← Манас 3/5

Атсаң Чубак аткын, — деп, Акырын жылып баскын, — деп, Чубакты жолго салыптыр, Жылаңайлак, жылаңбаш, Алмамбет анда калыптыр. Салаңдап Чубак караса, Сайасы баскан көп жерди, Короо ордундай чоң арча, Көрүнбөйт кулжа карааны, Тиктесе Чубак ар канча. Баатыр Чубак алаңдап, Арка жагын карады, Элестенди аңгыча, Кулжага Чубак карааны. Арамзада кулжанын, Ойлогонун карагын: “Жалгыз эмес маа душман, Кылчайып артын каранат, Тегеректеп калганын, Качырбаска каз канат?” Качар жагын ыктайлап, Бетке алар жагын чамалап, Кулжа калды аргалап. Кыймылдап арча калганын, Кыраан Чубак көрүптүр, Ага көңүл бөлүптүр. Милтеси бачым чоктолду, Артып таштап салаңдап, Атайын деп козголду, Аңгычакты аккулжа, Эңкейиш тартып жылт койду! Элесин көрүп эр Чубак, Ээрчите улап шыкаалап, Тарс дедире бир койду. Жандата атып салыптыр, Калпактай тери салаңдап, Качып кулжа калыптыр. Жылаңайлак Алмамбет, Боору менен жылганда, Жаасын таштап салыптыр, Белинен кармап мылтыгын, Эңкейип алдын караса, Алдыргандай оозунан, Аңкайып Чубак калыптыр, Аккулжа качып жолуна, Жакын жетип барыптыр, Тешик жардын оозуна. “Тешикке кирсе кетти, — деп, Түпкө кулжа жетти!” – деп, Кулжа менен караандаш, Жылаңайлак, жылаңбаш, Эр Алмамбет далдаңдап, Багалеги балбаңдап, Бычактай кара корумда, Койуп барат тартаңдап. Тешикке кулжа жете албай, Же тебелеп өтүп кете албай, Басты карай салыптыр, Бадырап качып алыптыр. “Кетет экен эми, — деп, Кошо кетти жыртылбай, Сыйкырлап чапкан кеби” – деп, Кыңырактай каңшар таш, Катуу чуркап баратат, Бутун тепсеп тартканда, Чыргалаңдап кан агат. Таштын баары кызыл кан, Жарааты менен иши жок, Кыран Алмаң бараткан, Ар бир түрдүү пендесин, Пар кылыптыр жараткан! Үчкуйуштун сеңирин, Айланып кулжа алыптыр, Ачмойнок менен Алмамбет, Алдынан тосо барыптыр. Жытын алып аккулжа, Алдырттан зыркаар жел согуп, Тескейди карай бет алды, Бура тартып шарт койуп, Колундагы алмабаш, Арта салды бир ташка, Катуулап качкан кулжаны, Болжоп атты тумшукка. Алмабаш огу жеткени, Кутулуп кулжа кетбеди, Челектей болгон коргошун, Мойнун таарып кеткени. Жыгылды кулжа дардайып, Атканын жазбай кулатып, Алмамбет калды барбайып, Барбайганы курусун, Басайын десе Алмамбет, Эки буттан кан агып, Мунжу болгон эмедей, Туруп калды шалайып. Болжолдо калган эр Бакай, Ташкелте үнүн угуптур, Кулжаны Чубак атты, деп, Ойлонуп абаң туруптур, Аңгычакты бир демде, Алмабаш үнү чыгыптыр, Алмамбет атты, жыкты, деп, Ак шумкардай сызыптыр. Абаң Бакай караса, Алмамбет баатыр башкача, Тамандын бүлтөк эттери, Эзилген жоор кептенди, Тарамыштар таралып, Кээ бир жери чубалып, Көргөн көзгө дапдайын, Көрүнөт сөөк агарып. — Кызталак Чубак кылдың! – деп, Ачуусу келип арбайып, Бузулуп өңү сурданып, Өйдө болор дарман жок, Жатыптыр Алмаң сулайып, Көргөндө Алмаң Бакайды, Айтканы бул муңайып: Айланайын абаке, Кулжаны атып кулаттым, Качырбай аны сулаттым. Бутумду көрчү абаке, Тил албай койуп Чубагың, Тарамышым зыркырап, Кетип барат чыдамым, Карылык кылып абаке, Башын өөдө каратып, Таштай тур бирден кулжаны, Бакай барса кулжанын, Мүйүзү тенде калыптыр, Көзү менен тумшугун, Ок учуруп салыптыр. Өөдө карап жыгылган, Көрүнгөн жок аккан кан. Карыса да эр Бакай, Эңип алып кулжаны, Улак тартып көнгөн чал, Башын өөдө каратып, Алып барып таштады. Көрө койуп Алмамбет, Эр Бакайга айтканы: — Абаке угуп байкагын, Кулжанын жайын айтайын, Бузулбасын эти деп, Так башына аткамын, Түшө калып мууздагын, Күрөөнүн кызыл кандарын, Мен бутума сыйпайын, Аккулжадан аккан кан, Ар жаратка дары деп, Жүйрүн дөөдөн укканмын, Анда Бакай турабы, Атынан түшүп мууздады, Алмамбеттин жарага, Канын шыбай таштады, Каны кургап катканча, Алакең сап-сак басканы. Ал аңгыча айкөл шер, Аккула менен барганы, Атырылта чабышып, Жетип келди калганы, Сараланы жетелеп, Көзөл Чубак жайдары, Алмаңдын көрүп жарасын, Оор-жеңил чамасын: — Эмне кылып бутуңду, Сен ушинтип алгансың? — Кулжаны Чубак жаза аттың, Качып кетет экен деп, Элебедим таштарын, Тарамышым кыркылып, Шылкы муун болуп калгалы, Мен Алмамбет тас калдым, Канына чылап кулжанын, Эми бүтүп сакайдым, Кулжанын өтүн алдырып, Жарасына куйдуруп, Жаранын канын какшытып, Анын суусун кургатып, Жана Алмамбет турду муну айтып: — Куу өрдөктүн териси Сырын айтам нак билгин, Чалгынга барган кай балбан, Катуу кармап үч силкип, Жамынып алса сыртынан, Нак Коңурбай өзү, деп, Кишинин баары таңданган, Бир иретки сыйкырга, Кадимкисиз жарайт байкасаң, Аккулжанын териси, Кургатып койуп жамынса, Соорандыктын чен тону, Нак өзү болот жайынча, Тааный албайт так айрып, Жабылган черүү барынча. Ошончолук болжолу, Муну менен аргалап, Жандырабыз буйурса, Бир сапаркы көп колду, Куу түлкүнү кармасак, Терисин силкип байлансак, Кубултуп ийбей сактасак, Бул дагы жаман иш эмес. Тартууга сулуу кыз алсак, Куу өрдөктүн иши көп, Тиши алтын, ичи эт, Ылайык көрдүм баатырга, Жүрөгү менен башын жеш, Султаным Манас акың, — деп, Ушунчалык көп кошун, Ээрчип жүрөт такыр, — деп, Кулжанын этин татышып, Эки санын артышып, Хандар татып койсун, деп, Тазбайматка айтышып, Куу түлкүнү издешип, Атынын башын тартышып, “Өрдөктү көлдөн аттык, — деп, Өзөндүн жолун ачтык – деп, Кулжасын төрдөн атты, — деп, Тоонун жолун ачтык, — деп, Куу түлкү кармап алалы, Куу Коңурбай тажаалга, Туйундурбай баралы, Түртүшүп калба салалы” Деп ошентип баатырлар, Ат үстүндө чалкалай, Чирене тээп үзөнгү, Кебирлери кайкалай, Кобураба, шүк дешип, Куу түлкүнү издешип, Түрсүлдөтө бастырбай, Түлкүгө шыбыш алдырбай, Алчактатып тулпарды, Артын бопбоз чаң кылбай. Адырда барат эрендер, Акырын булут жылгандай, Ошондо Алмаң кеп айтат: — Тобун бузбай бастырып, Дүбүр-дабыр кылбаңар, Кетпесин түлкү жаздырып, Куу түлкүнүн сыры ал, Үч күндүк жерден жыт алган, Мына мындай кыйын жан. Сасык туман кыламын, Кандай шумдук дебестен, Кары-жашың чыдагын. Кал деген жерде каласың, Бар деген жерге барасың, Ал жүргөн жерде жан жүрбөйт, Башка жанды жүргүзбөйт, Жети түрдүү кубулат, Койон, мышык боло алат. Жылан болуп жыйрылып, Жерде сойлойт сыйрылып, Чычкан болуп бултулдап, Качууну билет мултуңдап. Ташбака болот дүкдүйүп, Кирпи болот сүксүйүп, Суусуз чөлдө жашаган, Тамчы суудан татпаган, Жандар болуп кубулат, Кескектеп эптүү бурулат. Куткарып ийсең түлкүнү, Жолуңан туруп жай бербейт, Бүткүл кытай козголсо, Катыгүн анда ал келбейт! Деп ошентип Алмамбет, Айтты шумдук далай кеп.