← Манас 2/11

Керкөкүл менен дөө Кошой, Төштүк, Агыш - эки алп, Катардагы Музбурчак, Кабарды толук алыптыр, Булар келип калыптыр. Үрбү менен Бокмурун Алдынан чыга жүгүрүп, Үйгө баштап жүрүптүр, Айабай жакшы күтүптүр. Бир күн өрүүн алдырып, Хандардын көөнүн жай кылып, Көкөтөйдүн көрөр көз - Гүлайымды алдырып, Тегеректеп олтуруп, Хан Үрбү кебин баштады: — Атагы Алаш элинде, Көкөтөй ага хан эле, Катардагы жан эле. Боз үй тигип көчкөндүн, Бардыгынан бай эле. Кышында өлдү жашырдык, Ырымын журттан ашырдык, Зыйнат кылып алынча, Жердигине тапшырдык, Ашын качан берсек деп, Кеңешине чакырдык. Каерге үйдү тигебиз, Кимге кабар беребиз? Абам Кошой баштаган, Алты хан түгөл турабыз. Атагы бир, айлы бар, Аталаш журт тууганбыз, Манаска кабар кылбадык, Мунун да дайынын угарсыз. Он биринде аттанды, Көңтөйдү сайып олжо алды, Ушу турган баарыңа, Бириңе кабар кылбады; Сараркада кооруктун, Шаарын бузуп дагы алды, Анда кабар кылбады; Накылайды олжолоп, Катын кылып жана алды. Кулетен бай Агышка, Кудалашып жүрчү эле, Толук билбейт Агыш жаш, Ал деле билбейт Манас жаш. Калгандар айтпай койобу? Кийинче жайын укса да, Сен алуучу катынды, Билбей алып койдум, деп, Агышка айтып койбоду. Араникты алганда, Дөөкандын кызы Карабөрк, Муну алды өбөктөп. Менин турат эсимде, Кендирбай тирүү кезинде, Керкөкүл анда туула элек, Насыйа уулга, нак кызга, Калың берип жүрчү эле. Эч болбосо кубантып, Керкөкүлгө эмгиче, Куру сөз айтып койдубу? Билбесе Манас буларды, Карылар билет баарысын, Айтпай койду дейсиңби, Уккан мунун дайынын. Араникке тең бардык, Кетеликтей эрди алдык, Бүлдүргө олжо бербеди. Алты шаар Анжийан, Сарарка, Ташкен барарда. Бириңди жүрү дебеди, Баардыгын басты бооруна, Тоотпогон бир кеби. Таарынса кийин көрөрбүз, Буга кабар бербейли,- — Ырас айтат Үрбү,-деп, Бир Кошойдон башкасы, Баары кетти дүүлдөп, Кошой калды ошондо, Сакалын сылап күбүрөп. Аркасынан Бокмурун, Баш көтөрүп козголду, Мактануунун төрүнө, Уйалбастан бут койду: — Атам өлдү көз жумду. Ардактаган мен уулу, Жер астында батпаган, Чирип жаткан пулу бар, Жер үстүндө жайнаган, Сан-санаксыз малы бар, Көчкөндө нарга жүктөгөн, Жетимиш күптө зары бар, Азабын тартам ар качан, Миң нарга артса батпаган, Албан-албан шайы бар, Адам жүзүн көрө элек, Андан башка дагы бар. Атам тапкан көп дүйнө, Мен өзүнө чачпасам, Атамдын мээнбей арбагы Тузаны кайдан мен табам? Ашка келчү кишинин, Маа бергиле бийлигин, Таанытайын дүйнөгө, Байлык менен эрдигим,- Анда Кошой муну айтты: — Үрбү менен Бокмурун, Аш берген болот айыпкер, Кылмыштуу болот күнөөкөр, Биз ошонун бирибиз, Алды менен табалы, Аш берчү кайсы жерибиз. Тоосу тулаң чөп болсун, Өзөнү агын суу болсун, Жээги токой жер болсун. Аш берүүгө ылайык, Алайдын жери кең эле, Жырылган тулаң күр эле, Суусу - булак, отун жок, Ошол экөө кем эле. Алайдан антип калганда, Угуп жүргөн кабарда, Үчкаркыра, Көкдөбө, Жердегендин көөнү жай, Жер боорунда жок дөбө, Жайынан-кышы буралган, Бүтүн баары чөп дөбө, Өрүшү жайык кең экен, Аркырап аккан дайра жок, Өзөнү кара суу экен, Өйүз-бүйүз ала жок, Бүтүн токой жер экен. Эп келсе ушул баарыңа, Аш берүүчү жер экен. Азыркысын алп Агыш, Көкөтөйгө күйөө экен, Жетөгүз менен Каркыра, Орто жери бир кыраң, Арка-бериш жер экен, Алды жагы Алматы, Музбурчак чукул дагы экен, Үрбү менен Бокмурун, Короолош конгон чагы экен, Бузулбай үч хан сен көчүп, Үй тиксеңер бап экен. Андан башка үчөөбүз, Элибиз менен өзүбүз, Кам жегенче келербиз, Орун барбы дебейбиз, Ошентип ашты беребиз. Андан калган кеп болсо, Ошол күнү көрөрбүз, Бар дүйнөнү айабай, Мөөрөйүнө бөлөрбүз, - Чакыруучу кишинин, Бокмурун алып бийлигин, Айтып калды бар кебин: — Абам Кошой, калгандар, Отурасың баарыңар, Чакыруучу элди мен айтам, Барың угуп калыңар. Акылдашып олтуруп, Аш берчү жерди таптыңар, Жайма көкүл кайдасың? Жакын келип катка сал. Бетбактоо анын жери эле, Жамбыл деген шаар эле, Айкандын уулу Көкбөрү, Ал да мыкты деди эле, Букар менен Бадакшан, Карахан менен Малабек, Ал экөөнө кабар сал. Балыкта бар Алабек, Анжиданда Сынчыбек, Ал хандарга бара кет, Аш кабарын айта кет. Кыйбанын чоңу Дабытай, Короосунда Мырзакмат, Бирине-бири кулакташ, Дүйшөмбүдө Козубек, Акун хан менен жакын дейт, Укпай калса жакшы эмес, Ошолорго бара кет, Оогандан чыгып ойлосоң, Кызыл сууну бойлосоң, Келечи менен Нишапур, Аттап өтпө ошондон. Кешмирде кыргыз бар деген, Тоосу түгөл кар деген, Бара албасаң кайтып кел. Жолуңда Хотен бу да бар, Анын ханы Нура бар, Бери жагында Жеркенде, Таабалды деген ханы бар, Лопнурдун бойун жердеген, Карачасы дагы бар, Кадимтен чыккан даңкы бар, Мен айткан ушул баары хан, Аларга кабар сала бар. Карашаар, Камбыл,Турпанга, Айтып өткүн бүт жанга, Баркөл менен Бешбалык, Баарына айткын эске алып. Айткан элге бекем айт, Менменсинген жекеге айт: Бу ашыма келсин дейт, Бул кызыкты көрсүн дейт, Бу ашыма келбесе, Бул кызыкты көрбөсө, Ычкырга муунуп өлсүн дейт. Кетенчиктеп калгандар, Камын кыла жүрсүн дейт. Көкөтөйдүн көк туусун, Үй үстүнөн көрсүн! — дейт, Бокмурун айтты дегин — дейт. Аттын башын бурарсың, Айал кылып турбассың, Чыгыш тарап бет алсаң, Түндүк жагын четке алсаң, Кайнаган шибе, солон бар, Кабар уксун ушулар. Сан-санаксыз эли бар, Бозкертик деген эри бар, Кумсара деген бели бар, Чоң Жолойдун жери бар, Койбой чакыр баарысын, Бүгүн менин эмнеден кемим бар? Келбей койсо Жолойго, Кийин кылар кебим бар! Манжусу бар аралаш, Канатташ баары чамалаш, Манжуларды башкарып, Нескара деген хан сурайт, Анжусу бар чаадалаш, Мурадил деген ханына айт, Калмагы бар короолош, Кара калмак деп койот, Уушаңы бар коркоңдоп, Сыйлап айтып жүрбөгүн, Эсиң чыгып жорголоп; Кабарчы менен элчиге, Эч качан өлүм жок болот. Кырымдан барып кошулган, Кыз Сайкал бар деп угам, Борончу бар эрлерден, Жойгара бар мергенден, Күн чыгыштын тарабы, Бүткүл берип кол берген, Эсенхан кытай жол берген, Алоокенин чоң уулу, Коңурбай деген бар экен, Башына жыңзы тагынган, Таажыга үкү сайынган, Дайындуу элге таанымал, Эсенхан деген ханынан, Колуна алган каты бар, Калча деген аты бар, Канча түрлүү айтылар, Ошого айтып кайта сал. Алты хан эли бу жерде, Угузуп койор элине,- Обдулуп Кошой ошондо, Олуттуу кепти салганы, Оолуга кепти баштады: — Эркиңе койсок ушинтип, Сен Бокмурун баланы, Башка жыйнайт окшойсуң, Капкайдагы балааны, Мойунга артат окшойсуң, Жок жерден таап жалааны. Тилимди алсаң, о, балам, Кытай, манжу журтуна, Шибээ, солон, анжуга, Кабар кылба буларга, Канатың кетер кайрылып, Карап иш кыл алыңа. Сасык Жолой дегенин, Борончуга кошпогун, Эртерээкте таап ал, Адашпаган өз жолуң. Чокчоңдогон эрлерин, Жойгара деген мергенин, Чогултуп ашка чакырсаң, Көрөсүң кордук эмгегин! Алтымыш уруу аралаш, Малайы мурда бас алаш, Катарга кошуп келатат, Жакыптын уулу жаш Манас, Калка болгон алашка, Манасты бөлүп таштасак, Тепсегендей кырманды, Кетер бекен майдалап, - Бокмурун балан дегенче, Бир жообун ачык бергенче, Агыш, Түштүк, Керкөкүл, Кедеңдешип элире: — Манас келсе бул ашка, Биз келбейбиз деди эле. Шылкыйып Кошой жөн болду, «Акыры Манас билет»- деп, Өз ойунда ойлоду. Күмөн кылып хан Үрбү, Бокмурун менен тилдешип, Чогуу турган хандарды, Бата кылып кой дешип, Боздон бозду табышып, Актан акты ылгашып, Койдой башын кесишип, Коондой кардын жарышып: “Кыйа карап ким кетсе, Бүгүн макул деп койуп, Эртең ашка келбесе, Как ушундай болсун” — деп, Жеңдерин түрүп алышып, Карыдан канга малышып, Көк чырпыкты кийишип, Кетпестикке жылышып, Убадасын кылышып, Сакалдарын жайкашып, Үйдөн сыртка чыгышып, Жай-жайына кетиптир. Манаска кас кылгандар, Талабына жетиптир, Үрбү менен Бокмурун, Каркыра көчүп кетиптир. Жайма көкүл жаш Айдар, Мааникер минип аттанып, Күн-түн жок жол тартып, Айткан кандын баарына, Кабар салып кетиптир, Калтырбастан териптир, Каадалап кабар бериптир: Айагында Каңгайга, Айрыкчасы жанагы, Алооке уулу калдайга, Алпарып катты бериптир. Алып катты колуна, Алп Коңур окуп ошондо: Атаңдын көрү алаш, — деп, Алы келбес иш кылып, Айттырганын карачы. Анжу, манжу журтумду, Калмак, кытай ушуну, Калтырбай баштап барайын, Атагы болгон бурутту, Кыргыз деген журтту, Түп көтөрө чабайын, Кызыл уук кылайын! Колкодон алып баатырын, Эл чакырып ашына, Кошулмак экен катарга, Буруттун жинин кагайын! - Деп Коңурбай дүпүлдөп, Буулуккан калча күпүлдөп, Каарын көрүп калчанын, Калганы калды бүжүрөп. Муну мындай таштайлы, Көкөтөйдүн ашына, Жер майышкан көп элдин, Келгенинен баштайлы.