— Арак ичпейт, чай ичет, Шектүү даам дагы ичпейт, Чакырсаң да ал келбейт, Манас эмес, мен ичпейм, Аспады казан дебеймин, Кош эмесе, калгыла, Мен үйүмө кетейин, - Каныкей кетти аттанып, Көзкаман калды муңканып: — Мен шек алып калдым келинден, Нечен айтчу кептенип, Токтоп калды тамшанып, Тура берип айлында, Кабылбайлы балаага, Агытып койду аттарын, Качалы айдап бүт баарын, Аккуласын агытпай, Байлап жүрөт Манасың. Кулдарга атын береби, Колчоктоп өзү минбейби, Аттын изин төтөлөп, Ал Манас кууп келбейби, Кимдер издеп табалат, Уулум сендей мергенди, Тосуп туруп атып сал, Башын кесип алалы. Кангайга кетип калалы. Кайта айланып кыргызга, Чоң түйшүктү салалы. Деп ошентип айтканда, Уулу, кемпир, келини Кабыл алды бул кепти. Хан Бакай менен кырк чоро Агыткан атын жайлоого, Кезек менен барышып, Күндө бир маал жоктоодо. Күйгөнү барып жем берип, Сылап-сыйпап кашылап, Келбегени жөн койуп, Жүрө берди жан жыргап. Тулпардын бары талаада, Капташмак болду канкоруң, Кан агуучу балаага. Пейли бузук Көзкаман, Бекем белин байлады, Каныкей келип кеткенде, Эл уктаган кездерде, Күндү катуу жайлады, Минели десе тулпардан, Бирди да кармай албады. Убара болуп буйдалбай, Колбутуп барын айдады. Ушул түнү арстаның, Карабөрктүн төрүндө, Аккуласын мингенче, Аккүбө тонун кийгенче, Барган экен ал үйгө. Аккуланы байлатып, Башынан берки санаты, Беш кишиге каратып, Арстан жатып алыптыр, Кабарсыз болуп Каныкей, Өз үйүндө калыптыр, Ушул күнү Көзкаман, Качып жолго салыптыр. Эртең менен болгондо, Эшикке чыккан киши жок, Мойнунан жамгыр шорголоп, Талаага чыкпай корголоп, Ушул түнү шам менен, Жаабай жамгыр токтолот, Эшикке чыкса айкөлүң, Мыдыр эткен киши жок, Кызыл түлөө кезинде, Кыйын жааган жамгырда, Аты менен иши жок, — Эсирген иттер жатсын,- деп, Карабөрктү кабылан, - Куланы бери тарткын, — деп, Аккелтесин асынып, Сырнайзасын колго алып, Ак олпок кийип ашыгып, Айылдан чыкты бастырып. Башка жерге күн жаабай, Турган экен жапжарык, Алда кандай укмуш, — деп, Айкөлүң койбойт эске алып, Карап турса Кеңколдо, Карааны жок аттардын, Изин байкап көрүптүр, Кайсы жакка басканын, Тарашаны бет алып, Аттардын изи чубаптыр, Сыртка чыкса көрөт деп, Борошо болсо кокустан, Бири калбай өлөт деп, Катуулата бастырып, Аңкаарыбай аптыгып, Чыга калса туу белге, Карааны малдын көрүндү, Алысыраак бир жерде. Акула менен желгени, Көрүнгөн малга келгени, Тулпарлар эмес, башка экен, Жоо сүргөнүн билди эми, Аңкарып изин карады, Аттын изин кубалап Айал кылып турбады, Кош кулагын жапыртып, Куулага камчы урганы, “Аттарды жоо алды, — деп, Мени менен касташып, Ат алуучу ким экен, Эңсесин анын кесем!” — деп Ачууланып калыптыр, Ашыгып жөнөп алыптыр, Он алты күндүк арага, Бетегелүү Койташка, Белге чыгып карарга, Барды белем заматта, Аккуланы аргытып, Артынан чаңын баргытып, Айкөлдүн келе жатканын, Көзкаман менен Көкчөкөз, Дүрбү салып көрүптүр, Айланы издеп табууга, Атайы көңүл бөлүптүр, Кемпири, келин дегени, Катын эмес эр экен, Катынча кийип кийимди, Катын болгон кеп экен! Жашырып өзүн өңүткө Көкчө көз калды туу белде, Арстан келе жаткан жак, Азыраак коргул таш эле, Ысыккөл жаккы тарабы, Жаткан жайык талаа эле, Жарылып оозу кетет деп, Көмкөрмө темир кийгизген, Көтөн ооз келтесин, Көкчө көз октоп белендеп, Арсак ташка таш койуп, Шыйрагын кайрып өткөрүп, Милтесине от берип, Ооз отунун дарысын, Бармак менен талкалап, Арта салып кобурдан, Тиктеп жатты чалкалап. Бута атым кирип келгенде, Арстан шерди караса, Ак олпок жок эндекей, Калган кийим ысыкта, Бүчүсү жок желбегей! “Көкө Теңир жар болуп, Ишим оңдон экен, — деп, Ойумда менин жок эле, Жалгыз атчан жалаң тон, Өзү жетип келет деп, Алаш уруп болгону, Меники болду белем”, — деп. Карап калды Көкчөкөз, Ого бетер бекемдеп, Эрдигинин чеги жок, Эрениң келет тепеңдеп, Алдындагы Аккула, Башын силкип кекеңдеп, Өпкө, боор тушу деп, Өлөр жери ушу деп, Акыректен чөгөрүп, Айбалкадай көтөрүп, Кароолун бүл-бүл житирет, Машааны тартып жиберет. Көтөн келте дүп этип, Жүрөгү анын сак калып, Бир өпкөнү тамандап, Өтүп кетти ок кечип! Кайраты толук арстаның, Аттан түшүп калган жок, Жайылып этек, жалп этип, Жаныбарым Аккула, Кырга чыкты шып этип, Жыгылбай турган баатырга, Бетине чыдап баралбай, Жаза атып салдым, — деп, Атына минип Көкчө көз, Айабай качып алыптыр, Ат айдаган элдерге, Жетип кабар салыптыр: — Өлбөй Манас калды, — деп, Карамендер чоң басып, Жандата атып салдым, — деп, Белге чыгып элейип, Мени көрбөй калды, — деп, Жерге кирсин көр дүйнө, Аттарын өзү алсын, — деп, Өзөктөн каның жайбасын, Жан куткаргын барың! – деп, Этектери жайылып, Жаман качып алыптыр, Жандап жолго салыптыр, Караган атка киши жок, Бары качып калыптыр, Эми эле жетип келет, — деп, Эдепти толук берет, — деп, Качмактан башка айла жок, Көзкаман баштап баарысы, Качып кетип калышты. Белге чыга калганда, Белдүү баатыр көкжалдын, Чоң кайраты бар анда, Жолго кирбей Аккула, Бура тартты бир жылга. Имерилсе жаныбар, Жайкалган шибер чөп экен, Жан барбас туйук жер экен, Ушул жерде эндиреп, Кулагы тунуп дүңгүрөп, Аккуланын үстүнөн, Жыгылып калды дардайып, Сулап жатты далдайып, Дем алганда таноосу, Узунга дейре барбайып, Бетине чымын кондурбай, Аккула турду кайтарып. Куугундан аттар кутулуп, Арт жагына бурулуп, Боз жорго баштап бардык ат, Таласты карай чубуруп, Чубактын аты Көктеке, Бычылбаган мал эле, Айгырлык жагы бар эле, Кош кулагын жапырып, Оттоп туруп алганын, Соорудан тиштеп качырып. Ажыкеңдин Карткүрөң, Ал аттарда жок эле, Айылчылап Ажыбай, Анжыйан минген кеп эле. Арстан кеткен күнүндө, Айылга кайра келди эле, Сыргактын аты Телкызыл, Аккула жытын алыптыр, Көктекеге көрүнбөй, Бөксөгө кетип калыптыр. Аккула менен Телкызыл, Акылы малдан эң узун, Курт-кумурска бүт жандан, Асмандагы канаттуу. Төрт айактуу айбандан, Арстан эрге келтирбей, Эки тулпар кайтарган, Кабылан Манас баатырың, Кетмек болчу кансырап, Аккуласы баатырдын, Калдыркандын жалбырак, Жарасын жаап жабуулап, Кан катырып калдыркан, Кеткени жок кансырап. Айылдан кеткен Ажыбай, Арстандын кирди үйүнө, Олтурган экен Каныкей, Ирегенин түбүндө, Өңү мунун бөлөкчө, Караган адам көрүүгө, Эмне болуп кетти, — деп, Сурайын мындан кепти деп, — Арстан кайда жеңеке, Бар эле менин кебим, — дейт, Каныкей анда мындай дейт: — Кебиме, Ажым, кулак сал, Куру шылдың кылбаңар, Төрт күндөн мурда мен бейбак, Каңгайдан келген карыга, Барып келген жайым бар. Далай кеп угуп келгемин, Карабөрктүн үйүнө, Кетип калды баатырың, Мен калдым кебим айталбай, Андан чыкса Накылай, Мындай кепти айтам деп, Ээрчип чуркап баралбай, Ушул күнү күн жаады, Болбой турат көөнүм жай, Айтып болуп Каныкей, Ажыңа койду түрдүү чай. Эзген курут кошкон май, Ажыкең ичти даамын жай, Ажыкең чыкса талаага, Көрүндү көзгө Тараша, Чубаган жылкы андан көп, Чаң уйулгуп дүркүрөп, Бурулуп тозоң сүрдүгөт. Элейип тура калганы, Аңгычакты ал жерге, Бозжорго баштап тулпарлар, Боз-ала чамбыл чаң болуп, Боз топурак жуурулуп, Чиркегендей чубуруп, Көктекенин аркырап, Үнү келет угулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.