← Манас 1/3

Үрбү баштаган алты хандын Манаска кат жибериши, Манастын Калдайдын шорун катырышы

Кең Тойундун башында, Жайдын толгон айында, Төрө Төштүк той берип, Кыргызга кабар салыптыр, Карыйа Кошой баштаган, Калбай баары барыптыр, «Самаркандан тойунга, Барамынбы тойго», деп, Барбай Манас калыптыр. Эл чогулган той болуп, Той ээси Төштүк зор болуп, Тойундун ичи тар экен, Таман койор жери жок, Тойго келген эл толуп. Той тараган күндөрдө. Хандар кетпей калыптыр, Карындарын бөксөртүп. Калтырбай кебин салыптыр. Ошол кезде хан Үрбү, Кебин баштап алыптыр: — Ичимде кебим бар турат, Карыдан Кошой хан турат, Калк бийлеген чоңдордун, Калбай баары олтурат. Жакыптын уулу жаш Манас, Бүгүн отузга жашы толо элек, Тентип кеткен кыргызды, Чогултуп келди бир-бирдеп. Мурда Кошой баш экен, Калгандын бары жаш экен. Жакыптын уулу түгөңгүр, Кара мүртөз жан экен, Кара мүртөз жери бу- Тууганды тууган дедиби? Агыш менен Керкөкүл, Кудалап жүргөн катынын, Калча менен калмактан, Олжолодум дегенсип, Көрүп турдук алганын, Ал буларды тоготуп, Жакшы кепке келдиби? Сексенден жашың ашканда, Чечинтип салып балбанча, Тартаңдатып көп элде, Жазаңды колго бердиби? Чакырбай ашты берем деп, Кытай, калмак эт талап, Мааникер сурап турганда. Ушул турган баарың бар, Келе албады алыңар, Башкарды ашты аныңар, Көз жумсак сокур болобуз, Көп кылган иши дагы бар. Күн чыгыш менен күн батыш, Арасында кыдырып, Азапка калдым баарынан. Чогултуп келип эл болдук, Орто Азийа жерине, Ойрон кыргыз ээ болдук. Чын теңдике келгенде, Катарда жок кем болдук, Бермектим түгөп бетимден! Унуткусуз так салды, Өлсөм да кеткис нээтимден! Кантесиң, Манас, дегенде, Келбедиң го бириң сен. Мынабу Төштүк төрөбүз, Караанын тоодой көрөбүз, Жер алдында жети жыл, Күн көрбөй жүрүп күдүңдө, Өмүрүндө бир ирет, Той бериптир бу күндө, Жакшылык ишке чакырса, Теңселип мындай келбеди, Келмек түрүп жай айтып, Эки эли кагаз бербеди, Муну эмнеге жөлөйбүз, Карыйабыз Музбурчак, Сакалы аппак бир кучак, Кийген тонун суратып, Өлөрүндө сыздатып, Атадан мурас калганды, Ак олпок тонун бир алды, Ал Жакыптын Манасы, Кимге кылбайт залалды?- Баштан айак бузук сөз, Казак Үрбү салганы, Тойго келген хандарды, Баарысына айтканы. Олуйа Кошой ойлонду: “Олутсуз сөз, — деп, толгонду, Ким өксүтөт капырай, Кудай жөөлөп койгонду? Ойуна койсо акмактар, Айбан болгон окшонду, Эмне десем макулдап, Ойунча болуп турайын, Жамандыкка баралбайт. Анткени менен буларың, Өчөшүп Манас тийишсе, Шамалдагы үчөөнү, Ошондо сурап алайын, Аркасы менен Манастын, Карганда кабар табайын”- Кайран абаң ойлонду, Келер иштин арт жагын, Келиштирип болжоду. Үрбүнүн айткан кебине, Бүт алты хан тордолду, Жылбай туруп ал жерден, Манаска элчи жибермек, Көп-кеңеши бул болду. Биригип алтоо кат жазды, Алты элчини камдашты, Жөнөтүүнүн алдында, Акбоз бээ сойуп антташты. Ай тамактан чалышты, Канын койуп алышты, «Кайра качкан ким болсо, Как ушундай болсун»- деп, Карыдан колун малышты, Элчилерин узатып, Эми туруп калышты. Элчилери аттанып, Тойундун суусун жакалап, Кашкарга келип жатышып, Жаңыртып атын такалап, Эркечтам бойлоп жөнөдү, Самарканды бакалап. Сурамжылап жүрүшүп, Самаркан барды самсаалап, Он эки жигит жанында, Казактардын Бороончу, Ордонун оозун сактамак, Келип калды бир топ жан, Байкап көрсө кир кабак. Түрүн көрүп түшүрбөй, Эл чогулуп ордого, Кирип кеткен эртерээк, Казактардын Бороончу, Эшиктен кирип энтелеп: — Кабылан Манас, Төрөбүз, Кабагыңды бүркөсөң, Кар жаагандай көрөбүз, Ачууң келип сүйлөсөң, Жаныбыз чыгып өлөбүз, Күлүп койсоң жарк этип, Күн тийгендей көрөбүз; Баргың десе өлүмгө, Кылчайбастан жөнөйбүз. Эшикке келди бир топ жан, Тааный албай болдум таң, Аттарына карасам, Аркар шыйрак, нар туйак, Азаматын карасам, Жалайак ооз, кир кабак. Оңой олтоң эме эмес, Оңойлук эмес адамга, Омурулар тоо эмес, Айтор, арзан жоо эмес. Ар тарабын байкасам, Көрүп жүргөн эл эмес,- Окусунан адамга Оморулар бел эмес, Бороончудан укканда, Арыстан Манас билди эле, Кыл муруту былк этип, Мыйыгында күлдү эле: — Андай болсо, Бороончу, Улуктугуң билгизгин. Урбай-сокпой киргизгин. Көрбөгөнү көр болсун, Көңүлү даттан кир болсун, Барча дөөлөр басташып, Баскалы жүрөт деп уктум, Кесек бөөлөр башымды, Кескени жүрөт деп уктум, Хандардан келген элчидир, Кайгуулга келген ченчидир,- Эр Бороончу нетти эле, Кетенчиктеп кетти эле, Эшигине жетти эле, Эшигинин алдында, Жаткан уйдай көк доол, Карс дедире урду эле, Доолдун үнү жаңырды, Аскерлер чыгып жабылды, Бир миң колу кызарды, Билсең жумуш узарды! Бир миң колу көгөрдү, Билсең аскер көбөйдү! Бир миң колу агарды, Ай-алаамды кол алды! Бир миң колу саргарды, Самаркандын талаада, Аскер сыйбай калганы! Бир миң колу карарды, Баш-айагы моминтип, Он эки түмөн тайады! Кай бирөөнү карасаң, Кездемдерин чубалтып, Кезкерип найза чунайтып, Башында чачы саксайып, Балтасын салып ийинге, Баарысы турган чакчайып, Кай бирөөнү карасаң, Кылычы жалаң колунда, Кырылышып кетчүдөй, Кызыгып турат ойунда. Кай бирөөнү карасаң, Мылтыгын окчо кармаган, Милтенин учу кызыл чок, Кылымда мындай болгон жок! Кай бирөөнү карасаң, Адамдын кулак мурдунан, Тумар кылып тагынган, Баш алгын десе жабылган! Коркунучтуу келбети, Билинип турат желдети. Бир убакытта карасаң, Кол добулбас зыңк этти, Асманды карай ок кетти. Ат үстүндө элчилер, Чочугандан солк этти. Он эки желдет жабылды, Атынан сүйрөп алышты, Алып барып бир үйгө, Киргизип муну салышты, Кыраан баатыр Манасың, Кылымдан ашкан кези экен, Атагы кыргыз болгондун, Жыйыны болгон кези экен. Көкжал баатыр Манаста, Эки канат ажыдаар, Сураккана үйү бар. Ал үйүнө сойулган, Токсон тогуз бийи бар, Дердеңдебей кыргыздар, Теги жайың билип ал. Сурагы султан Манастын, Кыйын болгон кези экен, Кыжылдап кыргыз ошондо, Кылымга толгон кези экен, Бээ семизин жыгышып, Келген элди жыйынга, Беш маал мейман кылышып, Чеч төбөдөй эт кылып, Лоп көлүндөй чык кылып, Аптасында эл тарап, Алиги келген алтоону, Эр Бороончу алып барат, Сүйлөп турган ажыдаар, Сонун иши дагы бар, Эл чыгуучу эшик бар, Кыйнаганда киргизчүү, Кыйаматтай тешик бар. Учун өйдө каратып, Алдына найза жаткырган, Мизин ылдый каратып, Үстүнө кылыч астырган, Эки жаккы жанына, Бөрү тилме чыгарган, Учун ууга сугарган, Кыргыздын кызыл курчунан, Кырка мыкты кактырган, Алып келип элчини, Ал тешиктен киргизди, Буйрук берди Борончу, Төрт тараптан турганга, Күн тийбеске киргизди, Хан жардыгын билгизди, Араңдан зорго калып, Так кыйамат болгондой, Аманат жаны кыйналып, Араң кирип элчилер, Ачып көзүн карабай, Караганга жарабай, Калтырашып калышты, Жалдырашып калышты, Кой оозунан чөп албас, Коңур чечен Ажыбай: — Жерден чыга калгандай, Ороодон ачып алгандай, Алаңдаган жыластар, Башын салып шылкыйып, Салаңдаган жыластар, Ачпайсыңбы көзүңдү, Айтпайсыңбы сөзүңдү! Ажыкең сөзүн укканда, Алдырашып калышты, Кайдан кылсын намысты, Капчыкка колун салышты, Хандардын берген каттарын, Калдайтып сууруп алышты, Ашкайнам алган киши жок, Кармап туруп калышты, Бир убакта карасаң, Зээрлүү таажы башында, Сексен нөөкүр кашында, Хан Жакыптын, Сыргагы, Колуна катты алышы, Алып барып күт деди, Эртең менен келтиргин, Көп кечикпей кетиргин, Ээрчитип алып Борончу, Алып чыкты эшикке, Кырчын талдай үчтөн жаш, Кызматкер берди бирине, Бирден келин суй салып, Тал чыбыктай буралып, Каркыттаган алача, Каз мойундуу аптаба, Колдоруна суу алып, Олтурса орун салышып, Кирген менен чыкканда, Жүгүрүп эшик ачышып, Кирин жууп тарашып, Күнгө жайып кургатып, Жыпардын жыты буркурап, Жылман сууга чылашып, Алты күн өрүүн алдырды, Айабай сыйга кандырды. “Азабынан асылы, Артык экен Манас” — деп, Күн алтыга жеткенде, Элчилер кайта кетерде, Алты бедөө ат берди, Алтымыш торко тон берди, Айактай мөөр басылган, Колдоруна кат берди, Элчилер эми кайт деди, Баары көрө билгенин, Айтуучу ушул кат деди,