Кытайдын сулуу кучарсың, Сүйүнчүлөп келгенге, Берериң ойлоп турарсың, Алмамбет айтып жандарга, Кош эми, деп аларга, Айкөл Манас зор баштап, Бастырып кетти талаага.
Каары катуу калдайдын, Кароолчусун алмакка, Таң эртеңден аттанып, Уктабастан түн катып, Куу өрдөктүн көлүнө, Келип калды жанашып. Ташсеңирге келгенде, Алмамбет турду муну айтып: — Акжолтой абам Бакайым, Арналуу сага айтаарым – Жумшады мени дебесең, Ушул жерди кайтаргын. Тегеректеп барарбыз, Шабырдан аны табарбыз, Ажалы жетсе куу өрдөк, Атсак да атып аларбыз, Ата албай калсак кокустан, Качырып жолго саларбыз. Айланайын абаке, Эрикпей жолду караңыз, Көкөлөп учпай куу өрдөк, Канатын кагып кыпылдап, Жер сыдырып зыпылдап, Түшкүндөй камчынын, Аркасынан чаң чыгат. Айан болуп өзүңө, Чалдыгып калса көзүңө, Жолун торой атып бак, Бизден качса сиз жакка, Сизден кетип кутулса, Кутулбас калдык куйага. Токтобой тиги булутка, Андан кийин бул өрдөк, Булуттан өөдө жүрүүчү, Күндүз тыным алдырбай, Түндө уйку кандырбай, Душманды баштап келүүчү. Айкөл Манас арстаным, Өрдөктү өзүң атпагын, Бастап кетет оорагың, Сыйкыры ушул бетбактын! Айкөл Манас, зор Бакай, Таш сеңирде калыптыр, Күн мурду чыга башкалар, Өрдөккө жете барыптыр, Түнөөдөн туруп куу өрдөк, Туш-тушка көзүн салыптыр, Өзүн багып көндүргөн, Алмамбетти бул өрдөк, Анык таанып алыптыр. “Туйунуп калат Алмамбет, Суу толкутпай жатам” – деп, Ойуна алып куу өрдөк, Балчыкка бекем өбөктөп, Балырга башын катканы, Шабырга кирип жатканы, Көл бойуна келгенде, Алмамбеттин айтканы: — Кыргыл баштап кырк арстан, Кыраан Чубак сага айтам, Мылтыктын барып октогун, Жалгыз ок салып койбостон, Чачыратма ок салып, Милтенип барып чоктогун, Учуп чыккан өрдөктөн, Бирөө кетсе оңбодуң! Алмабашка Алмамбет, Чачырата ок салды, Колумсадан жебе алды, Жаага кездеп аны алды, Кытайча кызыл доолбас, Заңк дедире бир салды. Көлдүн бети шарпылдап, Күндү бербей көп өрдөк, Учуп чыкты калкылдап. Кудай бетин салбасын, Кулак тунуп күркүрөп, Атылып мылтык тарсылдап, Учуп кеткен бирөө жок, Түшүп жатат салпылдап. Жердин бети жык толуп, Көз уйалып кулбунат, Анда Алмамбет муну айтат: — Куу өрдөк мында жок турат, Асман жаркып, күн балкып, Алтындын нуру чачылбайт, Куу өрдөктүн канатын, Карк алтын менен каптаган, Куйругунун барымын, Зумурат менен чаптаган, Ошол үчүн өрдөккө, Шумкардын колу батпаган, Кас кыла албай канаттуу, Куу өрдөк көлдү сактаган. Айалдабай баарыңар, Мылтыкка дүрмөт салыңар, Милтенин күлү болбосун, От албай мылтык калбасын. Жыйырмаң көктү карагын, Типтик учуп жылдыздап, Асманга эргий бербесин, Жыйырмаң жерди карагын, Боору чөптү сыдырып, Жер менен учуп кетпесин, Алмамбет, Чубак жанаша, Алмамбет анда кеп айтат: — Курдашым Чубак бери кара, Кудай урган куу өрдөк, Айбандан чыккан чоң балаа. Көлдө жаткан көп өрдөк, Көп өлбөдү бүт өлдү, Көрүнбөдү бул өрдөк, Бизди мурда көргөн бейм, Балырга кирип мааналап, Шабырга бойун далдалап, Жашырынып калган бейм, Былк этпей жатып калган бейм, Эрлиги бирдей замандаш, Тилимди алсаң курбалдаш, Сүмбөдөй болуп жапжалгыз, Ыргалып турат бир камыш, Калганынан көзүмө, Караандуу турат көрүүгө. Өкүмдөнүп баспагын, Өтүгүң чечип таштагын, Көрүнүп турган камышка, Акырын басып сен баргын, Эңкейип туруп кол салып, Канатынан кармагын. Жааны кармап турайын, Жалп эткен жакка сунайын. Мен барсам кетет куу өрдөк, Балпайып барып басканда, Белкырчоодон батканда, Асманга учсам, атат деп, Жергелей учсаң жазат, деп, Суу менен барып билинбей, Караса көзгө илинбей, Кутулуп кетет бекен дейм, Чубакты кудай урганы, Алмамбет сөзүн укпады: — Бутумду чечип жүрө албайм, Сууну кечип бара албайм, Көрүнбөгөн өрдөктү, Канаттан кармап ала албайм. Мурдатан билген аргасын, Өрдөктү өзүң кармагын, Карматпай кетсе куу өрдөк, Куткарбаска мен бармын, Чубактан айла кеткенде, Кеп бу жерге жеткенде, Чапаны жок жылаңач, Калпагы жок жылаңбаш, Жылаңайлак Алакең, Сууга кирди жүгүрүп, Алмамбет көргөн мурдагы, Которгон коңур уйаны. Кээ жеринде Алмамбет, Белинен батып балпаңдап, Ток этерге нерсе жок, Токтой калып талтаңдап, Кекиртектен суу кечип, Мурдуна кирип бырылдап, Жатагынын дайны жок, Жаа тартууга алы жок, Алмаң кирсе куу өрдөк, Качпай турган жайы жок, Балыктай секин былкылдап, Суу ичинде жылтылдап, Эр Чубактын атынын, Курсагынан өттү эле, Куйруктан өтө бергенде, Зыр койуп үчүп кетти эле. Кыргыл баштап кырк баатыр, Баары көрбөй калганы, Издеп жүрүп Алмамбет, Өрдөктү таба албады, Таппаган менен Алмамбет, Эр Бакайдын Ташбараң, Үнү угулуп калганы: “Качкан экен каапыр, — деп, Аткан экен абакем, Тап этип калды заңк этпей, Тийгендей болуп калды” – деп, Алмамбет баатыр сүйүнүп, Суудан чыга жүгүрүп, Кийимине карабай, Саралага Алмамбет, Ыргып минип түйүлүп, Минген бойдон салганы, Бакайга жетип барганы. Абаң Бакай карыйа, Таш сеңирдин тумшукта, Салынып келген урчукта, Сарапча тартып көзүнө, (Кандай айтып сөз жетет, Байыркынын кээсине?) Ташбараңды бетке алып, Көлдөн келчү жылганы, Маңдайында бет салып, Алмамбет айткан өрдөктүн, Белгисин Бакай эске алып, Ээгинде сакал чөкчөйүп, Карап жатса мөкчөйүп, Камчы саптай бир элес, “Жандар эмес чаңбы? – деп, Же сыйкыр өрдөк ушинтип, Учуп чыккан албы? – деп, Алмамбетти жазгырып, Качып калган экен” – деп, Чылбыр бойу алдынан, Келер жолун мелжемдеп, Ченеп туруп эр Бакай, Машаны тартып жиберет: Кызыл милте чып жетти, Ташбараңдан ок жетти,
Чылбыр бойу илгери, Учуп өрдөк ал жетти Мойундан үзүп ок кечти, Канаты күнгө жарк этип, Аңтарылып салп этти. Арстан Манас барыптыр, Аңкайып карап калыптыр, Ал аңгыча Алмамбет, Жылаңайлак, жылаңбаш, Балыр, баткак аралаш, Ал дагы жете барганы, Түшө калып атынан, Канатынан кармады, Өрдөккө жаба түкүрүп, Айкөл шердин жанына, Канжыгага байлады. Кийимин алып эр Чубак, Чукчуңдаган бул Чубак, Аркасынан жарышты, Кийинип алып Алмамбет: — Жүргүн баатыр, жүргүн, — деп, Бастырып жолго салышты, Алмамбет ойлойт ойунда, Аккулжага барышты.
Ат чалдырып, чай ичип, Аш-тамагын жай ичип, Жалгыз арча - Ачмойнок, Кулжанын жатчу жерине, Кетип барып болжолдоп. Кулжанын жаткан белеси, Айагы сегиз коо экен, Үстү бийик тоо экен, Өөдө-төмөн бөлүнгөн, Тогуз жолдун тоому экен, Отуз кокту оозу экен. Үстүндөгү чокуну, Түйүн чоку дейт экен. Алты күндө аккулжа, Бирден чыгып чокуга, Отуз кокту оозунан, Тогуз жолдун тоомунан, Жолду карап келчү экен. Ай эсептеп, күн санап, Абайласа Алмамбет, Эртең менен жетпесе, Бешимде кулжа жол чалып, Чокуга кетер күн экен, Ошол үчүн ал жерде, Алмамбет айткан кеп экен: — Түн уйкуну бөлөлү, Түн бойунча жөнөйлү, Ай аркандап, күн санап, Күн артынан түн санап, Эсеп кылсам байатан, Күн мелжемге толуптур, Аккулжанын чокуга, Чыгар күнү болуптур. Чокуга чыкса көрөт ко, Бейжинди карай жөнөйт ко, Келди деп Коңур билет ко, Түп Бейжинде Эсенхан, Эмгиче келген тынч аман, Кабар салып ийетко, Алтымын капка каканчын, Атышып чыгар алпы чын. Алып келип туңшага, Барысын жыйнай салбасын! Жол чалдырбай шүк гана, Кулжаны курчап алалы, Мунун жанын тындырып, Анан шум түлкүгө баралы, Алмамбет айтып акылды, Тогуз жолдун тоомунда, Тогуз бөлдү кырк эрди, Эгиз башын ылгабай, Тегиз бөлдү кырк эрди. Чоңколот деген бар эле, Жаздырып качса кулжанын, Кетер жолу ал эле, Тетир жылга дээр эле, Тээктүү жолдун бири эле, Чоңколотко Манасты, Тетир жылга дегенге, Абакемди таштады, Баарысына кайтадан, Алмамбет сөзүн баштады: — Аркар-кулжа санаксыз, Аккулжа деп атпаңар, Атка минип дардактап, Ары-бери чаппаңар, Качкан кулжа көрүнсө, Абыдан тиктеп байкаңар. Өңү ылгый кара сур, Мүйүзүндө сымы бар, Ай караңгы түн болсо, От күйгөндөй жылтырар, Белгилери ушундай. Эрен Чубак курдашты, Сыр чечишкен муңдашты, Өз жаныма алайын, Түйүн чоку кароол жак, Жолун тосуп калайын. Силерге белги айтаарым, Алмабаш менен атамын, Аталамбы, жазамбы, Мылтык үнүн байкагын, Аламан атпай баарыңар, Тизмеги менен атыңар, Кимиң атып кулжа алсаң, Башын өөдө каратып, Мууздабастан таштаңар, Деп ушинтип Алмамбет, Эреним Чубак жүрү деп, Тил алабы, албайбы, Түк кишиге билдирбейт, Ачмойноктун сыртына, Боз адырдын кыркууга, Аттарын таштап бир жерге, Өздөрү чыкты кезеңге, Кулан өөк ошондо, Таң агарган кез эле. Келин каш болуп таң сүрүп, Зырылдап салкын жел жүрүп, Күн чыгыштан балбылдап, Кыпкызыл болуп от күйүп, Кызылдан барып сүрүлүп, Жаркырап чыкты күн тийип. Желеленген жашыл кум, Бүгүн да бар ушул кум. Жашыл кумда чабыттап, Жакындаган учурда, Жумурткадай жумалак. Сүттөй болгон аппак таш, Бут тийгенде кылдырап, Биринен бирге өткөндө. Жез комуздай шыңгырап, Түшчүлүк жерге угулат: Кабар берип турсун деп, Жасаткан муну кытайлар, Кокустан калса кулжа уктап, Сырын билген Алмамбет: — Баатыр Чубак, келгин, — деп, Кадимкидей бул жерде, Байкап өзүң тургун, — деп, Өтүктү чечип байпакчан, Боортоктоп жөнөйүн, Болжолго карай өңүттөп, Кулжаны атып көрөйүн, Өтүгүн чечип Алмамбет, Жыла түшүп караса, Акбалтанын Чубагы, Келе жатып жанаша: — Айланайын Алаке, Атактуу кулжа канаке? Жылаңайлак болупсуң, Мени айап койупсуң, Купуйа сырдуу кулжаны, Куткарбайын мен дагы. Качырбай атар мергенмин, Аңдып калсам аркарды, Учурбай атчу мен элем, Уулап калсам уларды, Сырын билген жериңди, Сырын айтып бергиниң, Бет келип маша тарттырса, Мент кыламын кулжаны, Деп ошентип эр Чубак, Болбой туруп алганы, “Кеп кетирип олтурсаң, Кобурдан кабар алар, — деп, Кудай урган бул кулжа, Качып жолго салар, — деп, Эмгегим кетип талаага, Мээнетим бекер калар” – дейт: — Эңкейип кара кулжаны, Ээк алдыңда арча бар, Эки жагы жол ачык, Кетпесин кулжа түз качып.