Катуу тийди Манаска. Үнү күндөй күркүрөп, Жаңырды тоолор дүркүрөп, Жүрөгү жок коркоктор, Сийдиги агып бүркүрөп, Тик качырып айкөлдү, Аңтара сайам, деп келди, Найзасын арстан сайдырбай, Каңгыта кагып жиберди. Айкөл Манас акырып, Аккула арыш алыптыр. Арстаның найза сайыптыр, Машыгып кеткен Чынаача, Сайдырбастан кагыптыр. Качырышып сайышып, Сайдырбастан кагышып, Апыр-шапыр алышып, Айанбастан барышып, Каңкылдата калышып, Каршы-терши кайчылап, Канжарды тиреп майышып, Ээрдин бекем тиштенип, Өжөрлөнүп тайышып, Кезекке тура калышып, Кезгерип кайра сайышып, Бирин бири жеңген жок, Кызыл канга малышып. Күндү түнгө улады, Бир аскер түшпөй кошуна, Күтүп турду буларды, Бир мезгилдер болгондо, Чынаача минтип суранды: — Ай караңгы, жарык жок, Курсак ачты, дарман жок, Түндө урушту койолу, Эртең менен майданда, Ушул жерде бололу, - Айкөл макул көрүптүр, Чынаача айтса көнүптүр.
Элине барып Чынаача, Сыйкырчысын жыйнады, Апы менен Напысын, Жанына жакын алганы:
— Таң агарып атканда, Барбай койсом болобу? Эми жана кезиксем, Манас тирүү койобу? Багып келдим далай жыл, Кийериңе тон болдум, Ичериңе аш болдум, Канча иштетсең түгөнгүс, Сандыгыңа пул болдум, Алдында нечен киши бар, Чогулушуп баарыңар, Бүгүнкү түндөн калтырбай, Бир амалды табыңар. Бир окто отуз ит өлдү, Мындай жумуш ким көрдү? Кыргыздын эли шум экен, Бизден өткөн өнөрлүү, Баатырлары кыл экен, Ойлонбогон өлөөрдү, Кечээ келген Манастай, Майышпас эрди ким көрдү? Ташка тийген бычактай, Жапырылды миздерим, Кара көзүм кашайып, Карышкансыйт тиштерим, Кайда кеткен билбедим, Кадимки менин иштерим! Алтымышча эр сайдым, Качан бирөөн үч сайдым? Эртең бараар чамам жок, Чын кайраттан мен тайдым, Алдырып койор мезгилде, Айла таап сурандым. Кысталбай жооп бериши, Кызы талак Манаста, Кыйындыктын белгиси! - Баш кишисин чогултуп, Жыйын куруп олтуруп, Сыйкырларын бекитип, Жетекчисин кекетип, Өкүм кылып элине, Кылар ишин болжолдоп, Чынаача турду коржоңдоп, Чынаачанын белдери, Иш бүтүрчү бийлери, Айтканын кылсак болот, деп, Айтканын кылбай койгондо, Кыргыздан мурда сойот, деп, Дүбүрөшүп уктабай, Көчүгүн жерге ныктабай, Акылдашып сыйкырчы, Кырмак болду кыргызды, Кыйан селди агызып, Казып жерди ор кылды, Чулп этсе кайра чыга алгыс, Челкилдеген суу кылды. Аны менен токтобой, Баштамак үчүн жорукту, Апы, Напы баш болуп, Он сыйкыр келип олтурду, Булут байлап күн жайлап, Кар учуруп бурганак, Таң агарып атканча, Кекиртектеп кар келди, Басып кете жаздады, Кылымдаган бар элди. Алмамбеттен башкасы, Жай экенин билбеди, Алмаң сүйлөп элине: — Айтканыма кир, — деди, Чыйпы, Мыйтык, Күрөөкө, Айтаарым бар үчөөңө, Канча болсо сыйкырчы, Калтырбай таап келгиле. (Баш-айагы жыйылып, Он бир киши келди эле), — Он бир киши сыйкырчым, Иштеткиле сыйкырын, Ачып таштап койгула, Оогандыктын бүт сырын, Тегин жааган күн эмес, Оңой жумуш бул эмес, Эртең менен күн тийип, Өзөн ылдый суу келет, Каптаган үйдү түтүндөй, Асман тиреп буу келет, Агып кетип жүрбөйлү, Аралашып телпектеп. Алың келсе муз жаса, Айаз жүргөн кыш жаса,
Оогандык колдун ойунан, Унутулгус иш жаса! Төшөгүнөн кобо албай, Төрөлөрү кыш болсун, Агып суу катып жаактап, Кыңшылаган кыш болсун! Койнунан колун чыгарбай, Кооп барып сийе албай, Көңүлдөрү кир болсун, Түрөгөй чалыш жүнсүз мал, Оогандыктын аттары, Тоңуп өлүп жоголсун, Кар жамынган корумдай, Ар кай жерде торойсун! Мыкты болсоң сыйкырчым, Жиксиз ишиң эп болсун, Оогандыктын жайчысы, Ишиңди билбес кеп болсун! - Алмамбеттен кеп угуп, Баары калды удургуп: — Карлуу төрө Алмамбет, Бул айтканың кыйын кеп, Жайлап жаткан жайчыга, Туйдурбастан кылгын деп, Кышты салсак саларбыз, Койдурбай кантип каларбыз? Ошондой суук күн болсо, Өзүбүз кандай кылабыз? Ооганга келбейт, тең келет, Окшош кыргыз сенделет, - Сыйкырлардан кеп угуп, Оор жумуш, деп угуп, Ачуусу келип Алмаңдын, Бекем түйүп кабагын: — Киндик кесип кир жуусаң, Киндик муз да кесесиң, Киндикти карда жубасың, Суук болуп кетет деп, Божурап келип турасың! Алдыңда минген атыңдын, Бир кулагы муз болсун, Бир кулакка күн тийип, Мемиреп турган жай болсун, Анан ошондо сыйкыр болмоксуң, Божураган, Бачагар, Мунтип жүрсөң оңбойсуң! - Айтып муну Алмамбет, Аткарды жумуш бат эле, Эки колдун арасы, Жарым күндүк бар эле, Селебелүү Алмамабет, Сеңселтип жээрде сакалды, Жетимиш эки жадыкөй, Жайын билет Алмамбет, Жер жүзүндө сыйкырдын, Барын билет Алмамбет, Бүдөмүктөп калбастан, Анык билет Алмамбет, Ачып көздү жумганча, Ана-мына кылганча, Асманды алты өзгөртүп, Борошо суук шамалды, Ооган жакка өткөрүп, Ортого туман уйутуп, Шамал салып кыргызга, Чай кайнамча улутуп, Бир заматта жел тынып, Жылдыз чыкты жымыңдап, Кыргыздан Ооган жак көздөй, Айаз сокту зырылдап, Кар катып аппак муз болуп, Ойдуң жерге кар толуп, Анча-мынча аң-чөнөк, Түптүз болуп жоголуп, Жыгачтын бары сапайып, Ак чачбактуу болуптур, Ойрон Алмаң маминтип, Укмуш кылып койуптур. Ат менен басса карс этип, Колоңсодон такалып, Жөөлөп басса көтөрүп, Күн чыкканча агарып, Күн тийгенде көгөрүп, Күндүн болжоп чыгарын, Түйүнүн чечип дубанын, Тура калды Алмамбет. Күчтүү жел чыгып шарк этип, Күн көрүндү жарк этип. Жаткан эле Оогандык, Окшотуп салдык биз дешип, Өздөрүнчө эрдемсип. Алдырабай, ашыкпай, Жайчылар туруп теңселип, Ачып көзүн караса, Кыргыздын эли карада, Кар жаабаган аларга, Түн бойу кылган сыйкырдык, Билбеди кеткен кайакка? Акылы айраң таң болуп, Бул шумдукка ар болуп, Черүүнүн бары чатырдан, Ажырады акылдан, Кабар алар айла жок, Урушка минер атынан. Адамзатта арып көп, Аттарын Ооган караптыр, Чыначаа минген ат калган, Андан башка калбаптыр, Жерге жакын жөө кылып. Аттарын түгөл жайлаптыр, Отко жакын жылаңач, Маминтип шору кайнаптыр! Асман эле тунарык, Акырын кетип таралып, Жаркырап тийип күн нуру, Зыркырап сокпой жел турду, Кардын алды көлкүлдөп, Ала шалбырт суу толду, Сел алмак эми болду, деп, Оогандык ичи чуу болду, Же агып кетпей бир жакка, Колтуктан келген суу болду. Толкунга толгон айкалып, Мелтиреп турат чайкалып, Чыгып кетер айла жок, Ооган турат чайкалып, Атын минип Чынаача, Бастырып чыкты чалкайып. Бастырган менен көк көлгө, Чөгүүчүдөй түбүнө, Кирген жерде чулп этип, Атынын мурду быр этип, Баралган жок эч жерге, Аш бышымча суу кечип, Этеги сууда жайылып,
Аты эчен тайылып, Ойдуңга калса тушугуп, Жыгылчудай сайылып, Тоголотуп кетчүдөй, Толкун уруп жабылып, Арык уйдай солкулдап, Үшүп барат кайыгып, Ак жалданган көл болду, Адам тепсеп турган жер, Жалтыраган муз болду, Үч кубулуп жер бети, Мына мындай иш болду, Найзасын уруп кагышпай, Кылычын күүлөп салышпай, Чымырканып тиштенип, Же чыкыйга балта чабышпай, Жеңишсе да, жеңсе да, Майданга чыгып канышпай, Мүнкүр болуп Чынаача, Аркы өйүзгө өтө албай, Эңсеген ойго жете албай, Ызаалык кеги, кыжыры, Ичинде турат бир далай, Болгон жумуш аламат, Бир күн өтүп баратат, Так бир айча кептенип. Элебеген эр Манас, Эчтеке менен иши жок, Ченебеген шер Манас, Ичи анын кең Талас, Канкоруң анда кеп айтат: — Аттандыбы оогандык, Карагыла, — деп айтат, Кечээ кеткен Чынаача, Келмек эле ал мага, Мурда жетип келбесин, Менден коркту дебесин, - Анда Кыргыл кеп айтат: — Арбагы бийик арстаным, Айбаты журтту басканым, Кечээки келген бойунча, Кебелип үйдөн чыкпадың, Көп иштер өттү шумдуктуу, Көрбөппүз түрүн асмандын, Элебей калган экенсиз,