Атамдан угуп мындай кеп, Айтканыма бушман жеп, Жеримди көрүп келем деп, Алты күнү камын жеп, Чыгып кеттим калаадан, Басып өтүп ортодо, Тогуз күндүк арадан, Ар кимден сурап мен угуп, Башка-башка кеп угуп, Айагы бардым ал жерге, Аңкүр деген жер угуп. Аңкүрдүн ичи кең экен, Баш-айагы Аңкүрдүн, Он беш күндүк жол экен, Албан түрдүү жыгач бар, Түгөл токой жер экен, Кайберени мол экен, Батыш жагы күүрөктүү, Ээн жаткан төр экен. Аркар-кулжа, бугусу, Алжып карып өлбөсө, Анда-санда кокустан, Илбирс, жолборс жебесе, Жолборстон коркуп ал жерге, Карышкыр жойлоп келбесе, Адам уулун көрбөгөн, Алыс качып жүрбөгөн, Үркүштү туура билбеген, Адамды көрсө топтогон, Топтоп келип жыттанган. Доңузу жүрөт корсулдап, Торошону топулдап, Экөөнү кармап байланып, Белге чыктым айланып, Туш-тушка салдым көзүмдү, Турнабайым колго алып, Батышта жаткан жер көрдүм, Жер бетинде эл көрдүм, Эл башкарган эр көрдүм; Эл менен турган жеримди, Ат чабымдай жол көрдүм, Арасында жаркыган, Кызыл алтын туу көрдүм, Айгайлаган чуу көрдүм, Кайсы тайпа элден деп, Кайсыл жерден келген деп, Барып билсем экен деп, Этек-жеңим делбиреп, Жетип келдим кеңгиреп. Элге чукул келгенде, Топтон чыкты эки адам, Алдымдан утур жол тосуп, Найзага темир аштаган, Атышкан жоодон качпаган, Айдаркан уулу Көкчө хан, Жаңы келген кези экен, Йаврупа менен толгонуп. Жакын келди бир киши, Жанында бар тилчиси - Кытайдын тилин билчүсү. Салам айттым: - Кома? — деп, Ал комамды билбеди, Айткансыды ооба деп, Андан кийин бакылдап, Айтты жана мындай кеп: — Саламдан кеткир садага, Текебуруң артыкча, Теңебейсиң бойуңа. Билбеген соң не даба, Ак талаанын бирлигин? Көкүрөктөн жойбопсуң, Көңүлүңдүн кирлигин. Сапардын тоосун айланып, Чочколордун күчүгүн, Жүрүптүрсүң байланып, - Анда туруп мен айттым: — Абайлап сүйлө, — деп айттым, Жашаган кыйла жашыңда, Сакалдуу ушул башыңда, Каапыр, каапыр дей бербе, Калжырап бокту жей бербе, Мусулмандын капырдан, Артыктыгын билгизип, Анан мени жемеле! - Алыбай деген бир киши, - Жанында анын тилчиси: — Көкчө деген ушул — деп, Көп такашып кантесиң, Көп кылган мунун иши, — деп, Бул өзү көөпайыраак киши, — деп, Олуйа жолун ал айтты, Пайгамбарча жол айтты; Айдаркандын баласы - Ашкере молдо оң айтты. Айтканда көөнүм туйунду, Агып жашым куйулду, Алла Таала жараткан, Алмага алаштын тузун буйурду. Көкчөгө төшөп кулагым, Аныктап андан сурадым: — Канткенде мен боломун, Капыр эмес мусулман? — Ла иллаха иллалла... Мусулмандык шарттары, Башталат, — деди - ушундан. Канча айтсам да “келмени”, Ага тилим келбеди, “Лала, лала, лалалап”, Ошол кезде мен кулдун, Ушул болду эрмеги. Ошондо эр Көкчөкөз мындай дегени: — Келбеген менен тили “келмеге”, Дили келип баланын, Кара дили агарды, Үйрөнүп алат калганын, - Элүү миң колун түшүрүп, Көөнүндө ишин бүтүрүп, Сары улагын таптырып, Садагасын кактырып, Чоң куржунун ачтырып, Кыйла миң кызыл алтынын, Садага кылып чачтырып, Айдарканга айткын, деп, Алдына киши чаптырып, Көкчө турган ушундай, Көөнүндө ишин так кылып. Үйүнө жетип барганда, Эки күн өрүүн алганда, Эл чогултуп той берип, Аз бербестен мол берип, Аалы Мухаммед деп ат койуп, Анан турду эр Көкчө, Кечиктирбей бат койуп, Эртең менен карасам, Казандай селде башында, Катчы, вазир башында, Кол башындай “аптиек”, Кошо кармап колуна, Эшиктен кирди эр Көкчө: — Алмамбет, балам, келгин — деп, Ыйман айтып, “келме” айтып, Ислам динге киргин, — деп, Такта кат окуп башынан, Алланын атын билгин, — деп. Жети күнү болгуча, Жиниккендей киргемин, Такта кат менен “Аптиек”, Жарты арыбын билбедим. Жетинчи күндүн түнүндө, Көп нерсе түшүп көөнүмө, Жалгыз жатып ыйладым, Кара жанды кыйнадым, Ыйлап жатып уктадым, Уктап жатып түш көрдүм, Түшүмдө сонун иш көрдүм: Эшиктен кирди бир киши, Адам айран калгандай, Жыт бурады үй ичи. Орто бойлуу нур жүздүү, Өзү кызыл тегерек: — Алмамбет, балам келгин, — деп, Мухаммед деген менмин, — деп, Көп кыйналдың Алмамбет, Ак исламдын дини деп. Ачкын, балам, оозуң, — деп, Оозумду ачсам-ичкин, — деп, Бир ууртам сууну маа берди; Суу тамактан кылт этип, Көз ачылды жарк этип, Көкүрөгүм коолдоп, Көөн ачылып шаңк этип, Эже, сүрөө турмайлык, Кошо айттым маанисин, Токтоосуз окуп шар кетип. Эртеси көрүп эр Көкчө: — Кана, баатыр Алмамбет, Не болгонун айта сал, Сениң көркүң бөлөкчө, - Көргөн түшүм мен айттым, Айат, адис, маани айттым, Көңүлү куунап эр Көкчө: — Кудайдын кылган иши, — дейт, Түшүңө кирген Мухаммед - Исламдын ээси киши, — дейт. Эрте туруп бир күнү, Кирсем Көкчө үйүнө, Карап менин жүзүмө: — Не жумушуң бар эле, Келипсиң эрте? — деди эле. Сураганда мен айттым: — Эл сагынбас эр болбос, Жер сагынбас жан болбос, Сагынбас үйүрүн ат болбос, Кудай буйруп хан Көкчө, Сага болдум мен жолдош, Элим менен жеримди, Жергем менен жээнимди, Айрыкчасы энемди, Дегеле кыйын сагындым, Уйку жок көздө сабылдым. Уруксат берсең барайын, Болжолдуу күндөн өтпөстөн, Кайра келе калайын, - Андай-мындай дебеди, Ачык жооп бербеди, Арадан алты күн өттү, Айылда киши дүрбөдү, Элүү миң аскер кол айдап, Айчыгы алтын туу кармап, Алып келди токутуп, Кыл жейрен атты да камдап. — Алмамбет баатыр, жүргүн — деп, Өзүм көргөн байагы, Күйрөктүүнүн ойуна, Көк жаңгактын бойуна, Көкчө элин түшүрдү, Эртең менен болгондо, Аттарга мине алкына, Мени менен тилмечи, Үчөөбүз чыктык кайкыга, Көкчө ошондо муну айтты, Атынын башын тарттыра: — Кана, балам Алмамбет, Сен элиме барам деп, Мага айттың далай кеп. Барсаң, балам, бат келгин, Батамды бердим ак келгин, Аман-эсен сак келгин. Үйгө барбай бул жерде, Үч ай сени күтөмүн, Үч айда кайта келбесең, Пенде кирбес Бейжинге, Бир сен үчүн киремин, Алты ай сени күтөмүн, Алты айда келбесең, Ата журтуң Бейжинге, Атайлап балам, киремин, Баргын, балам, кош, — деди, Болсун жолуң бош, — деди.
Алла деп андан жөнөдүм, Далайды андан көргөмүн, Бир нече күн жол жүрүп, Туңша калаа киргемин; Тура албастан Туңшада, Мен барып Бейжин калаага, Эки күн өргүп көрүштүм, Сорандык деген балага. Эшиктен кирсем атакем, Олтурган экен тактада, Башымды салып ал үйгө, Кирип бардым салам деп, Алик албай хан атам, Тиктеп туруп мелтиреп, Айтты мага мындай кеп: — Ал саламың албайым, Биздин салам кома, — деп, Атаңдын жолу турганда, Башка жолго ообо! — деп, Өзгө жактан шек берип, Бу айтып турган сөзүңбү?! Чантууга койо бергенче, Чаап салып өзүңдү, Тазалайын көзүңдү,- Муну айтып хан атам, Туруп кетти ордунан, Бир убакта карасам, Тура калып ордунан, Чойундан куйган чоң сүрөт, Чокунгун, деп күпүлдөйт, Чокунбасаң сен буга, Көз көргүс жерге сени мен, Жоготом, деп дүпүлдөйт. Кудай деген эмне? дейт, Оозуңа алба “келме”, дейт. Анда туруп мен айттым: — Кудай деген бар болот, Кубаты менен кудайдын. Бул дүнүйө карк толот, - Менден угуп хан атам, Үксүйүп башка чыккан чач, Имере кармап качырды, Үйдөй болгон чойун баш. Кара жандан түңүлүп, Кабагым менин түйүлүп, Кыны кызыл, сабы алтын, Кылычты кындан суурганда, Кыйкырып мен да турганда, Чабалбай атам токтолду, Чабаарга чама жок болду, Кылычтап башын алсам деп, Кыйаматка жиберип, Анан туруп калсам деп, “Өз атасын өлтүрүп, Өзөктөн канын жайган” — деп Артыма калаар бул бир кеп, Муну ойлоп эшикте, Кылжейренди минээрде, Кылчайбай жолго кирээрде, Энекем келип ал жерге: — Айланайын кулунум, Кушу сенсиң туурумун. Талапты башка кылыпсың, Алып келгин колуңду, Атаң да болсо зор душман, Тазалап жүргүн жолуңду. Соорандык деген каман бар, Каарына калбастан, Кайда барсаң аман бар, Жакамдагы кундузум, Чекемдеги жылдызым, Айланайын жалгызым, - Анда туруп мен айттым, Агызып жашым кылайтып: — Асман алыс, жер жакын, Акыры кечкин сүт акың. Асман да бар, жер да бар, Жарык дүйнө кайда бар? Жылдыз да бар, күн да бар, Жыргалдуу дүйнө кайда бар? Ушуларды жараткан, Баарынын ээси кудай бар - Анда энем кеп айтат, Кеп айтканда нени айтат: — Кайда барсаң ала кет, Аркаңа бала, сала кет, Сен мусулман болгону, Алты айга дагы толбоду, Мен мусулман болгону, Нечен жылдар болгону.