← Манас 8/11

Аңгычакты Ырчы уул, Ыргып минип атына, Ырдап айтып келатат, Ушул турган жалпыга: — Күрзү урса талбаган, Күжүрмөн иштен калбаган, Тал чыбыктай толгонуп, Тамызда бышкан балбандан, Кум-чөлдөрдө жол жүрсө. Аңкабаган адамдан, Азаматты тандаңар! – Хан Коңур баштап Нескара, Кабарчыдан кеп угуп, Карап турбай удургуп, Калкынан балбан карашты, Жеңмек ушул алашты. Өзү каңгай калкы эле, Оронгу деген алп эле, Эсенхандын алдында, Эл башкарып жатчуу эле, Кара кытай дегенде, Нескара айткан кеп эле: — Эсенхан келбей сен келип, Эл башкарып жүрөсүң, Эмгичекти деңкейип, Алдырып мөөрөй баарыдан, Биз турабыз күч келип, Кара кытай эли дейт, Күрөшкө түшүп бергиниң, Картайып кетип барасың, Көрөбүз качан эрдигиң? – Коңурбай, Жолой, Нескара, Эп келиптир буларга, Оронгуда чама жок, Эми карап турарга. Кармаса жиптей чойулган, Койо берсе чогулган, Караса нечен кубулган, Белине темир курчанып, Буулумду кийип шымданып, Белден өйдө кийим жок, Ортого келип олтурду, Орто тоодой даңкайып. Колу-бутун карасаң, Чынардай бар тарбайып, Үстүңкү ээрди калбайып, Астыңкы ээрди шалбайып, Өтөктө жатып жуушаган, Кара атандай дардайып, Эки эмчеги бултулдап, Эки эне эмген танадай, Эки бети томтогой, Баспаган бечел баладай, Ортого чыккан ошону, Тик багып элдер карабай. Менменсиген көп баатыр, Караганга жарабай, Ортого чыкты бадырек, Таназарга түк албай. Арстан Манас акырып, Алптын барын чакырып, Келбей калган алп болсо, Атайын киши чаптырып, Чогултуп келди барысын, Бирин койбой таптырып. — Балбанга билин салгының, Абаке, муну жактырып. Каруусу жогу барбасын, Каран түндү салбасын, Балбансып өзү барбасын, Барбайып жатып калбасын, Айланайын абаке, Абдан баарын байкагын, Жараганы ким болсо, Бурбастан аны калмагын, - Деп кабылан айтканда, Абаке Кошой карыйа: — Бери тартчы атты, — деп, (Өзүнүн аты чабууда). Талкумандын тору атын, Туура тартты алдына. Ак сакалын жайкалтып, Абаң минип алыптыр, Алтымыш ашуун алп экен, Барысын байкап калыптыр, Буруттун эрин көрөм, деп, Нескара келип калыптыр. — Балбандыкка Эр Төштүк, Түшө турган эр экен, Барасыңбы Төштүк? – деп, Абаң айткан кеп экен. — Бар десеңер барайын, Жалтангансып калбайын, Жер алдында жети жыл, Жаным тынбай күнү-түн, Жетимиш алпты бүт алып, Намыс кылып кармашып, Каран кылаар бирөө жок, Мени менен карашып, Жер үстүнө чыкканы, Жети айга таамай толо элек. Каным калган бир кашык, Этимдин бары көк жашык, Орунгу жыгып салбасын, Мүшкүл иш болуп калбасын, - — Ырас айтат баатыр, — деп, Андан өтүп кетти эле, Айкандын уулу Көкбөрү, Абаң ага жетти эле. — Чыгасыңбы, Көкбөрү, Оронгуга? – деди эле. — Жыкпасаң мени айыпка, Чыга албаймын карыйа, Чыдабаймын чочконун, Чын заарына калууга, Ишенчим жок жерим бар, Сыныгы бар карымда, Чактап туруп айтпасам, Өзүмдү туштап алыма, Барыңды уйат кылбайын, Барбаңдап алып алды да. — Сыныгың болсо карында, Кыр аша албай кыркындуу, Жарабайсың сен анда, - Атын чу деп теминип, Андан өттү карыйа. Айдаркандын эр Көкчө, Алптыгы журттан бөлөкчө, — Оронгуга барып бер, Бул сапар намыс алып бер, Бел ашып бир сапар, Уулум Көкчөм, жарап бер,- Анда Көкчө муну айтат: — Олуйазада кишисиң, Үч жылы удаа кан кусуп, Өпкө оорулуу кишимин, Сак болсом да барбаймын, Ким чыдайт барып жанына, Ал окшогон айбандын? Оронгу улук дечү эле, Көрбөсөм да уккамын, Абаке Кошой, чыкпаймын,- — Жарым өпкө сен болсоң, Укпагамын мен болсом,- Андан өтүп баратып, Утур келди Акбайга. Он жетиде бала Акбай, Балбандык сыны бар Акбай, — Чыгасыңбы уулум? — деп, Тура калды хан Кошой. — Чык десең, аба, чыгамын. Кубатым жетсе жыгармын, Жыгылып калсам жаш чырпык, Ийилбестен сынармын, Эки түлөк боло элек, Кимге болор убалым? – Анда Кошой мындай дейт: — Акбай бала тың экен, Баатырлыгы чын экен, Өткөн күнү Нескара, Жаңы катын алып деп, Сынаганы чын экен, Солкулдак жумшак тарамыш, Ого бетер балпылдап, Күндө тердеп былчылдап, Болбой калган чак экен. “Бирден-бирден элдерге, Айып койуп өткөндө, Оронгудай кары экен, Абакемдин ошого, Чыгаар көөнү бар экен”- Деп ойлонуп кабылан, Бастырып барып алдынан: — Айланайын абаке, Жарым күн өтүп баратат, Чыккан балбан канаке? Мен барайын дегенге, Оозум барбайт теги эле, Жөө күрөшүп көрбөпмүн, Ушул күнгө келгенче, Аттуу болсо балбаным, Чыкпайт белем мен эле, Өзүңдөй кары Оронгу, Ылайык көрдүм сизди эле - Кабыландан кеп угуп, Барасызбы, деп угуп, Барбаймын, деп айтпады. Барайын, деп, басканы, Теңтуштар келип чогулуп, Кийимин чече баштады. — Эки түрлүү кебим бар, Келбеттүү көкжал, угуп ал. Катындын бели бош эле, Күрөшкө чыксам кийерге, Күдөрү шымым жок эле, Жаштардын баары тил албай, Сен жумшасаң баргын, деп, Чечинип жатат туралбай. Капшыра кармап чоң калдай, Каткан тери айрылып, Олтура калып жүрбөйүн, Ошондо өйдө туралбай, Бир кебим айтаар бул эле, Жана бири кебимдин, Кыйчылдак тери бар эле, Оморушта белимдин, Беш-алты тың балдарга,- Ушалатып бергиниң. Жаза албаса кармалап, Чогулуп калган желимди, Кыйчылдак болгон теримди, Унутуп калбай эске ал, Менин айткан кебимди, Коржоңдоп калмак бек кармайт, Булкуп-силкип белимди, Тарата кармап желимди, Сеп алып жаным калганда, Уктап кетсем мемиреп, Тоңкойтуп таштап кетпесин, Чокумдан мени тебелеп. Кыйкырсаң кулак угабы, Кармаса уйку кумары? Эр кишиге белектир, Бир чочутуп ийгенге, Бир шилтем найза керектир, Унутуп калба, туйгунум, Абаңдын кеби керээздир, - Аңгычакты чыгууга, Саймалуу сары шым кийип, Самсыган жорго ат минип, Салып Көкчө келиптир, Агеркеч ишмер катын, деп, Абаң угуп жүрүүчү, Шымын сурап кийиптир, — Керек болсо сизге,- деп, Чечинип Көкчө бериптир. Алып көрүп алп Кошой: Бир-эки булкса айрылбас, Үч булкканга чыдабас, Ашы өтүп бул тери, Кеткен экен көп жумшап, - Айтып кийсе абаңдын, Балтырынан өткөндө, Кара санга жеткенде, Чытырап батпай турду эле, — Тартып кийиң бекем,- деп, Көкчө чуркап барды эле, Чытырата тартканда, Чычылып чыгып кетти эле, Уйалып Көкчө томсорду, Унчукпай кетип жоголду. Ошол кезде кабылан, Ойуна алып жаргактан,

— Байагы шым барбы?- деп, Сурап калды ажыңдап, Сууруп келди бир шымды, Көрпөчөнүн астынан, Алп Манас барбаңдап, Көтөрүлө дардаңдап, Алып барып Кошойго: — Абаке, кийип көрчү, — деп, Кандагайды сунду эле. Кармап Кошой караса, Көрүнүшү башкача, Көз тайгылткан тамаша, Эчтемеге окшобойт, Байкап Кошой аңтарса, Алда кандай буйум, деп Карап абаң таңданып, Кийип жаткан кезеги, Багалеке бут салып, Карасанга барганда, Жүрбөдү буту шыкалып. Ошондо Манас кылчайып: — Каныкейди чакыр! — деп, Ачуусу келип үн салып. Каардуу Манас турган чак, Көзүнөн жалын-от жанып. Жетип келди Каныкей, Акырын басып суйкайып. Бетине жоолук бүркөнүп, Карысы бар, ачы бар, Көз тиет деп чүмкөнүп, Келбейт эле бул жерге, Арстан келсин дегенде, Кара жанга күч келип, Каныкейди каардап: Берген күнү бул шымды, Сен айткансың көп мактап, Алып келе калыпмын, Мындайын билбей далбактап… Камынтпай Каныш алдырап, Эр Бакайды бир карап, Ушул аштын болоорун Алдын болжоп билгемин, Ар качан абам кийет деп, Атайы арнап тиккемин. Болжодуң, кантип аны? – деп, Жолборсум айтат экен – деп, Сайган жерин билгизбей, Ичине бүйрө тиккемин. Арстаным, керип, тартып көр, Андан кийин тилдегин,- Жаалы чыгып кабылан, Чамынып калган абыдан, Айанып калар жери жок, Айра тартып салуудан. Ажыбай алып бериптир, Капшыра кармап кашаттан, Абыдан баатыр кериптир, Тырс деген жиптин тайыны жок, Далбырап шымы кеңиптир, Көрүп туруп ошону, Ашыга Бакай келиптир, Манастын алып колунан, Хан Кошойго бериптир. Тартып кийсе абакең, Татыгы менен бап келди, Чак келгенде абаңа Каныкей ыйлап жиберди, Көзүнүн жашын имерди, — Зайыбың канча, Манас?- деп, Кошой сурайт бир кепти. Калчадан алдым бир катын, Калмактан алдым бир катын, Букардан алдым бир катын, Баш-айагы үч катын. Букарлыктан мына бул Шым жасаган мына шул, Анда Кошой мындай дейт: — Букардын кызы болгондо, Өз уругум турбайбы, Чоң атам Ороз өткөндө, Жыйырма миң үй менен, Үч бай көчүп кетти эле, Өзүбүздүн элден, – деп, Таалайың артык, арстаным, Жараткан сага берген, — деп, Чүмбөтүң алып, чырагым, Жакыныраак келгин,- деп. Эмгичекти куу туйак, Туубай жүргөн мекен! — деп. Башынан алып чүмбөтүн, Кошойго салып нур бетин, Эки колу боорунда, Келиндиктин жолунда, Жүгүнүп тура калганда, Абаң Кошой карыйа: — Бир жеринде жакшынын, Кемтиги болот ар качан, Куруп калган Каныкей, Кара сурдун сулуусу, Катындардын нурдуусу, Ургаачынын мыктуусу, Узун чачтын ыктуусу, Кең көйнөктүн тазасы, Зайыпзаттын баашасы, Кежиге чачы жүн менен, Кешигинен эмгеги – Кейиши мунун көп экен! Төбө чачы жүн экен, Туубас болчу неме экен! Асылынан азабы, Арбын болчу күң экен, Ургаачынын узу экен, Өзү хандын кызы экен, Маңдай сөөгү дөң экен, Арылгыс шору көп экен. Сыртына өтө кайкы экен, Арстандан калганда, Таалайы мунун тайкы экен! Өмүрү узун, шору көп, Жыргалынан кору көп, Ушул айып болбосо, Бендеден пери туулуптур, - Мындай Кошой айтканда, Көзүнүн жашы он талаа: — Кудайдан сурайын бир бала. Батаңыз тийип бир жакка, Төрөп алар күн кана… Токтоно албай буркурап, Каныкейди ким көрсө, Чыдай албай Кошойдун. Бузулуп, сөөгү быркырап: — Жоолугуң салгын мойнуңа, Куруп калган куу туйак, Батамды сага берейин, Бир Алладан мен сурап, - Абаң Кошой карынын, Кызматына каныштын, Мойнуна курун салганы, Кыбыла карап эр Кошой, Алаканын жайганы. Алтымыш уруу, көп алаш, Аламан колун көтөрдү,? …Мусулман кантип атат, — деп, Каапыр да колун көтөрдү. Колунун учун имерди, Бата кылып жиберди, Абакеңдин батасы, Буруусу жок тийгени. Тийгенин абаң билгени, Касиеттүү абакең, Кылчайбай алдын караса, Каныштын алды жер чаңдап, Жерден чыккан топурак, Тегеренип айланып, Уйулгуп барып токтоду. Жалындап кызыл чок болду, Күлүмсүрөп абакең: — Сүйүнчү, арстан, маа болсун. Тууруңа туйгун куш консун, Ардактап сүйгөн жалгызды, Семетей атын койорсуң, Аз кечигип төрөйсүң, Узун болуп өмүрү, Көп жашасын, өлбөсүн!- Деп абакең, кайра тартканда, Каныкей кайра тартканда, Арстан Манас айтты анда: — Күлдүрдүн уулу Алыбай, Серек менен Кутубай, Сен үчөөңөр тың балдар, Абакеңдин карчытын, Ушалап бирге салыңар, — Келдиңерби, балдар?- деп. Үстөмөндөп жатыптыр, Алакан менен абаңды, Салмак менен басыптыр, — Оо, кагылайын, жаш балдар, Чыгып тепсеп багыңар, Бирине бири көз шилтеп Катар чыга калыптыр.