Эртең менен Алмамбет, Эрте туруп заңкайып, Каныкейдин үйлөрүн, Тамаша кылып аңкарып, Жыйнап койгон мүлктөрүн, Көрүп жүрөт таңданып, Чоролорду чакырып, Катар турган үйлөрдүн, Тутууларын бүктөттү, Ар бир үйдө Алмамбет, Он бештен нарга жүктөттү. Түн түшүрбөй басат, деп, Томо менен Долондун, Катар белин ашат, деп, Алтымыш нарга арттырды, Тазбайматка тарттырды, Көчкө өзүң ээ бол деп, Эр Сыргакка тапшырды. Бел саздагы Жакыптын, Айылына кайра келгени, Келген менен Манасың, Карабөрк менен Накылай, Үйүнө басып кирбеди. Эл карысы эр Бакай, Жамгырчы менен Балта бай, Чыйырды менен Бакдөөлөт, Алар үйдө катар бар, Учураша келиптир, Олуйа Кошой жана бар. Бай Жакып анда кеп айтат, Кеп айтканда муну айтат: — Айдарканга Алмамбет, Он жыл бирге жүрүптүр, Айагын тушап койбостон, Акыры айдап ийиптир, Кандай иш өттү ортодон, Аны кимдер билиптир? Таш асылы көөхардай, Тал асылы чынардай, Талаадан учуп келиптир, Талыңа конгон булбулдай, Жамандык жагы билинбейт, Жай таппаган кургур, ай. Жаңыдан таап Таласты, Көчүшсүн дептир алашты, Биз дагы көчүп каларбыз, Таласына барарбыз, Баш-уч алып болгончо, Жыл оодарып саларбыз, Аксакалдар турасың, Алмаңды кандай кылабыз? Бойдок койуу жарабайт, Буга айалды кайдан табабыз? Эби келсе сиздерге, Алмамбет келди биздерге, Айагын тушай салалы, Болжолдуу таамай бир жерге, Жакып антип жатканда, Манас кирип келди эле, Жанында Каныш бирге эле, Карынын баары карсылдап: — Жакып бай сизге ырахмат, Айтканың чын, сөзүң ак, Майдай жагат сөзүң, — деп, Иликте мурда өзүң, — деп, Кимибизде бар болсо, Берет элек баатырга, Мынаке менин кызым деп. Кайнап жаткан Каканчын, Баашалуу журт Бакбурчун, Жалгыз ээлеп жатат ко, Дүнүйөнүн бир бурчун. Ошол жерден Алмамбет, Аттанып чыкты кек үчүн, Жалгыздык башта, миң кыйал, Жарасы оор аны үчүн, Баш катып келди кыргызга, Арстан Манас бар үчүн. Камыналы, жатпайлы, Суроо салып сурайлы, Кайда сулуу бар болсо, Сурамжалдап угалы, Жалпы сүйлөп токтолду, Балан жерде кыз бар деп, Айткан киши жок болду. Анда туруп Каныкей, Карыларга жүгүндү, Тизеси жерге бүгүлдү, Кайненеси Чыйырды, Жерге карап жымыйды, Билер-билбес кылыйды: — Айланайын энеке, Акылың бизге береке, Эки энем тең турасың, Көк ташты минген убагың, Мен баштайын бир байан, Кулак төшөп угарсын. Алмамбет келди Какандан, Айыккан душман айынан, Каркытын кылып атакем, Кайгысын тартып азыртан, Катын алып берем деп, Камынып калган кептенет, Кыз бар менде берем, деп, Күйөө издеп ким келет? Кара калпак, түркмөндү, Бараң, шаңкай, калчаны, Маңгыттар ээлеп жатканда, Чүржүт, жуда канчаны, Кыйноосуна чыдабай, Алты уруу кабар салганда, Айкөл уулуң барганда, Бадыкөлдү жеңгенде, Кутказып элди келгенде, Билинбей кетип Шаатемир, Бадыкөлдүн ордодон, Бир кыз алып келди эле, Кызы дешип кыргыздын, Сиңдиң сенин деди эле, Байкем мага берди эле, Чын болсо анын шол жашы, Жыйырма бирге тайады, Кыр-кырынан карасаң, Кыргыйектей сыйагы, Мактабайым сиңдимди, Менден өйдө кыйалы. Букардан келген дүрүйө, Пулу кыйбат бөлөкчө, Качан мурда бар эле? Ошонун баарын Арууке, Жасап чыкты деди эле. Мен кандагай жасасам, Келгенден уксам имишти, Ал бүтүрүптүр ырапысты. Билбегени калбаптыр, Бар жумушту тактаптыр. Алиге дейре кишиге, Шек чыгарып айтпаптыр, Ошол кызды атаке, Алып берсек канаке. Сегиз жыл болду келгели, Эки жылы алпеште, Алты жылдан бер жакка, Кезек күңдүн зарпынан, Ашкере салбар мен болдум, Айылда элден кем болдум. Апта болду алындым, Кайеримен жаңылдым? Сегиз жылдан бер жакка, Каттабайт деп бул жакка, Келмек түгүл Каныкей, Салбар болду деп укса, Айыңды элим айтпаспы, Айкөлүм Манас болсо да, Бай атам булар эмеспи, Өзү барып хан атам, Карахан менен сүйлөшүп, Сөз байлашып келбеспи, Алмамбетке Арууке, Ошону алып бербеспи? Кайран катын Каныкей, “Керегем сага кеп айтам, Келиним уксун деп айтам, Уугум сага кеп айтам, Уулум уксун деп айтат,” Как ушунун сыңары, Ой чыгарып туйгузду, Чыйырдыга айткансып, Калгандарга угузду, Кулакка жаккан жөндүү сөз, Үндөбөй тыңшап турушту. Энтелеңдеп бай Жакып, Эрте туруп ал шашып, Төлгөчү кара Төлөктү, Далы билчү Алакен, Котчу алып экөөнү, Короодон чыкты аттанып, Букарды карай оң тартып, Көрө жүргөн көпчүлүк, Бай Жакып келет экен, деп, Алдында алар чуулдап, Кайсы айылга түшөт деп, Эшиктен киши каратып, Шектүүнүн баары шектенип, Камсыз болуп калат, деп, Караңгыда кеч келип, Хан урматы сойом, деп, Тай тайлагын дайардап, Кээ бири семиз тай тандап, Жолдогу элдер мал камдап, Манас шердин атасы, Бай Жакып деп угушат, Букарлыктын тарабы, Камданып жалпы турушат, Алдына Жакып келиптир, Касиетти барынча, Караханга бериптир, Күн мезгили бүткөндө, Кара хандын айлына, Бай Жакып жетип келиптир, Көрө жүргөн мурдатан, Жигиттери Карахан, Баштап барып Жакыпты, Коноктоп үйгө жаткырды.
Эки күн өрүн алган соң, Ардыгы анын чыккан соң, Кайкалай басып калтаңдап, Жаш баладай мултуңдап, Кара хандын үстүнө, Кирип барды чултуңдап. Эсендик сурап жобурап, Жакып турат кобурап, Карагысы келбестен, Карахан турат кулжуңдап, Кулжуңуна койобу, Бай Жакып жолун тороду: — Атайылап алыстан, Алдыңа келдим, Карахан, Айтканыма кулак сал, Алдыңа келген жумуш бар. Какандан келген Алмамбет, Менин азиз уулум бар, Майтарылгыс кайраты, Манастай болгон муунум бар. Жакын кудам Кара хан, Сенин Арууке деген кызың бар, Жөнүн айтсам келгендин, Сурап келген ишим бар. Билип турам көөнүңдү, Жуулбаган кириң бар, Кир болбогон жериң жок, Мындан башка кебим жок, Карап койуп Карахан: — Уйатың жок Жакып хан, Эрке кызым Каныкей, Манаска бердим уулуңа, Салбар кылып таштаптыр, Аз күндөн бери угууда! Аруукени беремби, Кытайдан келген кулуңа?! Деп ошентип Карахан, Чыгып кетти талаага. Бай Жакып чыгып эшикке, Тура калып делдейе: “Күнөө бизден өткөн, — деп, Кеп албай кетсем кантет?” – деп, Санап муну көөнүндө, Келди жаткан үйүнө: — Төлөк салчы төлгөңдү, Айтчы балам көргөндү, Алыке балам далыңды ал, Не көрүнөт далыңда, Өң карабай айта сал, Төлөгү төлгө салганча, Алакен далы алганча, Үйдүн арты жагынан, Кыз сүйлөдү аңгыча. Сүйлөгөн кыз Арууке, Бай Жакып мында келгенин, Угуп дайнын билди эле: “Кагуурун жеген ашыкча, Көрүнөйүн Жакыпка, Аракет кылсын тартынбай, Көөнүндө мени жактырса. Атын уккам Алмамбет, Тегинде хандын уулу экен, Телегейи тең экен, Кара баштуу пендеден, Кашкайа жалгыз эр деген, Жашы жыйырма сегизде, Аңтарылбас бел деген” Агеркеч келип бир жолу, Аруукеге кеп салып, Айтып жүргөн иш экен, Ошол үчүн Арууке, Алмамбет жайын билчү экен. Билмексен болуп жай басып, Эки кызды бирге алып, Ырсаңдап күлбөй сумсайып, Кирип келди суйсалып. Бай Жакып карап туруптур, Кыйырынан көз салып, Көрктүү экен Арууке, Кыргоолдой болуп суйкайып. Сыртына кайкы моймол көз, Күйүмдүү эрке көрүнөт, Бар мүчөсү бир ыңгай, Жумуру баштан кем эмес, Караган киши кемтик таап, Кемите турган кыз эмес. Алганы менен тең карып, Жыргачудай көрүнөт, Азап тартып кайгы жеп, Калбачудай көрүнөт.