Аңгычакты бир Ооган, Атагы чыккан мурдатан, Жекме-жекте талп этип, Жер тайанып калбаган, Аңкатай аны дээр экен, Алптарынын бири экен. Айгай салып акырып, Кел бери, деп чакырып, Капталдан шамал соккондой, Кайраты көптү жапырып, Кезениши бир башка, Келип калды майданга. Үңкүрдөй оозу ачылат, Азуулары качырап, Көзүнөн жалын чачырап, Орто тоодой түгөнгүр, Майданга чыгып ашыгат. Басайын мунун демин деп, Баатыр Чубак турбады, Балпайа минип Көктеке, Бакайдан барып суранды, Булгап найза колго алды, Ортону карай жол алды, Аты-жөнүн сурашып, Аңгеме куруп турабы? Кыргыздын кыраан Чубагы, Жоо бөрүсү чунагы, Азыркысы кыргыздан, Ашкере чыккан чыйрагы. Көктеке атын элиртип, Көк ырапыс тон кийип. Мөкү балдуу найза алып, Узун бойлуу кең далы, Бул замандын балбаны, Сен-менсиген далайдын, Чыгып жүргөн далдалы. Ажыдаардай сүр менен, Алгыр бүркүт түр менен, Алтымыш жолборс доошундай, Ач кыйкырык үн менен, Качырып жетип барганы, Кетенчиктеп турган жок, Оогандыктын балбаны, Так ушундай найзасын, Чыңдап колго кармады, Кыраан Чубак эр менен, Качырышып калганы. Күүлөп найза сундуруп, Күүсү кулак тундуруп, Чагылгандуу жамгырдай, Күркүрөп үнү угулуп, Көмөлөтүп кетем, деп, Найза менен бир уруп, Канча жылдан бер жакка, Байлоодо жаткан буулугуп, Бук болгон Ооган балбаны, Качырып найза салганы. Кабылан Чубак кайран эр, Сайдырбастан найзасын, Сырты менен балтанын, Кайра кагып таштады. Ал Ооган балта алганча, Кыран Чубак кеменгер, Урушта артык айлакер, Манастап ураан чакырып, Найза менен Ооганга, Катуу тийди жапырып, Чубак тийген оңобу, Томолонуп бул Ооган, Оодарылып кулады, Тартып алып найзасын, Как өпкөгө урганы, Карамтыл көбүк аралаш, Канына найза булады, Көрүп туруп Чынаача, Дагы бирөөн улады. Келген Ооган кекенип, Эрдин кесе тиштенип, Кыжырына чыдабай, Минген атын теминип, Жоо сайыштан калбаган, Өмүр бойу эринип, Ойрон Чубак баатырга, Катуу тийди демигип, Токтобой турат эр Чубак, Өпкөсү батпай желигип. Келген ооган Камыткан, Баатыр делип мурдатан, Калбай жүргөн бир дагы, Кандуу майдан уруштан, Алдында өлгөн эр көрүп, Чоң найзасын өңөрүп, Өлүм жактан шеги жок, Өчөшүп кирди көгөрүп. Ойон Чубак бет келип, Оогандык Камыт бакырып, Эр Чубакты качырып, Сунуп калды найзасын. Эр Чубакты бир сайды, Ээрден көчүк кылтайды, Үзөнгүдөн бут тайды. Чубакты көрүп турбады, Каракалпак кыргагы, Хан Жакыптын Сыргагы, Телкызыл атын чаргытып, Артынан чаңын баргытып, Мөкүбалдуу найза алып, Ак койон көргөн шумкардай, Алчыланып алганы, Алдындагы Кызылды, Камчыланып калганы, Бура тарткан Көктеке, Бууданды жетип кармады, Чубакка атын карматып, Бурулуп жолго салганы, Оңолуп Чубак ат минип, Жүрөгүндө чок күйүп, Бөрү тил найза көк түпөк, Булгап колго имерди, Мелтиреген ооганга, Белдүү шер найза жиберди. Эми Камыт нетиптир, Чубактан найза жетиптир, Чалкалаган Камыт хан, Чалкасынан кетиптир, Куткарам деп Камытты, Учкандай Боркош келиптир. Көктекени Чубакка, Карматып Сыргак кайтканда, Көмөктү көрүп чыдабай, Көзөнүнөн сурабай, Боркош ооган Сыргакка, Жетип найза салды анда. Уруштун эчен ыгы бар, Сыргактын түрдүү сыры бар, Боркоштон найза жетерде, Көөдөнүнүн анын тешерде, Кара жерге кайран эр, Ыргып түшө берди эле, Боркоштун аты өтө тың,
Жулунуп өтө бергенде, Телкызылга эр Сыргак, Куйма темир накыны, Теппей ыргып минде эле. Оолуккан Боркош ангыча, Буруп атын болгуча, Буудан Сыргак жеткени, Кыйрынан келип капташып, Күүлөп найза калганы, Кый сүбөөгө сайганы, Күркүрөгөн чоң Боркош, Жамбаштап өйдө болгуча, Балта менен керилип, Кара кушка чапканы, Кара жерди кучактап, Калдайып Боркош жатканы. Чубактан да сайган Камытты, Башын өйдө кылдырбай, Чыкыйга чаап таштады, Келген Чубак, Сыргагың, Экини катар жаздады.