Катыма мөөр басканы, Жерди карай эңкейди, Мага мындай ой келди: “Мага тигил шамшарын, Кармады, көрүп бербеди, Же купуйа бардыбы, Касиеттүү бир жери?” Эптүүлүк менен билгизбей, Мага берген шамшарын, Ордуна асып таштадым, Илип койгон шамшарын, Мен белиме аскамын, Билбей калды Жүйрүн дөө, Катты салып чөнтөккө, Шаарымды карай баскамын. Чоң Бейсендин тумшукта, Салынып келген урчукта, Сары деңиз үстүндө, Сыр көпүрө келгемин, Көпүрөнүн үстүндө, Мен Куранды көргөмүн. Мурунку тарткан чоң Куран, Пайгамбардан калыптыр, Кийинки тарткан кураны, Кытайлар тартып салыптыр. Куранды барып карасам, Алмадай кылып бейишти, Жети тозок-кейишти, Көрсөтүп айкын жайыптыр. Бейиш жакшы жай экен, Ал бейиштин ичинде, Мусулман адам бар экен; Тозок жаман жай экен, Көрүнгөн ал тозокту, Түгөл капыр бар экен. Тозоктун оту каар экен, Ичкен ашы заар экен. Бейиш менен тозоктун, Баарын көрүп көз менен, Ойума кетти бир күмөн: Бек болуп минтип жүргөнчө, Бекер дооран сүргөнчө, Куру калып бейиштен, Куурулуп отко күйгөнчө, Мусулман жакшы белем деп.
Туңшага жакын келгенде, Каттоочу кабар бергенде, Сошойа келет бекен? деп, Алдынан тоссок экен, деп Жаңжүндөн кыркы чогулуп, Алтымыш амбал жам кылып, Алтындан соккон араба, Амбалдардын мойнунда, Алдыма көпчүк салдырып, Бар керегин так кылып, Күтүнгөн экен кам кылып. Аттан сүйөп алышты, Жөө көтөрүп амбалдар, Туңша калаа барышты, Чоң калаага барганда, Асылдан килем салышты. Ал килемдин үстүнө, Олтургузуп алышты, Колмо-колдоп көтөрүп, Алып кетип калышты. Сошойа келип калды, деп, Атама кабар салышты, Атанын кылып урматын, Алдына Алмаң барышты. Ноокасы жок сак экен, Жибербей койот аны, деп, Кат жазган жайы ал экен, Алтымыш жаңжүн бар эле, Ар бири тоодой зал эле, Кыркы турат, жыйырма жок, Акылымды курадым, Кай кеткенин сурадым. Бар жумушун бүтүргөн, Катчысы бар атамдын, Ошол катчы айткан кеп: Алооке калдай чоң уулу - Коңурбай келип Кангайдан, Эсен хандын алдына, Токсон төөгө зар арткан, Топ-топ тулпар ат алган, Буруттан Манас чыкты, деп, Даңзага атын жаздырып, Азийанын батышын, Бурут ээлеп алды, деп, Кангайдын жери калмакка, Тарлык кылып калды, деп, Жер сурап келдим сизге, деп, Жардам бериң бизге, деп, Түндүктө жыйырма жаңжүндү, Коңур сурап алган, деп. Бул кабарды укканда, Жүрөгүмдө кызыл чок, Ичим болду жанган от. Уктабай таңды аткардым, Ой менен купкуу саргайдым, Сапырылып самандай, Өлүп кетет тас калдым. Таң агарып атканда, Талаага шоола чачканда, Кыл жейрен атты алгамын, Үстүнө токум салгамын, Туңша калаа баргамын. Тамактын даамын татканда, Ой-тоонун баарын аралап, Жеримди койбой чардадым, Туңшада жүрөт көчөөдө, Шайандагы байларым, Шайанда кытай байлары, Айак жарды дегени, Миңден жылкы айдады, Шаарга айдап таштаптыр, Араласам аларды, Мал көбөйткөн жайларын. Баарысын калмак алганы. Эл аралап, жер чардап, Келе жатсам далдаңдап, Учурап калды бир жигит, Минген тору аты бар, Алп мүчөлүү салты бар. Анын дайынын сурадым. Сураганда ал айтты: — Карагул атым, — деп айтты, Алооке, Катал бир тууган, Алоокенин Коңурбай, Мен Каталдын баласы, Токсон сан жылкы тоодо бар, Башчысы болом, карачы. Эсен хан берип биздерге, Жаңыдан келдик бул жерге, Өтө жакшы жер экен, Жылкы арбып төлдөргө, Байлар жатса эң сонун, Малын айдап төр-төрдө.... Ачуум келип чыдабай: — Коңурбайың кайда?! — деп, Сурап ийдим тура албай. Кезенгеним билбеди, Кеп жашырып жүрбөдү: — Аркы бети кургак төр, Ошол жерде Коңтөрө, Издесең барып ошондон көр, - Коңурдун угуп кабарын, Кантип чыдап турамын? Ач белди ашып баргамын, Эңкейгенде көргөмүн, Көп чатырдын караанын. Жакын барсам чатырга, Байлоодо турган бир ат бар, Айран калдым кара атка, Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, Бир имерип карашка. Алтын ээр калмакча, Алты артайыл тартылган, Төрт айактуу айбандан, Сөөлөтү башка артылган, Арманым бар эмгиче, Ажыратпай атынан! Аста эмес бакыргам, Атынан айтып чакыргам, Көрмөк түгүл Коңурду, Атын мурда укпагам, Алактаган бир адам, Чыга калды чатырдан. Узун бойлуу кара сур, Кан ичменин бири бул, Аңылдаган Чубак кул, Азапты тарттым канчалык, Абыдан муну угуп тур! Чыкканча минди кара атка, Түз багар киши көрүнбөйт, Байкасам бул капырга. — Атуу туруп качырган, Ой, азамат, атың ким? Бар белең мага бир кебиң? — Атымды уксаң Сололу, Элдер айтат Сошайа, Атың сенин ким? — дедим. — Атамдын аты Алооке, Калдайлык менсеп бул күндө, Өзүмдүн атым Коңурбай, Төрөлүк кылам көп элге, - Атым Коңур дегенде, Ачуума мен чыдабай, Катуу айтым ал жерде: — Алты атадан бер жакка, Ата конуш жер болуп, Энчиге тийген биздерге, Не келесиң бул жерге?! Анда Коңур кеп айтты, Кеп айтканда бек айтты: — Айтканың угар кишиң жок, Сени менен ишим жок, Жерди берген Эсен хан, Кете бергин топоңдоп! - Башын булгай сүйлөсө, Түрү башка кокоңдоп, Катуу тийди бу кеби - Кет дегени топоңдоп. Айал кылып турбадым, Көк түпөк кызыл найзамды, Так көтөрүп ыргадым. Алоокенин Коңурбай, Каарданды, карарды, Ал да найза кармады, Анчалык найза алган мен, Айанып туруп аламын? Калбаны катуу баштадым, Жеткен жерде Коңурдун, Найзасын кагып таштадым, Имергенде өкчөдүм, Алгаранын үстүнөн, Аңтара сайып өткөмүн, Тап этинде Кылжейрен, Алгара менен койгулап, Көрүп калдым караанын, Кетип бара жатканын. Жер түбүнө кирсең да, Жетпей саа калбайм деп, Кылжейрен менен сабадым, Жеткирбеди Алгара, Кээде көрөм караанын, Кээде көрбөй каламын. Коңурбай кылбай туруштук, Эки күнү кууштук, Аралап кирди ал капыр, Кантундун кенен калаасын, Ошондо билдим Коңурдун, Эсен ханга барарын. Хан ордосу дарбаза, Аттуу кирип баргамын, Хан сарайдын оозунан, Бир кыздын көрдүм караанын, Он эки-он үч жаштарда, Нуру окшобойт башкага, Торой басып алдымды, Нишарат менен чакырды: — Айтаарым бар мен сага, Тура турчу аз гана, Өчөшүп келген кейпиң бар, Алп Коңурбай калчага, Алп Коңурбай тууралуу, Айтканың өтпөйт атама. Сүрөтүң көрүп башында, Бир көрсөм деп жүргөмүн, Сүйлөшүп сага тил албай, Сүрөтүңдөн сүйгөмүн. Эрегишип калчага, Эп көрсөң кебин атамдын, Сен үстүнө кирбегин, Кирип калсаң тил албай, Арызын айт, ишиң айт, Ачуусуна тийбегин. Үйгө кирбей турайын, Көп кечикпей чыгарсың, Ишиңдин кандай болгонун, Андай кийин угармын, Көз жиберип сыр бербей, Атыңды карап турамын,- Жалпы журтка билинүү, Чен тонум бар кийилүү, Мени менен иши жок, Тосуп койор киши жок, Алгараны жалт карай, Ичке жүрдүм ылдамдай, Эшикке жакын барганда, Сакчылар турган алдымда, Токтоо кылбай бүгүлүп, Тоңкочуктап жүгүнүп, Тобо-томук кылышты, Кол куушуруп турушту, Баашанын кирдим үстүнө, Кайрылбастан эч кимге, Алиги кеткен Коңурбай, Кадайып турган кезинде. Кебин айтып бүтүрүп, Болгон экен ал кезде, Киришеме Коңурбай, Чыгып кетти эшикке. Ханга айттым кебимди, Ичиме толгон черимди: — Калмак ээлеп алыптыр, Жыйырма жаңжүн жеримди, - Угуп болуп Эсенхан, — Бурут алды неченин, Башкалар алды көп жерин, Мен алтоону Коңурга, Четинен бөлүп бергенмин, Кырк жаңжүн бар алдыңда, Жетишээр сага ал деймин,- Эсенхандан кеп угуп, Мен бергемин деп угуп, Эшикке чыктым айласыз, Мына минтип демим сууп. Эшикке чыксам кара ат жок, Кетиптир калча караан жок. Кылжейрен миндим, жөнөдүм, Хан сарайдын оозунан, Байагы кызды көргөмүн. — Бура тарткын, Сошойа, Мен айтар сөзүм аз гана, Абалыңды айттыңбы, Эсенхан менин атама? Кебиңди укпай койгондур, Сен болбогун аа капа. Эми барып атаңа айт, Атаң да кошулбайт, Эрегишпей калчага, Эсенхан менен атаңа, Ушул жерден кайра тарт. Жана албасаң пейлиңден, Алаштан башка башмаана, Барар жер сага табылбайт. Кыз бойумча жүрөмүн, Кырк жылы сени күйөрмүн, Кыйалы башка болот деп, Болбосун ойдо күмөнүң. — Кош эмесе — деп койуп, Токтобостон жөнөдүм. Алты күнү жол бастым, Дайра кечтим, бел аштым, Кажалып кектүү санаага, Чоң Туңшага баргамын, Ай тийгендей жарк этип, Ачылсын кайдан кабагым? Аттан түшүп жуунуп, Атакемдин түрүнө, Айалдабай киргемин, Баштан-айак кебимди, Баарын айтып бергемин, Атакемдин үстүнөн, Кошулбасын билгемин. Айтып кебим болгондо, Атам мага октоло: — Жерди берген Эсенхан, Желденип келдиң сен кайдан, Элди берген Эсенхан, Эрдемсип келдиң сен кайдан? Хан берсе эли-жериңди, Кайгырып ага не чараң? Кырк жаңжүн жетет биз үчүн, Басылсын эми бул калбаң?!