Алмамбет айтат: — Баатыр, — деп, Алдыда жолдор жатыр, — деп, Абаң Бакай карыйа, Дүрбүлөрүн алгыла. Оң колуңда көрүнгөн, Тунарыктап урчтанган, Мурдун салып кырданган, Музаттын берки учугу, Музаттын белин ашабыз, Беш айда Бейжин барабыз. Кара шаар, Камбылга, Ар жакында Чуужуга, Уруш кылып калабыз, Ала алсак Бейжин барабыз, Ала албасак аларды, Бара албай кайра жанабыз. Андан өөдө көрүнгөн, Арсактары бөлүнгөн, Эшекарттын бийик бел, Эшекартты ашканда, Үч айда Бейжин барабыз. Каркайган кара тоо менен, Капчыгайлуу коо менен, Аз жеринде ат минип, Көп жеринде жөө жүрүп, Азайгансып чамабыз, Араң Бейжин барабыз. Тоолор бийик, суусу жок, Какырлар бар чөбү жок. Андан ары барганда, Сагызган ашуу сайылма, Ат жүргүссүз тайкылма, Сагызган ашуу ашканда, Теңиң калып, теңиң жок, Адамың, атың тең окшош, Жарым-жарты калабыз Эки айда Бейжин барабыз. Эки айда Бейжин баргыча, Эки жерде суусу бар, Калган жердин барында, Чөбү да жок суусу жок, Ушундай күнгө калабыз. Те карарыңкы көрүнгөн, Кордойдун ичи муну дейт, Койдон башка мал жүрбөйт, Биз Кордойду ашканда, Үч айда Бейжин барабыз. Кээ жеринде суусу бар, Кээ жеринде чөбү бар, Жадоочу деген чөлү бар, Кайсы белин ашабыз? Кай жери менен басабыз? Кандай басыш эби бар? - Анда Бакай кеп айтат: — Байатадан Алакем, Айткандардын баарысы, Баштатан кандим жол эмес, Бары көргөн жер эмес, Сыр чөйчөктөп чай ичип, Сырын билген эл эмес, Жайнаган колду башкарып, Бу мен бара алар жер эмес. Эби келсе, арстаным, Эр Алмамбет хан болсун, - Анда Манас кеп айтат: — Андай болсо, абаке, Менин да айтар кебим бар, Андан кийин Алмамбет, Хан болуштун эби бар, - Аттарын оттон алышты, Артына кайра жанышыты, Өзөндө жаткан бугудан, Алтымышты атышты, Жайасын кошуп чоң төштөп, Аттарына артышты, Калдайып келип баатырлар, Чатырга түшүп жатышты. Эртеси калбай эл келди, Эл башкарган эр келди, Жашы менен карысы, Жакшы-жаман тең келди. Уй мүйүз тартып олтурду, Ойрон Манас кеп урду: — Күн чыгышка карата, Жүргөн журтум барсыңбы? Күч чектешкен душманды, Сүргөн журтум барсыңбы? Бейжинге барчу беш жолду, Билген журтум барсыңбы? Белин ашып, жол жүрүп, Көнгөн журтум барсыңбы? Ачуусу менен таттуусун, Таткан журтум барсыңбы? Турмуш салты кандайча, Элин билген барсыңбы? Бийиги канча, ой канча, Жерин билген барсыңбы? Эндөөлүгүн элине, Эбин билген барсыңбы? Ашып түшчү белдерин, Анык билген барсыңбы? Кармашуучу дөөлөрүн, Канык билген барсыңбы? Калайык айтам силерге, Ойумда болгон бар сырды, - Айтып Манас токтолду, Аш бышымча унчукпай, Сүйлөгөн киши жок болду, Кара чаар жолборстой, Кайран Алмаң октолду: — Күн чыгышты карата, Жүргөн киши мен бармын, Күжүрөгөн Кытайды, Сүргөн киши мен бармын. Аша турган белдерин, Анык билген мен бармын, Кармашуучу дөөлөрүн, Канык билген мен бармын. Бийиги кайсы, ой кайсы, Жерин билген мен бармын, Энөөлүгүн Какандын, Эбин билген мен бармын. Канча жашка чыкканча, Улук болуп колума, Алган бийлик мен бармын, - Анда Манас кеп айтат: — Ырчы уул менен Бозуул, Эр Бакайга баргыла, Жандыкты берсин Алмама, Сурап келе калгыла! - Эки үзөнгү кагышып, Эки уул кетти жарышып, Хан Бакайдын кошуна, Салып жетип барышып, Салам айтып бөкчөйүп, Олтура калды чөкчөйүп, Келгенин абаң билди эле, Кыл муруту былк этип, Мыйыгында күлдү эле: — Келипсиздер, баатыр, — деп, Бар беле мага айтар кеп? - Боз уул деген бар эле, Кеп айтканы шар эле: — Тууга желек байлады, Турган жерде, абаке, Хандыкка сизди шайлады, Кечээ берген жандыкты, Бүгүн кайра берсин деп, Каңкоруң бизди айдады, - Анда Бакай кеп айтат: — Ал Алмамбет баатырды, Баламдан жакын көрөмүн, Берсин десе Алмама, Миң тиллалик беремин, - Катчыга катын жаздырып, Айтучу ойун так кылып, Бекерчи Бакай болдум, деп, Алтындан бүткөн ак мөөрүн, Айагына бастырып, Кагазды берди тапшырып. Канкор каалап калган соң, Хандыкты Алмаң алган соң, Жаш чородон чаптырып, Жалпы элге айттырып, Жаккан отун өчүрүп, Таң эртеңден көчүрүп, Камандуу деген жер келди, Такыр калмак эл келди. Таптакыр талап алды эле, Түп көтөрө жылмайтып, Жөнөп кетип калды эле. Кордой деген бел келди, Ашмак болду бул белди, Ак кулжадан маңкайып, Алмамбет айтат бул кепти: — Капчыгайдын оозу тар, Чубап өткөн барыңар! - Чубатып элди санады, Толгондо онго санаты, Бирден киши он башы, Онду бири айдады; Элүүгө элүү башы деп, Жүз кишиге жүз башы, Миңге саны толгондо, Миң башысы сен деди, Миңден бири жоголсо, Жооп аламын мен, деди. — Эки күндүк жол басып, Азабы катуу бел ашып, Ар жагына түшөбүз, Эр башына барыңар, Эки теңден отун ал, Атыңа артып ала бар, - Он кишиге бир киши - Он башына айдатып, Эки күнү жол басып, Азабы катуу бел ашып, Ашып түштү Кордойду, Беш күнү-түн чубашып, Бир күн жатып уктады, Аттанар убак болгондо, Алмамбеттин айтканы:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.