Барар болсоң Бейжинге, Айкөлүм, сага демилге, Табамын, — деп хан Бакай, Эрлерди сынап калды эле, - Айтбашынын бетинде, Чечдөбөнүн четинде, Коргон салган Кошой бар, Кошойго кабар салабыз, Кошойдун колун алабыз, Кол бүтүп Бейжин барабыз, Эркечтамдын ойунда, Кебез тоонун бетинде, Кең Кашкардын четинде, Тогуз уулдун кенжеси, Бир кудайдын пендеси, Эламан байдын эр Төштүк, Төштүккө кабар салабыз, Кыпчактын колун алабыз, Кырдан урган салмордой, Кыйкырып Бейжин барабыз. Андан ары барганда, Анжийанда жүз башы, Маргалаңда миң башы, Наманган менен Ташкенди, Катарынан сураган, Чоң Коконду элеген, Айры сакал Сынчыбек, Кийген тоону чылк жибек, Коконго кабар салабыз, Колун түгөл алабыз, Коржоктогон калчага, Кул салып анан барабыз. Андан ары өткөндө, Кетментөбө жер деген, Келишимдүү эр деген, Кендирбайдын кер көкүл, Жетимдиктен жетилген, Эркин өсүп керилген, Ак болоттой келишкен, Эрдиги артык теминген, Жамынган аппак тону бар, Жарадай сары аты бар, Жыйырма беште жашы бар, Он сегиз кез бойу бар, Бул ааламдын баарысын, Бийлесем деген ойу бар, Жылдыздай кызыл көзү бар, Балдан ширин сөзү бар, Керкөкүл кабар салабыз, Керкөкүл колун алабыз, Келишип Бейжин барабыз. Андан өөдө жүргөндө, Жети өгүздү жердеген, Кулетенден кутура тууган алп Агыш, Бүткөн бойу тарамыш, Тепсете басса термелбес, Темир өзөк, таш жүрөк, Бул дагы мыкты эр деген, Ага кабар салабыз, Агыштын колун алабыз, Агыны катуу дайрадай, Анан Бейжин барабыз. Андан өдө жүргөндө, Улуу Кемин жайлаган, Улуу кара ат байлаган, Кичи Кемин жайлаган, Кичи кара ат байлаган, Кара эчкинин терисин, Халат кылып жамынган, Басма мурун кызалак, Туулган андан бала Үрбү, Көкөтөйдүн ордуна, Казактарга хан Үрбү, Үрбүгө кабар салабыз, Үрбүнүн колун алабыз, Үйөр аккан суу болуп, Анан Бейжин барабыз. Асманда жылдыз боз эле, Буудай хандын Музбурчак, Сакалы келген бир кучак, Мени менен акыр еттик дос эле, Ар качан камын жечү эле. “Жазатайып Бейжинге, Барып калсаң, Бакай хан, Кабар кылгын” – дечү эле, Казакка кабар салабыз, Калың болуп алабыз, Кангайга анан барабыз, Анда Манас муну айтат: — Ардактуу Бакай жан досум, Арымың сенин кыскарып, Арып калган белемсиң? Акылыңдан адашып, Карып калган белемсиң? Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып ким чабат? Ага барчуу кишиң ким, Анын барын ким табат?.. Ачкан оозун жумгунча, Айткан кебин тыйгынча, Жалпак тилдүү жатыгай, Балтырын жанында турган Ажыбай, Колунан бирөө тарткандай, Ыргып туруп ордунан: — Буйрук кылып кат берсең, Булуттан күлүк ат берсең, Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айлана мен чабам, Ошонун жолун мен табам, Хандарга кабар мен салам. Ашыктырсаң, падышам, Айылга түнөп жатбастан, Түндү улап күндөргө, Кирпиктүү көздү жумбастан, Он алты күндө келейин, Өзүңө жообун берейин. Ашыкпасаң, падышам, Жыйырма күнгө толгондо, Айкөлүм, болом ордоңдо. — Болду, Ажым, болду, — деп, Алмамбет, Чубак - эки шер, Абаң Бакай кеменгер, Сээрлүү таажы башында, Сексен катчы кашында, Серпөөлөнгөн эр Сыргак, Кат жазуучу үстөлгө, Катар барып олтурду. Кат жазуучу үстөлүң, Жан-жанынан ойдурган, Жакут таштан койдурган, Сары алтын бөрктөлүү, Дүбөтү менен калемин, Үстүнө катар койдурган. Койкоңдотуп калемин, Колу илинбей эр Сыргак, Катты жазып бышыктап, Караңгыда барат, деп, Карбаластап карайт, деп, Түн ичинде барат, деп, Дүпдүрөңдөп карайт, деп, Бүлбүлдөнүп көрүнбөй, Бүдөмүк чалып калат, деп, Ал күнү жазып кургатып, Айкөлдүн алтын чоң мөөрүн, Айагына бек басып, Тубардан калта жасатып, Бекитип оозун чаптатып, Эртең менен болгондо, Желеге кулун толгондо, Ажыбайды аткарды. Ажыбай деген аты бар, Алган печет каты бар, Кара сакал жайкалып, Кундуз ичик, суусар бөрк, Минген жорго чайпалып, Хандарыңдан кем эмес, Катардан калаар эр эмес. Учураган адамга, Улам келип саламга, Каадасы менен кеп айтып, Хан чакырам деп айтып, Анча-мынча кишиге, Саламга алик албастан, Кылчайып көзүн салбастан, Ат айабай жол жүрүп, Жол жүргөндө мол жүрүп, Күүгүм кире күн бата, Кең Кочкордун жээкке, Акмазардын тээкке, Кырк чоро өлчүү жерине, Салдырып атын келдиле. Кара койун өрдөдү, Туулгалы Ажыкең, Мындай жерди көрбөдү, Асмандагы жылдыздар, Кыбыла көздөй сыйлыкты, Өрдөп чыкты Ажыбай, Таш ырабат шыркты. Аркар баспас Каракум, Атын түшүп жетелеп, Ат башынын чоң сууга, Кирип келди энтелеп. Алдындагы Күрөңдүн, Ооздугун чыгарып, Азыраак чөптөн чалдырды, Катыра койуп суусунан, Чаңкаганын кандырды. Күндүн мурду чачыла, Боз мунарык жазыла, Серепчелеп Ажыбай, Маңдай жагын караса, Кең көчпөстүн токойдо, Тоодой тору аты бар, Толгомо саптуу камчы алган, Колунда конгон кушу бар, Ээрчиткен тайган ити бар, Артында жүргөн эрчишип, Албан-дубан киши бар, Куш жайылып токойго, Келген экен эр Кошой. Тааный койуп Ажыбай, Ооздугун салды эле, Оңдонуп минип алды эле, Кечип чыгып чоң суудан, Салып жетип барды эле. Бута атымча калганда, Бугу кайыш нөкөрү, Ажыбай хандын жөкөрү, Суруп белден ыргытып, Кендиргелеп бүгүлүп, Келинден бетер жүгүнүп, Кандыргалап бүгүлүп, Катындан бетер жүгүнүп, Олуйазада Кошойдун, Улуулугун билгизип, Салам айтып көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Эсен-соонун сурашып, — Жүрү Ажыбай, аттан — деп Кайра тартты чоң Кошой. Чоң коргонго барганда, Чуркашып эрлер жабыла, Чылбырынан алышты, Кошой менен Ажыңдын, Аттарын байлай салышты, Эшик ачып уландар, Урматтап баары калышты. Эр жагына койдурган, Кызыл алтын керебет, Керебет алтын тактага, Кебезден бүткөн макмалга, Тоодой болгон хан Кошой – Эрен барып олтурду. Маңдай жакта көрпөчө, Макмалдан түгү бөлөкчө, Шибер ыраң көйгөлгөн, Миң кубулжуп өзгөргөн, Тилдүүлөрдүн жоргосу – Ажыбек барып олтурду, Ал аңгыча ашпоздор, Алдыга тамак толтурду. Казы-карты, жал койду, Кездик салса бойлогуз, Жайа бычып май койду, Капагы менен бал койду, Каймакка бышкан нан койду, Кашыктары күмүштөн, Куурдак менен чай койду, Эзген курут аралаш, Томоруп сары май койду, Аңкагандар жутсун, деп, Токтотуп койду бозону, Кымыздан тарткан арактан, Болушунча аны ичип, Бата-дуба кылганда, Дасторконун жыйганча, Анан Кошой муну айтат: Кана, балам Ажыбай, Алда эмне ишиң бар? Караңгыда жүрүпсүң, Карбаластап келипсиң, Түнүчүндө жүрүпсүң, Дүпдүрөңдөп келипсиң, Түсөрүн качып, түн катып, Өтө ашыгыш жол басып, Хандан келген кат барбы? Камкордон келген кеп барбы? – Хан алдында көп жүрүп, Кандим болгон Ажыбай, Алтын саптуу ай балта, Тубардан кылган жан калта, Бечеттеген кагазды, Кош колдоп суна берди эле, Бечетин жыртып хан Кошой, Катка көзүн салды эле. Айагына чыкканда, Аппак сакал жайыла, Мындай деди хан Кошой: — Баракелди Манаска, Айжаркын асыл кайран эл, Жакшы эле кеңеш кылыптыр, Жанбашым эми тыныптыр, Кебез кепич кең белбоо, Кара чоктуу калмакка, Калка болгон Коңурбай, Анжы, манжу, Туңшага, Арка болгон Коңурбай, Кырк эшиктүү тешик там, Кытайлардын Чынгыш хан, Өлсөм чыкпас сөөгүмдөн, Өчүм турат ошондо. Аймангансып жүргүнчө, Барбайт деген немине? Айжан жүн кызы Бурулай, Эсенхан кызы Бирмыскал, Тартууга берсе сулуусун, Албайт деген немине? Олжо катын биз кылып, Ат сооруга сулууну, Салбайт деген немине?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.