← Манас 5/7

Уй куймулчак Сарала, Макмал жүндүү мал экен, Үстүндөгү мингени, Падыша чени бар экен, Өңкөй мүчө келишкен, Эки далы кең экен, Өнөрдүн өз кени экен, Көрүнүп турат келбети, Көй кашканын бири экен, Баштан айак чыр экен, Башкача элден тың экен, Башташаар болсоң сен келгин! Келесиң, кайра кетпейсиң, Кетирбестен эптеймин, Келген эри ким болсун, Денеде башы миң болсун, Абалтан шер атанып, Атагы элге дүң болсун, Өлгөндөргө өч алам, Боорун жарып өт алам, Башын кесип кан ичем, Ат жетелеп тон кийем! - Деп акырды Шапырак, Качырын сабап чапкылап, Көргөндө муну турган жок, Жагалданган эр Сыргак, Зор Бакайдан жол сурап, Телкызыл менен койгулап, Буркурап учуп топурак, Буудан Сыргак баратат, Качыры менен шөлпөңдөп, Шапырак ооган келатат, Шапырак ооган, эр Сыргак, Каршылашты ушул жак. Найзаларын кагышып. Кайта айланып барышып, Кезеги жок, кеңеш жок, Башаламан салышып, Көшөрүп булар көгөрүп, Күчөнүп найза өңөрүп, Бирин бири алган жок, Аңтара сайып көмөрүп. Баса кийип туулганы, Ого бетер чөмөрүп, Эрегишип кайышып. Чапканынан чыдабай, Балтанын сыртын жарышып, Көөдөнгө найза такылдап, Туулгага балта чакылдап, Толкундаган үн чыгып, Анда-санда бакырат. Тополоң учуп, тоз түштү, Аттан учкан топурак, Токтоно албай кара жер, Чаң киргенсийт солкулдап, Талыкпай бир күн салышты, Шапырак, Сыргак эр чыдап. Алыша албай ал экөө, Кечкирип элге кайтышты, Шапыракты билдирип, Кабылан Сыргак айтышы: — Бендеден белдүү эме экен, Берендиги чын экен, Беттешкен элем эченге, Баардыгынын тыңы экен. Чарчаганым билбестен, Чабышта шайдоот жүргөмүн, Оорукка келип байкадым, Калыптыр араң сүлдөрүм, Эртең келсе Шапырак, Мен кире албайт экенмин, - Түн кетип дагы таң келди, Түртүшө турган чак келди, Мурдагыдан Шапырак, Күн чыгарбай бат келди. Көктекесин кындыйтып, Көк найзасын шыңкыйтып, Зым-зым этип зымырап, Көк мейкин зоодой зымылдап, Көзөл Чубак эр келди, Чубакты көрүп Шапырак, Күлүп анда жиберди: — Эрте келбей кеч келдиң, Эрдемсип мага не келдиң, Кекенич менен киргемин, Кечээки кишиң канаке? Кимиң келсең аның кел, Как бооруңан тилемин, Кечээки келбей калганга, Шылдың кылып күлөмүн! -

Деп Шапырак тенейип, Ачуусу келген күн экен, Айабай чындап кекенип. Арстан Чубак тээ берен, Көп кийими темирден, Кабаттап олпок кийинген, Чарайнасын тартынып. Сом темирин артынып: — Шапырак сөзүн айтты, — деп, Жаныма жаман батты, — деп, Каны мунун тартты, — деп, Сабырым бойдон качты, — деп, Ачуусу келип калчылдап, Бүткөн бойу солкулдап, Каары жүзгө төгүлүп, Башбактап түктөр көрүнүп, Токтоно албай ашыгып, Топтон чыкты бастырып. Алдында минген Көктеке, Туйагы тийген жерлери, Жер очоктой каздырып. Артына чыккан тозоңун, Жөө тумандай жаздырып, Айал-үйөл кылбастан, Атынын башын бурбастан, Аты-жөнүн сурашып. Аңгеме куруп турбастан, Ач илбирстей атылып, Шапырак тийди качырып, Кеби өрттөп жүлүндү, Эр чубак андан ачынып. Кырданган бүркүт сыйактуу, Манастап ураан чакырып, Күүлөп найза сундуруп, Күүсү кулак тундуруп, Шапырак, Чубак беттешип, Күч ортосу жектешип, Бирин бири тиктешип, Кезегимди бер дешип, Кезекке Чубак туруптур, Шапырак найза уруптур, Мекийип турган Чубакка, Жоболоңдуу чунакка, Шапырак урган куу найза, Сексен барча бөлүнүп,

Быркырады бул найза. Таштан бүткөн дөбөдөй, Бир ордунан былк этпей, Ошончо урган найзаны, Жекенчелик элебей, Карап турду эр Чубак, Катырган мүрзө эмедей. Шапырак көрүп ушуну, Шалдырады мууну, Эт жүрөгү болк этип, Туйлап алды солк этип, Кантерин эми биле албай, Калдаңдап качып кете албай, Кезегиңди алгын, деп, Же убадага тура албай, Кылычын кындан сууруду, Шапырак чочко уйалбай, Кыргыздын ойон Чубагы, Анда мындай кеп айтты, Жик-жигине келтирип, Кеп айтканда эп айтты: — Шапырак болбой жерге кир, Үстү ачык көргө кир, Жоготтуңбу ушуну, Оогандын салты ушубу? Оолугуп кылыч суурасың, Кезекти кандай кыласың? Карпылдаган байагы, Кайда кетти уйатың?! - Чубактан угуп бул кепти, Оозун ачып эстенди, Кекейте тартып качырын, Кезекке туруп берди эми. Келберсиген эр Чубак, Тарамышка күч жыйнап, Кезгерип найза сундурду, Кезенип туруп бир урду, Как белине найзасы, Бүктөлүп сынды карс этип, Ыңгыратып Шапырак, Көз тунарып шай кетип, Шалдырай түшүп оңолду, Ээрдин кезе тиштенип. Качырдын оозун бурганы, Балтасын алды колунан, Ал Чубакты урганы, Чубак карап турбады, Муздай аппак жалтырак, Балтасын бул да алганы, Башаламан урушту, Булар баштап калганы. Шапырак чапкан сом балта, Сырты менен балтанын, Баатыр Чубак какканда, Шапырактын балтасы, Чымчыктай учту асманга. Балтаны Чубак имерди, Тизеге тартып жиберди, Шыйрак жагы ажырап, Тарамыш менен салбактап, Сөөгү чыгып агарып, Диркиреп чийдей кан агып, Эси ооп эндиреп, Шапырак жатты булайып.

Оогандыкта сыйкыр күч, Сыйкыр эмес көнгөн ит, Чынжырдан чечип иттерди, Миң дөбөттү жиберди. Иттин үнү ажылдап, Үрө чуркап бачымдап, Эр Чубакка жабылды, Көктекени такымдап, Булчуңдан бөлүп баратат, Туш келген жерден тарткылап. Кыргыздардын сыйкырчы, Көрбөгөн мындай шумдукту, Ар канча арга кылса да, Итке сыйкыр өтпөдү. Көктекенин такым эт, Талаа-талаа бөлүнттү, Жерге канын төгүлттү. Он бешче итти Көктеке, Шилиден тепсеп ныктады, Далайын тээп таштады, Көптүн иши көп экен, Каңшылап артка качпады, Үстү-үстүнө үйүлүп, Улам өөрчүп жатканы.

Шапыракты жылдырып, Амалын тилеп калчанын, Алып бара жатканын, Көрүп калып эр Чубак, Токтоо кылбай жан чыдап, Кууп кирди артынан, Көк бууданды камчылап, Бастырбай турат дөбөттөр, Алды-артынан борбуйлап. Алмамбет карап тура албай: — Кырк баатырдан онуң бар, Арстан Чубак баатырды, Ажыратып алыңар, Ажыратуу Чубакты, Эми калды саа, — деди, Качкан ооган Шапырак, Мен барамын аа – деди. Он баатыр катар ат койду, Карышкырдай дап койду. Сарала менен бургутуп, Алакең салып жөнөдү, Ажылдаган көп иттер, Эчен топко бөлүндү, Тилин сала жарышып, Алакеге үйүлдү. Ачууланды Алмамбет, Андайлыгын ким билет? Колумсаны колго алды, Бир ок менен жыйырмадан, Келген итти жайлады. Ойон Чубак баатырың, Орунсуз качкан оогандын, Артынан жете барганы, Ажыдаар сүрдүү Чубакка, Кутулуп кете алабы? Кылчайып карап болгончо, Эшик эндүү айбалта, Койуп өттү чыкыйга. Балтага мээси жабылды, Этек-жеңи жайылды. Кабылан Чубак жайлады, Кара жерди жайлады, Кийин келген отуз эр, Кутулуп кете албады, Шууту баштап чоролор,

Кетирбей баарын кармады, Көрүп туруп ошондо, Чынаача жаман арданды. Өлгүсү келип Чынаача, Каны калбай ыраңда, Уу ичкендей кубарып, Жай булуттай сурданып, Ачууланып акырып, Шерлерин боктоп жапырып: — Калганыңды такыр кой, Өзүң келгин, Манас! — деп, Атынан атап чакырып, Аттанып чыкты арстаның, Аккүбө тонун жамынып, Ак жолборстой чамынып. Мурда келди Чынаача, Жалындайт ичи бир барча, Чымырканып чыңданып, Бириндеп чачы сурданып, Өткүр болот кара курч, Кокуйтуп найза карманып, Кекерине чыдабай, Кемире ээрдин жаланып, Кара кулак шер сайак, Күркүрөгөн үн салып, Өтө жоон эме экен, Майданда турат дардайып, Арстан кетип баратат, Аккула менен шаңданып, Адамдын көзү кангыдай, Ала тоодой албайып, Бир караса колотто, Ак кулжадай дардайып. Айкөл эрди көргөндө, Айкырып чочко өзүнчө, Оозунун оту буркурап, Көзүнөн жалын чыркырап, Азуулары качырап, Оозул болгон эмедей, Оозунан шалы чачырап, Кызыл чокту салгандай, Жүрөгү күйүп жалындап, Жеткиче айкөл чыдабай, Желигип турат алдырап, Мээси ачыган эмедей, Сүйлөп кетип балдырап, Табына келген күлүктөй, Өзүнөн өзү дууланып, Катуу кирди бууланып: — Келдиңби, Манас, сен? — деди, Чынаача деген мен, — деди, Көзөлдөнүп дардайган, Көп көргөмүн сендейди, Көп жерге дүмөк салыпсың, Көрдүң беле мендейди?! Мен Чынаача болгону, Келген баатыр көп болгон, Кеткен киши жок болгон, Кетер жолу тордолгон. Эт бышымча турасың, Анан сени жоготуп, Тынч алдырып Коңурду, Көөнүн басып койбосом, Кантип чыдап токтоном?! - Деп ушинтип сүйлөнүп, Одураңдап күүлөнүп, Оройу бузук Чынаача, Оңдоп найза карманып, Чакчайып тиктеп турганда, Арстан Манас кеп айтат, Кеп айтканда бек айтат: — Эсиңди жыйып көзүң ач, Эрдемсибе, Чынаача, Далайды алган Манасмын, Мен турганда сен канча?! Эркексип кепти салыпсың, Эми элде эстен танасың, Эбиң кетип бир демде, Арага элчи саласың! - Сабыры калбай чыдашка, Ачууланды Чынаача, Эрени болгон Алаштын, Кебин угуп Манастын. Ороолонуп корчоңдоп, Оолугуп найза ыргады, Минген атын Чынаача, Кыл куйругун шарт түйүп, Найзасынын учунан, Жалындаган от күйүп, Чыдай албай намыска,