Өз элиме өрт койуп, Жаалап жүргөн бир жанмын, Көрөйүн деп Мекени, Каалап жүргөн бир жанмын, Анда Манас кеп айтат, Кеп айтканда эп айтат: — Кылбаган ишиң кылгын деп, Кыйнабайлы, — деп айтат, Какандын экен ханы, — деп, Каадасын кыл анын, — деп, Хан келгенде каршы ал, Каршы алганда ат чап, — деп, Айалдабай бат чап, — деп, Хан тартуусуз түшчү эмес, Сарамжалың жамда, — деп, Аккуланы баш кылып, Алып кел тулпар камда, — деп, Аккүбө тонду жапкыла, Асабаны аскыла, Алып келип ат-тонду, Алмамбетке тарткыла, Салтыбызча Алмаңа, Сары улактан тапкыла, Салтанаттап урматын, Садагасын каккыла. Асыл кийим жыйгыла, Акимдин жолун кылгыла, Кызматын кылып кары-жаш, Канча күндүк меймандыр, Барын карап тургула, Аккүбө тону жабылып, Асаба туусу жайылып, Сыр найзасы койкойуп, Аккелте жондо асылып, Кылычы ээрге илинип, Эшик эндүү айбалта, Кол канжыга байланып, Аккуланын артынан, Жана кетти чабууга, Тогуз тулпар айдалып, Калкамандын кара аты, Толкумандын тору аты, Ажыбайдын Карткүрөң, Эр Сыргактын Телкызыл, Эр Серектин Кууказык, Эр Мажиктын Тоотору, Кокондон келген Койчаптар, Кулжа көөдөн, теке сан, Койчуман берген кара сур, Аккулага кошкону, Тогуз болду мына бул. Ал тогуздун артынан, Алмаңа келген тартуудан, Ырыскы шерик малынан, Куйругу ашкан жалынан, Кулжадай төшү салынган, Жал-куйругу түпөктөй, Сулуулугун карасаң, Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, Тумшугуна карасаң, Сынга тарткан күбөктөй, Аккуланын иниси, Макмал жүндүү аркар сын, Сарала менен он сегиз, Баары буудан теп-тегиз. Чабуучу аттын баарысын, Көкүлүн көккө шүйдүрүп, Куйругун ача түйдүрүп, Ат чабуучу балдардын, Барын тегиз сийдирип, Арчындап жолук байлатып, Машыроо тонун кийдирип, Ат чабууга салганы, Аккулага бир бала, Небак минип алганы, Ат меники чаппайым, — деп, Алмамбет алып калганы, Чапкан атка чубатып, Сараланы салганы, Ырчуул атты айдады. Сары улагын таптырып, Садагасын кактырып, Казыначы куу жигит, Кашына Манас чакырып, Чоң куржунун ачтырып, Кырк миң кызыл алтынды, Кымбаты үчүн чачтырып, Бедерлүү тонун кийгизип, Кан экенин билгизип, Дүрүйө менен карала, Түрлөнгөн бойун кийгизип, Такасы карыш нөкөрү, Айагына илгизип, Арстан Манас баатырдын, Кызматы артык сезилди, Булардын баарын көргөндө, Алмамбет боору эзилди. Аңгыча турган аламан, Күбүр-шыбыр болгону, Көпчүлүк муну ойлоду: “Атты чапты жеңишке, Байгеси кайда беришке? Артынып жүргөн пулу жок, Айдап жүргөн малы жок, Байге бербей ат чапса, Шылдың болуп ааламга, Калбайбызбы лакамга? Манаста кандай айла? – деп, Айтпаса байге кайда? – деп, Биринен бири сурашты, Манаска басып барышты, Билгичтер сурай салыптыр. Алмамбет менен муңдашып, Эндебей калган баатырың, Ойуна муну алышы: “Аттарын сайсам байгеге, Биринин аты келер, — деп, Атым чыкты алам, деп, Ал чатакты салар, — деп, Ат байгесин талашып, Уруштуруп жүрбөйүн, Ач бөрүдөй буларды, Жулуштуруп жүрбөйүн,” Саайасы салкын тереги, Санга тийер кереги, Турду Серек ордунан, Тунук сөз чыгып оозунан: — Атты чапкан өзүбүз, Макул болсо сөзүбүз, Кыйамында кырк буудан, Байгеге кирбей калабы? Силерди бирөө байге деп, Алып кетип жатабы? Жаш уландар чогултуп, Байге боло калалы, Адамдан байге сайды, деп, Алмамбеттин көңүлүн, Бир көтөрүп салалы, Эр Серектен кеп келди, Кабылан Манас баштаган, Барысына эп келди. Анда Манас муну айтат: — Ата кайран Серегим, Ар качандан бир качан, Тийе жүргүн кезегиң, Эби келген кеп экен, Серектин кеби эп экен, Бу кепти угуп баатырдан, Мен байгеси болом, деп, Болуучуң болсо жүргүн, деп, Бозуул чыга калыптыр, Он алты бала барыптыр, Бозуул менен он жети, Саны толуп калыптыр. Топто байге бекитти, Баш атка сайды жетини, Экинчи аты үч болсо, Үчүнчү атка экини, Калган атка бир бирден, Байге сайып салыптыр, Тогуз аттын бирөөнө, Байге жетпей калыптыр, Мен байгеси болом, деп, Мажик чуркап барыптыр, Ана мынча кылганча, Чапкан ат келип калыптыр. Ат алдына караса, Алмамбеттин Сарала, Суулугу жерге салынып, Туйагы тийген жерлери, Жер очоктой казылып, Аркасынан чыккан чаң, Жөө тумандай жазылып, Катуу арыш алыптыр, Аз болгондо тай чабым, Астына келип калыптыр, Кыргыл баштап кырк баатыр, “Алмамбет” деп чуу салып, Жабылыша барыптыр, Алакеңдин көңүлүн, Бир көтөрүп салыптыр. Алмамбетке ал жетөө, Жабыша бекем калышып: — Баатыр берди сизге, деп, Байыбыз болдуң бизге, — деп, Жан кудайга аманат, Айкөл берсе албастан, Алмамбет таштап кетти деп, Бизди кылба жаманат, Кайда кетсең ала кет, Артыңа баатыр сала кет, Жети чоро чуулдап. Айтып турган убагы, Алмамбетте ошондо, Акты достук булагы. Эр Мажиктин Тоотору, Оонабас тогуз болгону, Тизгинден барып алыптыр, Өзүнө келип калыптыр, Кыргыл баштап баарысы, Абаң Бакай карысы, Атыңа тилмеч белең? деп, Каткырып күлүп калышы. Эми кандай кылаар деп, Бул Манастын айласы, Атагы алаш журтуна, Тийип турган пайдасы, Анда Манас кеп айтат: — Э, Алмамбет, — деп айтат, Ээн талаада жолуктук, Ушунчалык болуштук, Аты-тону барысын, Мага берди анысын, Кетем десем бергенин, Барын тартып алар деп, Бейпайга башым салар деп, Беймаал кылып башымды, Баштагындан беш бетер, Төгөбү деп жашымы, Ойуңузда болбосун, Өзүм берип зору жок, Осол кылып койбосмун. Күн чыгыштан келипсиз, Күн батыш карай жолдосуң, Кайнаган түрктүн ичинде, Кашыңда жок жолдошуң, Калкыңа намыс болбосун, Кайда барсаң анда кет, Кашыңда жети баатырды, Артыңа аны сала кет. Аккула атым минип кет, Аккүбө тонум кийип кет, Азамат эрге жарашык, Аккелтемди алып кет, Алтындан кыным жасаткан, Ак албарс кылыч илип кет, Аны да айап калбайым, Айбалтамды кармай кет, Сырнайзаны таштабай, Бир карыңа илип кет, Алаштагы досуңмун, Абалымды билип кет. Түштүк жакка бет алсаң, Испан менен Индыстан, Бир жарым ай жол жүрсөң, Кутуласың кыргыздан. Арабка барсаң Меке бар, Майданга чыксаң жеке бар, Атажуртуң Какандан, Калгандай баатыр, пейлиң бар. Алчаңдарга атаң жок, Ал-жайың сурар апаң жок, Айланышкан ата журт, Ардактуу шаарың Какан жок, Керектүүң болсо табайын, Эминеден кемиң бар? Кайда барсаң анда бар, Акырет жагың камдай бар, Баш бар жерде маңдай бар, Тил бар жерде таңдай бар, Алмамбет досум, ойлосоң, Өзүм бердим, зорум жок, Мындан башка жообум жок, Анда Алмамбет ойлонду, Ак талдан бетер толгонду: Аты-тону - баарысын, Мага берип койгону, Март ушунча болобу? Акылы дайра ал экен, Ашкан баатыр зал экен, Дүнүйөдөй ичи кең, Бир туулган жан экен. Балталаса кыңк этпес, Зал ушунча болорбу, Так сураса айабас, Март ушунча болобу? Ат-тонумду бердим дейт, Алптарым ала кеткин дейт, Кылга байлап токтоткон, Шарт ушунча болорбу? Майрамдаган Каканда, Айт ушунча болорбу? Атадан кечип серпишип, Казакка батып туралбай, Мында келдим сенделип, Мындан кетип жай таппай, Бапестөөчү зал таппай, Баш калкалар жай таппай, Мен каламбы темтейип? Муну ойго алар кеп, Токтолбой кетсем Манаска, Ызаа болуп калар” –деп, Ошол кезде Алмамбет, Ойго батты делдейип, Кой оозунан чөп албас, Коңур чечен Ажыбай, Койулган сөздү ак таңдай, Айтып калды деп мындай: — Айлыбызга келгели, Араң эки күн болду, Эрчиген эки түн болду, Аттанаар болсоң аның айт, Узатып сизди койолу, Турар болсоң мунуң айт, Көөнүбүз өсүп тололу, Туруп калсаң баатырым, Жала какшык айтпайбыз. Жалгыз деп четке какпайбыз, Бир буудайды тең бөлүп, Бирге туруп татабыз, Бас десеңиз басабыз, Тур десеңиз турабыз, Чабуулга кылыч суурсаңыз, Мойнубузду сунабыз, Буйурсаңыз жумушка, Амириңды кылабыз, Арстан Манас экөөңө, Өмүр тилеп турабыз, Келсеңиз да, кетсең да, Ачып айтсаң угабыз, Деп ошентип Ажыбай, Токтотту сөзүн ушундай. Анда Алмамбет муну айтат, Тургандын баарын муңайтат: — Алмабаш мылтык сундурбай, Аска-ташта текеге, Нээтимде бар эле, Кетмекчи болгон Мекеге, Күнү-түнү жол жүрүп, Күн батыш алып чекеге, Үмүтүм үзүп баскамын, Чыкпастык жагын белгилеп. Мындан кийин жекеге, “Ырыс алды ынтымак” Ынтымагың бар болсо, Куусаң да кетпейт дөөлөт-бак, Мени койо салыңар, Ынтымактуу жүрмөккө, Бата кылгын барыңар, Жашың менен карыңар. Мындан мурда эки убак, Бузулуп элден ынтымак, Көңүлүм калган жайым бар, Кете турган Алмамбет, Кетпес болгон чагы бар, Кол көтөрүп дүркүрөп, Тилегин айтып күркүрөп, Бата кылды бардык жан, Эсен-аман жүргүн, деп. Абаң Бакай зор баштап, Айкөл Манас чоң баштап, Самаркан карай тартышты, Алдыга төрттү чаптырды, Алмамбеттин кабарын, Бай Жакыпка айттырды. Азыр келе жаткан жер, Аңкыган гүлдүү жашыл төр, Түзбулактын керүүсү, Буралып турат чөптөрү, Ушул болот Алмамбет, Эр Манаска келиши. Бээ байлап Белсаз Кырчында, Мелтиреген жайыкта, Малын багып Жакып бай, Жаткан экен жайма-жай, Төрөдөн барган төрт жигит, Төртөө тең бирдей өрт жигит: — Сүйүнчү, Жакып ата, — деп, Сүйлөсөк болбос ката, — деп, Кармаганы илбирстей, Качырганы жолборстой, Кармашкан эсен болбостой, Алмамбет келди балаң, — деп. Алар турду дереңдеп, Санап кырк бир мал берди, Сүйүнчүгө мына, — деп, Анталады Жакып бай, Туучунак атым кана? – деп. Алтымыш чалды ээрчитип, Аттанып жолго салыптыр, Алмамбетти тосом деп, Бай Жакып жөнөп калыптыр, Бозжорго минип чайпалып, Он беш кемпир котчу алып, Чыйырды жүрдү чалкайып, Бай Жакыптын Бакдөөлөт, Он эки катын ээрчитип, Ак элечек заңкайып, Алдагы келди даңкайып, Бай Жакып келет балкылдап. Аппак сакал жаркылдап, Алмамбетке Ажыбай, Бастыра келип жакындап: — Бай Жакып атаң келди, — деп, Атын атап туйунтат. Кыраандын көөнү бузулуп, Кызыл жүзү кубулуп, Атынан түшүп Алмамбет, Армандуу жүрөк элжиреп, Көзүндө жашы мончоктоп, Эриндери эбиреп, Арыштай басып алыптыр, Алдынан тосо барыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.