← Манас 7/11

Чогоолдук кылып жаш балдар, Чокчоңдоп барып катышпа, Катыгын анан беребиз, Өзү келип катышса. Ок дарыңды мол камда, Ойунга кызып жай жатпа, Кыскартып айтар бир кебим, Көз жибергин туш-тушка, Түнүнкүсүн аз укта!- Деп айкөлүң кеп айтты, Кеп айтканда эп айтты. Эртеси этти тартпады, Өзү баатыр бастырды, Жайы менен бердирди, Жалпыга бирдей жеткирди, Жаймада ачка калганды, Бүгүн тойдук дедирди. Муну мындай таштайлы, Ашта болгон шан-шөөкөт, Ошолордон баштайлы.

Ырамандын Ырчы уулу, Ычкыры бапык кырк муундуу, Тебетейи чоктуу уул, Оозу бейбаш шоктуу уул, Көкөтөйдүн Бокмурун, Төө баштап тогуз мал берип, Дейылда баштап Бокмурун, Тогуз сарпай да берип, Шаңшуур жамбы пул берип: — Элдер тарап болгуча, Ээлене жүргөн салтыңча, Боло турган иштерди, Элге айтып бер, — деди. Ырчы уул чыкты элирип, Аргымагын теминип, Жагалданган өзүндөй, Жаш Айдарды ээрчитип. Ырчуул минген Кыланбоз, Айдар минген Куланбоз, Ырчы уул кирди шакылдап, Жаттагандай жапылдап, Аркандай айтса оозу шок, Айтса сөзү чачырап: — Хан Көкөтай ашына, Катышкандар уккула, Жыйылып келген калың топ, Эртеңки күнү эрте коп. Каада ойун башталды, Камда тулпар аттарды. Көкөтөйдүн баш байге, Кырк миң кызыл алтындан, Чыгымы жок сак болот, Биринчи атка ал болот, Аты чыккан бай болот. Оонабасы бир жүз тай, Ошол замат айдап ал. Калп айтты деп калбагын, Хан Манас айтты ушундай! – Кабар салды калкына, Калың элдин жалпына, Ырдап жүрүп угузду, Эрекче хандын барына. Калбай баары угуптур, Аттын баарын суутуптур. Аккуланы караса, Бир күндүк эти бар экен. Кылар айла кайсы экен? Хан Кошойдун элинде, Нармарт деген бар экен, Аргымакты көп таптап, Сайыпкери ал экен. Каныкей киши жиберди, Алдырып Нармарт келдирди, Ээрчитип барып көрсөттү, Эр Манастын Кула атты. Көрүп Нармарт күлүңдөп, Келини эркек туугандай: — Бир күндүк сууту бар экен, Анча эмес чак экен, Ашка чапкан көп буудан, Баштап келчү мал экен. Өргө салса чаалыкпас, Көөдөнү кең турбайбы, Эңишке салса талыкпас, Өркөчү бийик турбайбы, Телегейи теп-тегиз, Бул баатырдын багы турбайбы. Жем бербей кургак тер алып, Кара тер кезде сугарып, Жеңилирээк жабуу жаап, Сыдырым соккон белеске, Жетелеп жүрүп таң атса, Койо берер жерине, Арты коно сууй барса, Чагын көрбөй Куланын, Чанда күлүк калбайбы, Тил жазыктуу болбосун, Кырк миң кызыл алтынды, Башкага бербей албайбы! – Нармарттан угуп Каныкей: — Андай болсо Нармартым, Бүгүн өзүң багып бер, Сага кошуп берейин, Уктабастан эки эр, - Бозуул менен Байматты, Башчы кылып Нармартты, Чылбырынан Каныкей, Кула атты карматты, Таң аткынча чыдабай, Кандай кылып жатат, деп, Ошол түнү үч барды, Кирпиктүү көздөр жумулбай, Күн чыгып кайра таң атты. Ырчы уул салып кабарды, Аттарды элдер чубатты, Чоң куланы мингизди, Койоналы чунакты (Көкбөрүнүн жалгызы, Баладын чыккан чыйракты), — Айланын болот айласы, Адамдан болот өткүр көз, Көзү чекир - карасы, Окшош эмес санаасы, Манжуулардын Нескара, Ошол итти карачы, - Айкөл Манас баатырга, Каныкей айтты мындайды. Эң алдында аттардын, Карачанын кыз Сайкал, Коңуркула бээси бар, Ашкере тулпар чыгаан мал, “Кырк чачы кыздын улуу, — деп, Ургаачы жолу ачык” – деп, Эң алдына өткөрдү. Анын арка жагынан, Чоң Жолойдун Ачбуудан, Анын арты жагынан, Хан Кошойдун Тоотору, Анын арты жагынан, Айап койчу чабуулдан, Калтырчу эмес чабуулдан, Нескаранын Күрөңкер, Анын арты жагынан, Эртөштүктүн Чалкуйрук, Анын арты жагынан, Мурадилдин Кылжээрде, Анын арты жагынан, Бозкертиктин Бууданы, Кызыл ээк Кыйынбоз, Анын арты жагынан, Эркөкчөнүн Көгала, Анын арты жагынан, Борончунун Чоңбуурул, Көкбөрүнүн Карасур.

Санаты ондо Аккула, Адамдар айран калышта: «Кандай иш, деп ушуга, Айкөлүң кошуп жиберди, Аккуланы чабууга». Минемин деп Коңурбай, Алып калды кара атты, Эби келсе чабуулга. — Мааникер менен ат айдайт, Ала качкан ат болсо, Өз-жат дебей тең кармайт. Чыгып келсе байге алат, Биринчи ат болбосо, Мааникер байге албайт, — деп, Ырчы уул айта салыптыр, Ашка келген көпчүлүк, Бул кепти угуп алыптыр. Кызыл чоктуу кытайдан, Кара чоктуу калмактан, Ала байрак манжудан, Шибээ, солон – баарынан, Чоң Нескара баш болуп, Манаска келди көп адам: — Теңдикке, баатыр Манас кел, Байге алар болсо Мааникер, Убара кылбай аттарды, Өзүбүзгө кайта бер. Силердеги Мааникер, Калбыр өпкө жез канат. Аны менен жарышса, Канаты бар куш калат. Төрт айактуу айбандан, Кантип андан байге алат? – Айтканын кабыл алыптыр, Мааникерге байге жок, Ат айдоого калыптыр, Аңгычакты Ырчы уул, Айкырып кабар салыптыр: — Аттын саны алты миң, Ат чабуучу жерди бил. Иле бойлоп чабылат, Шибердин белин ашырат. Илебиндин кырынан, Кароолчу чыгып ат карайт. Он алты күн ары айдайт, Төрт күн атты өргүтөт. “Алла акбар” айтканда, Сай күлүк кайра тартканда, Беш күндө келет бул жерге, Шиберден бери эңкейе, Атыңды таанып эл сүрө, Изчи барбы көп элде, Калтырбастан бергиле. Кайра келе жатканда, Чапкан ат азса түндөрдө, Жолуна салып жүргөнгө, - Көпчүлүктө изчи көп, Алты жүз изчи келди эле, Кадыр Жайнак, Шуутуга, Бир тапшырып берди эле. Келген элди санаса, Жүз кырк төрт уруу экен. Көбүнөн көп, азы аз, Бир миң беш жүз киши ылгап, Жаш Айдарды кылып баш, Булар кетти ат айдап.

Ат чубуртуп Айдарды, Арылып чаңы калбады. Алаштын эли камынып, Жамбы атуучу жерине, Жыгачка жыгач улатып, Бир-бирине куратып. Темир менен кадатып, Жер каздырып бекитип, Мамыны койгон орнотуп, Узундугу бул жыгач, Бир миң элүү беш кулач. Жетимиш танап тактырып, Жамбысын ага астырып, Дайарлатып койуптур, Жамбы атуучу эрлердин, Тамашасын угуптур, Аңгычакты болбоду, Айылдан элдер чубурду, Көкөтөйдүн белгилүү, Желпилдеди көк туусу, Алаштын эли калкылдап, Майданга барып турушту, Калган хан да аттанды, Деңиз боло чайпалды. Мергендин бары жыйылды, Көкөтөйдүн ашында, Байгисинин кыйыны. — Жамбыны атып ким алса, Жамбыга кошуп алары Тогуз атан комдуу төө, Тогуз бедөө жакшы ат, Тогуз ичик булгундан, Топо жукпас кулпунган, Жүз сарыпай чапан бар, Жамбы байге утуп кал! – Байгени утуп алсак деп, Хандар калбай бүт барган. Карасы бар, ханы бар, Мылтык аткан бары бар. Коңурбай барды алдында, Миң балбан баштап туралбай, Миң балбандын ичинде, Жойгарасы дагы бар, Жойгара келди дегенде, Чыр табышты калгандар: — Жойгара чыкса атууга, Аттырбай, Коңур, жеке ал! – Элейип калып Коңурбай: “Мааникерди кечээ эле Калтырып койдук чаптырбай, Ага кошуп чектейин, Алманбетти аттырбай” – Деп ойлонуп Коңурбай, Баштап калды сөзүн жай: — Жойгара эмес угуп кал, Мунун аты Шыпшайдар, Алаш уулу силерде, Сорандыктын уулу бар, Тең окуган бул экөө, Алмамбет менен Шыпшайдар. Биринен бири корккондон, Эл аралап келбеди. Экөөнө тең булардын, Аттырбайлы жамбыны. Шыпшайдар менен Алмаңа, Өнөрдүн тийди зыйаны. Келип турса кезеги, Коңурбай кайдан токтоду, Очогорун октоду, Алтын ээр калмакча, Жамбаштай түшүп чоң калча, Тарс эттире бир койду. Танаптын боосу жетимиш, Жарымын кыркып кеткени. Жанындагы миң балбан, Миңи бирдей камынган. Мылтыгы бар, жаасы бар, Айанбай атты ушулар, Аталбай өтүп кеткени, Кошойго кезек жетти эми. Ээрчиткени миң киши, Абаң өзү баш болуп, Аталбады бир киши. Нескара келди топ болуп, Барында мылтык октолуп, Жамгырдай жаап жебеси, Асман калды чок болуп, Алар да өттү сел боло, Аткан адам жок болуп. Хандар карап турбады, Катары менен чубады, Мылтык үнү дүмкүлдөп, Түтүнү туман булады, Балбандардан эрсинген, Бирөө дагы калбады. Эл суйулуп калганда, Кара көк өзү аттанып, Аккелтени колго алып: “Абам Бакай атайлап, Алып келген Аккелте, Төкөр уста Бөлөкбай, Өзү жасап берди эле. Айтты эле ал кезде, Асынып жүрсөң Аккелте, Ай далыга белек, деп, Атып жүрсөң Аккелте, Аманат жанга эрмек, деп, Айтканы ырас кеп болсо, Атышым бүгүн керек” деп, Атайлап жоого тийчүүдөй, Аккүбө тонун кийинип, Аккелтени колго алып, Ак жамбыны бет алып, Аралап элге киргени. Арасын ача бергени, Аталабы, жокпу, деп, Адамдын бары тиктеди, Алчаңдата бастырып, Арстан жөнөп баратып, Айманбоз оозун бош койуп, Кыйшайа түшүп оңдонуп, Карап калды эр Манас, Окчо кармап бир койуп. Мылтыктан түтүн бур деди, Жер дүңкүлдөп шуу деди, Түтүн менен жалпы эл, Кош жаңырык чур деди. Жетимиш танап жибинин, Теңин аткан Коңурбай, Андан калган танапка, Шонгочо турган ок жанбай, Танаптын бары кыркылды, Талаага жамбы ыргыды, Арстан минген Айманбоз, Ал шамалдай зыргыды. Топуракка түшүрбөй, Кармап алды эр Манас, Баарысынан бул иши, Укмуш болду абыдан, Соогат, деп элдер барыптыр, Жамбыга сайган көп байге, Бардыгын бөлүп алыптыр. Жамбы атканга аралаш, Таздар өпкө чабышып, Тазга сайган байгени, Баймат алган жайы бар, Аны дагы алалбай, Алоокенин Коңурбай, Комсунуп турган жагы бар.