← Манас 2/6

Ханынан жардык жеткен соң, Канышы айтып кеткен соң, Чоролор мойнун бурчубу, Чормойуп карап турчубу? Ырчыуул, Бозуул аттанып, Экөө кетти жарышып, Эки үзөнгү кагышып, Тескейдеги субайга, Салып чыгып барышып, Алты айгырдын үйүнөн, Ондон тандап бээ бөлүп, Бээ бөлгөндө туу бөлүп, Улуу жолду чаңдатып, Көргөн элди таңдантып, Күүгүм кире, күн бата, Отуз нөөкөр, кырк шайы, Ордо баккан элдерге, Малдарды берди тапшырып, Кашында бар Каныкей, Карап турат эринбей, Жекеден жеке болушту, Жетелеп бээни сойушту. Келгендердин ыктуусун, Кыздардын эпчил мыктуусун, Ичеги, карын жуудуруп, Жин татып кокус калат, деп, Келгендер уйат кылат, деп, Жылыман сууга малдырды, Таза сууга салдырды. Казысын карыш кылгыртып, Этин барып бышырып, Эки бара бир табак, Этти жасап мыкамдап, Таңга тайап калганда, Төрөсүнүн кашына, Туйгузбай барып жатты эле, Аш кайнамча убакта, Агарып таң атты эле, Арстаның туруп ордунан, Эшикти карай басканы, Суйсала тепсеп Каныкей, Каалганы ачканы. Алтындан кемер курчанган, Айдай бети нурданган, Акылы менен журт алган, Алышкан жоосу муңканган. Күмүштөн кемер курчанган, Күндөй бети нур тамган, Жорук салбай бөтөнчө, Жүйөөсү менен журт алган, Тирешкен жоосу муңканган, Айкөл Манас келберсип, Коргондун барды оозуна, Он эки желдеп дапдайар, Турган экен ушунда. — Борончу, чукул кел, — деди, Керней менен сурнайды, Башкаруучу сен, — деди, Экөөнү бирдей тарттырып, Элге кабар бер! — деди. Жергемдеги жети хан, Анык уксун кабарды, Ала келсин билгичтен, Ар бири жүздөн адамды, - Айтып арстан бул сөзүн, Артын көздөй жанады, Мейманкана беш үйгө, Бетин салып карады, Ашманкана алты үйгө, Атайын барып карады, Башын салып караса, Сарамжалдап баарысы, Дайарланып турады. Агадан ар качан, Арка болот Каныкей, Иниден бетер белсенип, Иш бүтүрөт Каныкей, Буларды көрүп кабылан, Ыраазы болду мынакей. Аңгиликти чуулатып, Керней менен сурнайды, Аралаша койду эле, Кернейдин үнү бапылдап, Сурнайдын үнү шанкылдап: “Жүздөн киши ээрчитип, Жети хан жетип келгин” — деп, Айтылып чыкты тапатак. Жардыгы деп Манастын, Угузуп жатат кайралап, Ээн жай турган эрендер, Эми калды алдырап. Жакшылык кабар болгондо, Жай кагылып ордодо, Кернейдин үнү чыгуучу, Жамандык болсо байаны, Ызылдап калчу сурнайы, Экөө бирге чалынган, Көргөн эмес мындайды. Кай жакка барар кези? — деп, Кабылан белги берди, деп, Күмөнсүрөп күйнөлбөй, Көрүшөлү деги, деп, Жаакташкан Жакып хан, Ал аттанды жүз киши; Майбулактан Бакай хан, Бул аттанды жүз киши; Жайылмадан Жамгырчы, Ал аттанды жүз киши; Тескейдеги Текечи, Бул аттанды жүз киши; Кенкүнгөйдөн Шыгай хан, Ал аттанды жүз киши; Кара буура Чаткалдан, Буластаган эр Чубак, Бул аттанды жүз киши; Жергенин сары талаадан, Соорандыктын Алмамбет, Ал аттанды жүз киши. Жети хан келип күлдүрөп, Жети жүз билгич дүнгүрөп, Ордо баккан көп жигит, Ойротто жок кырк жигит, Баары катар турушуп, Хандардын атын алышып, Аркы-терки бурушуп, Сарт байлоо кылып салышты, Бошонуп кокус кетер, деп, Чийе байлап бекемдеп, Бошонуп кетсе кокустан, Уйат кылаар бекен, деп. Баймат эшик ачыптыр, Хандар кирип олтурду, Жергелей тартып жети жүз, Баары кирип олтурду, Кырын бузбай кырк баатыр, Булар да кирип олтурду. Ага чейин жигиттер, Дасторконун жазыптыр, Бир дасторкон бул элден, Алда канча ашыптыр. Жети кулак самоору, Жетимиш жерде кайнаган, Дасторкондун бетинде, Жер жемиши жайнаган. Сары кантын чактырып, Боорсокко кошуп чачтырып, Каймакка бышкан нан койуп, Капакка салып бал койуп, Куурдак менен май койуп, Кашташка койуп чай куйуп, Бар тамагын жай койуп, Чай-тамагын ичкенде, Дасторконун жыйдырып, Мыкты отуз жигитке, Туш-туштан суусун куйдуруп, Торкодон салып дасторкон, Эки бара бир табак, Эт тарттырды бул элге. Этке мыктап тойгондо, Бата-дуба кылганда, Дасторконун жыйганда, Колуна сууну куйганда, Тамылжыган зор Манас: — Тарт эшикке! — деди эле, Эшикке чыкты келген эл. Ошол кезде Манастын, Коргонунун алдында, Эки чынар бар деген, Абалап көккө жетүүчү, Сайасына миң киши, Ат-тону менен батуучу, Жылууда жыйын болгондо, Ошол жерге ачуучу. Өйүз-бүйүз койдурган, Бардыгын кызыл сырдаган, Көчүк койгуч жыгач бар, Төрүнө туура кынаган, Жети катар белденпай, Хан олтурчу тагы бар. Оң жагында үч такта, Сол жагында төрт такта - Жети хандын орду бар, Керебет алтын тактага, Жабылуу жибек макмалга, Кабылан Манас олтурду; Оң жагында үч такта, Абаң Бакай кеменгер, Алмамбет, Чубак - эки шер, Үчөө барып олтурду; Сол жагында төрт такта, Бай Жакып, Шыгай, Текечи, Алп Жамгырчы олтурду, Маңдай тескей жыйырмадан, Кырк чоро барып олтурду, Жергелей тартып жети жүз, Келгендер катар олтурду, Анда Манас кеп айтат, Агартып тишин кылайтат: — Бай Жакып менин атамсың, Алп Жамгырчы антташым, Текечи менин теңтушум, Хан Шыгай менин курдашым, Хан Бакай менин жан досум, Биттейинен бир өскөн, Кабылан Чубак жолборсум, Азиз хандын Алмамбет, Акыреттик жолдошум, Бери карап сөзүм ук. Бейжинге барам чын үчүн, Белдүү калча чыр үчүн, Казатка барам ким үчүн? Хан Коңурбай эр үчүн, Калкым алаш эл үчүн, Хан Коңурбай калчанын, Кеги калбайт эмне үчүн?! Бейжинге бирге баруучу, Белиме таңуу болуучу, Белдүү элим барсыңбы? Каканга бирге баруучу, Кашыма караан болуучу, Кайраттуу калкым барсыңбы? Байыркыңды куп билем, Башың боолуу өңдөнгөн, Маанайың бас журт элең, Анжийан менен Ташкендин, Арасында чана айдап, Араба тартып жүрчү элең.. Мен Манас атка конголу, Эч жамандык көрбөдүң, Жардың жок тегиз бай болдуң, Жарма ордуна ичкениң Жаркенден келген кызыл чай, Козу ордуна жегениң, Кысыр эмди азоо тай, Жаштарыңдын кийгени, Кокондуктун кызыл шай. Кар жазданып, мал таптым, Калың эл көрдүң пайдасын, Каканга барам, калчага, Тапкыла мунун айласын. Муз жазданып мал таптым, Ушул журт көрдүң пайдасын, Урушка барам Каңгайга, Тапкыла мунун айласын. Мында олтурган карылар, Ошол күндө барсыңар, Өз мүлкүңө ээ болбой, Өзгөчө кордук тарттыңар; Калмактардын колунда Кыдырып кылым жер бетин, Сандалып суудай актыңар, Берендер чөгүп санаага, белчеңерден баттыңар. Эркинче уруп калмактар, Бетиңдин төгүп берметин, Бооз катынын жарыптыр, Боздотуп кордук салыптыр, Эркиңе койбой таратып, Ар кимдин көзүн каратып, Акимдик кылган калмактар, Айбандан бетер кыйнашып, Уйулгуп турган булуттай, Тымтыракай тарапсың, Энесайда тура албай; Колчоктоп турат али да, Кутуруп калча Коңурбай. Алтай менен Анжийан, Туташып турат Тийаншан, Ээ болдуң ата конушка, Эл четинен бүлүнтүп, Айдап турат жылында, Жеке алаш биз эмес, Даты өттү Кытайга.

Бир беттешип көрбөсөм, Мен–менсинген кыйынга, Казатка барам Каңгайга, Алооке уулу калдайга, Кандайсың журтум, барганга? – Муну айтып Манас токтолду, Жооп кылган пенде жок болду, Аксакалы келгендин, Боз балдарын карады, Боз балдары кеп кылбай, Алды-алдынан тарады. Бир убакта эр Манас, Баш көтөрүп караса, Аттанып эл кетиптир, Алды үйүнө жетиптир. Алмамбет, Чубак – эки шер, Абаң Бакай кеменгер, Арстаның – төртөө калыптыр. Кыргыл баштап кырк арстан, Мындан башка калбаган. Ачуусу келип арбайып, Ант ичкендей саргайып, Сакал – мурут бириндеп, Кара бойдон жел чыгып, Этек – жеңи дирилдеп, Көзүнөн жалын төгүлүп, Ач арстандай күркүрөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп: — Кызыталак ногойду, Кытайдан кырбасам, Кырып салып тынбасам, Андан кийин жылбасам, Жып-жылма, түп-түз кылбасам! Айап жүрүп нетемин, Не мураска жетемин?! Коп, Ажыбай, ат току, Айалдабай бат току! – Арстаның мындай дегенде, Турду Бакай ордунан, Кармай алып колунан, Тунук сөз чыгат оозунан, Алтынга башын бөгөгөн, Айагын датка жөлөгөн, Караңгыда жол тапкан, Кайчылыкта эп тапкан, Туйуктарда жол тапкан, Түртүшкөндө кеп тапкан, Аксакалың жайкаган, Аселдеп оозун чайкаган: — Ай, ай, досум, тура тур, Менин сөзүм уга тур. Эрдигиңе ишенип, Эмдеке өскөн элиң бу, Ташкенди бузуп талкалап, Тартынбай кирдик чалкалап, Кашкардагы калдайдын, Кармап башын кескенде, Кандабай тонун чечкенде, Аттанып чыкты кырк чоро, Анда булар бар беле? Сары ала айкын кең түздөн, Сары колдун үстүнөн, Коңурбайдай калчанын, Сан топозун бир алдык, Ат изин ага биз салдык, Азыркы ногой кайда эле? Анда бийлер бар беле? Баары журттан озгондо, Чыландын жолун тоскондо, Коңурбай менен Жолойдун, Миң төөдө чайын алганда, Ополдун тоосун айланып, Кең Үргөнчкө басканда, Мында ногой бар беле? Акундун кызы Чүрөккө, Бел куда болуп өткөндө, Айжаңжүндү алганда, Манастын шаарын салганда, Мында ногой бар беле? Оганга беттеп кол салдык, Оморуп белин эр алдык, Анда ногой бар беле? Бейжинге ногой бара албайт, Белиңе таңу боло албайт, Казатка ногой бара албайт, Кашыңа караан боло албайт. Жүрөгү түшкөн калмактын, Жүдөп калган ал жактан, Кадыры жанга гүл азык, Калың журтта не жазык?