бардыр Чубак, дейт, Куйундаган чунак, дейт, Аккуланын жогунан, Арстан эрден кайгы жейт. Ал анткени Айманбоз, Кең сооруда майы жок, Кез-кездеп душман качырса, Кенен чуркап шайы жок, Өзү чабал-алы жок. Кыр арка биздин Алмамбет, Байкап баарын көрөдү, Бабырашып төрт баатыр, Бастырып жолго жөнөдү, Мунун мындай таштайлы, Чалгынчылар жетишкен, Ийгиликтен баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.