← Манас 5/6

Анда Ажыбай кеп айтат, Кеп айтканда бек айтат, Барасыңбы, барбайсың, Ашкере жооп айтпайсың, Бармагың тиштеп баш чайкап, Бир далай туруп каласың, Кечээ Манас бир келип, Арабалап жамбы алып, Алыш алган кездерди, Чыктыңбы сенин эсиңден? Көргөнүм айта барам – деп, Кооп Ажыбай жөнөдү. Коркуп калган кокондук, Кобо калып ордунан, Кармай алып колунан, Муну айтты араң да, Бош түшүп сөзү оозунан: — Узун кулак бала элең, Укмуштуурак жан элең, Уктуң бекен Бейжинди, Канча күндүк жол экен? — Уктум эле Бейжиңди, Нары барыш алты айлык, Бери келиш алты айлык, Он эки айлык жолу бар, Ошончолук оңу бар. Таластагы Манаска, Алты күндө барасың, Жети күнгө калганда, Кыраан Манас баатырдын, Кыйыгына каласың! – Деп ошентип Ажыбай, Акырдан атын алдырып, Кара суудан каптырып, Кокондон чыкты бастырып. Кетментөбө бет алып, Кетип барат жол алып, Карткүрөңдү чуратып, Артынан чаңын чубатып, Кетментөбө, чоң Кокон, Он алты күндүк жол болгон, Күн кызарып уйага, Кирип бара жатканда, Кетментөбө кең токой, Жете келди айлына. Алды жагы жар экен, Токсондой бар бараны, Топтошкон адам бар экен, Желмогуздай сыйагы, Желдирип чыкты бир адам, Жардай сары аты бар, Жамынган аппак тону бар, Жылдыздай кызыл көзү бар, Балдан ишерсен сөзү бар, Жыйырма беш менен отуздун, Ортосунда жашы бар, Так он кулач бойу бар, Бир көргөнгө сонун ал, Салган куштай тор салып, Салам айтып таптанып, Колун сунуп көрүшүп, Кол учунан өбүшүп: - Алыстан келип калыпсың, Ат жарытып алыпсың, Ажыбайдай кейпиң бар, Кабыландан кат болсо, Кабарыңды айта сал, - Көрүшпөгөн Керкөкүл, Көрүп жүргөн эмедей, Билбесе да Керкөкүл, Билип жүргөн эмедей, Кебин сурап калды эле. Хан алдында көп жүрүп, Кандим болгон Ажыбай, Унчукпай да сөз кылбай, Капчыкка колун салганы, Тубардан кылган калтаны, Түмөртөп сууруп алганы, Кош колдоп сунуп калганы. Бечетин жыртып Керкөкүл, Катка көзүн салганы, Бүдөмүк тарткан бүүрүлдө, Көз байлаган күүгүмдө, Күндүзгүдөй окуган, Бу да мыкты эр экен! Айагына чыкканда, Айкөлдөн кабар укканда: — Жүрү, Ажыкем, баскын, — деп, Чалыктың, ардак алгын, — деп, Колум сунуп тизгинге, Бура тартып бир эле, Буйдалбай Ажым муну айтат: — Борбордо Манас эрен бар, Болжогон күн белгим бар, Болжолдон өтүп кеткенде, Болбой калар жерим бар, Хан чакыраар жумуш бар, Кайдан конуп туруш бар, — Андай болсо, Ажыке, Узун кулак эр элең, Укмуштуурак неме элең, Уктуң беле Бейжинди, Канча күндүк жолу бар? Качан келиш оңу бар? Кабарын билсең айта сал. — Уктум эле Бейжинди, Нары барып алты айлык, Бери келгени алты айлык, Он эки айлык жолу бар, Ошончолук оңу бар. Таластагы төрөгө, Жети күндө барасыз, Сегиз күнгө калганда, Арыстан Манас баатырдын, Ачуусуна каласыз, - Деп ошентип Ажыбай, Кош эмесе, деп койуп, Бура тартты шамдагай, Из безгендин талаада, Сызып барат Ажыбай, Кутбаны карай бет алып, Кетип барат Ажыбай, Ат айабай жол жүрдү, Күнү түнү талыкбай, Арам өлгөн карт Күрөң, Улам күчөйт чалыкпай, Ооздук тиштеп кемирип, Сууган сайын семирип, Ай караңгы түндөрдө, Тура калып табыштап, Ала качып эрилип. Чыттуунун Кызылмойнокко, Таң ата салып келди эле, Алдындагы арпадан, Ат чалдырмай болду эле. Алты араба чөп тарткан, Алдынан чыкты алты адам, Ажыкеңди көргөндө, Айбатынан жазганган, Бир араба чөп алып, Ооздугун чыгарып, Карткүрөңдү тойгузду, Жетелетип сугарып, Атка минип алганда, Жанына колун салганда, Колуна кирди бир алтын, Өзү бир саны он алтын, Чөп ээсине карматты. Бир араба чөбүңдү, Кылайган неме калбады, Чөптүн ээси алтынды, Берсе да коркуп албады. — Айланайын эр жигит, Туура пулун бер жигит, Бир араба бир алтын, Бир араба чөп алдың, Маа бергениң он алтын, Араң жүргөн адаммын, Ашыгып кайдан табармын, Таштап берип колуна, Ажыкең түштү жолуна, Арпа менен зырылдап, Айнектей түздө дырылдап, Үзүктүн белин ашыптыр, Көрпөтоолоп басыптыр, Чатыркөлдү кылаалап, Кең Аксайды аралап, Көбүргөндүн Корумташ, Келинтайгак бел ашып, Таракай менен айланып, Жаңы жер менен Уланды, Чөбү белден буралды. Күр болуп жаткан тулаңы, Көз байланаар маалы, Жетөгүзгө барганы. Короодон чыгып эр Агыш, Талаага конгон кез экен. Короолош болгон коңшусу, Алты жүз түтүн киши экен, Ордош айыл жигиттер, Атын алып түшүрдү, Алып барып бир үйгө, Ажыкеңди күтүштү, Кысырдан ылгап сойдурду, Суусунун баса кандырып, Буудай арак куйдурду, Чарчап келген Ажыңды, Тынч алдырып кондурду, Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда, Таң шамалы зуулдап, Ойготуп торгой быжырап, Асмандагы жылдыздар, Кыбыла көздөй зыркырап, Келин каш болгон маалда, Тура калып Ажыбай, Аркандан атты алдырып, Адырмак жерге чалдырып, Кермеден атын алдырып, Керүүлөй жерге чалдырып, Бир жигитке коштотуп, Жетелешип откозуп, Агытып койсо Суусамыр, Кетеби деп шарт койуп, Бети-колун жуунуп, Пери уулундай Ажыбай, Белин бекем буунуп, Жалаң кылыч байланып, Алп Агыштын үстүнө, Ажыңыз кирди шайланып, Керебет алтын тактада, Олтурган экен алп Агыш, Үлпөк жүн жумшак бахтада. Көкөтөй кызы Көкмончок, Эрке катын кез экен, Жакын алып жанына, Кийинип жаткан кез экен, Бар кийимин кийинип, Бети-колун жуунуп, Аңгычакты ашпоздор, Чай көтөрүп чубуруп, Чай-тамагын жай ичип, Албан түрдүү даам ичип, Бата-дуба кылганда, Дасторконун жыйганда: — Кана, баатыр Ажыбай, Саргарып өңүң самандай, Алмадай жүздөн нур кетип, Жадаңкы көзгө турасың, Чаалыгып өзүң калгандай, Айкөл шерден кат барбы? Айта турган кеп барбы? Бечеттеген кагазды, Кош колдоп Ажың сунганы, Эр Агыш алды колуна, Элөөрүй тиктеп турганы, Айагына чыкканда, Абдан кепти укканда, Желпинип Агыш күүлөнүп, Дегеле жаман сүйлөнүп: — Кара кытай манжуга, Калка болгон Коң төрө, Какандыктын баарына, Арка болгон Коң төрө, Айбыгып андан жатканча, Өлгөн жакшы ал көрө! Кебез өтүк Кендирбай, Келбеттүү чочко Коңурбай, Тынч уктатып ар жылы, Жатканы жок чуу салбай, Баш калкалап жатканча, Өлгөн жакшы жан калбай! Калмактардын Чыңгыш хан, Кырк эшиктүү темир нам, Кыйдырбай жалгыз чырпыгын, Ашып келет кылымдан, Чыңгыш хандан кат алып, Эсен хандан бата алып, Алоокенин Коңурбай, Капалда жаткан тынч элди, Талап алды деп угам, Эл оозунда аңырт көп, Шум кабарды көп угам, Ал өңдөнгөн бүрүккө, Барбайт деген эмне? Ата кегин душмандан, Албайт деген эмине? Үйдө өлүмдөн кутулуп, Өлбөй киши калабы, Кеңешти жакшы кылыптыр, Бара келди Манаска, Айбыкпастан баралы, Астын-үстүн салалы! Ажал жетсе өлөрбүз, Азап болсо көрөрбүз, Бейжиндин жолу канчалык, Таласка качан жөнөйбүз? — Бейжиндин жолун уккамын, Нары барыш алты айлык, Бери келиш алты айлык, Он эки айлык жолу бар. Ошончолук оңу бар. Таластагы төрөгө, Жети күндө барасыз, Жети күндөн калганда, Кабылан Манас баатырдын Казабына каласыз, Кош эмесе, — деп айтып, Чалуудан атын алдырып, Үстүнө токум салдырып, Ажыбай чыкты аттанып, Көл айлана жол тартып. Кызыл сууда кылаңдап, Кызыл тумшук Ажыбай, Кетип барат чубаңдап, Жаргылчакты жакалап, Жаңыртып атын такалап, Тескей тоо менен калкылдап, Нар буурадай шалкылдап, Кийгени күмүш күрөкө, Күн чагылып жаркылдап, Күрөң аттын касасы, Карчытында шалпылдап.