← Манас 4/6

Сакалымдын агыбы, Сакалдын агы болбосо, Абаң Кошой карынын, Шалкылдай турган чагы бул. Мурутуңдун агыбы, Муруттун агы болбосо, Абаң Кошой карынын, Булкулдай турган чагы бул. Кескен терек сайда бар, Кечилдерден ок тийсе, Абаң Кошой карыга, Мындай өлүм кайда бар? Кыйган терек сайда бар, Коңурдан келип ок тийсе, Кошой абаң карыга, А, балам, мындай өлүм кайда бар? Токтунун этин ашадым, Токсонго чыга жашадым, Серкенин этин ашадым, А, балам, сексенден аша жашадым, Темир сандык ичине, Салып койуп бакса да, Ажал чиркин кес келсе, Тоңкойуп өлүп жатамын, Акыры салат чеңгелин, А, балам, ажалдан кантип качамын? Узун кулак балалең, Укмуштураак жан элең, Уктуң беле Бейжинди, Канча күндүк жолу бар, Качан келиш оңу бар? – Анда Ажыбай кеп айтат: — Уктум эле Бейжинди, Ары барыш алты айлык, Бери келиш алты айлык, Он эки айлык жолу бар, Ошончолук оңу бар, Таластагы төрөгө, Жети күндө барарсыз, Жети күндөн калсаңыз, Желпинип турган Манастын, Жекүүсүнө каларсыз. Кош эмесе, — деп айтып, Куйулдуруп эп айтып, Камчысын жерге тайана, Ордунан турду камына. — Ай, ай, балам Ажыбай Кудай билет өлүштү, Кудай билет келишти, Катын менен баланын, Кайтып жүзүн көрүштү, Биргелешип олтуруп, Бир дасторкон бетинен, Бир табактын ичинен, Биригип даам ичишти, Анда Ажыбай муну айтат: — Хан чакырар ишим бар, Катуу кыйын жумуш бар, Барыдан мүшкүл бир иш бар, Аркандап келген айым бар, Айтышып койгон жайым бар, Күрмөшүп келген күнүм бар, Күүгүм болжор түнүм бар, Күрмөөсү жиптин чечилер, Көк жалга барсам кечигип, Күнөөмдү кайдан кечирер? Көрүнөө башым кесилер, Бешбелчирдин Бешашуу, Маңдайында көрүнүп, Мазайыл аттуу бел турду, Кабыл көрсө кудайым, Мазайыл беттеп басайын, Деп ойлонуп Ажыбай, Мазайыл ашып чыкты эле, Арпанын түзүн басты эле, Тойун менен түштү эле, Сөөк менен зыркырап, Улам күчөп Карткүрөң, Учкан куштай дыркырап, Күүгүм кире күн бата, Эркечтамдын ойуна, Кан жуугандын бойуна Салып кирип барды эле, Эр Төштүктүн айлына. Так көтөрүп ордону, Талаага тиккен кези экен, Кудайдын берген иши экен, Короолош болгон коңшусу, Токсон түтүн киши экен, Отуз нөөкөр, кырк шайы, Ордону баккан жаштары, Алдынан тосуп Ажынын, Атын алып байлады, Эр Төштүктүн үстүнө, Эшик ачып баштады. Эр жагында тактыда, Кебезден бүткөн башкача, Тоодой болгон Эр Төштүк, Олтурган экен чалкайа, Саламдашып көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Эсен-соосун сурашып, Төрдөн орун көрсөтүп, Өзүңүз мурда өт, дешип, Сен, мен деген сенек сөз, Сиз, биз сөздү көп дешип, Төргө катар олтурду, Ашпоздору белендеп, Чай-тамагын толтурду. Аш-тамагын жай ичип, Алтымыш түрдүү даам ичип, Бата-дуба кылган соң, Дасторконун жыйган соң, — Алыстан келди Ажыкем, Ардык алсын, — деген соң, Улукка нечен жол барып, Мындай иш далай капташып, Кандим болгон Ажыбай, Капчыкка колун салганы, Каңкордун жазган кагазын, Калдайтып сууруп алганы, Тумардан кылган бечетин, Жыртып ийип Ажыкең, Кош колдоп сунуп калганы. Катты алып колуна, Айагына чыкканда, Төрө Төштүк күүлөндү, Коң төрө жакка сүйлөндү: — Дүңгүр-дүңгүр, дүңгүр таш, Ташына жези аралаш, Дүңү чыккан Бейжиндин, Түбү алтын оозу таш, Ноктолуу башта бир өлүм, Өйдө жатса өлбөйбү, Аттанып чыкса адамзат, Ар сонунду көрбөйбү? Аттанып сапар жол тартып, Алыскы жолго жөнөйлү, Калмак менен манжулар, Нескара менен Коңурбай, Кедендин уулу чоң Жолой, Кыргызды бөлүп четинен, Ар жылы талап жөн койбой, Кыр көрсөтүп жүрбөйбү! Айжаркын Манас айкөлүм, Абыдан кеңеш кылыпьыр, Эл таламы дегендин, Санасы эми тыныптыр. Узун кулак бала элең, Укмуштуураак жан элең, Уктуң бекен Бейжинди, Канча күндүк жолу бар? Качан келүү оңу бар? Кабарын баатыр айта сал, - — Уктум эле Бейжинди, Ары барыш алты айлык, Бери келиш алты айлык, Он эки айлык жолу бар, Ошончолук оңу бар. Таластагы Манаска, Жети күндө барасыз, Сегиз күндө тайаса, Бир балаага каласыз, - Конок болуп жай албай, Кош деп айтып Ажыбай, Камчысын сүйрөп жөнөдү, Жанбаштап бир түн жаталбай. Анда Төштүк кеп айтат: Бир күн мында конуп кет, Бир түн конок болуп кет, Тагдырдын ишин ким билет, Кимдер өлөт, ким келет? Катын менен баланын, Урук-тууган калгандын, Анын жүзүн ким көрөт? - Анда Ажыбай кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Кабарчы болуп калдаңдап, Күн-түнү жок чабамын, Сиз сыйактуу хандардын, Барына кабар саламын, Көрүнгөн жерге жатып – кооп, Эркимче жүрө бергенде, Болжолдуу күндөн каламын, Карап туруп өзүмө, Бир балааны табамын, Агарып таң кеч кирер, Апта кетер, ай кетер, Айтышкан күнү барбасам, Алмадай башка күч келээр, - Деп Ажыбай көнбөдү, Жолуна карай жөнөдү. Айылдан чыгып аттанып, Сымкананы өрдөдү, Туулганы Ажыбай, Мындай жерди көрбөдү. Уккан кебин улады, Эркечтам башын ашканда, Терс айланып калам деп, Улама аңырт ойлоду, Коңарт тоосун бойлоду. Аркар ашпас кара кум, Атын түшүп жетелеп, Капыстан кылтыс тепсесе, Кабакка кулап кетем, деп, Этегин кайра курганып, Буулум тобу кыргылып, Бутунда кепич жыртылып, Жетелеп атын жөө басып, Түн ичинде бел ашып, Тоо бөксөмөр күн тийип, Алдына минген көрүңдүн, Кыл куйругун чарт түйүп, Күн бешимге жакындап, Кирип келген болжолдо, Араң жетти Ажыкең, Күлүсөндүн токойго. Кембагалдын жери экен, Жер жемиши мал экен, Жалгыз эчки болсо да, Жан сактап кетер жер экен. Акбарсылдак, кызгалдак, Кемирчек менен мандалак, Козукулак, бээ эмчек, Жөргөмүш менен кымыздык, Балжууран менен ышкындык, Томотой менен карагат, Жермыйаз менен бүлдүркөн, Жердин бети бүр экен, Баашайы түрүн салгандай, Барысы жердин гүл экен. Аккан кара суу экен, Суусунун көбү май экен, Керсендин кени экен, Ача туйак мал багып, Адам жашар жер экен. Керди көрүп таңданып, Жерди көрүп шаңданып, Эңиш тартып зырылдап, Карткүрөң мурду бырылдап, Күүгүм кире бүрүлдө, Ажыкең атта алкындап, Чоң кокондун дарбаза, Кирип барды жакындап, Карт күрөңдүн төрт буту, Дооштонуп такылдап. Калаанын баары маң болуп, Караган киши таң болуп, Көчөнүн көбү маң болуп, Көргөн киши таң болуп, Ажыкең кирди борборго, Ханы жаткан коргонго. Дайар турган кырк жигит, Атын алып Ажыңдын, Жасалгалуу сарайга, Ажыкеңди киргизип, Аш-тамагын бергизип, Тай семизин жыгышып, Жакшылап конок кылышып, Суусунга арак куйушуп, Кош колдоп барын сунушуп, Тынч жаткырды Ажыңды, Уйкусун баса кандырды, Таң бозоруп сүргөндө, Көзү чайыттай ачылды. Асмадан атын чечтирип, Акырга беде салдырып, Күрөң атты чалдырып, Колу-жөгөн жуунуп, Бекемдеп белин буунуп, Жанга кылыч байланып, Сынчыбектин үстүнө, Күн чыга кирди шайланып. Тактысынан үстүндө, Отурган экен Сынчыбек, Жылаңайлак жылаңбаш, Барча тоодой дардайып. Салам айтып көрүшүп, Эсен-соосун сурашып, Төр жактан орун көрсөтүп, Төбөсүндө өткөрүп, Ашпоздорду белендеп, «Аа- аалашып» элеңдеп, Тизелери бүгүлүп, Бөйбөңдөшүп жүгүрүп, Аш-тамагын жай берип, Албан-албан чай берип, Жүзүмдөй тартып жетилткен, Кызыл арак да берип, Карын-курсак тойгондо, Дасторконду жыйганда: — Кана балам Ажыбай, Өңүң сары бөлүнүп, Аттан жароо көрүнүп, Шашылышта жүрүпсүң, Алыскы жолдон келипсиң, Кабыландан кабар барбы? Катуу буйрук шарт барбы? – Алтын саптуу айбалта, Алдында тубар жан калта, Кабылан жазган кагазды, Капчыктан сууруп алды эле, Безетин жыртпай кош колдоп, Ажыкең суна калды эле, Катка көзүн салды эле, Айагына чыкканда, Бармагын тиштеп баш чайкап, Бир далай туруп калды эле.