Айкөл Манас, Алмамбет, Арстан Чубак, эр Сыргак, Баш кошуп төртөө кез болду, Чогулуша келгенде, Алмамбет айткан кеп болду: — Бир күнү кылбай туруштук, Оогандын колу жоголду, Дайынсыз өлүп эрлери, Талкаланды пилдери, Талаада калды торлору, Жүргүлө барып көрөлү, Абам Бакай не болду? - Анчалык көргөн азапты, Буларга ооган жолойбу? Тумандан чыкса бөлүнүп, Баатырдын туусу көрүнүп, Кызыл кыргын бул жерде, Кымылдаган көп элде, Кыйын болгон сыйагы, Адамдын каны төгүлүп, Чыйпы, Мыйтык, Чөндөкө, Кылжыр менен Күрөөкө, Кыйын жумуш аткарып, Турган экен бул төртөө, Оогандыктан отуз миң, Азык-түлүк, ок-дары, Талаганы төөлөрүн, Барган эле көз көрүнөө. Алды келип оогандын, Кол салгандын Күрөөкө, Алдыртан утур шамалды, Койо берди ал жерде, Топурак учуп жер чаңдап, Топодон көздү ача албай, Малакайы делдектеп, Этектери телпектеп, Чыдай албай Апысы, Күн жаадырып жиберди, Топурак учпай арылды, Жана ооган жабылды. Кабыландын Чөндөкө, Өнөрү журттан бөлөкчө, Камылгасы тактады, Таш кылып баарын таштады. Залкарлуу сыйкыр Напысы,
Аа кошулуп жалпысы, Кызыл жалын от салды, Жердин бетин от алды, Азык-түлүк, мал, чатыр, Күйүп кете таз калды, Кыргыздын Кылжыр сыйкыры, Кыйын шамал качырды, Шамал келип серпкени, От артына кеткени, Элебей туруп оогандык, Күйүп кетти нечени. Тайталаң деген сыйкыры, Корголдой мөндүр куйдурду, Тарсылдатып асманды, Кулак мээни тундурду. Аркасынан таш түштү, Асмандан жерге чубуруп, Сыйкырчы Мыйтык турабы, Апсун окуп топону, Тайталаңга урганы, Өнгөн тал болуп талаада, Тайталаңдын турганы. — Кыйын талды сал, деди, Түбүнөн кесип ал! — деди, Эки бала келгени, Тайталаңды кесет, деп, Оогандардын өткүрү, Келаткан эки баланы, Өрдөк кыла салганы, Өзү өткүр камынып, Шумкар боло калганы, Бүркүт болуп калдаңдап, Чыйпы жетип барганы. Оогандын бары сыйкыры, Жерге салды сыйкырды, Жер титиреп калтылдап, Кээ бир жерден суу чыгып, Агып кетти шаркырап, Тоолорунан таш кулап, Башаламан дүңкүлдөп, Адамдын баары коркушту, Эстери чыгып бүлкүлдөп. Күрөөкө менен Чөндөкө, Мыйтык менен ал үчөө, Жерди оодара беришти, Кулаган таштын баарысы, Ооганды карай келишти. Жер токтоно калыптыр, Оогандыктын баарысы, Илбирс болуп алыптыр, Абаңды карай бет алып, Атырылып калыптыр, Кыргыздардан төрт жүздү, Кыйын сыйкыр Кылжыры, Жолборс кыла салыптыр. Илбирс болуп тура албай, Мойундан чайнап жара албай, Көк кептер болуп шыпылдап, Көккө чыкты зыпылдап. Кыргыздан келген сыйкырлар, Куу ылаачын болуптур, Мойундарын созуптур, Сыйкыры мунун озуптур, Амал кылып сыйкырлар, Аш-азыгын тосуптур, Антип-минтип жүргөнчө, Күн кечкирип болуптур, Кайра түшүп эки кол, Жатагына конуптур. Кайгулчу менен ченчиден, Жазбай билчү изчиден, Тоорулуп элди турчудан, Тогузду катар урчудан, Торгоду көзгө атчудан, Жебени мыкты тартчудан, Кароолчуну койуптур, Мөөнөтү менен которуп, Кыргыл башчы болуптур.
Күн менен түндүн өлчөмү, Караңгы, жарык өлчөдү, Тараза жылдыз батыптыр, Таң сүрүлүп атыптыр, Жеңилгенсип Чынаача, Уктабастан жатыптыр, Түпсүз ойго батыптыр. Күндүн мурду чачыла, Керней-сурнай тартыптыр, Азап айдап Чынаача,
Алдырап өтө шашыптыр. Оогандын элин карасаң, Камынганы чай ичип, Камсыздары наштасыз, Козголуп чыкты аттанып, Курган эл жалпы баш кашып. Ошондо чочко Чынаача, Сүрдөнүп ал арстанча, Кызыл ээк, чолок чаар, Атын басты камчыга, Жүзүнөн чыгып кыш айаз, Жүрүп берди алдыда, Кабактары салынып, Ар кимдин ойу ар башка, Коркоктору ойлонсо, Жаткансыйт тарпы кабакта. Кыргыздын шайдоот эрлери, Жабыла атка минди эми, Айкөлүңдүн алтын туу, Айланасы чачылуу, Асмандата желпинтип, Азаматтары элирип, Күүлөнүп турган аттарын, Ого бетер теминип, Тогошо турган майданга, Топ болушту жардана, Тууну кармап турган кез, Абаң Бакай карыйа. Аккула менен айкөл шер, Күүгүм туман көздөнүп, Майлаган буудай жүздөнүп, Жылдыздата карасаң, Канча түрдүү сын келип, Толкуну көлдөй мелтилдеп, Сүйкүмү күндөй мемиреп, Салкыны ызгаар зырылдап, Залкары тоодой зымылдап, Ак мейкин түздөй мелтиреп, Колдоочусу кошо анын, Жоо бөрүсү баатырдын. Жоругу журттан артылып, Жүзүн көргөн жат душман, Жүрөгү түшүп калтаарып, Салкыны сырттын желиндей, Сыдырым шамал дегиндей,
Ысыгы жайдын күнүндөй, Түрпөтү селдин түрүндөй, Каарына алганда, Казабы кара күүгүмдөй, Аккүбө тонун кийинип, Айбалта, кылыч, найзасы, Жай-жайына илинип, Башында таажы баашалык, Жакуттан көз билинип, Арстан Манас барганы. Тээ маңдайда турган Чынаача, Көз жиберип байкаса, Бул өңдүү киши табылбас, Сарала атчан бирөө бар, Анын оң кол жагында, Алтын чырай нур беттүү, Ийриси жок түз кептүү, Пешенеси жапжайык, Пендеден ашкан келбеттүү, Каралжын ыраң тону бар, Калдагай келген топчулар, Сыныктын эбин тапчудай, Сыйкыры журтту басчудай, Өлгөндүн көзүн ашчудай, Өнөрдүн баарын казчыдай, Балбан экен баарыдан, Айлакер экен абыдан, Кызыталак Манаска, Бул жигит кайдан келип кабылган? Сол жагында бирөө бар, Ойрондоп турар түрү бар, Жутунуп карап туш-тушка, Жойлогон жолборс сүрү бар. Минген аты көкала, Өкүм күлүк көрүнөт, Атынан минип ал турса, Көргөндүн көөнү бөлүнөт, Узун бойлуу, кең далы, Жарашкан экен кабагы, Туруп душман беттебес, Бул замандын балбаны, Тик качырып бет келсе, Чыгаргандай далдалды, Кара жер араң көтөрөт, Карап көрсө салмагы, Ала көөдөн жел өпкө, Ашыкма турат бир жагы. Мингени кызыл-темир көк, Алагар көздүү өкүм сөз, Он миңди сайып алгандай, Олуттуу жерде болсо кез, Сундуруп найза тартпастай, Сумсайып жоодон качпастай, Кара калпак, көк түпөк, Акылы терең кайрат тез, Жети күндүк сайышта, Чаалыгып калар пенде эмес. Туу түбүндө карысы, Кол куушурат баарысы, Акылы тунук, сөзү так, Кылым кыргыз болгон журт, Күтөт экен урматтап. Тетиги катар турган топ жигит, Кылымдан чыккан шок жигит, Кармашса колду күйдүргөн, Табы күчтүү чок жигит, Баарын Манас жыйнаптыр, Көп элде мындай жок жигит, Төлгөчү менен далычы, Из куугандын баарысы, Жортуулчу менен кайгуучу, Жол бойунда туруучу, Сыйкыр билген, жай билген, Сыймыктуу Манас турбайбы, Ушулар баары бир жүргөн. Сынап болуп Чынаача: “Капкалуу журт Каканга, Кара кытай, калмакка, Уй түгүндөй манжуга, Ошолордун баарысын, Төбөсүнөн бийлеген, Коңтөрө аттуу баатырга, Элчи жумшап сүйлөшүп, Сүз беришкен жерим бар, Айтылып койгон кебим бар, Жеңдирип койсом кокустан, Коңурбай алар кегим бар” - Коңурбайга ишенип, Чынаача турду күүлөнүп, Тизилип болду черүүсү,
Топ-топ болуп дүрбөшүп. Жүз элүү миң киши эле, Кечээки болгон урушта, Он тогуз миң өлүптүр, Кыйрагыс орго чөгүптүр, Бош тамырдай жулунуп, Таз чачындай суйулуп, Калгандары мына ушул, Тирүүсү келди чогулуп, Шапырак деген бар эле, Шаңдуунун бири ал эле, Ары баатыр, ары хан, Өкүм эле баарыдан. Кечээ күнкү жеңилиш, Кегин алып келем, деп, Айдап ажал желденип, Каны кызып демденип, Качыр минди, ат минбей, Күрзү алып, найза илбей, Күркүрөп Шапыр жөнөдү, Көрсүн деп эми өнөрдү. Оозунан түтүн буркурап, Шамал чыгып дуулдап, Ач белестен учуруп, Ургандан бороон шуулдап, Ортого келди шапырап, Атын билбейт айтаарга, Сапатына чакырат: — Атың менен Шапырак, Ажалга байлап керт башын, Мага беттеп ким чыгат? Кечээ көрдүм баарыңды, Ченегемин алыңды, Мени менен булкушуп, Келер киши дайындуу! Кара кыргак бөрк кийген, Темир кызыл ат минген, Тегеле кыйын телпейет, Тетектин бири кептенет, Теңдешер болсоң сен келгин! Көк тон кийип сыртынан, Көк ала атын булкунткан, Токтоно албайт ыргыштап, Жүрөгүнүн курчунан, Теңдешер болсоң сен келгин!