← Манас 9/11

Абаңдын жели күч экен, Жону талаа түз экен, — Түшпөдү мага салмагы, Чиркей болуп калганбы, Кесек иттер, тепсе! – деп, Абаң айтып салганы. Ажыбай, Мажик барыптыр, Бешөөлөп тепсеп алыптыр, Ошол кезде Нескара Ал жерге барып калыптыр: — Тепсетип, Манас, чалыңды, Өлтүрүп туруп биздерге, Бересиңби аныңды? Аңдап Кошой алыптыр, Ордунан тура салыптыр. Ушул турган бойунча, Ортого жетип барыптыр. Ортодогу Ороңгу, Урсун кудай ошону: — Эртеден, Кошой, жоо каалап, Өтүп кетти далай чак, Кандай айла табаарсың, Кайра артыңа кылчактап? Келбеген менен чараң жок, Баргының десе хан жумшап. Ороңгу чыкты дегенде, Оройуң сенин учкандыр. Оозуңа келип жүрөгүң, Өлбөй жаның чыккандыр? Тиригиңден өмүрүң, Көрүнүп көзгө тургандыр?- Деп ошентип турганда, Абаң Кошой айтты анда: — Сен коркутуп, мен коркуп, Качандан бери эр болдуң? Эчен жыл жүрүп мааналап, Сөзүң менен тең болдуң. Сен экөөбүз чамалаш, Отуздарда бар чакта, Бул кайратың ошондо, Калган эле кайакта? Көзүр калмак сен белең, Көрбөгөн Кошой мен белем? Алты сапар беттештик, Качан мага тең элең? Төрт сапары көрүнбөй, Качып кеткен сен элең. Кечээкини унутуп, Бүгүн мындай дээр белең? Нарындагы урушта, Кокуйлаткан мен элем, Оодара сайган артыңдан, Ушул Кошой мен элем. Хан болгондо дардайып, Унутупсуң, айбан сен. Коржоңдогон калмак, — деп, Колпороң өскөн акмак,-деп. Арыштап басып барганы, Олураңдап Ороңгу, Кобо калып кармады, Олуйа Кошой абаңдын, Айанар жери калбады. Колдорун катуу салышты, Ача кармай алышты, Көөдөн менен тирешип, Буттары жерде жирешип, Жан айабай күрөштү, Булкуп-силкип имерип, Бута атымча жерлерге, Ыргытышып жиберип, Айкырышып шилтешип, Айабай жанга күч келип, Белден бура кармашып, Күркүрөтүп айлантып, Күүлөп атып ыргытса, Кошо көбөт жармашып. Күнү- түнгө айланды, Эсеби жок шам жарып, Банус чырак элде бар, Карыса да кайраты, Абаң Кошой элде бар. Кээде үнү угулат, Кээде үнү угулбайт, Боз чалмалап топурак, Тери менен жуурулат. Буларды көрүп турушуп, Менменсинген далайдын, Заманасы куурулат, Дене бойдон аккан тер, Күн жаагандай куйулат.

Беттешип барган бендеден, Бул экөөндөй ким чыдайт? Көрөгөчтөн ылгашып, Көрүп кел деп жумшашып, Көздөрүнөн жаш агып, Сакалдарын ыргашып, Кары менен кармаса, Бойу бойго тирелип, Буту тийген жерлери, Нак буурусундай жирелип, Жердин бети тытылып, Чөптүн көбү кырчылып, Былкылдак саздаң жерлерден, Чыпылдаган суу чыгып, Кимиси жыгып, ким калат, Уйкусу келип чыдабай, Далайы аттан жыгылып. Абакеңдин бел жели, Ороңгу калмак мыкчыса, Сүйгөндөй болуп бир жери, Кырчылдагы басылып, Абаңдын жарпы жазылып, Мемирек кирип денеге, Уйкусу келип басынып, Ар канча бардап тиктесе, Көзү кетпейт ачылып. Күн шашке мезгилинде, Кошуун тартып абакең, Көшүп уктап калыптыр, Капилет басты муну деп, Күркүрөгөн Ороңгу, Так көтөрүп алыптыр, Көрүп каапыр Жолой дөө, Үйдөй болгон бир ташты, Нескара, Коңур алдына Томолотуп салыптыр. Көтөрүп алып Кошойду, Айланта басып ортону, Талпагын ташка чабууга, Ороңгу жакын барыптыр, Ошол кезде шер Манас, Кошойдун айткан бир кебин, Эми эсине алыптыр. Калкамандын кара атын, Камчыланып калганы,

— Карма, Кошой, карма!- деп, Алчыланып алганы, Ар канча салса акыры, Аны Кошой туйбады, Жаш баладай шолоктоп, Ого бетер уктады, Ойготмокко эр Манас, Найза менен Кошойду, Көнөктөй этин бөлүнтүп, Жыра сайып таштады, Ачылып көзүн умачтай, Ташты көрүп шашканы, Ойготпосо анчалык, Абакеңди Ороңгу, Ташка чаба тас калды! Найза тийген эт ооруп, Агып барат кан оргуп, Ошондо абаң ойгонуп, Ачуусу менен бек кармап, Айагы жерге тамандап, Астыртан өйдө көтөрүп, Төбөсүнөн артылта, Аркасынан таштады, Жетимиш төрттө абаңдын, Кайратты тоодон ашканы, Бура тартып абакең, Башынан аттай басканы. Аттап өтүп баратып, Чыкыйга тээп таштады, Көрүп туруп ошондо, Чырды Коңур баштады: — Балбан жыкмак бар эле, Баш аттамак кайда эле? Баш аттасын шашылып, Башка тепмек салт беле? Буруттар жөнүң ушундай, Башкача баркың бар беле?!- Коңурбай муну айтканда, Айкөлүң мындай деди эле: — Эки балбан күрөшүп, Өжөрлөнүп өчөшөт, Колу сынат, бут сынат, Ага кайдан чыр кылат? Күнөөлөнүп жөн эле, Чыр табасың сен калмак, Ороңгу, Кошой тең кары. Бура тартар калган жок, Бул экөөнүн шайманы, Боло ала албаган карынын Буту тийе тийгендир, Табасыңбы калбаны? Калбадан качаар жерим жок, Чындасаң, калча, чыга кал, Мындан башка кебим жок. Манжу менен кыргыздар, Балбаныңды чыгаргын, Ойундун арты улансын, Коңурбайдын адаты, Коржоктосо мен бармын!- Коңурбай атта зоңкойуп, Ичи жалын, от болуп, Эмне дейсиң, бурут,-деп, Кармашар шайы жок болуп, Айла издеп таба албай, Эки көзү бозоруп, Не болдуң деген киши жок, Нес болгондой томсоруп, Ок тийгендей бурала, Ордунан кетти козголуп. Кошойго тийген байгенин, Жайын уксаң, мамындай: Абаң мөөрөй алганы, «Ороңгуну жыкты деп, Жетимиштен ашканда, Жекеге Кошой чыкты»- деп, Айтылып калган ушул кеп. — Азбы, көппү байгеси, Ата уулу бөлүп алган, — деп, Абаң Кошой кубанып, Ага кошуп мындай дейт,- Байгени мурун кабылан, Берген мурун алдым, — деп, Алдында кийер шым алдым, Кыр аркамда кыйчылдак, Ушалатып калмакка, Кутулуп андан да калдым. Мындан кийин жекеге, Бир чыгарга мен бармын,- Бел оорудан кутулуп, Түз басып абаң калыптыр, Өзү айтканы чын экен, Эки байге алыптыр. Муну мындай таштайлы, Нескарага эр Агыш, Чыкканынан баштайлы.

Манжулардын Нескара, Өзү түштү майданга, Кулач мойну узарып, Өпкөдөй бети бышаарып, Өкүмдөнүп турган чак, Үкүдөй көзү кызарып, Ийилбейт бели дүкдүйүп, Төбөсүндө чыккан чач, Бирден тарап үксөйүп, Мөөрөйдөн байге ала албай, Чөк түшкөндөй от күйүп, Алп мүчөлүү далдайып, Баштыктай мурду барбайып, Салынган кара кеңирдей, Карааны бар калдайып, Ортого чыгып олтурду, Оңолбогур заңкайып. Манжулардын Нескара, Эки айактуу, жумур баш, Бендеден чыккан бир балаа, Аркасынан караса, Эки далы айнеги, Тай чабуучу бир талаа. Жолум үйдөй башы бар, Жаткан иттей кашы бар, Толгон кези бул доңуз, Кырк бештерде жашы бар. Карарып өңү бузулуп, Ачууланып, сурданып, Эр күрөшүү, жамбы атуу, Баарысынан куру калып, Кабагы карыш салынып, Карадан чапан жамынып, Каарына алыптыр, Кармаганды жутчудай, Кабылганды урчудай, Ортодо турат калдайып, Таш дөбөдөй даңкайып, Манжалары белгилүү,

Чоң устундай байкалып. Анда Манас муну айтат: — Абам Кошой карыганда, Жарап салды намыска, Ак чач болгон абышка: Кыйыктанбай чыга кал, Кимиң болсо барышка!- Анда Бакай муну айтат, — Асылым Манас, — деп айтат. Чыканактай эр Агыш, Көкөтөй кызы Көкмончок, Алгалы жүрөт, — деп айтат. Сөөбү ушак болсо да, Нескарадан кем эмес, Бүткөн бойу тарамыш, Чымырканган эр эле, Чыкса Агыш чыга алат, - — Кайда, барбы Агыш?- деп. Кабылан карап калыптыр, Алты-жети чоросу, Аттарга камчы салыптыр, Көкмончоктун чатырга, Чаап жетип барыптыр. Кулетендин эр Агыш, Кызды жандап кылаңдап, Кыргыектей сыланат. Келинди көрсө керилип, Кеп сүйлөбөй эринип, Катынды көрсө кампайып, Катарга албайт тегеле. Көкмончоктон кырк котчу, Баары кыздан болуучу, Агыш барып ал жерге, Жеңеден таап жетини, Балдыздан таап нечени, Көкмончоктун чатырда, Жаткан экен жайкалып, Арак сунуп кыз балдар, Кериле басып чайпалып, Бозуул кебин баштады: — Угуп турган, эр Агыш, Хан Манас бизди жумшады, Нескара чыкты балбанга, Чыгармак болду сени ага. Хан катарда жок болуп, Не кылат деп чатырда, Чындап уйат болбосун, Эми киши чаптырса, - Угуп Агыш алдырап, Бадана тону шалдырап, Барбагын деп айта албай, Көкмончок калды жалдырап, Уйалып келген эр Агыш, Манаска айтат жабырап: — Чукулга өтө тың элем, Узакка анча жок элем, Кармаганда Кошой эле, Каткырыкты салчу элем, Кабуусун таппай кармаштым, Далайга жүрүп калчы элем. Оорагың бар арстансың, Айбатта журтту баскансың, Оозумда тишим жаркылдап, Күлүп берсем шалкылдап, Ачуу үндө баркылдап, Эки-үчтү тартып жибергин, Камчы менен жакындап,- Кепти айтып алп Агыш, Баштады барып чайкалыш. Нескара өтө чоң эле, Адамдан чыккан зор эле, Алп Агышты булгалап, Ыргытып ийет жөн эле. Мышыктай Агыш айактап, Жана келип жармашат. Мас болгондой шылкылдап, Күлкү кыстап баратат. Күн чачырай алышкан, Бешимге калды жакындап, Арстан Манас акырып, Катуу сүйлөп бакылдап: — Күрөшүп жүрүп күлгөндү Ким көрүптүр сендейди? Жыгылар болсоң тырмышпай, Байгени анда бер!- деди, Шыңкылдай берсең ушинтип, Кыргыздан намыс кетпейби? Кошой алды үч күндү, Бүгүнкү күн кеч болду! – Деп арыстан кезенди, Качырып келип кабылан, Экини чаап жиберди. Ана-мына дегенче, Ачып көздү жумганча, Эти ачышып жан ачып, Нескарадай чоң дөөнү, Чалкасынан таштады, Кыйган терек баштанып, Нескаранын жатканы, Кайра басып баратып, Нескара башын аттады, Өтүп кетип баратып, Агыштын ушул айтканы: — Күйөө болуп, кыз жандап, Күлкүм менин кана элек, Байгеге сайган мал-пулуң, Керек эмес ушунуң, Кимиң алсаң, аның ал, Чатагы жок бөлүп ал, Сенин камчың болбосо, Жыга албайт элем, кабылан, Көбүрөөгүн өзүң ал,- Агыштан угуп бар кепти, Байгени бөлүп эл кетти.