← Манас 2/6

Ак калпак деп ат койдум, Акырзаман журтуна, Ак калпак кыргыз эли деп, Атагың өчпөй жүрөрсүң. Мурда кыргыз жүрчү эле, Калпакты кайдан билчү эле? Тигишсиз туйук уйутуп, Кара кийиз кийчү эле, - (Акындын эмине чатагы, Ак калпак кыргыз деген деп, Жеңеңден калган атагы). Сол колун ачпайт жумулуу, Аныктап уккун ушуну, Анан жана Каныкей, Ажыбайды карады, Айткан кеби мына бул: — Кырк жигиттин бийисиң, Кыйын кылдат бирисиң, Кишинин жакшы – жаманы, Кыйналган жерде билинсин. Көкөтөйдүн ашынан, Көп чогуунун кашынан, Келгенден бери чама жок, Таласка көчүп келгенде, Абыке менен баш кылып, Үч жылдын алды чагында, Эл мактаган беренден, Терисин бузбай кийикти, Көзгө атамын дегенден, Ополдун аркы бетинде, Даңдуңбаштын тоосунан, Тарашалуу зоосунан, Таңдап туруп аттарын, Талпагын жайа тарттырып, Көлөкө кылып териге, Күн тийгизбей четине, Карамтыл так түшүрүп, Кан жугузбай бетине, Алып келип бул жерге, Айлыбыздын жигитин, Алматыга жибердим. Жаш жыгачтуу алманын, Кабыгынан жыйдырып, Кырчындуунун кырк чачтуу, Тал бүчүрүн сыдыртып, Кермегин жакшы кандырып, Тандап жүрүп абдан, Буласын алдым талынан, Ак болотту эгетип, Арасына ширетип, Албарс учтуу шибеге, Ак болот ийне биздерде, Айланасын кабууга, Араң жетти бир күнгө. Жасаганым кандагай, Касиети бир далай. Чойуп койсоң, Ажыке, Чылбыр бойу узарат, Койо берсең жыйылып, Уучтан ашпай чогулат, Табылгы, сөксөөл чогуна, Күймөк түгүл ысыбайт. Теңдешери Коңурбай, Теминише киргенде, Темирден ыштан кийгенде, Такымы жооруп кетпейби, Кара темир кийгенде, Карсылдаша киргенде, Карчыты жооруп кетпейби, Кабылан эрдин ошондо, Кайрылбас жайга барганда, Каргышы мага жетпейби?! Көрпөчөнүн бүгүшкө, Сала жүргүн,Ажыбай, Аттанып жоого чыгарда, Кийгизип койгун арстанга, - Каныкейди карашып, Катын мындай болсо, деп, Калктын баары жаратып, Ырысына канкордун, Берген экен муну, деп, Кара баштуу пендеден, Жок чыгар мындан артылып. Жез оймоктун узу деп, Кобурашты кыйла кеп. Анда Кошой кеп айтат: — Кана, балам Каныкей, Алып келчи чүрпөңдү, Төрөнүн жалгыз перзенти, Учураша кетели, - Эпчи жакта жүк бурчу, Боор такасы алтындан, Көзү сүйкүм мөлтүрөк, Кохардан мончок тагылган, Кундактагы баланы, Борумдуу тууган Каныкей, Ажыбайга берди эле, Эңкейе түшүп Ажыбай, Хан Кошойго сунду эле. Кошой алып колуна, Оң бетинен бирди өөп, Сол бетинен бирди өөп, Кутбаны карай баштандып, Оң тизесин жаздантып, Жаткырып койуп баланы, Мурутун сылап олтуруп, Муруттан чыккан бир кылды, Комуздун кылын түргөндөй, Колуна түрүп толтуруп: — Мына, балам Каныкей, Белги кылып тагып бер, Медерлүү болсун жалгызың, Тумар кылып тагып бер, Туруктуу болсун жалгызың, - Кошойдон өтүп кеткенде, Хандар алып сүйүшүп, Кырк чорого берди эле, Кырка сүйүп кырк баатыр, Каныкейге берди эле. Элдин аркы четинде, Ашкана жаккы бетинде, Тамылжыган зор Манас, Олтурат эле ал жерде, “Көңүлүм түшсө бекер, — деп, Көзүм тийип кетер” – деп, Ичинде ойлоп чебердеп, Чын ачуусу келгенсип: — Алпар ары! – деди эле. Төрдө олтурган катар хан, Каарынан жадаган, “Жалгыз уулу ушуга, Буга ракым кылбаган, Кимге ракым кылат? – деп, Кыйгына биз тийсек, Баарыбызды чогултуп, Бир эле күнү кырат” – деп, Эки-экиден күбүрөйт, Сийдиги агып бүрүлдөйт. Каныкей анда кеп айтат: — Алмамбет айаш, — деп айтат, Айчыгы алтын кызыл туу, Асмандата аштапсың,, Аскерди калың баштапсың Жетим уул, тул катын, Жергеңди каран таштапсың. Аксак сөөнөт тайакка, Аскери барат кайакка? Төкөр сөөнөт тайакка, Төрөңүз барат кайакка? Азык алдың дилдеден, Атка миндиң чилдеден, Арстан төрө баатырдын, Адам сырын билбеген, - Алмамбет анда мындай дейт: — Тээ Каспаңдын кара тоосунда, Капкалуу Бейжин оозунда, Чок табылгы жайлаган, Чоң кара атын байлаган, Жоо дегенде шайланган, Калдайдын уулу каапырга, Хан Коңурбай баатырга, Казат кылсак ага деп, Учураша бурулдук, Каныкей жеңе, сага деп, - Алмамбет муну дегенде, Каныкей айткан бул бир кеп: — Адырда жылкы ала баш, Аргымак чалыш аралаш, Аргымак таптап минүүгө, Арстан көргөн бала жаш. Тоодо жылкың алабаш, Тобурчак чалыш аралаш, Тобурчак токуп минүүгө, Төрөмдөн калган бала жаш. Сүйүп мээрим канган жок, Султанымдын артында, Семетей жалгыз, өзү жаш, Сөөнөр бала калган жок, Алып мээрим канган жок, Семетейге бир белги, Арка болор калган жок. Султанымдын барында, Мелүүнкү жатып уктадым, Беш тайпа журтту туткамын, Менде тоодон чоң арман, Безилдетип ыйлатып, Семетейге бир медет, Перзенттин үнүн укпадым. Баатырымдын барында, Мамыкка жатып уктадым, Бардык ишин туткамын, Басылбаган чоң арман, Семетейге бөбөк деп, Баланын үнүн укпадым. Алдырып салсаң кыйрадың, Арманды ичке жыйнадың, Жайкы чилде кырк күндүн, Кышкы чилде кырк күндүн, Эки кырк күн сексендир, Көрбөгөн пенде жексендир. Келер маалың кайсы маал? Кебиңди, айаш, айта сал, Кайтар маалың кайсы маал? Кабарың, айаш, айта сал. Келип калсаң жол менен, Айрык черүү кол менен, Так ушул кезде келмек деп, Жолунда такыр болойун, Семизден кармап сойойун, Дасторконго койоүн. Аарынын күчү бал менен, Айымдын күчү хан менен, Хандын күчү эл менен, Катын күчү эр менен, Кыйандын күчү сел менен, Булуттун күчү жел менен, Буудандын күчү жем менен, Күлүктүн күчү тер менен, Күрүчтүн күчү дем менен, Дыйкандын күчү жер менен, Тайанар жалгыз төрөбүз, Жаман жолго жөнөлдү, Жаның тирүү көрөмбү? Же айрылып калып арстандан Армандуу болуп өтөмбү? Кабарын уккан Бейжинде, Коңурбай менен Мурадил, Эки чочко зор деген, Кармашканы кор деген. Камап калмак октосо, Камоодон төрөм токтосо, Кайраттуу бири сиз деймин, Өзүңдөн жардам издеймин, Анык болсо Бейжинди, Аралап кирип чапканым, Кырк чоронун кырк жеген, Кызыл куйрук нар болсун, Нар үстүнө артканың, Кызыл алтын зар болсун, Асылдан издеп тапканың, Кымызды жебей бул болсун, Мен бечара жеңеңдин, Жалгыз бой жайын билесиң, Казан-ашка карашар, Кара борчо кытайдан, Он эки-он үч кул болсун, Мөөсүлүм бөлөк шол болсун, Ушул жерге келгенде: — Токтой турчу, жеңе, — деп, Арбак урган кытайды, Арзан душман дебе, — деп, Алмамбет айтты мындай кеп: — Кадимкидей наркым жок, Карсылдашып киргенде, Кайра качар салтым жок, Каралды болор кашымда, Кадимки кытай калкым жок, Жалгыз дедиң баатырды, Жайнап жаткан көп алаш, Кимге тууган акыры? Аталаштан алтоо бар, Энеликтен экөө бар, Абыке, Көбөш ини бар, Ак исламдын дини бар. Арзып келген мен кулдун, Өзүнөн башка кимим бар?! Арстан камын жедим, ээ, Алмамбет уксун дедим, ээ, Кыйытпай айткан кебиң, ээ, Кытайдан кулду дедиң ээ, Кытайдан кулуң жок беле?! Кашкаңда турган Алмамбет, Кытай эмес, жеңеке, Кыргыздан чыккан шор беле?! Алла деп атка мингенде, Аттанып жолго киргенде, Карк үч айга жол жүрсөң, Күн-түн дебей мол жүрсөң, Эл амандын көк чөлгө, Буткул-буткул көп көлгө, Аларбыз үч ай кышыны, Саларбыз таптап кушуну. Ат кара тил болгондо, Бейжинден чалгын чаларбыз, Бей пайлуу жоого барабыз, Алдырсак да, алсак да, Алты ай уруш саларбыз, Аманыбыз жанарбыз. Бир жарым жыл болгондо, Он сегиз айга толгондо, Келип түшсөк деп ойлойм, Кең Таласта коргонго, Кабарын уксаң, жеңеңе, Ушунчалык болжолдо. Жалгыз деген бир кепке, Жаадыма түшөт бирдеме, Өчөгүшкөн доңуздан, Өлүп калсам кокустан, Арбагымды ким сыйлайт? Аманат жанын ким кыйнайт?