← Манас 4/5

Тоо-тоонун башы тумандап, Булуттар көчүп кылаңдап, Коктудан ылдый сылытып, Көк түтүндөй жайылып, Текенин заарын чачкандай. Тоолордун башы бош калбай, Жөө турмак басып бир демде, Заматта бүтүн өзгөрүп, Айлана калды чүмкөлүп, Ошондо Алмаң шаңданып, Айра сүйлөп камданып, Төтөлөй сен баргын, деп, Төртөөң мында калгын, деп, Кыргылды кошпой он бөлуп, Кырк баатырды тең бөлүп, Өз алдынча топ кылып, Он сайдын оозун тостуруп, Абаң Бакай карыны, Көрөгөчкө шыйгарып, Бир дөбөгө чыгарып, Абыр–шабыр аттанып, Алыстады жол тартып. Келе жатып Алмамбет, Айкөл шерге мындай дейт: — Эненин сүтүн татышкан, Агам Манас жолборсум, Ойрон Чубак жолдошум, Жаза атсам түлкүнү, Жашымда кыйрап оңбосмун! Калкайып турган бул тоонун, Орто жери чоң ойдуң, Он тарабы он колот, Башы барып бир болот, Куу түлкүнүн жатагын, Кароолдөбө деп койот. Ат айабай жүрөйүн, Кырды карай бет алып, Изин карап билейин, Кетти бекен жыт алып. Ат чабым жерде бир кум бар, Түлкүнүн барып келгенин, Киши билбейт из калбай. Түлкү издеп чалганга, Кар жаадырдым ал кумга, Жеке барып из чалып, Карап көрөм ушуга, Тумандан түлкү шек алып, Кеткен болсо чокуга, Дообас уруп үн салып, Байрак булгап келгин, деп, Чакырамын баргыла, Кеткен болсо чокуга, Ат айабай жан кыйнап, Айла бар ага да кыйла. Кетпеген болсо кум басып, Башы ылдый келемин, Куу түлкүнү мен кагып, Айтып койуп Алмамбет, Жүрүп кетти жолуна, Сарала менен самсытып, Эликтей көзүн жайнатып, Ооздугун чайнатып, Алакең жолго салыптыр, Кумдан барып из чалса, Түлкү кадам баспаптыр, Абалды билип Алмамбет, Асманды ачып таштаптыр. Шамал чыгып күркүрөп, Бөлүндү туман бириндеп, Күнчүлүк жери дапдаана, Көрүндү какыр зимилдеп. Тумшугун катып чурайга, Жүдөгөн түлкү туманда: “Беймаал түштү жутчулук, Барбы, — деп, - мында бир шумдук, Былк этпей үч күн жаттым, — деп, Бир жаңылыш барбы? – деп, Көтөрүп тумшук элеңдеп, Алмамбет иши белем? — деп. Чай кайнамда бул туман, Ачылып кандай калды?” – деп, Көтөрүп мурдун шум түлкү, Шур-шур тартып жыт бурайт, Айлананын баарысы, Жыттанып дары буркурайт. ”Көкө теңир урдубу, Көрүнүп ажал турдубу, Мени кара бастыбы? Алмамбеттин амалы, Меникинен аштыбы?!” Чыдамы кетип жата албай, Кароолдөбө бет алып, Улам-улам жыт алып, Шимеңдеп жөнөп калганы. Алмамбет билет балдыртан, Эсенхан мындай салдырган, Кумга көмгөн коңгуроо, Аттын буту тийгенде, Алты күндүк алыска, Апайгине угулчу, Сом темир менен бир салса, Үнү башка чыгуучу, Коңгуроо жайы мына ушу. Өзү билген Алмамбет: “Мурадил келген экен деп, Ойлосун шум түлкү” – деп, Сом темир менен бир салды, Он колоттуу кең ойдуң, Кандайлыгын ким билет? Жер жарылып күңгүрөп, Тоо бузулуп дүңгүрөп, Эси коркок чорого, Коркуудан кирип сүлкүлдөк: “Кытайга барбай какырда, Кырылып эми өлдүк!” – деп, Кай бирлери сөгүштү, Алмамбетти күпүрлөп. Эр Алмамбет баатырың, Колундагы сом темир, Жазылыптыр ашкере, Караса анын сабына: “Кароого келсе Коңурбай, Кол баштаса Соорандык, Кийе турган тондору, Салынган шири кабына.” “Мен билбеген бир шумдук, Болгон экен, — деп, Түлкүнү кармап алганда, Карап көрөм аны” – деп, Ойлонуп баатыр тургунча, Ой канатын жыйгынча, Кароолдөбө барууга, Каңгайдын жолун чалууга, Шимеңдеген куу түлкү, Жетип келди көк кумга. Буту кумга жеткенде, Утур келип шум түлкү, Сараланын изине, От күйгөндөй болгону, Ойрон түлкү ичине: “Көрүнүп турган бул издер, Мен тааныган из эмес. Изи түшкөн бу жылкы, Бейжиндиктин жылкы эмес, Минип келген ким болсо, Оңой-олтоң киши эмес. Сурандыктын Алмамбет, Соо койчунун бири эмес” Ичинде түлкү муну деп, Бура тартып мултуңдап, Кумга түштү култуңдап, Кууп келет Алмамбет, Артынан топо буртулдап. Элебей качып куу түлкү, Эрен Чубак баатырга, Келип калды чукулдап, Төрттөн бөлүп таштаган, Кырк баатыр турат ыкыстап, Найзакер найза кармашып, Өлчөм менен тыкыздап, Мергендер милте түтөтүп, Бере көр деп тиктешип, Кылычка машы чыккандар, Кынынан сууруп алышып, Кыргыз, кытай аралаш, Кырылышып кетчүдөй, Дайардана калышып, Жааны тартар мыктылар, Жебесин колго алышып, Телденишип турганда, Түлкүнү Чубак көрүптүр. Сайганын жазбас тегеле, Найзага мыкты эр эле, Түлкүнү сайып алчуудай, Кыраан Чубак эми эле, Көктекесин чуратып, Көккө топо булатып, Кыйырынан тийди эр Чубак, Кетүүчүдөй кыйратып. Көрө салып Алмамбет: “Сайалбай Чубак жазар, — деп, Жана түлкү качар” –деп, Айарланды Алмамбет, Кайра качып кетпеске, Дайарланды Алмамбет. Капталдан Чубак чыкканда, Көрө койуп бул түлкү, Өтө жаман шум түлкү: “Чырпыгы сынбас чынардай, Чыңдын бири экен, — деп, Чылбырлашкан душманга, Чырдын бири экен, — деп, Жолдун баарын бул душман, Тоскон экен бекемдеп, Бул бойдон качып кете албайм, Кубулбасам бекер” – деп, Чубактан найза жетерде, Ыргып кетти кылт этип, Эр Чубактын найзасы, Кумга тийди мылк этип. Ырысы каткан экен, деп, Илинип калды бекен? деп, Көтөрүп алып найзаны, Көз жүгүртүп карады, Түлкү тургай түгү жок, Кылайган эме шеги жок. Эми түлкү ашыгып, Эр Чубакты жазгырып, Койон болуп бөжөңдөп, Кош кулагын жапырып, Алмамбет өттү бекен, деп, Караса артын кылчайып. Жебени кармап оштонуп, Турган экен залкайып, Ар адиске берилип, Ары бери секирип, Далдаага кирип жоголуп, Аткан октой чу койуп, Качып койон жөнөдү, Аны Чубак көрбөдү. Бута атым узай бергенде, Бурулушка келгенде, Бууданын көкжал көргөнү, Аккула менен аргытып,

Алдынан өтө каргытып, Койонду көздөн чыгарды, Кубалап кетип баратып, Аңгычакты үч кемер, Катар келди жанашып, Айкөл Манас баатырың, Аңдарга калды капташып. Жаныбарым Аккула, Үч аңдан катар өттү эле, Көрбөгөн арстан койонду, Аккула келет элестеп, Чычкан болуп кубулду, Кетеринде тебелеп, Күч келди бу кулага, Бүткөн бойдо жошулду, Жамгырдай тери себелеп, Адаштырып Манасты, Андан кетти шум түлкү, Алмамбет, Чубак, айкөл эр, Баарына болду чоң күлкү, Бир кишинин ордунда, Төрт кишиге кез келди, Тили карыш чубалып, Кара жанга күч келди, Экөө калып айалдап, Экөө катуу тап берди. “Баары экен кылдат, — деп Өткөрбөйт экен мындан, — деп, Мындан айла болбоду, Тетигинден өтөм” – деп, Арамза түлкү маминтип, Убара болуп темселеп, Онунчу жолдун оозунда, Эр Сыргакка кез келет; Сыргактын көрүп сымбатын, Мындайча түлкү баа берет: “Чынында түлкү мен эмес, Ушул түлкү экен, — деп, Бет келбей кайра качайын, Бул түбүмө жетер” – деп, Чычкан бойдон чымылдап, Кум менен келет зыпылдап, Кыраан Чубак баатырга, Жолдо калды учурап. Көзүнө Чубак илбеди, Түлкүнүн сырын унутуп, Шумдугун анын билбеди. Андан өтүп кетти эле, Айкөл Манас көкжалдын, Так өзүнө жетти эле, Адамдан артык акылы, Азамат эрдин жакыны, Арстаныңдын Аккула, Көрө койуп чычканды, Жагалмайдай сызганы, Элөөсүз тууган кайран эр, Жыгылгалы таз калды. Чычкандын көрүп элесин, Чындап эми чапканы, Куу түлкү сынын кубултуп, Ташбака болуп жатканы, Тай чабымдай барганда, Аккула тулпар баспады. “Ташбака болуп кубулуп, Калган экен капыр, — деп, Аккула билди акыр, — деп, Сыйкырдын баарын Алмамбет, Билет экен такыр, — деп, Кабар укса булардан, Жеткирбей бизди Коңурбай, Келмек экен капыр” – деп, Аккула менен балкылдап, Ач албарс жанда жаркылдап, Келип калды арстаның, Ташбакага жакындап. Жаныбарым Аккула, Так жанына келгенде, Имерилип турганы, Айран калып айкөл шер, Алды-артын караса, Узундугу чылбырдай, Жоондугун байкаса, Түрүп койгон чийдей бар, Көрүп калды жыланды. “Алакем айткан шум түлкү, Жылан болгон экен, — деп, Коркуп өтүп кетет, — деп, Ойлогон белем мени” – деп, Сырнайзаны кармады, Тегеретип найзаны, Как шилиге саймакчы, Сайайын десе жылан жок, Жылан бойдон турган жок, Кирпи жатат түйүлүп, Андан башка жандар жок. Эрен Манас баатырдын, Энөөлүгү кармады, Элейип тура калганы, Нак куу түлкү булаңдап, Сойодой куйрук чубаңдап, Качып жолго салганы, Алпка тийчү немедей, Манастап өзүн чакырды, Баатырдын үнүн укканда, Мана түлкү шашылды, Кармалуу колдо сырнайза, Эки ирет жаздырды. Сайдырбастан баатырга, Аргып бара жатканда, Сырнайзаны шилтеди, Туурадан кара капталга. Сыйкырлуу түлкү капырга, Кирбестен найза учунча, Күүлү найза тийгенде, Учуп кетти капкайда. Тигиштен бетер ыдырап, Талкаланды кабырга, Шайы кетип алсырап, Калбады алы качарга. Оңолуп түлкү болгунча, Оңтойлуу тыным алгынча, Кыраның карап турбастан, Илип алды найзага, Илингенин найзага, Баатыр Чубак көргөнү: — Береним, мага бергин, — деп, Бакырып Чубак жөнөдү. Кыйкырыгын Чубактын, Адамдын баары угуптур, Алда эмне болду, деп, Ат койуша жөнөптүр. “Кабар алып сыйкырдан, Каптаган экен калмак, — деп, Ушинтип жүрүп Алмамбет, Бир балаага салмак!” – деп, Кеги калган ичинде, Кыргыл чал келет күпүлдөп; “Так ушуну кылмак!” – деп, Тазбаймат келет дүпүлдөп, Сыргактан башка тогуз топ, Калгандар келет дүңүлдөп, Түлкүнү көрүп Алакең, Нур балкыйт жүзү күлүңдөп. Аңгычакты болбоду, Кыбыладан бир шамал, Каптап келди дүрүлдөп; Арамзада чоң Коңур, Алмамбет келер бир күн, деп, Келсе билбей калсын, деп, Шамал жүнүн ыргаса, Кутулмай кылып түлкүнү, Эч нерсеге турбаска, Койгон экен сыйкырлап, Шамал менен селп этип, Качып жолго салыптыр, Кайран Сыргак баатырга, Учурап түлкү калыптыр. Акылы терең эр Сыргак, Имере кармап камчыны, Кирип келип чукулдап, Камчыны шилтеп ийерде, Түтүн болду бур этип, Миң кишинин бакырык, Кулагына чур этип, Очогор үнү күр этип, Калгандай болду ок жетип. Чокуга чокмор тийгендей, Туулгага дүп этип, Чаптырбастан Сыргакка, Бурула берди кылт этип. Аккула менен айкөлүң, Аңгыча келди ал жетип, Жана ыкым кылганча, Кадалды найза бооруна, Шум түлкүнүн мылк этип, Арстан алып түлкүнү, Абаң Бакай эр баштап, Бары салды күлкүнү, Арзан эле жолуккус, Бир түгөнгүс мүлк ушу. Канаттуудан кабарчы, Кайыптан койгон чабарчы, Кабар салып жеткирип, Каңгайга барар калбады. Кабарчысын кайсашып, Сакалдарын чайкашып, Кошто калган элине, Келе жатат айланып.